Логотип Инфоурока

Получите 30₽ за публикацию своей разработки в библиотеке «Инфоурок»

Добавить материал

и получить бесплатное свидетельство о размещении материала на сайте infourok.ru

Инфоурок Естествознание КонспектыПлан по географии на тему "Убакыт"

План по географии на тему "Убакыт"

Убакыт


Сабактын максаты:

а) Биздин бардык жашообуз бири -бирине удаалаш болгон өзүнчө окуялардан турат.Окуялардын өтүшүнүн удаалаштыгынын узактыгы убакыт-деп аталарын о.э эмне себептен Жерде жыл мезгилдеринин алмашуусу жөнүндө кенири маалымат алышат.

б) Убакыт-бул жашоо. Бул жашоодо убакытты үнөмдөп пайдаланууга, жашоого болгон көз караштары калыптанат.

в) Табиятка болгон сүйүүлөрү калыптанат,жаратылышты коргоого тарбияланышат.

Сабактын методу: интерактивтүү метод

Сабактын тиби: жаны материалдарды окуп үйрөнүү сабагы

Сабактын жабдылышы: карточкалар, сүрѳттѳр китеп

Сабактын жүрүшү :1-кадам уютуруу иши

2-кадам мээ чабуул

3-кадам ѳтүлгѳн сабакты кайталоо

4-кадам жаны тема

5-кадам бышыктоо

6-кадам окуучуларды баалоо

7-кадам үйгѳ тапшырма



Жаны тема: § 35. УБАКЫТ

Биздин бардык жашообуз бири бирине удаалаш болгон өзүнчө окуялардан турат. Окуялардын өтүшүнүн удаалаштыгынын узактыгы убакыт

деп аталат. Адамдар мурда эле убакытты өлчөөнүн негизги бирдиктеринин бири катары сутканы тандап алышкан. Сутка — бул Жер өз огунун айланасында толук бир айланууга кеткен убакыт.

Жердин өз огунун айланасында айланышы күн менен түндүн алмашуусунун себеби болот.

Бир сутка убакыт өткөндүгүн сааттын жардамы менен билүүгө болот. Байыркы замандан тартып азыркы күнгө чейин адамдар ар кандай сааттарды колдонуп келишти. Кум сааты, от сааты, суу сааты ж.б. болгон. Азыркыга чейин: «Көптөгөн суулар акты», — деген сөз бар. Бул суу саатын эске салат. Азыркы учурда механикалык, электрдик, электрондук, кварцтык жана атомдук сааттар бар.

Биздин негизги саатыбыз — Жер. Ал айлануу менен, каалаган секундада убакытты так айтып бере алат (65-сүрөт). Ал эми Күн болсо, бул сааттардын жебелерин көрүүгө мүмкүндүк берет. Булар үйлөрдүн, бак-дарактардын же гномондун көлөкөлөрү.



hello_html_79ff3c61.png

65-сүрөт. Жердин суткалык кыймылы


Силер сутканын ар кандай убакыттарында гномондун көлөкөсүнө байкоо жүргүзүп, чак түштөгү көлөкөнүн узундугун күзундө, кышында, жазында өлчөп алдыңар деп коёлу. Өзүңөрдүн байкоо жүргүзүү күндөлүгүнөрдү алгыла да, төмөнкү суроолорго жооп бергиле:

Гномондун көлөкөсу эртең менен, чак түштө жана кечинде кайсы жакты көздөй багытталган? Сентябрь, декабрь, март айларындагы көлөкөнүн узундуктары бирдейби?

Биздин байкоолорубуздан төмөнкүдөй жыйынтык чыгарууга болот:

Гномон — бул жөнөкөй күн сааты.

Күн чыгыштан чыкканда нерсенин көлөкөсү эң узун болот да батышты көздөй багытталат. Күн горизонттон көтөрүлгөн сайын көлөкө кичирейип отурат. Күн өзүнүн жолундагы эң бийик чекитке жеткенде көлөкө эң кыска болуп, түндүктү көз-дөй багытталат. Бул күн сайын чак түштө болуп өтөт.

Чак түштөгү көлөкөнүн багыты—түндүк-түштүк багыты— чак түш сызыгы деп аталат. Чак түштө Күн дайыма түштүктөн көрүнөт. Демек, арт жакта түндүк, оң жакта — батыш, сол жакта — чыгыш. Чак түштө Күн өзү да компастын милдетин аткарат.

Күн батаарда көлөкө кайрадан узарат. Күн батканда жоголот. Мунун бардыгы Жердин батыштан чыгышты көздөй айланышынан болуп өтөт.

Чак түш сызыгын оюбуздан Түндүк жана Түштүк уюлдарга чейин улантып, Жерде жана анын үлгүсү — глобуста меридиан (латын тилинен которгондо «чак туш» дегенди билдирет) деген сызыкты алабыз. Меридиан боюнча географиялык кеңдикти эсептешет. Географиялык кеңдикти билүү менен айыл же шаар кайсы жерде, уюлдан жана экватордон кандай алыстыкта экендигин билүүгө болот.

Бишкек шаары 43° түндүк кендикте жайланышкан. Бирдей географиялык кеңдиктеги чекиттерди өз ара туташтырып параллель деп аталган айланаларды алабыз. Алар чындыгында эле экваторго параллель болушат. Жер шарынын каалаган чекити боюнча өзүнүн меридианын жана параллель сызыктарын жүргүзүүгө болот.

Баштапкы же нөлдүк меридиан шарттуу түрдө тандалып алынган. Ал Англиянын Гринвич шаары аркылуу өтөт. Нөлдүк меридиандан баштац сааттык алкактарды эсептөө жүрөт. Бишкек шаары бешинчи сааттык алкакта турат. Узак убакыттын аралыктарын эсептөө үчүн адамдар байыр-тан эле Айды же жылды пайдаланышкан. Жыл — бул Кундун айланасында Жердин толук бир айлануусуна кеткен убакыт. 1 жыл = 365 сутка 5 саат 48 минута 46 секунда. Жердин огу эклиптика тегиздигине 23°26' бурч менен кыпшайган. Ушу кыйшаюунун өзү Жердеги жыл мезгилдеринин алмашуусунун себеби болот. 66-сурөттөн күздүн, кыштын, жаздъга жана жайдын астрономиялык башталышы качан экенин билсеңер болот.


hello_html_m3e2aa3b.png


66-сүрөт. Жердин жылдык кыймылы. Жыл мезгплдери Түндүк жарым шары үчүн көрсөтүлгөн



Темадагы эң негизгилер

Жер Күндүн жана өз огунун айланасында айланат.


Бышыктоо үчүн суроолор.


1. Эмне себептен Жерде жыл мезгилдеринпн алмашуусу болот?

2. Эмне себептен бирдин айы кээде 29унан жаңырат? Бул канча жылда кайталанып турат?

Окуучуларды баалоо:


Үйгө тапшырма:







Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

5 479 869 материалов в базе

Скачать материал

Другие материалы

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 08.05.2020 234
    • DOCX 411.5 кбайт
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Суйундукова Мейизгул Иманалиевна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Пожаловаться на материал
  • Автор материала

    • На проекте: 1 год и 9 месяцев
    • Подписчики: 12
    • Всего просмотров: 108075
    • Всего материалов: 145