Логотип Инфоурока

Получите 30₽ за публикацию своей разработки в библиотеке «Инфоурок»

Добавить материал

и получить бесплатное свидетельство о размещении материала на сайте infourok.ru

Инфоурок Естествознание КонспектыКонспекты по естествознаному на тему "Жылдыздуу асмандан эмнени коробуз""

Конспекты по естествознаному на тему "Жылдыздуу асмандан эмнени коробуз""

Сабактын темасы: Жылдыздуу асмандан эмнени көрөбүз?


Сабактын максаты:

а) окуучулар асмандагы жылдыздар, планеталар жөнүндө билимин кенейтишет.

б) Окуучулар жылдыздар жөнүндө билимин жогорулатып, турмушта колдонууга үйрөнүшөт.

В) Табиятка болгон сүйүүлөрү калыптанат, планеталар боюнча салыштыруу жүргүзүшөт.

Сабактын методу: интерактивтүү метод: топтор менен иштѳѳ, ББК

Сабактын тиби: жалпылап кайталоо сабагы


Сабактын жабдылышы: зодиак топ жылдыздардын символдук белгилери, планеталардын сүрѳттѳрү, ватман, маркер:


Сабактын жүрүшү: 1-кадам жагымдуу маанай

2-кадам мээ чабуул

3-кадам ѳтүлгѳн сабакты кайталоо

4-кадам долбоор менен иштөө

5-кадам Венддин диаграммасы

6-кадам жыйынтыктоо

6-кадам окуучуларды баалоо

7-кадам үйгѳ тапшырма

1-кадам: Жагымдуу маанай:

Балдар мен силерге 3 түстѳгү жылдызчаны силерге таратам. Силер анын арткы бетине калоо-тилегинерди жазып, бир-бирден окуп, партанардын бир бурчуна коюп коебуз. Эми алган жылдызчанар боюнча 3 топко бѳлүнѳбүз.

2-кадам: Мээ чабуул: Кана балдар биз мурунку сабакта кандай темага токтолдук эле? Ачык талаага чыгып карасак Аалам бизге эки бѳлүккѳ бѳлүнүп тургандай сезилет. Бутубуздун алдында жер кыртышы, ал эми үстүбүздѳ асман турат. Күндүз биз асмандан жаркыраган күндү кѳрсѳк, ал эми түндѳ эмнелерди байкай алабыз?

-Жылдыздарды, планеталарды, Айды көрөбүз.

Демек, балдар биз асмандан жаркыраган жылдыздын түрлѳрүн, планеталарды, Айды кѳрѳт экенбиз. Келгиле балдар дагы биз бүгүн планеталар жѳнүндѳ сѳз кылабыз.

3-кадам: ѳтүлгѳн сабакты кайталоо: Андан ары үйгѳ берилген тапшырмага келсек, ар биринер ѳзүнѳрдүн зодиак топ жылдыздарынарды асмандан кайсы мезгилде жакшы кѳрүнѳѳрүн билип келүү болчу.

Мугалим: Кана ким айтат? Балдар айтышып, мугалим сүрѳттү доскага илип чыгат.(бѳйѳн, арстан, бийкеч, тараза, чаян, жаачы, текечер, суу куйду, балык, токту, букачар, эгиздер)

Азаматсынар демек, биз ѳзүбүздүн зодиак топ жылдызыбызды билдик.

Андан кийин биз бүгүн дагы чон планеталарга саякат жасоодон мурда, ким айтат кандай планеталарды билесинер? (Окуучулар айтышат)

Миндеген адамдар Кечки жылдыз, же Танкы жылдыз деп суктанып келишкен экен. Ал эми байыркы адамдар аны Венера десе, кыргыздар аны-Чолпон деп аташкан. А чындыгында Чолпон дегендин өзү эмне? Демек, балдар Чолпон –жылдыз эмес, ал планета. «Планета» деген сөз грек сөзүнөн которгондо «адаштыруучу» дегенди билдирет экен.Ал планеталарды адамдар жөнөкөй көз менен эле байкоо жүргүзүшкөн.Алар силер айткан Меркурий, Чолпон, Марс, Юпитер, Сатурн. Буларды телескоптон карасак чон көрүнүшөт.

Келгиле балдар, андан кийин топтор боюнча долбоор баштоодон мурда мен силерге тапшырма берем.

Тапшырманы аткарууда регламентти сактайсынар.Ар биринерге 3 минутадан убакыт берем.

4-кадам:

1-тапшырма: «Ак жылдыз» тобуна көзгө жакшы көрүнгөн планеталар жөнүндө эмне билесинер, алар кандай көрүнөт?-деген суроого жооп издейсинер.

Чолпон, Марс, Юпитер, Сатурн, булар көзгө көрүнгөн планеталарга кирет. Чолпон орок сымал Айга окшош. Марстын диаметри Жерден 2 эсе кичине, Аны 1877-жылы Америкалык астраном А.Холл ачкан. Анын эки табигый спутниги бар. «Фобос» жана «Деймос» Анын түсү аркылуу айырмалоо оной, Анын түсү ачык-кызгылт-сары жылдызга кирет. Юпитерди байкоо жүргүзүү абдан кызыктуу, Анын эки тарабынан катар турган, планетанын айланасында айланып жүрүүчү төрт жылдызчасы бар.

Сатурн-жарык ак жылдыз.Ал Юпитерден алыс жайгашып шакекче менен курчалган.Анын Күндү толук айланып чыгуусу 29,5 жылды түзөт. Анын айланасында 17 спутниги жана кооз шакекчелердин катмары менен курчалган.

«Кызыл жылдыз»тобуна көзгө көрүнбөгөн планеталар жөнүндө.

Уран, Нептун, Плутон, Меркурий,- көзгө көрүнбөгөн планеталарга кирет. Уран планетасы В.Гершелл тарабынан 1781-жылы ачылган. Нептунду аныктоодо көп түйшүктөр жаралып, көп эсептөөлөр, талаш-тартыштар келип чыккан. Француз окумуштуусу Леверье жана Адамс Уран планетасынын козголушун изилдешип, Нептун планетасын илимий жол менен көрсөткөн. 1846-жылы Галле Нептун планетасын ачкан. Плутон планетасы 1930-жылы ачылган. Радиусу 2500 км. Оз огунун айланасында толук бир айланышы 6 сутка 9 саат 17 мүнөткө барабар. Меркурий планетаны көрүү абдан кыйын. Себеби: Күн аны көрүүгө тоскоол болот качан ал батканда кечки жарык нурларынан аз убакытка жарык жылдызчаны көрүүгө болот. Анын температурасы +400 Сден жогору, түнкүсүн – 180о Сге төмөн.Анын Күндүн нуру тийген жеринде коргошун, цинк, калай, эрип кетиши мүмкүн. Булардын ичинде биз жашаган планета да бар.

«Сары жылдыз»тобу силер кандай ойлойсунар чон планетадабы же кичинекей планетада жашагынар келеби? Ушул суроого долбоор түзүп, оюнарды айтасынар.

Алар кичинекей планетада жашагылары келээрин айтышат.

Себеби:Чон планетада жашоого кыйын,ал башкаларды өзүнө күчтүүрөөк тартат. Мисалы Юпитер кандайдыр бир нерсени өзүнө жерден дээрлик 3 эсе күчтүүрөөк тартат. Эгер Юпитерде жашасак үйлөр урап, самалеттун канаттары сынып ж. коп кыйынчылыктар болмок. Ошон үчүн кичинекей планетада жашоо жыргал. Нерсени өзүнө начарыраак тартат. Атмосфера өзүнүн жанында газдарды кармап тура албайт, алар акырындык менен учуп кетишет. Суу маселесида кыйын. Суу бууланып, туман жана булуттка айланып соолуйт. Эгерде суу бууларын боштуктта кармасак, алар космоско тарап кетишет.Мында кайсы планетада жашоо керек экендиги келип чыгат. Албетте, Жер планетасында жашоо эн жакшы. Бирок биз жылуулук жөнүндө ойлонгон жокбуз. Күн планеталарды өзүнүн нурлары менен жылытат.Жердин бетинде температура +600 Сден -900 Сге чейин жетет.Эгерде Жер Күнгө жакындап барса дениздер кайнап, бак-дарактар өрттөнүп кетмек. Аыстап кетсе дениздерди муз каптап, суук болмок. Жер планетасы музга айланмак.

5-кадам:

2-тапшырма Ал эми планеталар кандай кыймылдаганын байкап көрөлүчү. (59- сүрөт) Венддин диаграммасы(салыштыруу)

Алардын баардыгы күндүн айланасында айланышат. Алыстан жай кыймылдагандай сезилет. Бир жылдын ичинде ар бир планета кандай жолду басып өтөт?

Окуучулар салыштырышат.

Мhello_html_5d790302.gifhello_html_4d8f3891.gifhello_html_70ac7a8b.gifисалы:

1-топ








2-топ: Марс менен Жерди салыштыргыла.

3-топ: Сатурн менен Юпитерди салыштыргыла

6-кадам:

Сабакты жыйынтыктоо:

Кана балдар баарыбыз көздөрүбүздү бекем жуумабыз. Асмандагы жылдыздарды элестетебиз. Кыргыздарда жакшы кеп бар эмеспи «асмандагы жылдыздардын учканын байкап калып тилек айтса, тилектери орундалат»-дешет. Силер тилегинерди тилеп сабактын башындагы жазган каалоо тилегинер аткарылсын деген максатта бир-биринерге көзүнөрдү ачып беришкиле!

Анда эмесе бүгүнкү сабакта эмнени билдинер, билем, билгим келет, билдим деп- деп өзүнөрдүн билгенинерге таянып ватманга жазып кеткиле.

7-кадам:

Окуучулардын билимин баалоо: Бүгүнкү сабакта баарынар активтүү катыштынар, тилегинер орундалат деген ойдомун.

8-кадам:Үйгө тапшырма: Күн күндүзгү жылдыз. 30 сөздөн турган эссе жазып келүү. Параграф 33, 108-бет.



Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал

Краткое описание документа:

Күн — күндүзү көрүнүүчү бизге жакын турган жылдыз. Күн өтө чөн. Анын диаметри Жердия диаметринен 109 эсе чоң. Күндүн массасы Жердин массасынан 333000 эсе чоң^ Күндүн темпе-ратурасы 6000°С ге жакын.Жүндүн түпкүрүндө температура алда канча жогору жана борбордук зонасында 15000000°С ге жетет. Жогорку температуранын натыйжасында Күндөгү заттар газ турүндө болушат, ал эми түпкүрүндө химиялык элементтер атомдук ядролорго жапа эркин кыЙмылдашкан электрондорго «ажырап кетишкен». Күндөгү бардык газ түрүндөгү масса анын борборуна тартылгандыктан, анда кармалып турат. Сырткы катмарлары өзүнүн салмагы менен терендегилерин кысышат, катмар улам терендеген сайын кысылуу чоңоё баштайт. Жердеги атмосферанын басымына салыштырмалуу, Күндүн түпкүрүндө басым жүз миллиард эсе чоң.

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

5 485 781 материал в базе

Скачать материал

Другие материалы

Презентация по естествознанию "Информация и электрические сигналы.История развития и перспектива информационных технологий" (10 класс)
  • Учебник: «Естествознание. Среднее профессиональное образование», О.Е. Саенко, Т.П. Трушина, О. В. Арутюнян
«Естествознание. Среднее профессиональное образование», О.Е. Саенко, Т.П. Трушина, О. В. Арутюнян
  • 05.05.2020
  • 257

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 07.05.2020 344
    • DOCX 49.5 кбайт
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Суйундукова Мейизгул Иманалиевна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Пожаловаться на материал
  • Автор материала

    • На сайте: 1 год и 9 месяцев
    • Подписчики: 12
    • Всего просмотров: 108686
    • Всего материалов: 145