Инфоурок География Другие методич. материалыБуклет по истории "Репрессия"

Буклет по истории "Репрессия"

Скачать материал

Кыргыз      Республикасынын   билим     берүү   жана илим  министирлиги       Баткен  областы     Лейлек    району                        №5 гимназия мектеби

 

                                                       

                               

 

 

 

 

Буклет 

 

                            

 

 

                                                                                              Катраӊ-2018

 

Тоталитардык режимдин күчөшү жана массалык жазалоолор

СССРде тоталитардык системанын өнүгүшүнө обьективдүу жана субьективдуу мүнөздөгү  көптөгөн факторлор себеп болгон.  В.И.Ленин башында турган большевиктер партиясы Совет бийлигинин алгачкы жылдарында эле өзүнүн душмандарын азайтуу , бийлигин чыӊдоо максатында бир партиялуу системаны тандап алган.  Натыйжада большевиктерден башка партиялар  мыйзамсыз деп жарыяланып , алардын ишмердигине түрдүү себептер менен тыюу салынган.  Онөржайды бекем контролдоо үчүн чектелген эсептик чарба киргизилип, кирешелерди бөлүү борборлоштурулган.  Катаал саясий режим , чарба жүргүзүүдөгү администрациялык-буйрукчул система  өлкөдөгү саясий стабилдуулукту сактоого, өлкөнү тез эле кайра курууга мүмкүндүк бекмек. Партиянын жараксыз элементтери массалык түрдө тазаланууга жол ачылган. В.И.Лениндин мамлекетти коллективдүү башкаруу жөнүндөгү сунушу кабыл алынбай, ал каза болгон соӊ таптакыр унутта калган. И.В.Сталин, Троцкий жана Зиновьев үчөөсү ортосунда бийлик үчүн курөш күч алган. Сырттан келген капиталдын токтошу менен өлкө ичинде экономиканы канткенде көтөрүүгө болот деген маселенин тегерегинде  партиянын ичинде күрөш ого бетер күч алган. Натыйжада башкаруунун администрациялык-буйрукчул, репрециялары кучөйт.  Большевиктер бир отоло пландуу экономикага өтүүнү тандаган.

            ВКП(б) БКнын 1930-ж марттагы токтомуна ылайык өлкөдө советтик , кооперативдик ,чарбалык жана коомдук уюмдардын  жетекчилигине  коомдук төмөнкү социалдык катмарынын өкүлдөрүн  тартуу компаниясы башталат. 1931-1932-ж.ж Кыргызстанда 1023 адам төмөнкү социалдык катмардан  жетекчи кызматтарга көтөрүлгөн, алардын 710 кедей-кембагалдардан болгон.  Жетекчилердин  профессиялык деӊгеелинин төмөндүгүнө байланыштуу обу жок буйрукчул мунөздө журө баштаган.

 

Массалык жазалоонун башталышы жана жүрүшу

            Олкөнү индустриялаштыруу саясатынын жүрүшүндө күчөгөн талаш – тартыштардын  жүрүшүндө сталиндик-бухариндик блок «солчул- оппозиция»  деп аталган троцкийлик- зиновьевдик топту жеӊип чыгат. Ушундан кийин партияны  «троцкийчилерден» тазалоо жөнүндө  кеӊири компания башталат.

1929-жылы 27-декабрда Сталин «Кулактарды тап катары жоюу» ураанын жарыялаган. Олкөдө дыйкандардын бир бөлүгүнө  карата  массалык репрессия башталган. Кулакка тартылгандар ар кандай жазаланган кээ бир бөлүгү сүргунгө айдалып , сот жообуна тартылгандары да болгон. 1931-жылы августь-сентябрь айларында  6 миӊ үй-бүлө Украина менен Кавказга жөнөтүлгөн.  Социалисттик чарба жүргүзүүдөгү кыйынчылыктарга  «булдүрүүчүлөр», «эл душмандары»  күнөөлүү деген саясат башталган. Бул саясат өлкөдөгү бийликти жаап жашыруу га , буржуазиялык идеалогияга каршы күрөш деген  шылтоо менен жакпаган элементтерди жок кылууга ,репрессияны улантууга шарт түзгөн. Совет бийлигине оппозициялык иш жүргүзгөндөр,каршы ойдогулар,сөз сүйлөгөндөр  гана жазаланбастан, троцкийчи деп жарыланган адам менен байланышкан, сүйлөшкөн  адамдар да жазага тартылган.  Мисалы ; «Сухой Хребет» совхозунун башчысы ж.б троцкийчилер деп аталган адамдар менен кат алышкандыктары үчүн партиядан чыгарылып жазаланган. 1934-жылга чейин Совет бийлигинин жана «эл душмандары» партиядан чыгарып, кызматтан алып жазаласа . Партиянын он жетинчи сьездинен кийин И.Сталин өзүнүн оппоненттерин жок кылууга өткөн. Буга 1934-ж 1-декабрда С.М.Кировдун өлүмү себеп болгон. СССРдин Жогорку Сотунун Аскердик коллегиясы 1936-жылы «троцкийчил-зиньовевдик биргелешкен антисоветтик  борбордун ишин  карап, Зиновьевди, Каменевди, Бакаевди ж.б 16 адамды атууга кескен. Борбордо башталган сталиндин душмандарын Кыргызстанда да жок кылуу керек эле . 1933-ж жабылган «Социал Туран» партиясынын ишин кайрадан козгоп чыгышат. Эч жазыксыз адамдар атууга кесилген. Алардын ичинде Ю.Абдыракманов, И.Айдарбеков, К.Тыныстанов, Т.Айтматов , Б.Исакеев , И.Айдарбеков , А.Орозбеков ж.б кыргыз элинин чыгаан уулдары болгон. 1930-ж.ж 1,4 млн калкы бар Кыргызстанда 40 миӊ адам репрессияланып, бүгункү күндө алардын 13 миӊден ашыгы акталды .

1937-жылы репрессияланган кыргыз элинин атуулдары

Ата-Бейит – саясий репрессиянын  курмандыгы болгон адамдардын сөөгү коюлган жер. Бул жерде (Бишкек  шаарынан 30 км түштүк тарапта, Чоң-Таш айылынын жанында) 1938-ж. 5- ж-а 8-ноябрдын түнүндө 138 киши атылып, кыш бышыруучу чакан заводдун эски мешине көмүлгөн. Алардын катарында Кыргызстандын  20-30-жылдардагы көрүнүктүү саясий, мамлекеттик ж-а коомдук ишмерлери – Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев , Төрөкул Айтматов , Хасан Жээнбаев , Эркинбек Эсенаманов , Мурат Салихов , Султанкул Шамурзин, Иманаалы Айдарбеков  кыргыз адабияты м-н искусствосунун көрүнүктүү өкүлү Касым Тыныстанов  ж. б. болгон. Бул массалык атуу м-н жашырын көмүү 90-жылдардын башына чейин жашырын сыр катары сакталып келген. Алардын айрымдарынын чөнтөктөрүндө сакталып калган айыптоо бүтүмү, ошондой эле Кыргызстан мамлекеттик коопсуздук комитетинин ж-а СССР мамлекеттик коопсуздук комитетинин архивдериндеги материалдар б-ча атылгандардын кимдер экендиги такталып чыккан. Текшерүү көрсөткөндөй, коюлган күнөөлөр негизсиз болгон, «мойнуна алган билдирүүлөрү» адам чыдагыс кыйноо  жолу м-н алынган. Аларды кайра көмүүнү уюштуруу ж-а элесин түбөлүккө калтыруу максатында өкмөттүк комиссия түзүлгөн. 1991-ж. 30-августта Бишкекте  аза күтүү митингиси болуп, андан соң репрессиянын курмандыктары алгач көмүлгөн жайга жакын жерге ариет-аза күтүү аземи м-н коюлган. Алар коюлган жер Чынгыз Айтматов  сунушу м-н «Ата-Бейит» деп аталган. Жумурай журтка белгилүү болуп калган бул ыйык жайга Ата-Бейит мемориалдык комплекси курулган (эстелик 2000-ж. 14-июлда ачылган, комплекстин архитектору К. Алымкулов). Ата-бейитке коюлган репрессиянын курмандыктары: Абдраимов Абдукадыр, Абдрахманов Абдрай, Абдрахманов Жусуп, Абдулаев Гариф, Айдарбеков Иманалы, Айтматов Төрөкул, Азизов Ахмет, Аипов Якуб Ахун, Акимов Азим Ахун, Алиев Ибраим, Алиев Осмонкул, Алимов Азиз Ахметжанович, Андрес Сергей Михайлович, Ахмет Ахунов Баки Ахун, Ахметов Мамаджан, Байбосунов Иса, Байбосунов Сартбай, Бакиев Мамут Ахун, Белоусов Иван Захарович, Белошицкий Борис Васильевич, Бенгард Федор Егорович, Бергман Петр Юлиусович, Боровой Иван Григорьевич, Булатов Абдрахман, Булатов Юсуп Исхакович, Валл Вильгельм Давыдович, Ван Дзи-Ван-Чан-Лин, Ван-Лин-Ван, Гольцев Петр Николаевич, Горбачевский Владислав Юлианович, Дейс Фридрих Готфридович, Джавгошпаев Умуралы, Жамансариев Асанбай, Жээнбаев Хасан, Жумаев Омор, Достаев Токтосун, Зайдель Нотта Янкель Беркович, Зиновьев Яков Павлович, Зульфибаев Дали, Зунун Давлет, Зунунов Хасан Ахун, Иманбаев Мукаш, Имин Ахунов Исмет, Исакеев Баялы, Исмаилов Ибраим Ахун, Исмаилов Сакмамбет, Исмаилов Тохта Ахун, Камбаров Курман, Кан-Тай-Дю, Каримов Юсуп, Качибеков Абдулла, Кашеваров Сергей Афанасьевич, Кененбаев Керим, Киргизбаев Бахирдин, Котляров Даниил Иванович, Креницкий Людвиг Казимирович, Кузьмин Иосиф Иванович, Кулназаров Нуркул, Лепин Артур Янович, Ли-Ха Сами, Лиценмайер Владимир Августович, Лузанов Михаил Николаевич, ЛуЧан-Той, Лю-Же-Чин, Люфинг Егор Емельянович, Люфт Константин Александрович, Львов Павел Константинович, Магаз Арзы, Магай Андрей Иннокентьевич, Маметов Ахмет, Мамояров Кадыр, Мельденбергер Иосиф Иванович, Миллер Теодор Теодорович, Молдогазиев Акимхан, Мурабединов Идаит-Ахун, Мусабаев Ашур Ахун, Мухамедов Ашим, Насыров Бахтин, Насыров Майлякули, Нур Ахунов Курман Ахун, Нурдинов Гапирджан, Нурматов Керим, Өмүркулов Жоробек, Ошуров Аит Ахун, Полинкаш Андрей Амбросович, Прохоров Григорий Антонович, Рихтер Михаил Эдуардович, Сагынбаев Касым, Сакенов Ниязалы, Салихов Мурат, Сарбанов Ченгиш, Серикбаев Нурдин, Скалицкий Иосиф Францевич, Сулейманов Чекуш, Султанбеков Ешбай, Суфиев (Сопиев) Имин, Талипов Юсуп, Таранченко Григорий Филиппович, Тарковский Биакий Адзилович, Таша-Ахунов Юсуп Ахун, Токтосунов Муса, Тохтаев Бакры, Тохтахунов Исмаил Ахун, Тохтаев Сыдык, Турдахунов Тохта-Ахун, Турдиев Имин Ахун, Турды-Ахунов Ахмат Ахун, Тыныстанов Касым, Усманов Усаин, Ходжимамабаев Сабит, Ходжанов Мамет, Худайбердиев Ибраим, Хунлава Харти, Чалов Самат, Ченгазиев Алыбай, Чепизубов Петр Павлович, Чонбашев Сыдык, Чормаков Ахматбек, Чуруков Алахун, Шабдамбеков Умуралы, Шамурзин Султанкул, Шарипов Садык, Шафиков Шакир Галимович, Шевелев Александр Иванович, Шоруков Кожокан, Эсенаманов Эркинбек, Эсенаманов Тагай, Юлдашев Каримжан, ЮнСан-Син, Юрчев Борис Емельянович, Юсуп Ахунов Садык Ахун, Юсупов Абдулла, Юсупов Шарип Ахун, Янишевский Александр Николаевич, Янцен Генрих Генрихович, Яцковский Бронислав Стефанович.

 

 

 Репрессияда курман болгон кыргыздын чыгаан инсандары

Абдыкерим  Сыдыков (1889-1838)

Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы Кыргызстандын азыркы Чүй областына  караштуу Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында солто уруусунан ири манаптын үй бүлөсүндө туулган. 1932-жылы Кыргыз АССРинин жетекчилеринин сунушу менен кайрадан Кыргызстанга чакырылып, Кыргыз АССРинин мампланынын төрагасынын орун басары болуп иштейт.Кыргыз элинин өз алдынчалыгы жана гүлдөп өнүгүшү үчүн күрөшкөн адамдардын катарында турган Абдыкерим Сыдыковдун тагдыры ушундайча аяктаган. А.Сыдыков бала кезинен эле элдик чыгармаларга кызыгып, өзгөчө "Манасты" абдан баалаган. Кийин эл арасына чыгып, өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн баштаган мезгилде да "Манасты" көңүл сыртына калтырган эмес.А.Сыдыковдун псевдонимдеринин бири «Манас» болчу. Ал элдик чыгармачылыкты, өнөрдү баалап гана койбостон учуру келгенде чыгармачыл адамдарды да колдогон.

Мисалы, 1911-жылы Уфа шаарында жазгыч акындардын бири Молдо Кылычтын Чүй өрөөнүндө өткөн кылымдын башында болуп өткөн катуу жер силкинүүнү баяндап жазган "Зилзала" деген чыгарма-сына өзү баш сөз жазып, басмадан чыгарууга көмөктөшкөн.

Кыргызстанга кайтканына көп узабай, А.Сыдыков 1933-жылдын 9-майында камакка алынат.

1934-жылдын 28-февралында " Социал-Туран деп аталган улутчул контрреволюциялык уюмдун" жетекчиси деп ага күнөө тагылып, 10 жылга эркинен ажыратылган.

1938-жылы 10-февралда Кыргыз ССРинин НКВДсынын чечими менен Социал-Туран партиясынын уюштуруучуларынын бири катары күнөө тагылат.

Тоталитардык машинанын кандуу репрессиясынын чырмоогуна кабылган Абдыкерим Сыдыковко жалган жалаа жабылып, 1938-жылы 18-февралда 49 жашында өлүм жазасына тартылган.

Улуу инсан, алдынкы лидер Абдыкерим Сыдыков кыргыз мамлекетин тузуу жана чындоого талбай аракет жасап, озун кутуп турган коркунучту билсе да атуулдук туруктуулукту корсотту.

Бугунку эгемендуу мамлекетибиздин жаралышына зор салымы бар А.Сыдыков «алгачкы жол салуучулардын» бири катары курман болду.


Абдыкадыр Орозбеков (1889-1938)

Абдыкадыр Орозбеков азыркы Кыргызстанга  караштуу Баткен областынын   Охна кыштагында туулган. Түркүстандагы  жумушчу кыймылына катышкан.Кыргызстанда Совет бийлигин орнотууга жана чыңдоо үчүн күрөшкөн, атуулдук (граждандык) согуш мезгилинде катардагы жоокердне отряд командирине жана саясий жетекчиге чейин көтөрүлгөн.

1920-1923-ж айылдын, болуштун, райондун революциячыл комитеттерин башкарган.

1924-1925-ж Ош округдук эмгекчилер советинин жер бөлүмүнүн башчысы, катчысы болгон.Кыргыз областтык жумушчу,дыйкан жана солдат депутаттар советинин уюштуруу сьездине делегат болуп, анда Кыргыз областтык аткомунун төрагалыгына шайланган.

1926-жылы Кыргыз АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин Төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.
1936-ж Кыргыз ССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасы болуп депутаттар тарабынан шайланган.Сталинизм доорунда жалган айып менен камалып, атууга өкүм кылынган. 1938-жылы аттырылган. Сөөгү коюлган жайы белгисиз.

1956-ж 21-майда партиялык жагынан акталган.Анын урпактары сталинизм доорунда ал камакка алынган соң куугунтукка учурашкан.

Убактылуу өкмөткө каршы күрөштүн тушунда А. Орозбеков Чебер жумушчулар жана кызматчылар союзу тарабынан Жумушчу – солдат депутаттардын Фергана областык кеңешине, Маргалаң уездик жана шаардык аткаруу комитеттеринин президиумуна мүчө болуп шайланат.1918–жылы 6–августта А. Орозбеков большевиктердин катарына өтөт. 1927 – жылы 7 – 12 – мартта Пишпекте өткөн Кыргыз АССРинин Советтеринин 1 – уюштуруучу курултайында А.Орозбеков Кыргыз АССРнин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланат. Өзбек ССРнин өкмөтү аны Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйлаган.Тууралуу камкордугунун аркасында таптык күрөштүн чоң мектебинен өтүп, Кыргызстандагы чарбалык жана маданий курулуштун маанилүү тапшырмаларын чечүүгө катышкан ири масштабдагы мамлекеттик ишмер деңгээлине чейин көтөрүлө алган. Бирок, анын социалисттик курулушка арналган өмүрү 1938 – жылы 28 – майда ак жеринен кыйылып, сөөгү Ала – Арча көрүстөнүнө түн жамына жашырылган...

 

Жусуп Абдырахманов (1901-1938)

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында Каракол  уездинин Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей айылында төрөлгөн. Атасы - Абдрахман Балапанов - манап, бий жана 3 жыл болуш болуп, 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышкан, ошол жылы келтеден өлгөн. Энеси жана 7 бир тууганы Нарында  казак-орустар тарабынан көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Жусуп иниси Токо экөө томолой жетим калышкан.1911–16-ж.  Сазанов  (азыркы Ананьев) айылындагы үч жылдык орус-тузем мектебинде, Каракол  шаарындагы жогорку башталгыч окуу жайында окуган.1919-ж. Верный (Алматы)  шаарында командирлик курста окуган. . 1918-жылы Кызыл гвардиячылырдын  катарына кирген жана Жетисууда Совет бийлигин чыңдоого катышкан.1919-жылы РКСМ Түркстан бюросунун президиумунун жана РКСМдин Жетисуу облустук Уюштуруу бюросунун мүчөлүгүнө шайланган.Москвада 192-жылы өткөн РКСМдин 3-сьездинин делегаты болуп, анда В.И.Ленин  менен сүйлөшүп, пикир алышкан. 1920-1924  жылдарда партиялык жооптуу кызматтарда, 1924-ж  мартта Түркстан АССРинин Борбордук аткомунун президиумунун мүчөсү жана жооптуу катчысы болуп шайланган. 1924-жылы Кара Кыргыз Автономиялуу облусунун  облустук партбюросунун жооптуу катчысы болуп бекитилген. 1925-ж  майдан РКП(б) БКнын Орто Азия  бюросунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары, августтан Москада  РКП(б) БКнын аппаратында инструктор. 1926-жылы  октябрда Кыргызстан  облустук аткомдун төрагасынын 1-орун басары, 1927-ж  марттан РСФСР  БАКтын мүчөсүнүн, андан кийин Бүткүл союздук  БАКтын жана РКП(б) БКнын Орто Азия  бюросунун мүчөлүгүнө кандидат болгон. 1933-ж  Ортоӊку Волга крайынын  мал чарба башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон. 1935-жылдан Оренбург облустук  аткомунун жер бөлүмүнүн башчысынын мал чарбачылык боюнча орун басары болуп иштеген. 1933-ж  сентябрда компартияга  каршы аракеттенген деген жалаа менен ишинен бошотулуп, партиянын катарынан чыгарылган. 1937-жылы  10-июнда Абдрахманов контрреволюциячыл Алашордо  уюмунун катышуучусу деген жалаа менен камакка алынган. 1937-жылдагы чоң калайманда Жусуп камакка алынат, ага антисоветтик террористтик, диверсиялык-чыккынчы, оңчул троцкисттик уюм менен блоктошкон Социал-Туран партиясынын түзүүчүсү деген күнөө коюлат. Ага саясий айыптарды тагууда органдар Абдрахмановдун дайыма жазып жүргөн күндөлүгүнө таянышкандыгы белгилүү. Кыргызстанда совет бийлигин кулатып, СССРден бөлүп өзүнчө мамлекет түзмөкчү болгон деген айып тагылат. 1958-жылы  акталган.  

 Баялы Исакеев  (1890-1938)Исакеев Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Кочкор  өрөөнүндөгү көчмөн кедей үй бүлөдө туулган.
1916-ж. – Нарын  шаарындагы орус-тузем мектеп-интернатын аяктаган.
1923-ж. – Ташкендеги Орто Азия  коммунисттик университеттин(САКУ),
1926-ж. – Москвадагы ВКП(б) БК нын уездик партия кызматкерлеринин бир жылдык курсун бүтүргөн.

1917-1920-жж. - Кумбел Арал жана Орто Токой менчик почта станцияларында иштеген.
1921-1922-жж. - Кочкор участкалык эл сотунун катчысы.
1922-1923-жж. - Нарын уезддик партия комитетинде иштеген.
1924-1925-жж. – Түркүстан  АССР Лепси жана Каракол  уезддик шааркомдорунда иштеген.
1926-1927-жж. - Кыргыз АССР КП округунун бөлүм башчысы.
1927-1928-жж. - "Кызыл Кыргызстан" гезитинин жооптуу редактору болгон.
1928-1929-жж. - ВКП(б) Кыргыз обкомунун катчысы болгон.
1933-1936-жж. - Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы болуп иштеген 1937-жылы Кыргыз ССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы кезинде камакка алынып, 1938-жылы ак жеринен атылган.Ал 1928–29-ж. ВКП(б) Кыргыз обкомунун бөлүм башчысы, 1929–30-ж. Кыргыз АССР жер иштер комиссары, 1930–33-ж. ВКП(б) Кыргыз өкмөтүнүн башчысы, 1933–37-ж. Кыргыз ССР (адегенде АССР) ЭКСтин төрагасы. Кыргыз АССР БАКка (192837), СССР улуттар советине (1931–35), СССР БАКка жана анын Президиумуна (1935–37) мүчө. ВКП(б) БКнын 17-съездинин жана СССР Советинин атайын чакырылган 6-, 7-, 8-съезддеринин делегаты.

Баялы Исакеев Кыргыз АССРинин тушунда жана анын макамын бийиктетип, Кыргыз ССРине айландырган учурда уюштуруучулук зор иш-аракет жасаган мамлекеттик ишмерлерден болгон.

Ал кыргыздын чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмерлери Абдыкадыр Орозбеков, Төрөкул Айтматов, ж.б. менен чогуу иштешкен.Бишкектин чордонундагы Тарых музейинин чыгыш ыптасында Баялы Исакеевдин айкели тургузулган. Анын ысымы Кочкор районундагы кыштакка берилген.

 

 

Поливанов Евгений Дмитреевич (1891-1938)

Поливанов Евгений Дмитревич  - 1891- жылы россияда төрөлгөн. Чыгыш тилдерин изилдөөчүсү, кыргыз таануучу, адабиятчы.

1912-ж. Ленинград  университетинин тарых-филология жана чыгыш практикалык академиясын (япон бөлүмүн) бир мезгилде бүткөн.
1917-ж-дан Тышкы иштер эл комиссариатында Чыгыш өлкөлөр бөлүмүн башкарган.
1919-26-ж. Петроград , кийин 1926-29-ж. Москва  Чыгыш таануу, 1929-34-ж. Орто Азия  (Ташкен), 1934-жылдан Кыргыз маданий курулуш институтунун (Бишкек) проф. П. Евразия  элдеринин 20дан ашуун тилин билген.

Эмгектеринде негизинен кытай, япон, өзбөк, дуңган, кыргыз жана жалпы эле тил илими жөнүндөгү проблемалар изилденген. «Манас » эпосун изилдеген илимий тезистери, макалалары ошол кездеги басма сөз беттеринде жарык көргөн Эпостун айрым сюжеттерин орус тилине которгон. Бишкекте (1937) камакка алынып, Москвага жөнөтүлгөн.Ага троцкийчил , эл душманы деген күнөө тагылып,1938-ж-дын башында атылган, 1963-ж. акталган

 

Касым Тыныстанов (1890-1938)

Касым Тыныстан уулу/Тыныстанов 1901-жылы азыркы Ысык-Көл  областынын , Кажы Сай кыштагында жарык дүйнөгө келген. Кыргыз тил  илиминин негиздөөчүсү, азыркы кыргыз адабиятына негиз салгандардын бири, акын, драматург, агартуучу, коомдук ишмер, журналист,биринчи кыргыз профессору (1936).Алгачкы билимди диний мектептен алган, шаардык (Каракол) орус жергиликтүү мектебинде агартуу институтунда окуган.
"Эркин Тоо" гезитинин жооптуу редактору болуп иштеген.
1927 - 30 жж. Кыргыз АССР эл агартуу комиссары.
1928 жылында "Жаны маданият жолунда" журналды уюштурууга катышып 1931 ж. чейин анын жооптуу редактору болгон.
1931-37 жж. - Кыргыз маданият курулуш институтунда илимий кызматкер, сектор башчысы, директордун милдетин аткаруучу; ошол эле учурда Кыргыз педагогикалык институтунда окутуучу.
Касым Тыныстанов 1938 ж. репрессиялар учурда атылган...

1924-жылы «Окуу китебин» тγзγп ,1926-жылы «Чондор γчγн алиппе» , 1927-жылы «Эне тилибиз» , 1933-жылы «Социалдык-экономикалык сѳздγк» , 1934-жылы « Кыргыз тилинин морфологиясын » 1936-жылы «Кыргыз тилинин синтаксисин » жаратты.Касым жаш кезинде кургак учук менен ооруган , бул оорусу 30-жылдардын башында козголгон , дарыгерлердин жардамы менен айыгып жаны эле иштей баштаганда ага «эл душманы » деген жала жабылып , жашоосундагы оор кγндѳр башталган ..К.Тыныстановду улутчул , панисламизм , пантγркизм идеяларына сугарылган деп анын «Касым ырлар жыйнагы» , «Академиялык кечелер» чыгармаларынын мазмунуна карап гана кγнѳѳлѳбѳстѳн , жаш кезинде алаш ордочулар менен идеялаш болгон деп дагы кγнѳѳ коюшкан .1937-жылы Москвадан чакыртылып , эч себепсиз партиядан чыгарылып , 1-августта камалган .1938-жылдын 5-ноябрында СССР Жогорку Аскер сотунун жабык кѳчмѳ сессиясында К.Тыныстановго 1921-жылдан тартып улутчул «Алаш-Ордо » уюмуна , андан кийин буржуазиячыл-улутчул , диверсиялык зыянкеч , «Социалдык –Туран» партиясынын жетекчилик тобуна кирген деген кγнѳѳ менен коюлуп , атууга ѳкγм кылынган . θкγм тез аткарылып 7-ноябрда атылган.1956-жылы аялы Турдубγбγ тишелγγ органдарга кайрылып , 1957-жылы СССРдин Жогорку Аскердик соту 1938-жылдын 5-ноябрындагы чечимин жокко чыгарган . 1958-жылы 22-январда аны партиялык жактан акталган .

 

Төрөкүл Айтматов (1903-1938)

Айтматов Төрөкул – 1903-жылы Олуяата уезди, Күркүрөө болушу, азыркы Кара-Буура  Шекер айылылында төрөлгөн. Саясий жана мамлекеттик ишмер. 1917-ж. орус-жергиликтүү мектебин бүтүргөн. 1920-21-ж. болуштук ревкомдун, Грозный кыштагындагы жарды-жалчылар комитетинин секретары болуп иштеген. 1924-ж. Москвадагы Чыгыш эмгекчилеринин коммунисттик университетин бүтүргөн. 1924-26-ж. ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун агитация жана пропаганда бөлүмүнүн башчысынын орун басары жана башчысы, 1926-29-ж. Каракол-Нарын округдук комитетинин, Жалал-Абад кантондук комитетинин секретары, 1929-31-ж. Кыргыз АССРинин өнөр жай-соода эл комиссары жана Эл чарбасынын борбордук советинин председатели, 193133-ж. партиянын Араван-Буура райкомунун 1-секретары, 1934-35-ж. ВКП (б)нын Кыргыз обкомунун 2-секретары болуп иштеген. 1935-37-ж. Москвадагы Кызыл профессура институтунда окуган. Анын демилгеси менен 1926-жылдан кыргыз тилинде «Коммунист» партиялык-саясий журналы чыга баштаган. Айтматов 1927-28-ж. республиканын түштүгүндө жер-суу реформасын жүргүзүү үчүн түзүлгөн комиссияны жетектеген. 1937-ж. 1-декабрда жазыксыз камакка алынып, ага «куралдуу жол менен Совет бийлигин кулатууну жана Англиянын протекторатынын астында буржуазиялык-улутчулдук мамлекетти түзүүчү милдет кылып алган, Кыргызстанда бети ачылып, жок кылынган контрреволюциячыл-улутчул «социал-туран» партиясынын көрүнүктүү ишмери» деген күнөө коюлган жана 1938-ж. 5-ноябрда атылган. 1957-ж. акталып, партиялуулугу калыбына келтирилген. Сөөгү 1991-ж. Чоң-Таш айылындагы Ата-Бейит көрүстөнүнө ариет - аза менен коюлган. Туулуп-өскөн жери - Шекер айылындагы мектепке Айтматовдун ысмы коюлуп, эстелиги орнотулган (1992)

 

 

Ишенаалы Арабаев (1882-1938)

Ишеналы Арабаев, ( Эшенаалы Арабай уулу) -1882-жылы  Кочкор  болуштугунда Күн батыш айылында төрөлгөн . XX кылымдын башындагы залкар кыргыз илимпоз-агартуучусу, коомдук ишмери, "Алаш Ордо" партиясынын мүчөсү, жадидчи, советтик агартуу системасын түптөөгө зор салым кошкон китеп автору.

1900-жылы орус   жергиликтүү мектебин бүткөн.
1900-10 жылдары Кыргыз  айылдарында мугалим (Молдо ) болуп иштеген.

1910-13 жылдары падышалык Орусиядагы Оренбург  шаарында жайгашкан “Медресе Кусейиниядан” бир жыл окуп, анан Уфадагы жогорку диний мектеп - “Медресе Галиядан” окуп билим алган.
1911-жылы Молдо Кылыч Шамыркановдун  “Кысса зилзаласына” кыргыз тилиндеги эң биринчи китепке өзү алгы сөз жазып, Казан шаарынан чыгарган. Кыргыз, казак балдарына арнап “Алиппе жати -тото окуу ” аталыштагы туңгуч окуу китебин К.Сарсакеев  экоо жазып, Уфадагы “Шарк” басмасынан бастырган.1912-жылы “Жазуу орнектери” (таза жазуунун үлгүлөрү) аталыштагы китепти Оренбургдан чыгарган. Бул 35 беттен туруп, мында жазуу эрежелери, каллиграфия  тамгаларды кооз жазуу үлгүлөрү берилген. Ошол эле жылы “Оренбургдан Ташкенге келе эскерүү” аттуу жол очеркин “Айкан” журналынын 1-санына басылган.1918-22 жылдары Жети-Огүз ревкомунун мүчөсү, облустун “Кошчу” бирлигинин төрагасына орун басар, Орусия Кеңештеринин 9-съездине делегат болгон.

1924-жылы Теке айында Оренбургда өткөн казак-кыргыз илимпоздордун 1-съездине катышып, баяндама жасаган.1924-жылы Кыргыз АОсу түзүлгөндө ал облустук ревкомдун мүчөсү, илим комиссиясынын төрагасы, “Эркин Тоо” гезитинин  редколлегия мүчөсү болгон.
1924-жылы араб гарфикасынын негизинде туңгуч кыргыз алфавитин түзүп, ”Кыргыз алиппесин” жазган. Грамматика жана табият таануу боюнча 1-кыргызча окуу китебин түзгөн.
1925-жылы “Сабатсыз чоӊдор үчүн алиппе” түзгөн. Окуу китептерин, колдонмолорду жазган жана көп китептерди которгон.Арабаев бүт республиканы кыдырып, жаштарды окууга, билим алууга чакырган.Арабаев 1933-жылы Бугу айынын 11 жалаа менен улутчул деп камакка алынып, ошол эле жылы Теке айынын 7 Ташкендин түрмөсүндө каза болгон. 1958-жылы толугу менен акталган.

Кыргыз мамлекеттик университети (Бишкек шаары) учурда И.Арабаевдин ысымын алып жүрөт.Анын алдында И.Арабаевдин айкели тургузулган.

                                                           Иманаалы Айдарбеков (1994-1938)
 Айдарбеков Иманалы 1894-жылы, азыркы Сокулук  ооданынын Жап  айылында, Солто элинин Кунтуу  уруусундагы Сарбан тукумунда туулган. Атасы Айдарбек Турдин Кунтуу  болуштугунда манап болгон. Ал алгач айылдык молдодон кат тааныган. 1909-ж. Бишкектеги айыл чарба техникумун бүтүргөн. Андан кийин Ташкендеги гидротехника мектебинен билим алган.Иманалы Айдарбеков - өз заманынын билимдүү, жаңычыл көз караштагы, демилгелүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин бири болгон. 1918–1920 жылдары Бишкек  уезддик-шаардык кеңеш аткомунун, 1920–1921 жылдары Каракол  уезддик ревкомунун мүчөсү. 1921–1923 жылдарын Бишкек  уезддик аткомунун төрагасы. 1924-жылы Кара-  Кыргыз автономиялуу   облусунун ревкомунун төрагасы. 1925–1926 жылдары Ташкенде  «Орто Азия  » кеңсесинде башкармалыктын мүчөсү болгон. 1927–29-ж. Кыргыз АКСР  нин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары, 1930–31-ж. Кыргыз  айыл чарба банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АКСР  Юстиция эл комиссары, Кыргыз АКСР  нин башкы сотунун төрагасы. Аксуу козголоңун, Нарындагы контрреволюциячыл көтөрүлүштү басууга катышкан. Жалган жалаа менен атылган. 1991-жылы сөөгү Ата-Бейит  көрүстөнүнө кайра коюлган.
Заман каары андан кайып өткөн жок, 37-жылкы репрессия чалгысына кабылып, тагдыры тайкы мезгилдин курмандыгы болду. Иманалы Айдарбековго жалган жеринен «эл душманы» катары айып тагылып, 1938-жылы атууга өкүм кылынды. Азыр анын сөөгү Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов өңдүү замандаштары жана максатташтары менен бирге өзү туулуп-өскөн Жал айылынан анчалык алыс эмес жердеги «Ата-Бейитке» коюлган.

 

 

Репрессия болгон атуулдардын сөөктөрү коюлган жер

Түрмөгө жалган жалаа менен камалып жана атылган 137 кишинин сөөгүн атайын автоунаа эки күн бою ноябрдын түндөрүташыгын. Сөөктөрдү ээн калган кирпич заводдун мешине каршы-терши ыргытып, үстүнөн топурак менен жаап салышкан .  Жашыруун көмүлгөн сөөктөр ың-жыңсыз 53 жыл жатып, кийин гана аны   80 жаштагы Бүбүйра Кыдыралиева  бийликке билдирип, ал иш ачыкка чыккан. Мамлекеттик масштабда иликтөө иштери башталып, ошол жерден табылган 137 сөөк биздин түшүнүк менен айтканда, ак кепинделип, бала-чакасынын, элдин, бийликтин катышуусу менен кайрадан көмүлгөн. Бишкек шаарынан болгону 30 чакырым алыстыкта жайгашкан "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде көмүлгөн.

Жарым кылымга жакын туугандары, балдары дайын-дарегин, кайсы жерге көмүлгөнүн билбей келген 137 кишинин аты дайын болуп, 1991-жылы август айында элдин катышуусу менен жерге берилген. Маалыматтарда репрессиялангандар 19 улуттун өкүлдөрүнөн тургандыгы айтылып келет. Ал жерге кыргыз элинин каймактары, Кыргызстандагы интеллигенция өкүлдөрү Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков баштаган адамдар жатат. Ал жерден Юн Сан Син, Хунлава Харти аттуу фамилияларды да кезиктирүүгө болот. Облустук мамлекеттик архивинде “Саясий репрессиянын курмандыктары” документтер коллекциясы топтолгон. Анын ичинде Шертай Субановдун өздүк фондунун документтери кабыл алынган. Карыя менен жолугушуу учурунда, ал өз сөзүндө башынан өткөргөн кыйынчылыктары тууралуу  айтып олтурду. “Адам тагдыры тамаша эмес. Аны өз башымдан өткөрүп билдим. Кыргызстандагы биринчи мугалимдердин бири болгон элем. Сабагымда К.Тыныстановдун, С. Сайфулиндин китептерин колдоно коем деп сталиндик репрессияга 1937-жылы кабылдым да, 12 жылга түрмөгө кесилип кеттим. Кышкысын 60 градуска жеткен суукта Колымада алтын кенинде иштедим.“Камакка алынган соң НКВД кызматкерлери тарабынан ур-токмокко алындым, башыман далай кыйынчылыктарды кечирдим. Ошол кезде атасынан керээзин зиректиги менен эстеп калып, унчуга албай жүрүп, кийин гана кемпир болгондо ачыкка чыгарган Бүбүра Кыдыралиева болбогондо, 137 киши ың-жыңсыз калат беле?.."Ата-Бейит" комплексинин жетектөөчү адиси Өктөм Кадырова 137 киши камалып турган абак туурасында айтып берди;"Тарыхый маалыматтарга таянсак, 137 киши азыркы Бишкек шаарындагы Токтогул — Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги абакта кармалып турган. Кыязы, ошол жерден аларды атып, андан кийин бул аймакка ташып келип, сөөктөрдү заводдун мешине шашылыш түрдө ыргытып, үстүн топурак менен жапкан",-дейт  Кадырова. 1990-жылы гана атылган инсандардын сөөгү ак кепинделип кайра жерге берилди .137 кишинин сөөгү «Ата-Бейитке » көмүлгөн.. Бул жердеги репресияланган адамдардын сырын ачкандыгы үчүн 80 жаштагы Бубуйра Кыдыралиевага 2000-жылы «Эрдик» медалы менен сыйланган. Эл душманы катары 1938-жылдын 5-6-7-8 ноябрында атылганы аныкталган. Кыргызстанда репрессияланган атуулдар 1938-жылы 6-8-ноябрда Октябрь революциясынын 21 жылдыгын майрамдоодо атылып, бир бөлүгү Бишкектен 25 км аралыктагы  Чоӊ-Таш лыжа тээп эс алуу базасындагы дөбөлөрүндө  жайгашкан. Экинчиси  Ош шаарындагы Ак-Буура суусунун  жарларында, үчүнчүсү  Ысык-Көлдүн  түштүк тарабындагы  Тоӊдун жарларында жайгашкан.

 

https://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/5/54/Ata-Beyit_Memorial_near_Bishkek_03-2016_img07.jpg/220px-Ata-Beyit_Memorial_near_Bishkek_03-2016_img07.jpg

Ата-Бейиттин жалпы көрүнүшү

2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларына арналган мемориалдык комплекс

137 репрессия курмандыктары жаткан жер

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "Буклет по истории "Репрессия""

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 3 месяца

Специалист контроля качества

Получите профессию

Копирайтер

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Краткое описание документа:

Кыргызстандын 1937-жылдагы оор саясатынын курмандыктары жөнүндө сөз кылабыз.Мында Т.Айматов, Ж.Абдырахманов, А.Орозбеков, Б.Исакеев, К.Тыныстанов жана Ата бейит жөнүндө айтылат. Авторудун аты , мектеби көрсөтүлгөн. Автор аябай изилденип, окуучуларга кызыктуу болуусу үчүн аракет кылган. Балким кимдир бирөөгө пайдасы тиет деген ойдо жүктөдүм.

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 660 227 материалов в базе

Скачать материал

Другие материалы

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 26.08.2020 907
    • DOCX 466.1 кбайт
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Камбарова Гулсунай Эсенкуловна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    • На сайте: 3 года и 7 месяцев
    • Подписчики: 0
    • Всего просмотров: 990
    • Всего материалов: 1

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

Бухгалтер

Бухгалтер

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 22 человека из 16 регионов

Курс повышения квалификации

Организация проектно-исследовательской деятельности в ходе изучения географии в условиях реализации ФГОС

72 ч. — 180 ч.

от 2200 руб. от 1100 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 39 человек из 25 регионов
  • Этот курс уже прошли 430 человек

Курс повышения квалификации

Инновационные технологии в преподавании географии детям с ОВЗ

36 ч. — 180 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 31 человек из 21 региона
  • Этот курс уже прошли 145 человек

Курс повышения квалификации

Формирование первичных компетенций использования территориального подхода как основы географического мышления с учетом ФГОС

36 ч. — 144 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Этот курс уже прошли 114 человек

Мини-курс

Методики воспитания и развитие в СПО

4 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Этот курс уже прошли 12 человек

Мини-курс

Вероятность и статистика: формирование общеучебных умений и навыков

3 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Патологии нервной системы у детей: от перинатального периода до нарушений поведения

4 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 39 человек из 24 регионов
  • Этот курс уже прошли 26 человек