Добавить материал и получить бесплатное свидетельство о публикации в СМИ
Эл. №ФС77-60625 от 20.01.2015
Инфоурок / Классному руководителю / Другие методич. материалы / Башталгыч мектептин окуучулары өзүлөрү мектепте биринчи таанышып, колдонгон окуу куралдарын аттары кантип пайда болду, башкача атаса болбойбу деген суроолорду көп узатышат.Ошондуктан окуучулар кызыккан суроолорго жооп табуу үчүн этимологиялык сөздүктү тү

Башталгыч мектептин окуучулары өзүлөрү мектепте биринчи таанышып, колдонгон окуу куралдарын аттары кантип пайда болду, башкача атаса болбойбу деген суроолорду көп узатышат.Ошондуктан окуучулар кызыккан суроолорго жооп табуу үчүн этимологиялык сөздүктү тү



Внимание! Сегодня последний день приёма заявок на
Международный конкурс "Мириады открытий"
(конкурс сразу по 24 предметам за один оргвзнос)


  • Классному руководителю

Поделитесь материалом с коллегами:













МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН ТYЗYЛГӨН



ЭТИМОЛОГИЯЛЫК СӨЗДҮК



hello_html_e85fec.jpg















2015-жыл



Бардык адам баласы өзү айлана-чөйрөдөгү кубулуштарды, окуу куралдары кантип?, кайдан пайда болду? деген табышмактуу суроо менен жашап келери шексиз.

Өзгөчө башталгыч мектептин окуучулары өзүлөрү мектепте биринчи таанышып, колдонгон окуу куралдарын аттары кантип пайда болду, башкача атаса болбойбу деген суроолорду көп узатышат.Ошондуктан окуучулар кызыккан суроолорго жооп табуу үчүн этимологиялык сөздүктү түзүп сунуштоону көрдүк.





hello_html_6b491407.jpgАльбом – (кырг.альбом) – лат. «album» «ак» деген сөздү түшүндүрөт. Байыркы Римде альбомду ак гипс менен капталган досканы аташкан. Эл чогулган жерлерге бул ак доскага түрдүү билдирүүлөр, буйруктар, мыкты аскерлердин аттары жазылып турган.





hello_html_m59b58fc.jpgАлгебра – араб термини «al-gabr» –– «калыбына келүү», «теңелүү» деген түшүнүктү берет. «Алгебра» терминин биринчи жолу персия математиги Аль-Хорезмин колдонуп келген.





hello_html_m727433e0.jpgАлиппе - билимдин башаты, билим-илимдин дүйнөсүнө жол ачкан окуучунун алгачкы окуу куралы. Ал кыргыз лесикасына араб тилинен кирген «алиб» жа «би», тамгалардын айтылышынан куралган, бизче сабат ачуучу окуу куралы, же окууга, жазууга, (сүйлөөгө) сөздөн сүйлөм түзгөнгө, муундап окууга үйрөтүү деген түшүнүктөрдү берет.

Кыргыздын туңгуч алиппесин 1924-жылы Ишенаалы Арабаев тарабынан түзүлүп, «Кыргыз алиппеси» деген ат менен Ташкенттен басылып чыккан.







hello_html_m5b4bd682.jpgАтлас – грек тили – Atlas (мифологиялык каармандын аты). «атлас» сөзү орус тилине XVI к. пайда болгон. 1734-жылы орустардын биринчи атласы жарык көргөн. (Атлас Всероссийской империи” И.К.Кириллова).



hello_html_m465a922d.jpgАттестат – (кырг. аттестат) – сүйүктүү мектебиң менен коштошкондо берилүүчү документ. Ал латын тилинен келип чыккан, «attestatum», «күбөлүк» – деген сөздү түшүндүрөт.





hello_html_37908dca.jpg

Акварель(кырг. акварель) – латын тилинен алынган «aqua», «суу» деген маанини берет. Суу эзме боек же сүрөт тартканда колодонулуучу буюм болуп саналат.



hello_html_1db35169.jpgАрифметика – Грек тилинен алынган математикалык термин арифмос – «сан» деген маанини берет. Арабдар эсептөө системасын колдонуу үчүн белгисиз италиялык окумуштуу тарабынан 1202-жылы биринчи Арифметика окуу китеби жаралган. 1478-жылы Италияда латын тилинде биринчи окуу китеби басмадан басылып чыккан.



hello_html_2f005ec7.jpgБотаника – өсүмдүктөр жөнүндөгү илим. 17-кылымда латын тилинен өздөштүрүлгөн, немецче «Botanik», андан кийин грек тилдерине өтүп кеткен, «ботанэ» – «өсүмдүк», «чөп» – деген маанини түшүндүрөт.













hello_html_m1dd68853.jpgБиблиотека – (кырг.китепкана) – грек тилинен келип чыккан. Библио – «китеп», текос– «сактагыч», башкача айтканда «китепсактагыч», «китептердин жыйыны» деген маанини берет.



hello_html_m62a3ff97.jpgБлокнот – англ. тилинен келип чыккан, blok-notes – «кошулуу», «топ» – бир сөз менен айтканда «блок»; notes – «каттар», «белгилер» деген түшүнүктү билдирет.



hello_html_m5bed311b.jpgБумага – (кырг. кагаз) – Италия тилинен келип чыккан – bombagia – лат. bombacium  «хлопок» (кырг. пахта) – дегенди билдирет. 1803-жылы кагаз чыгаруучу машиналар иштеп баштаган.

hello_html_1c6501f.jpgГлобус – (кырг. глобус) – латын тилинен келген, «globus», «шар, тоголок» деген маанини берет. Биздин заманга чейин 150-жылы Кратетом Мальский глобусту биринчи жолу жараткан. Чындыгында глобусту колго алганда жер жүзүн көрө алабыз.





hello_html_m30244813.jpgГеография – грек тилинен алынган – geograhia – «жерди сүрөттөө» (geo – «жер» жана grapho – «сүрөттөө») деген түшүнүктү билдирет.



hello_html_786a6f48.jpgГеометрия – латын тилинен алынган, geometria – «жер ченегич» (geo– «жер» жана metior – «ченөө») математиканын бир бөлүгү.



hello_html_72689743.jpgГрамота (кырг. мактоо баракчасы) – үлгүлүү окуучуларга берилүүчү кагаз. Грек тили grammata – «окуу жана кат» башкача айтканда «тамгаларды жазып алуу», деген маанини берет.

hello_html_7c0da4b8.png Доска – байыркы римде ак гипс менен капталган альбомду доска деп атап келишкен. Ал доскага билдирүүлөрдү, буйруктарды ж.б. жазып билдирип турушкан. Англис тилинен «desk» – «жазуу столу» дегенди түшүндүрүп келген.

Биз колдонгон доска латын тилинен кирген жана жакыныраак «discus» – «тегерек», «диск», «тамак» – деген маанини берип келет. Таңкалычтуусу бул сөздүн этимологиясындагы – тегерек, диск, доска – булар бир - бири менен байланышы жоктой сезилет. Мурунку окуучулардын дептерлерин карап көрсөк катмарланган кара такта (сланец-аспида) грифилдер менен жазылганды атап келишкендиги байкалып турат.



hello_html_m5ae450bf.jpgДневник – (кырг. күндөлүк) мектепте колонулуучу каражат, үй тапшырмаларды, эртеңки күндүн сабактарынын ырааттамасын жазуу үчүн колдонулат. Француз тилинен келип чыккан – journal – «күндөлүк» деген маанини берет.

hello_html_m50ffd8a4.jpg Дисциплина – (кырг.тартип) латын тили – discepe «окуу», cipulus – «окуучу». Башында «окуу», «окутуу» деген маанини берип келген. Кийинчерээк «катуу тартип», «чыдамдуулук» деген сөздөр менен алмашкан. Бул сапат мектепте билим алууда, предметтерди окутуудагы керектүү каражат болуп саналат.





hello_html_7e60b062.pngЖурнал – мектептерде, атайын жогорку окуу жайларда колдонулуучу каражат болуп саналат. Ал француз тилинен кирген, journal – «күндөлүк», «күндөлүк жазма», jour – «күн» дегенди билдирет. Андан кийин «күндө басып чыгаруу», «газета» деген сөздөр келип чыккан. Биздин тилде «класстык журнал» деген атка ээ болгон.



hello_html_7ec70b51.jpgЗванок – (кырг. коңгуроо) – бул күндө мектепте сабак башталарда, сабак бүткөндө берилген шыңгыраган добуш. Латын тилинен кирген – sonus – «дабыш» дегенди билдирет.



hello_html_3f49e5a0.jpgКаникул – (демалыш күндөр, эс алуу күндөрү) студенттерге, мектеп окуучуларына тиешелүү түшүнүк. Каникул жайында, күзүндө, кышында, жазында эс алуучу убакыт. Латын тилинен кирген, кичинекей жылдызды «сириус»«каникул» – «кичинекей күчүк» дегенди билдирет. Себеби, ал «кичинекей жылдыз» абдан ысык күндөрү таңга маал асмандан көрүнчү, ошондо римдик сенат бардыгына дем алыш күндөр деп жарыя кылып келген. Ошондон бүгүнкү күнгө чейин бизде каникул деген сөз сакталып келет. Эң узак каникул бул – жайкы каникул эсептелинет.



hello_html_38abf23f.jpgКарандаш – окуу куралы, түрк тилдеринен кирген, karadas – «сланец», «графит» (kara – «кара» жана das – «таш») дегенди билдирет.

hello_html_m674c4560.jpg Ластик, резина – (кырг. өчүргүч), латын тилинен кирген резина – «смала»). Каучуктан жасалат, латынча гумми эластикум «ийилчээк» деген маанини берет.



hello_html_1cc817ba.jpgЛинейка – (кырг. сызгыч), сызгыч түз сызык сызуучу курал болуп саналат. Латын тилинен кирген, linea – «линия», «нитка» кыргызча «сызык», «жип». Сызгыч түз сызык сызуучу курал болуп саналат.



hello_html_1877e215.jpgМатематика – математика барыбызга керектүү предмет болуп саналат. Бизди курчап турган айланадагы сандарды үйрөнүүдө, логикалык ой жүгүртүүнү, мээни машыктырууда күчтүү предмет катары бааланат. Ал байыркы грек тилиндеги mathematika, (mathema – илим. 17- кылымда бийиктик, узундун, көлөм ж.б.) геометриялык фигураларды, айрыкча сандар жөнүндө окутуучу илим. Негиздөөчүсү (Ф.Энгельс)





hello_html_6050b29e.jpgМел – (кырг. бор), мектепте доскага жазуу үчүн пайдалануучу, колдонулуучу каражат. Бор – бул байыркы деңиз суусунда жашаган жаныбарлардын сөөктөрүнүн сыныктарынын калдыктарын атап келишкен, “мел – майда” деген маанини берип келет.

hello_html_m3778e921.jpgРисование – (кырг. сүрөт тартуу) термини 18-кылымда пайда болгон, немец тилинен которгонда reissen – «сызуу» дегенди билдирет.





hello_html_12f11c2b.jpgТруд – (кырг. эмгек ), эмгек «жумуш» деген сөздүн түпкү тегинен келип чыккан.

Мергенчилик убактарда адамдар уруу-уруу болуп жашап келишкен. Андан кийин агрардык кылым “королдор” доору башталып келген. Ошол убактарда крепосттук (кулдук, көз карандылыкта болуучу) дыйкандар королдорго жерин иштеткен үчүн аларга акы төлөп келишкен. Андан кийин индустриалдык кылым башталып, кулдук, көз карандылыкта болуучу укуктар жоюлуп, адамдар өздөрүнүн эмгектерин ачык базарларда сата башташкан. Адамдар өз алдынча оокаттарын жүргүзүп келишкен.

В.И.Далянын сөзү аттуу сөздүктө “труд” — “работа” — “раб” деген сөздөрдөн келип чыккан.

Алгачкы жолу «работа» деген термини — «көз карандылыкта болуучу, оор жумуштарды аткаруучу, кулдук” дегенди билдирсе, “труд” — “зордоп иштетүү” деген маанини берет. Демек “работа” термини менен “труд” терминин түпкү мааниси синоним болуп кетишери анык.

Жумуштун аркасы менен бардык адамдар сүйүнүшөт, көптөгөн ийгиликтерге жетишет. Бардык адамдар жүрөгүнө жаккан жумуштарды аткарыш керек. Ошондо тал көптөгөн ийгиликтерге жетише алат.



hello_html_m529a486d.jpgФизика – грек тилинен келген, physike (physis – «жаратылыш») дегенди үшүндүрөт. Биздин «мекен тануу», «табият илими» деген илимдер менен байланышып кетет. Азыркы учурда «жансыз жаратылыштын мыйзам ченемдүүлүктөрүн окутуучу илим» деп да атоого болот.



hello_html_m3062fbed.jpgХимия – грек тилинен келип чыккан, hymeia – «куюштуруу, уютуу искусствосу», hymа – «металды уютуу» дегенди билдирип келет.

Бирок химия терминдин келип чыгышынын бир канча версиялары бар.

1. Термин «химия» египеттердени кирген, «хем» – арабдарча мамлекеттин аталышын аташкан. «химия» – «египеттик илим» деп которуп да келишет.

2. Улуу Грек окумуштуусу, жазуучусу, философу Плутархтын термининде Египетти Байыркы Греция «Кем» же «Хем» - «кара» б.а., (Khemia - "Кара өлкө", «кара мамлекет менен бирге жайгашкан өлкө») деген терминдер кездешет. Б.а. «химия» - «кара илим» же «кара жер жөнүндөгү илим» дегенди билдирип келген.

3. "химия" термини гректин χυμος ("хюмос"), «өсүмдүктүн согу». Бул термин медицинада жана фармакалогиядагы кол жазмалардан кезиктире алабыз. Демек бул термин түздөн-түз медицинага жакын экени ачык эле билинип турат.

4. Химия терминдин дагы бир версиясы грек тилинен кирген χυμα ("хюма"), «эритме» дегенди билдирет. Демек, «химия» - бул металлдарды эритүүчү куйманын искусствосу деп атоого болот.

Жыйынтыктап айтканда, биздин заманга чейин V кылымда грек окумуштуусу, химик Зосима Панополитонский «химия» терминин биринчи жолу колдонгон. Ал бул терминди мааниси жагынан «куюлуу» дегенди билдирет. Химия интернационалдык термин десек болот. Мисалы: латын тилинде – chimia, англис тилинде - chemistry, немец тилинде – Chemie, француз тилинде – сhimie деген терминдерди билдирип келген. Ал эми орус тилине бул термин Петр lдин доорунда келген экен.







hello_html_1dd03364.jpgПенал – (кырг. калем куту) – байыркы заманда каздын канаттарын салуучу кутучаны аташкан, латын тилинен –penna деген сөздөн кирген.



hello_html_f0e26d7.jpgПортфель – булгаарыдан жасалган кагаз салуучу капчыкты атайбыз. Ал француз тилинен кирген – potter – «көтөрүү», feulle – «барак» деген сөздү түшүндүрөт.

hello_html_m28b1d448.jpgПрограмма – бизге 19-кылымдын башында түндүк европа тилдери аркылуу келген. Негизи, грек тилинен кирген эки сөзгө бөлүнүп каралат про – “алдыга” дегенди түшүндүрөт, грамма – “жазуу”, “жазып алуу” демек “алдыга жазып алуу” дегенди билдирет.



hello_html_6be0b2bd.jpg Тетрадь – (кырг. дептер), грек тилинен келген, tetras – «барактын төрт бөлүгү», же tetrо – “төрт бөлүктү кошуу”. Эмнеге төрт бөлүк деп аталган? Анткени, мурунку мезгилдерде дептер болгону төрт кагаздан турган. Чоң эки кагазды экиге бөлүп, ортосунан тигип коюшкан, ошентип дептер даяр болгон.



hello_html_m2d60494e.jpgЦифра – (кырг. сан) – байыркы адамдар сандарды колдун манжалары менен санап келишкен. Байыркы Индияда сандарды билдирүүчү атайын белгилерди ойлоп табышкан. Арабдарда ноль– “sifr” деп аталып, “жок”, “бош” деген маанини билдирип келген. Англис тилинде да цифра деген сөздүн мааниси “ноль” деп сакталып келген, бирок башкача айтылат “зироу”.



hello_html_2223badc.jpgШпаргалка – (окуучунун күн мурун жазып алып, сабак убагында же экзаменде, мугалимдерден уурданып окуп, жооп берүүчү кагазы). Шпаргалка – 17-кылымда поляк тилинен келген szparga – “эски жазылган кагаз”, ал эми латын тилинен sparganum, грек тилинен алганда spаrganon - “жалаяк” деген маанини берип келет. Демек, шпоргалканын түпкү теги таза эместиги даана байкалып турат.



hello_html_5b86791c.jpgШкола – (кырг. мектеп) ­ Байыркы Грек тилинен “sholazo”- схоле, деген сөзүнөн өздөштүрүлгөн. Бирок мааниси такыр башкача болгондон “эс алуу, бош убакыт” деген маанини берип келген, б.а. философтордун бош убактыларында пикир алышып, билим билгичтиктерин бөлүшкөн маалды атап келишкен. Бара-бара туруктуу окуучулары пайда боло баштаганда бул түшүнүк окутуу процессине айлана баштаган. Ошонун натыйжасында, билим алган чөйрөнү школа деп атап келишкен. Бизге онунчу кылымдын акырында пайда боло баштаган.

Байыркы Грецияда мектепке жалаң байлардын эркек балдары барышкан. Ал эми карапайым үй-бүлөлөрдүн балдарын мектепке кабыл алышкан эмес.

Азыркы учурда бир эле мектептен бардын предметтин түрүн окуп үйрөнөт. Ал учурда бир мектептен экинчи мектепке барып билим алышкан. Башында алар окуп, жазганды үйрөнүшкөн, андан кийин музыка, поэзия сабактарын үйрөнүшкөн. Акырында балдарды дене тарбиялык көнүгүүлөрдү, курал-жарактарды кармаганды, согуштук искусстволорду үйрөтүп келечектеги жоокерлерди даярдап келишкен.







hello_html_m24b0c85a.jpgУчитель (кырг. мугалим), орус тилинин синоними боюнча “учитель” – “педагог” дегенди билдирет.

Педагог байыркы грек тилинен кирген (paidagogos), байыркы афиналык үй-бүлөлөрдүн балдарын окутууда бардык жоопкерчиликтерин өз мойнуна алган адамды айтышкан. Педагогдун башкы милдети бардык балдарды бой жеткенче окутуп, тарбиялоо эсептелинген. Рим империясында кулдарды — “педагог” деп да атап келишкен. Анткени, педагог кулдардын балдарын бардык жумуштарды жасаганга үйрөтүп келишкен. Бара-бара доор алмашкан сайын педагогдун статусу жогорулап, мугалим деген жогорку деңгээлдеги статуска жеткен.

Мугалим – бул башталгыч же жогорку класстарда, кайсы бир предметти окутуудагы башкы каарман. Б.а. балдарга таалим-тарбия берүүчү, дүйнөнү таанытуучу максаттуу окутуучу – бул мугалим. Мугалим негизи көп кырдуу таланттуу, билимдүү инсан катары бааланат.





57 вебинаров для учителей на разные темы
ПЕРЕЙТИ к бесплатному просмотру
(заказ свидетельства о просмотре - только до 11 декабря)


Автор
Дата добавления 12.01.2016
Раздел Классному руководителю
Подраздел Другие методич. материалы
Просмотров163
Номер материала ДВ-330166
Получить свидетельство о публикации

Включите уведомления прямо сейчас и мы сразу сообщим Вам о важных новостях. Не волнуйтесь, мы будем отправлять только самое главное.
Специальное предложение
Вверх