Инфоурок Другое Другие методич. материалыКыргызские национальные музыкальные инструенты

Кыргызские национальные музыкальные инструенты

Скачать материал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                        1-бөлүм.

 

 

                Комуз

Комуз кантип пайда болгон?

Кыргыз элинин оозеки чыгармаларында комуздун пайда болушу жөнүндө мындай кызыктуу уламыш бар. Илгери-илгери Камбаркан деген мергенчи жашаган экен. Ал учурда кыргыздар аӊчылык менен күн көрүшкөн экен. Камбаркан бүт айылды мергенчилик менен багып туруптур. Күндөрдүн биринде ал аӊчылыктан келе жатып токойдон чыккан мукам үндү угат. Бул эмне болуп кетти? Ушундай да мукам үн болобу? – деп таӊыркап, жанагы үн чыккан жерге барат. Ал жерге барса, эки дарактын башына илинип калган кандайдыр бир жаныбардын ичегисинен мукам үн чыгып жатыптыр. Камбаркан ушул окуядан кийин үйүнө келип, музыкалып аспап жасап, ага койдун ичегисин кургатып, кыл тагып, күү черткен экен. Мына ошол Камбаркан жасаган музыкалык аспап «комуз»  деп аталып калыптыр. Ошол комузда ойнолгон биринчи күү «Камбаркан» аталыптыр. «Күүнүн башы – Камбаркан» деген сөз мына ошондон калган экен.

 

 


                                                          2-б
өлүм


Элдик үндүү аспаптардын бир түрү. Бул муӊ-зарды өзүнө батырып, өткөн доордун музасын топтоп турат. Аспаптын узуну үч карыш, эки эли болот. Анын эки кулагы бар. Кыл кыяктын кулагынын мындай чоӊ болушунун себеби, аттын туу куйругунан тандалма токсон талын буроо үчүн ал, албетте, токтомдуу болушу керек. Кыяктын арты томпок көрүнүп, мандайы айыш-өӊкөгөйрөөк келет. Эгер мунун бетин түз кылса, аспап үй мөөрөгөндөй үн берип алат. Бул аспаптын тепкеги комуздун тепкегиндей болсо үн чыкпай калат. Натыйжада, чеберлер ачакей бутактарды алат. Анын чолок буту тик туруп, кыяктын орто капкактуу жери басуу зарыл. Тепкектин тайтайыӊкы буту аспаптын четин басып турганда гана үн ойдогудай чыгат. Усталардын жана кыяк тартуучулардын айтымында, кыл кыяктын бетинин төө териси менен капталышынын мааниси бар. Анткени, аспап жайкы чилдеде укмуштай какшайт да, укмуштуудай үн чыгат («ботосу өлгөн ингендей боздойт»), Тумандуу күндөрдө, жаанда, кыскасы, аба ырайы бузулган чакта бир аз нымдашып, кыл кыяктын үнү анча чыепай калат. Ошондуктан, аны кургак жайда сактообуз зарыл. Кыяктын жаасынын узундугу 65-70 см келип, көркөм жана бышык келгендиктен мунун жыгачы бир гана табылгыдан тандалат. Жаанын кармай турган жагына булгаары капталат. Колдун төрт талаасы ага баткандай үчүн тешип, буга кылдын үчүн түйүп коет. Кыяк кылына ат, айгырдын туу куйругунан 120-130 талды жулуп алуу керек. Тал кылдар бири-бирине буралтып, чырмалтып текши төгүү зарыл. Бул үндүү аспаптын авазын талаптагыдай көтөрүү үчүн карагай менен куурайдын чайыры керектелет. Аны кылга өлчөмүнөн көбүрөөк сүртсө, аспап кыркырап калат. Андай учурда мокок бычак аркылуу кайра кырып, таза чүпүрөк менен сүртүп таштоо тийиш. Абалы чайырды сууга кайнатып алса, анын даты кетип, тазасы калат. Аспап кылдарына мына ошону этиеттеп сүртүп турат. Кыяктын кылына май тийсе үн бербей калат. («Бууранын терисинен капкагым болсо, сүйкөнгөнүм карагайдын чайры болсо, жайдын саратанында тартса боздоор элем» - деп, кыяк айтыптыр деген уламыш эл ичинде бар.) Бул аспапты кыякчы алгыр куштардай бөпөлөп асырп турат. Мында айрым усталардын жекече байкоолорун да эскере кетебиз. Ал кыякты жасоо комуздун ыкмасына үндөшүп кетет. Андан айырмасы кыл кыяктын капкагы төө териден болору белгилүү. Мында теринин челин тазартуубуз зарыл. Анан ал теринивын белгилүү өлчөмдө тептекши жукартабыз. Төө терисинин бардык жери бирдей эмес. Мүмкүн катар теринин текши жеринен кесип алынат. Ал комуздай кайкайыӊкы эмес, ошончо 10-7 ммдей бүкүрөйүӊкү болот. Ошондо моюн менен чаранын бириккен жеринин ийилүү тереӊдиги 2,5 см, же 25 мм болот. Мында тепкектин капкакты басуу күчү азаят да, демек, капкактын эркин термелүүсүнө ойдогудай шарт түзөт.  Кылды талдап тагып жатканда баарынын жоон-ичкелиги бирдей болушу керек. Мунун алтымыш талы астына, сексен эки талы үстүӊкү кулакка тагылат Ошондо астыӊкы кыл жогорку нотаны (ичке үндү), төмөнкүсү төмөнкү нотаны (жоон үндү) берет. Кылдарын бирдей тандап алгандан кийин аны (илгери шакар, эми «Айна») таптаза жуушубуз тийиш. Азыр төө терисин табуу, албетте, кыйын. Кыргыздын  классикалык чыгармаларын ойноону жеӊилдетүү үчүн чеберлер кыл кыяктын капкагын карагайдан тандоодо. Ал түз эмес скрипка сыяктуу томпок келет. Мунун кылы мурункудай эле болуп, тээги скрипканыкына окшош  көрүнөт. Кыл кыяктын көндөйүнө, тепкектин алдына тирөөч коюлат. Аспап скрипкадай кайкалак болот. Демек, жалпысынан алганда бул скрипкага окшошуп, улуу композиторлордун даанышман чыгармаларын ойноого укмуштай мүмкүнчүлүк берет. Ал комуздун тембрине да даана жакындашат. Мындай музыкалык касиеттерди биз, төтөн, бир тууган казак элиндеги домбра менен кыл кыягындагы шайма-шай окшоштуктардан  да байкайбыз. Ошондуктан, алардын ансамблдери «Сары арка» өӊдүү жүрөк-жүлүндү титиретип, шамалдай жоткон күүлөрдү ойноп жатканда эки аспап бири-бири менен укмуштай эриш-аркак айкалышат. Кыл кыяктын жаасына 120 тал кыл тандалат.

 

 

                                                   3-бөлүм

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Элдик үндүү аспап. Тилин сөөмөй менен кагып, көмөкөй аркылуу күүгө култирүүчү муну жасоодо ар бир устанын өзүнүн жекече ыкмасы болот. Комуз үчүн темирдин акурча түрү да тандалат. Адатта, мунун тышкы көлөмүнүн  узундугун төрт см дей кылат. Өткүр (курч) чалгынын карынан ооз комузду тилин созуп алат да, мунун чындоосун майда өгөө аркылуу ийине келтирет. Ал эми комуздун жаагын болсо балка менен чаап, буюмду сынына чыгарат. Ошондо комуз тилинин иймегин үч мм дей ийип, учуна калай жабыштырганда ал салмактуу келип, какканда үнү катту чыгат. Же комуз жаагын жезден тандап, темирге күмүштү жалатат. Комуз тилине көбүнчө болот зымды (пружина) керек. Зымды кесип, отко салып, кызыл тап болгондо аны өгөөлөп, жаакка түздөп, ченеп кесет. Кайра өгөөлөп, анан кынап алып, кайрадан отко салып, тилин ийип, аны жаакка кынаптап уруп таштайт чыныда, комуздун жердигин тандай билүүсү устанын устаттыгын аныктайт. Комуздун жаагы жумшак темирден, күмүштөн, колодон, жезден жасалса, анын тили сөзсүз турдө курч темирден – болоттон тандалат. Жакшынакай өгөп, табына келтире сугарбаса, үнү жакшы чыкпай калат. Тил кадимки эле чалгы, өгөө же магнит өндүүлөрдөн жасалса, эӊ жакшы болот. Өгөө менен жылмакайлап, кынаптап сүрүү керек. Кандим усталар кадимки болот темирди: «кара болот», «ак болот» - деп экиге бөлүшөт да, атайын байкоодон өткөрүшөт. Мунун ич ара болгон айырмасын байкашат. «Ак болот» комуздун кагылуусу жумшагыраак, муӊайымдуу үн берет. Чынында кара болоттун үнү коӊгуроодой бийик жана уккулуктуу болот. Кара болотту отко салса жумшайт, сугарган сайын ал катуулайт, морт да келет. Андыктан аны иштетүүдө усталар шумкар асыраган мүнүшкөрдөй өтө кылдат мамиле жасашат. Темирди өзүлөрү билгендей жибитип, ойдогудай таптап алышат. Демек, анын жаагын жезден да, чоюндан да жасоого болот. Кара болотту комуздун жаагынын узунуна жараша кесип, аны сомдоп алып, майда  тиштүү өгөөсү менен жукартып жаакка бириктирип, анан анын үнүн текшерүү зарыл. Темир комузду эски салт боюнча кыз-келиндерибиз каккан. Бирок, темир комузду жасаган усталар эркек болгондуктан алар да кага билген. Өздөрү кага билбесе, анын үнүнүн кандайча чыгышын  биле албайт. Темир комуздун жасалышы өтө татаал келет. Аны бардык усталар кармай албайт. Бир темир комуз жасоого караганда бир ат жабдыктарынын бүтүндөй бөлуктөрүнө, же аялдардын азем буюмдарына узануу, арийне, жеӊилдей туюлат. Мындай абалы үндү таба билүүбуз зарыл. Ага узануу анын жаагын жакшылап жасоодоне башталат. Жаак – комуздун тилинин эки жаагындагы үч кырдуу, оозго салып кагаарда тишке тие турган (такала турган) кол кармоочу тегерек чаӊгарактан созулуп чыккан кош сызыкча темир. Темир комуздун жаагын усталар муӊайым темирге күмүш да жалатып коет. Бирок, таза күмүштөн жаак жасабоо керек. Анткени, күмүш өтө жумшак келип, ал үндү анча бере албайт. Кадимки темир жаакка күмүштү жалатат. Мында аны дат чалбайт, жаркырап көрк берип турат. Күмүш жалаткан темир комуздардын таза чүпүрөк менен кез-кез сүртүп коет. Үн кубулуштары (жоон, орто, ичке) болушу анын тилине жараша болот.

 


 

                                             4-бөлүм
Чопо чоор (глиняный чоор) – род кыргызских народных инструментов. Был распространен в основном в южных, земледельческих районах республики под различными названиями - чопо чоор, ылай чоор. Форма его произвольная. Один из старинных образцов, находящийся в коллекции профессора С. Субаналиева, изготовлен в виде небольшого шара из белой глины, высота его немногим более 5 см. Два игровых и одно дульцевое отверстие расположены таким образом, чтобы одновременно можно было их прикрыть губами и указательными пальцами обеих рук (поддерживается инструмент при помощи больших пальцев). Народный чопо-чоор несложен в исполнительной практике. Тембр завораживающий, мягкий, глубокий. Очевидно, поэтому чопо-чоор может служить как музыкальный инструмент в фольклорном ансамбле. В настоящее время инструмент усовершенствован. Путем реконструкции его древнего образца создано семейство новых чопо-чооров.

 

 

 

                                           5-Бөлүм

 


Добулбас, доолбас ( арабча-иранча дабылнуваз – барабанчы, барабан согуучу) – астыӊкы, үстүӊкү бетине төөнүн, пилдин териси менен тартылган цилиндр түспөлүндөгү негизинен согуштарда, мергенчиликте пайдаланылуучу барабан түрүндөгү урма музыкалык аспап. Казактын даулпазына окшош. Согушта белги берүү, душмандын үрөйүн учуруу үчүн Д-ты колго же ээрдин кашына илип коюп тоголок баш таяк менен ургулап кагышкан. Кыргыздын байыркы музыкалык бул аспабы «Манаста» да кеӊири  колдонулган. Маселен, Манастын эшигинин алдында 40 балбан сакчысы менен кошо:

 

 

 

 

 

 

Ал эшиктин оозунда,

 

Пил терисин каптаган,

 

Кабар  салчу добулбас,

 

Добушуӊ уксаӊ оолак бас.

 

Жоо-жобуркай барганда,

 

Ошондо качат балбаны,

 

Обдулуп турат зардалы,

 

Добулбас үнүн укканда.

 

Баатыр Манас баш болуп,

 

Кырк чоро тегиз чыкканда,

 

Жакын барган адамдын.

 

                                     6-бөлүм

 

Это распространенный среди тюркских народов под разными названиями духовой музыкальный инструмент. Кыргызский вариант сыбызгы изготавливается из тутовника, урюка, куурая (род травянистых растений) и других видов древесины. Имеет шесть отверстий, одно из которых предназначено для улучшения извлекаемых звуков. Длина от 43 до 50,5 см.  Согласно эпосу «Манас», в свое время сыбызгы использовался в ансамблях и вместе с такими инструментами как сурнай, керней, доол. Если при изготовлении этого инструмента применяется медь, то готовое изделие именуется жезнай.

 

 

                                            7-бөлүм

                                        8-бөлүм

 

                                        9-бөлүм

 

Кыргыз элинин демократ акыны, ойчул, комузчу, обон-күү чыгарган чебер Токтогул Сатылган уулу - Токтогул Сатылганов, 1864-жылы Кетмен-Төбө өрөөнүнүн Сасык -Жийде айылында (азыркы Токтогул районунун Кетмен-Төбө айылы) туулган.

 

Бала кезинен ыр-күүгө шыктуу болуп, 13 жашынан ырлары айыл арасына тарай баштаган.

 

1917-жылкы Октябрь Төңкөрүшүнө чейинки ырларында «Жокчулуктун айынан», («Жүргөнүм Кабак жер болду») деп, ал эл тарабында туруп, эмгекчилердин таламын талaшкан, теңсиздикке жек көрүү сезимин билдирген.

 

1898-ж. Андижан көтөрүлүшүнө катышты деп жалган жерден айыпталып, падышалык сот тарабынан өлүм жазасына өкүм чыгарылып, бул жаза Сибирге 7 жылдык сүргүн менен алмаштырылган.

1905-ж. сүргүндөн кайтып келген.

 

Сүргүндөн качып келгенден кийин «Жерди көргөндө», «Кетментөбөнү көргөндө», «Энсеген элим аманбы?», «Апакем аман барсыңбы?», «Туткундан келгенде» аттуу ырлардын циклин түзөт.

Өзгөрүлмө дүйнө, өмүр, өлүм, турмуш жөнүндө ой жүгүртүүлөрү: «Терме», «Санат», «Дүнүйө», «Замана», «Өмүр», «Карылык», «Үлгү ырлар», «Насыят», «Жаштарга» ж. б. ырларында чагылдырылган.

Токтогул - айтыш өнөрүнүн чебер өкүлү.

Бардыгы эле түп нускасында жеткен эмес.

 

 

                               10-бөлүм

Карамолдо Орозов 1883 жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү Корумду деген кыштакта туулган. Интернеттеги маалымат булактары боюнча Карамолдо Орозовдун туулган күнү 17 ноябрь.

Карамолдонун өзунун ата-энесинин койгон аты Токтомамбет болгон. Атасы ошол кездеги өтө түшүнктүү прогрессчил адам болгондуктан, Токтомамбетти айылдык медресеге киргизип окутат, анда бала беш жылдай билим алып арабча жазганды үйрөнөт. Кат тааныгандыктан, арабча окуп, жаза билгендиктен ага айылдаштары Карамолдо деп жасалма ат коюп алышкан. Өмүрүнүн акырына чейин ушул ат менен таанымал болгон.

Комузду черткенди атасы Ороздон үйрөнгөн. Карамолдонун кесипкөй комузчу болуп өнүгүшүнө ошол кезде Ысык-Көлдө, Нарында аты чыгып жүргөн Чынгышбай, Бурулча, Байгабыл, Абак, Боккөтөн, Майлыбай, Кудайберген деген музыканттар менен жолугушуп, алардын комузчулук өнөрүнөн таалим алышы өбөлгө болгон. Карамолдо Орозов Октябрь революциясына чейинки турмушунда мыкты комузчулардын мелдешүүсүнө эки жолу катышкандыгы тууралуу маалымат бар. Анын биринчиси Байгабыл деген комузчу менен, экинчиси Муратаалы Күрөңкөев менен беттешүүдө өткөн. Карамолдонун жеңиши менен бүткөн бул эки музыкалык ат салышуу жаш комузчунун чыгармачылык өсүшү үчүн эң маанилүү жана чечүүчү ролду ойногон. Анысынан да жеңиштен кийин ага Муратаалы залкардын берген жолдомо сөзү менен бирге батасы чоң таалим, таасир эткен.

 

Карамолдо Орозов жаш кезинде эле чебер комузчу болуп таанылган. 1928 жылы кыргыз эл музыкасын нотага түшүрүү үчүн Касым Тыныстанов баш болгон Эл агартуу комиссариаттын кызматкерлери тарабынан А. Затаевич чакыртылып келгенде Карамолдо Ысык-Көлдөн атайын алынып келинген. Затаевич Карамолдонун аткаруусундагы 29 комуз күүсүн жазган.

Аткаруучулук стиль жагына келгенде, Карамолдо башка, өзүндөй залкар комузчулардан таасын айырмаланып турган, деп Затаевич белгилеген. “Дайыма жана бардык жерде токтоолукту, сабырдуулукту өзгөртүүсүз сактайт, кээде гана анын аткаруусунда ичте катылып жаткан чоң темперамент жана арбаң-тарбаң кол шилтөөнүн илеби сезилип турат, алар анын эң мыкты техникасы кандай гана ойноо кыйынчылыктары болбосун оңой эле жеңүүгө мүмкүндүк берет” - деп жазган фольклор таануучу А.Затаевич.

Карамолдо комуздун регистрдик жана тембрдик каражаттарын кеңдик, эффектүүлүк менен колдонгондуктан чакан камералык аспаптан, өзүнүн көркөмдүк- техникалык мүмкүнчүлүгүнүн чегинде универсалдык динамикалык аспаптын деңгээлине чейин көтөрүлгөн. Анткени комуз чертүүнүн аткаруучулук мүмкүнчүлүктөрү даана кеңейген. Орозовдун аспабы тембринин кооздугу жагынан теңдеши жок, добушунун жаңырышы жагынан айрыкча дааналыгы менен айырмаланган. Ал өзүнүн комузунда зор жигердүүлүк менен “Сынган бугу”, “Ибарат”, “Терме Камбаркан” ж.б. классикалык залкар күүлөрдү ойноп тасмага жаздырган. Улуу комузчунун замандаштары ал абдан таза, так жана тышкы дене кыймыл каражаттарын колдонбой терең ой токтотуучулук менен чертчү деп эскеришет.

Карамолдонун эстөө жана угуу сезимталдыгы күчтүч болгон. Ал жөнүндө Кыргыз филармониянын музыканты, Кыргыз Республикасынын эл артисти Ж.Кыпчаков мындай деп эскерет: “1958 жылы кыргыз эл ырчылары менен аспапчыларын тасмага жазуу үчүн Москвадан адистер келди. Карамолдонун күүлөрүн жазып жатканда иш күн аяктап калды, бирок жазылып бүткөндө дубль деген кошумча көчүрмө жасап коюш керек экен. Ишти эртеси уланталы деп чечишти, бирок эртеңки күнү Карамолдо мурунку тональностон чыгып кетет го деп чочулашты. Бир күндөн кийин Москвадан келген адистер комузчунун мурункудагыдай тональносто таптак ойноп бергенине ушунчалык таң калышты”.

 

                                  11-бөлүм

 

Ыбырай Туманов (1888, Каракол уезди, Ак-Булун айлы -1967, Каракол ш.) - комузчу жана элдик композитор. Кыргыз ССР эл артисти (1951). СССР композиторлор союзуна мүчө.

1936-57-ж. Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын эл аспаптык оркестринде иштеген.

Эмгек, тынчтыкка арналган «Кеңеш», «Октябрь өзгөрүшү», «Колхоз куралышы», «Паровоз», «Толкун», «Жүрөгүм», «Улуу той», «Москва», «Жыргал күн», «Тынчтык», «Ала-Тоо» жана башка күүлөрдү чыгарган. Анын чыгармаларында добуш аркылуу сүрөттөө, баяндоо, профессионал музыканын айрым кайрыктарын, татаал ыкмаларын, штрихтерин пайдалануу күчтүү өөрчүгөн.

Ыбырай элдик күүлөрдү жана Токтогул, Айдараалы, Асанаалы, Муратаалы, Карамолдо, Абак, Кайду, Майлыбай жана башкалардын күүлөрүн чебер аткарган.

1936-ж. анын көп күүлөрүн А. Затаевич нотага түшүргөн. Ыбырайдын «Кеңеш», «Жаш тилек», «Жүрөк толкуйт», «Боз салкын» жана башка күүлөрү оркестрлештирилген. «Абышканын арманы», «Жетим баланын арманы», «Серкебайдын арманы» деген кедейчиликтен, оор тагдырдын кесепетинен келип чыккан армандуу күүлөрдү да аткарган.

Залкар комузчу элдин жана абалкы комузчулардын күүлөрүн ыбырайлык ыкмага салып, иштеп чыккан.

Ыбырай күү чыгаруу жагынан башка комузчулардан айырмаланып, ырлардын ыргактарынын обондуулугун улуттук обон чыгаруу менен куюлуштурган.

1939-ж. Москвада өткөн кыргыз искусствосунун, кыргыз адабияты менен искусствосунун (1958) он күндүктөрүнө катышкан. 1990-ж. «Күүлөр» деген жыйнагы чыккан.

Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери менен сыйланган. Анын ысмы Каракол музыка окуу жайына берилген.

 

 

 

 

 

Молдобасанов Калый (1929-ж. т., Ак-Талаа району, Терек айылы) - композитор жана дирижёр, Кыргыз Республикасынын эл артисти (1974), СССРдин эл артисти (1979), Социалистик Эмгектин Баатыры (1991).

1946-ж. М. Күреңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, 1954-ж. Чайковский атындагы Москва консерваториясынын улуттук бөлүмүн, 1973-ж. Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн. Мусулманкулов Молдобасандын уулу 12 жашынан эл аспаптар оркестрине катышып, анын жетекчиси П. Ф. Шубинден таалим алган.

1954-72-ж. Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр, башкы дирижёр.

1973-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда композиция классы боюнча педагог жана Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасынын орун басары, 1979- 96-ж. анын төрагасы, ошол эле мезгилде 1983-86-ж. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1996-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиясы опера жана балет театрынын башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси.

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "Кыргызские национальные музыкальные инструенты"

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 2 месяца

Специалист по студенческому спорту

Получите профессию

Методист-разработчик онлайн-курсов

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 626 831 материал в базе

Скачать материал

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 12.06.2017 4977
    • DOCX 5.3 мбайт
    • 42 скачивания
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Норузбаева Галина Алиевна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    Норузбаева Галина Алиевна
    Норузбаева Галина Алиевна
    • На сайте: 6 лет и 9 месяцев
    • Подписчики: 0
    • Всего просмотров: 34084
    • Всего материалов: 30

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

Методист-разработчик онлайн-курсов

Методист-разработчик онлайн-курсов

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 70 человек из 35 регионов

Курс профессиональной переподготовки

Руководство электронной службой архивов, библиотек и информационно-библиотечных центров

Начальник отдела (заведующий отделом) архива

600 ч.

9840 руб. 5900 руб.
Подать заявку О курсе

Курс профессиональной переподготовки

Организация деятельности библиотекаря в профессиональном образовании

Библиотекарь

300/600 ч.

от 7900 руб. от 3950 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 281 человек из 66 регионов

Курс повышения квалификации

Специалист в области охраны труда

72/180 ч.

от 1750 руб. от 1050 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 42 человека из 21 региона

Мини-курс

Эффективное продвижение и организация проектов в сфере искусства

3 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Стратегии и инструменты для эффективного продвижения бизнеса в интернете

10 ч.

1180 руб. 590 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Цифровые компетенции и навыки: работа с презентациями

6 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 118 человек из 42 регионов