Добавить материал и получить бесплатное свидетельство о публикации в СМИ
Эл. №ФС77-60625 от 20.01.2015
Инфоурок / Начальные классы / Другие методич. материалы / Кун сайын сабакта 5 муноттук китеп окууну уюштуруу, анын мааниси тууралуу

Кун сайын сабакта 5 муноттук китеп окууну уюштуруу, анын мааниси тууралуу


До 7 декабря продлён приём заявок на
Международный конкурс "Мириады открытий"
(конкурс сразу по 24 предметам за один оргвзнос)

  • Начальные классы

Поделитесь материалом с коллегами:

Cулайман Рысбаев,

Кыргыз билим берүү академиясынын

лаборатория башчысы, п.и.д., профессор



«Күн сайын сабакта беш мүнөттүк китеп окууну» уюштуруу

технологиясы жана анын мазмуну тууралуу

Жогоруда айтылып өткөндөй, Ага-хан фонду аркылуу уюштурулуп өткөрүлүп жаткан «Бирге окуйбуз» долбоору «күн сайын он беш мүнөттүк китеп окуу» акциясын сунуш кылууда. Албетте, бул балдарды үйдө ата-энелери менен бирге китеп окууга багыттоочу жана ага мүмкүнчүлүк түзүүчү «жакшы шылтоо» болуп калды. Ал тургай, Балдар телеканалын көрүп отурган ар бир ата-эне баласы менен бирге китеп окуу маданиятына күн санап тартылып баратат, китеп окуунун маани-маңызын дагы да тереңирээк түшүнүп баратат. Ата-энелер ошол телеберүүлөрдү карап отурушуп, атайын даярданып барып сынакка катышканы менен, жөнөкөй эле бир катар маалыматтарды начар окуучудан бетер билбей, жөнөкөй эле суроолорго жооп таба албай кыйналып отургандарын өз көздөрү менен көрүп, ийгиликтери болсо бирге кубанып отурушат.

Мунун өзү бизде бир катар жылдар бою бала да, анын ата-энеси да китеп окуудан оолак болуп, окуган чыгарманы сюжеттик жана маанилик жактан жөнөкөй эле талдап түшүнүүнү да унутуп баратканын далилдеп койду.

Албетте, бул теле берүүнүн негизги лейтмотиви - «күн сайын он беш мүнөттүк китеп окуу» идеясын жайылтуу экени талашсыз. Анын уюштуруу ыкмасы –күн сайын үйдө, кечинде бала менен ата-энеси он беш мүнөттүк бош убакыт таап, ошол мүнөттү китеп дүйнөсүнө бирге саякат жасоого арноо, аз убакыт болсо да, аны пайдалуу иш менен өткөрүү болуп саналат.

Деги эле, күн сайын кечинде гана эмес, эртең менен, сабак алдында башталгыч класстарда мугалим окуучулары менен амандашкан соң, кызыктуу бир аңгемеге, ырга же жомокко көңүлүн буруп, маанайларын жакшы сөз, пайдалуу ой жүгүртүү, жугумдуу кеп-сөз менен баштоого неге болбосун? Психологиялык жакшы маанайды түзүп алып, анан сабакты баштоо да кыйла натыйжалуу болорун практик мугалимдер эң жакшы түшүнүшөт.

Анан калса, «күн сайын сабак алдында беш мүнөттүк китеп окуу» идеясы- бизге жаңылык деле эмес. Андай иш-чараларды республикабыздын булуң-бурчтарында эчактан бери эле башталгыч класстын тажрыйбалуу мугалимдери өткөрүп келатышканы маалым.

Биздин оюбуз боюнча, андай «күн сайын сабак алдында беш мүнөттүк китеп окуу» иш –чарасын өткөрүп коюунун анча кыйынчылыгы деле жок сыяктуу. Бирок маселе, аны «өткөрүү үчүн гана өткөрүү» эмес, балким аны өткөрүүнүн жаңыча технологиясын ойлонуу керек го?-деген ойдобуз. Анткени аны өткөрүүнүн максаты, милдети, убактысы, узактыгы, каражаты, көлөмү, өткөрүү жолдору - деген сыяктуу методикалык маселелер да көңүлдө болсо, ашыкча болбосо керек. Эмесе, кептин тизгинин ушул проблемага буралы.

«Күн сайын сабак алдында беш мүнөттүк китеп окуу» иш –чарасынын максаты- өзү эле айтып отургандай, балдарды көркөм адабиятты окууга, ал аркылуу китеп маданиятына балдарды тартуу, окурмандык ишмердүүлүккө багыттоо, окуу аркылуу ой жүгүртүүсүн, сөз кору менен сүйлөө маданиятын өнүктүрүү экени талашсыз.

Эскерте кетер экинчи маселе-окулуучу чыгарманын көлөмү тууралуу болмокчу. Ири алдында айталы, мындай окууга сунушталган аңгеме, ыр же жомок эки барактан ашпашы керек. Анткени жай, көрктүү окулган эки барак текст төрт же төрт жарым мүнөттүк убакытты алат. Ал эми анын мазмуну тууралуу фаулалык мүнөздөгү чакан аңгемелешүү, ашып кетсе, бир же бир жарым мүнөткө гана созулушу шарт жана ал, сөзсүз түрдө, өтүлө турган сабактын нугуна, башкы идеясына, өтүлөр теманын табиятына жакын, мазмундаш, кызыктуу болуусу да эске алынса максаттуу болмокчу.

Дагы бир маселе, бул иш-чара башталгыч класстарга айрыкча мүнөздүү жана ыңгайлуу экендигин эске алсак, аларда күн сайын ар түрдүү ишмердүүлүккө багыттоочу төрттөн-бешке чейинки сабактар өтүлөт. Атап айтканда, алар: эне тили, адабий окуу, математика, орус тили, адеп, мекен таануу, музыка, сүрөт жана физкультура сабактары. Булардын ар бири баланын рухий маданиятын, акыл-эсин, дүйнөгө болгон көз карашын, дене тарбия маданиятын ж.б. өнүктүрүүгө кызмат кылат жана атуул катары калыптандыруунун негиздерин түзөт. Ошондуктан, «күн сайын сабак алдында беш мүнөттүк китеп окуу» иш-чарасы окуучуну өнүктүрүүнүн ушул багыттары менен да шайкеш келүүсү жана ага кызмат кылуусу кажет. Ошондо гана ал «окуу» максаттуу жана жугумдуу болуусу ыктымал.

Демек, бул айтылган сөз аталган окуу күн сайын өтүлүүчү түрдүү предметтердин ар бири менен мазмундаш, үндөш, бири менен экинчисин толуктоочу мүнөздөгү интеграциялык милдетти да аркалашы толук мүмкүн. Тактап айтканда, «беш мүнөттүк» окуудагы окулуучу аңгеме, ыр же жомок эне тили, адабияты менен да, математика менен да, орус тили, чет тил менен да, сүрөт,ыр, кол эмгек жана физкультура менен да мазмундаш болуп, сабакта айтылар ойду андан ары тереңдетип, аны менен интеграцияланып, тилдин, математика менен сүрөт же кол эмгектин адам турмушундагы пайдалуулугун менен кеңири түшүндүрүп, аны андан ары да терең өздөштүрүүгө кызыктырып, ошону менен бирге ойлонтуп, ой жүгүртүүсүн өстүрүү иши бирге жүрмөкчү.

Мында, дагы бир нерсени эске алалы: күн сайын биринчи сабакта бир эле предмет кайталана бербейт жана күн сайынкы сабактын жүгүртмөсү ар түрдүүчө түзүлөт. Балким, эне тили, же математика, балким сүрөт же орус тили же адеп же мекен таануу сабагы же дагы башка предмет сабактын жүгүртмөсүндө биринчи кезекке коюлат. Ошондо күн сайынкы беш мүнөттүк китеп окуу иши- ошол күнкү биринчи сабакка байланыштуу жүргүзүлөт.

Тактап айтканда, биринчи сабак математика болсо, математикалык мүнөздөгү сюжети жана тапшырмалары бар аңгеме, ыр же жомок, эгер мекен таануу сабагы болсо, адамга мекендин ыйыктыгы тууралуу чыгарма, эгер сүрөт, эгер көркөм өнөр сабагы болсо, өнөрлөрдүн турмуштагы пайдасы тууралуу же чет тили болсо, чет тилинин маанилүүлүгү, анын адам турмушундагы орду тууралуу чыгарма болсо-андан беш бетер орундуу болмокчу.

Эмесе, ишке өтөлү. Бул ирет эки сабакка байланыштуу эки жомокту кантип окуу ишке ашарын ойлонуп көрөлү.

Биринчиси-математка сабагына байланыштуу болсун. Адамдын акылын жана айла-амалын сынаган ушундай акыл гимнастикасы жагдайындагы кызыктуу жомокту 2-класста кантип окуп берүү жана талдоо жагдайында кеп кылалы.

Мугалим мындай окуу сабагын күн мурунтан пландап, кандай чыгарма, көлөмү канчалык, аны кантип көрктүү жана сезимдүү окуу керектигине даярдык көрөт. Анан сабагын баштаарда: Урматтуу бөбөктөр, азыр биз адамдын акылмандыгын сынаган „Апенди жана каздар» аттуу жомокту окуйбуз. Көңүл коюп уккула. Эмесе, баштайбыз.

...Апенди бир күнү токтойго барып семиз каз атып алат да, үйүнө келет. Аны байбичесине бышыртып алып, «муну жеке жегенде эмне» деп, тартуу кылмакка ханга жөнөйт. Хан апендини кабыл алып, тартуусуна ыраазы болот да, казды өзүнө, аялына, эки кызы менен эки уулуна өз колу менен бөлүштүрүп берүүсүн өтүнөт.

-Ханым, макул десеңиз, мен казды каалаганымдай бөлөйүн,- дейт апенди. Хан макул болот.

-Урматтуу ханым! Сиз эл башысыз, акылман журт башысыз. Үйдүн ээсисиз жана кожоюнусуз. Акыл баштан чыгат- деген элибиз. Ошондуктан, каздын башы сиздики болсун,-деп апенди каздын башын кесип, хандын алдына коет.

Хан апендинин кебинде бир ой бар экенин байкап, муюп угат, эркине коет. Апенди казды бөлүштүрүүсүн улантат:

-Ал эми моюну-байбичесиңиздики болот. Анткени сиз байбичеңиздин кеңешин ар дайым угасыз. Моюн кайда бурулса, баш ошол жакка бурулат. Ошондуктан, каздын моюну-байбичеңиздики болушу шарт.

Хан бул сөзгө да каршы сөз айта албай муюйт. Анан каздын эки канатын кесип, тасмал жээгинде отурушкан эки кызынын алдына коет:

-Ханым, бул эки канат –эки кызыңызга тиет. Анткени алар бойго жетип калышыптыр. Жакында канат байлап үйдөн алыска учуп кетишет. Кыз –башка жердин бүлөсү- деген. Ал эми эки буту-эки уулуңуздуку. Эки уулуңуз сиздин жолуңузду жолдоп, изиңизди басып, урпагыңызды улантат. Бул анык. Ошондуктан, эки каздын эки буту-эки уулуңуздуку болушу керек. Ал эми төшү ашып калды. Ал меники болсун.

Хан апендинин акылмандыгына ыраазы боло, сөздөрүнө муюп, урманттап, сыйлап, сыйлык берип үйүнө узатат.

Ошентип апенди ханды да ыраазы кылып, колу да куру болбой, сүйүнүп келатса, алдынан хандын вазири жолугат. Апенди вазирге токойго барып каз атып алганы, аны бышырып алып ханга тартуу кылганы жана аны кантип бөлүштүрүп берип, сыйлык алып келатканы жөнүндө айтып берет. Апендинин сөзүн уккан вазир «мен дагы каздарымдан союп алып ханга барайын, сенин акылың шумдук экен, сен аны ханга бөлүштүрүп бер. Мен дагы сыйлык алайын»-дейт вазир.

Вазирдин сөзүнө апенди макул болот. Эртеси, бир эмес, вазирдин үч семиз казын сойдуруп башыртат да, экөө ханга жөнөшөт. Хан аларды кабыл алып, тартууну алат. Хан бул каздарды да бөлүштүрүүнү апендиге тапшырат.Апенди бул жерден өзүнүн тапкычтыгын мындайча билгизет.

- Урматтуу ханым,-дейт апенди,- сиздер алтоосуздар, биз экөөбүздү кошо эсептегенде сегиз болобуз. Ал эми каздар –үчөө. Сегиз кишиге үч каз так бөлүнбөйт. Ошондуктан, мен билгенимдей бөлүштүрүүгө уруксат берүүңүздү өтүнөм.

Хан макул болот. Апенди мында да каздын башын - ханга, моюнун-байбичесине, эки канатын –эки кызына, эки бутун –эки уулуна тартат. Анан куйругун кезет да, ичинен «сенин казды баккан эмгегиң бар эмеспи» деп, куйругун вазирдин алдына коет.

- Вазир - сиздин кызматчыңыз. Куйрук башка кызмат кылат, баш кайда кетсе, куйрук ошол жакка кетет. Ошондуктан, куйрукту вазириңизге сунайын. Ал эми калганы ашып калды. Аларды мен алайын.-дейт апенди.

Мында да хан апендинин акылдуулук менен бөлгөнүнө баа берет да, вазирге эмес, апендиге сыйлык берип узатат.

Каздын төшүн жана да эки каздын этин көтөрүп, анан да хандан сыйлык алып сүйүнүп келаткан апендинин алдынан эми бай учурайт. Апенди байга да болгон ишти баяндап берет. Анын сөзүнө кызыгып калган бай, эртеси беш казын союп бышырат да, тартуу кылмакка, апендини кошуп алып ханга жөнөйт. Хан аларды кабыл алып, беш казды эми кантип бөлөр экен деп кызыгып, дагы да апендиге кайрылат. Апенди саамга ойлоно калат да, каздарды мындайча бөлүштүрөт.

- Ханым,- дейт апенди бул ирет анын алдына баш эмес, бүтүн казды коюп, - байбичеңиз экөөңүзгө бир каз, бир каз менен байбичеңиз экөөңүз үчөө болосуз. Эки кызыңызга бир каз, алар дагы бир каз менен үчөө болот. Эки уулуңуз дагы бир каз менен үчөө болот. Аларга дагы бир каз. Ал эми бай экөөбүзгө бир каз, биз дагы үчөө болобуз. Дагы бир каз ашып калды. Ал байбичем менен кызыма. Алар дагы үчөө болушат.

Апендинин акылына жана айла – амалына хан өтө ыраазы болот да, мында да, байга эмес, апендиге сыйлык берип узаткан экен…-деп мугалим жомогунун соңуна чыгат. Анан окуучуларына кайрылып, мындай деген суроолорду узатат:

  1. Апенди адегенде каздын мүчөлөрүн кандайча бөлүштүргөн эле?

  2. Экинчи ирет барганда үч казды сегиз адамга кантип бөлүштүрдү?

  3. Ал эми үчүнчү барганда беш казды кантип бөлүштүрдү?

Суроолорго жооп алып эркин аңгемелешүү бүткөн соң, жомоктогу эсептерди мугалим математатика сабагына байланыштырып, окуучулары менен бирге мисал түзүп иштеп, анан сабагына киришет.

Экинчи окууну 3-класста өтүлүүчү Көркөм өнөр сабагына байланыштырып көрөлү.

Сабак башталардын алдында, мугалим адаттагыдай эле, үйдөн түзүп келген планына жараша окуучуларына минтип кайрылат:

-Урматтуу окуучулар, бүгүн бизде биринчи сабак- көркөм өнөр сабагы. Сабагыбызды баштаарыбызда, адаттагыдай эле, беш мүнөттүк китеп окууга көңүл буралы. Бүгүнкү окуй турган жомогубуз «адамдын жетимиш эки өнөрүнүн бири» болгон көркөм өнөр, тактап айтканда, чебердеп сүрөт тартуу, кооздоп кол менен баалуу буюмдарды жасоо, көркөмдөп кооз кылып жазуу чеберчилиги тууралуу болмокчу. Өнөрдүн мына ушундай баалуулугу, улуулугу туурасындагы «Манжалары жок чебер жазгыч» деп аталган жомокту мен силерге окуп бергим келип отурат. Эмесе, кулак түрүп угуп тургула. Мен окуй баштайм.

...Бар экен–жок экен, илгери кооз, сулуу жазуу боюнча атагы алыска кеткен Теңиз аттуу бир сүрөтчү болуптур. Аны падыша өзүнө чакырып алат да, алтын сарайына, мечиттерине, чайканаларына, түрдүү мунараларына кооз-кооз сүрөттөрдү тарттырат, сулуу кылып жазууларды жаздырат. Падыша ал үчүн Теңизге көп маяна берип, өзүнөн алыс кетирбейт, башка эч кимге кызмат кылдырбайт. Андан башка бардык сүрөтчү жана жазгычтарды кызматтан бошотот. Теңиздин жазган жазуулары жана сүрөттөрү менен падышанын да даңазасы артат.

Мындай абал Теңизден башка сүрөтчүлөр менен жазгычтардын көчөдө жумушсуз калышына алып келет. Алар бул үчүн нааразы болушуп, айрымдары намысына чыдабай, Теңизди жок кылуунун жолун ойлошот.

Бир күнү алар каракчыларды жалдап, аларга акыркы акчаларын чогултуп берип, Теңиздин көзүн тазалоого жумшашат. Бирок ушунчалык чебер сүрөтчүнү, устат жазгычты өлтүрүүгө колдору барбайт да, каракчылар анын эки колунун тең манжаларын бүтүндөй кесип салышат.

Эки колунун манжаларынан ажыраган бул мунжуну падыша көрөт да, эми анын мындан ары кереги болбой калды деп чечип, сарайынан чыгартып таштайт. Мунжуга айланган кечээги даңазалуу жазгыч Теңиз эми эмне кыларын билбейт, үй-бүлөсүн кантип багуунун жолун таппай, аман калганына гана сүйүнүп, шаар ичинде каңгып калат.

Сүрөтчүлүк менен жазгычтыктан башка эч нерсе колунан келбей турганына, ансыз ал бир үзүм нан таба албастыгына көзү жетет Теңиздин. Күнү-түнү ойлонуп жашоо амалын издейт. Ошондо, кантсе да, баягыдай чебер жазууга манжасы жок болсо да, кыл калемин каруу жилигине байлап алып жазууга көнүгө баштайт. Адегенде, кайра баягыдай кооз жазуудан калдым деп кайгырып, көзүнүн жашын көлдөтөт. Бирок бар күчү менен эркин жумшап, каруу жилигине таңып байлаган калеми менен жазууга жана сүрөт тартууга чындап машыгат. Көгөрүп кылган аракети текке кетпейт. Жазган жазуулары, тарткан сүрөттөрү мурдагыдан да кооз болуп чыга келет.

Теңиз качан өзүнө-өзү ишенгенде, баягыдан да кооз тамгаларды көшөрүп тизип, кат жазат падышага. Падыша ушунчалык кооз тамгалар менен жазылган катты таң кала окуйт да, бул жазгычты тезинен өзүнө келүүсүн буйруп, жигиттерин жөнөтөт.

Көп өтпөй эле, падышанын алдына манжалары жок, каруу жилигине калеми байланган баягы өзүнүн жазгычы алынып келет. Падыша аны кабыл алып, жазганын көрүп ишенет. Чеберчилигине, адамдык сапатына башын ийип, таң калып, Теңизди кайрадан өз сарайына кызматка алат. Анын манжаларын кестирген ичи арам сүрөтчүлөр менен жазгычтарды орго салдырат. Ошентип, Теңиз өзүнүн өжөрлүгүнөн улам, мурдагыдан да кооз сүрөт тартып, жазуу жазып,“Манжасы жок чебер жазгыч” аталып, элге –журтка даңазасы артыптыр...

Мына балдар, жомогум бүттү. Силерге жактыбы? Жакса, эмнеси менен жакты?

Бир же бир жарым мүнөттүк чакан талкууда балдар жомоктогу Теңиз аттуу баланын өнөрүнүн баалуулугу, ошол өнөрү менен ал эмнеге жетишкени тууралуу аңгемелешет. Анан балдарга кайрылып, „силерди да ушундай баалуу өнөргө ээ кыла турган көркөм өнөр сабагына жакшы маани берип окууга көңүл бургула“ деп сөзүн бүтүрүп, андан ары сабагын баштайт.

Деги, мындай сабактарда бала үчүн жомоктордун кызматы эмнеде? Ал мында деп ойлойбуз:

1.Эртең мененки биринчи сабакта уккан жакшы жомок балага ошол күн үчүн эң жакшы эмоционалдык фон, күчтүү мотивация (мотив, латын- кыймылга келтирүү) болуп берет. Уктап жаткан сезим-туюмдарын ойготуп, кыймылга келтирет. Сабакты жакшы өздөштүрүүгө шарт түзөт, мугалимдин айткандарын эске тутуп, активдүүлүгү жогорулайт.

2. Ал тургай, психологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, жомоктогу жакшы окуя балдардын күн бою көңүлүн көтөрүп, позитивдүү күчтүү таасир берет. Анткени бир жакшы окуя узак убакыт бою адамдын көңүлүн көтөрүп, дем-күч берип, позитивдүү ойлорго жетелеп, депрессиядан чыгарып, тагдырын оң багытка бурган учурлар болот эмеспи. Буга улуу жазуучулар Ч.Айтматовдун, Э.Хемингуейдин мыкты каармандарынын образдарына шыктанган окурмандардын каттары эң жакшы мисал.

2.Адамдын түрдүү ишмердүүлүктөрүн турмуштук окуялар менен байланышта чагылдырган мыкты жомоктор ошол ишмердикке байланышкан предметтин баалуулугун дагы да тереңирээк ачат, ага баланын кызыгуусун, шыктануусун арттырат, кесиптик талант-шыгын ойготот.

3.Баланын рухий көрөңгөсүн байытат, ар тараптуу тарбия-таалим берет.

Мына «күн сайын сабак алдында беш мүнөттүк китеп окуу» иш- чарасы, анын маани-маңызы, мазмуну, өткөрүү убактысы, узактыгы жана өткөрүү технологиясы тууралуу азыноолак методикалык сунуш ушундайча. Аны чыгармачыл мугалим өз ишинде дагы да өркүндөтүп, чыгармачылык менен өз алдынча өткөрүүсүнө ар убакта жол ачык.



Адабияттар:

1. К.Иманалиев, Окуучунун өз бет алдынча китеп окуусун уюштуруу, Ф., 1983-ж.

2. С.Рысбаев, Баланын китеп окуусун уюштуруу технологиялары, Б., 2015-ж.

3. Окуу жана түшүнүү процессиндеги сынчыл ойлом, Б., 2013.

4. С.Рысбаев, Кыргыз балдар акын-жазуучуларынын чыгармаларындагы педагогикалык идеялар, Б., 2014-ж.


57 вебинаров для учителей на разные темы
ПЕРЕЙТИ к бесплатному просмотру
(заказ свидетельства о просмотре - только до 11 декабря)

Автор
Дата добавления 15.01.2016
Раздел Начальные классы
Подраздел Другие методич. материалы
Просмотров474
Номер материала ДВ-341089
Получить свидетельство о публикации

Включите уведомления прямо сейчас и мы сразу сообщим Вам о важных новостях. Не волнуйтесь, мы будем отправлять только самое главное.
Специальное предложение
Вверх