Добавить материал и получить бесплатное свидетельство о публикации в СМИ
Эл. №ФС77-60625 от 20.01.2015
Свидетельство о публикации

Автоматическая выдача свидетельства о публикации в официальном СМИ сразу после добавления материала на сайт - Бесплатно

Добавить свой материал

За каждый опубликованный материал Вы получите бесплатное свидетельство о публикации от проекта «Инфоурок»

(Свидетельство о регистрации СМИ: Эл №ФС77-60625 от 20.01.2015)

Инфоурок / Другое / Другие методич. материалы / План работы со слабоуспевающими учащихся
ВНИМАНИЮ ВСЕХ УЧИТЕЛЕЙ: согласно Федеральному закону № 313-ФЗ все педагоги должны пройти обучение навыкам оказания первой помощи.

Дистанционный курс "Оказание первой помощи детям и взрослым" от проекта "Инфоурок" даёт Вам возможность привести свои знания в соответствие с требованиями закона и получить удостоверение о повышении квалификации установленного образца (180 часов). Начало обучения новой группы: 28 июня.

Подать заявку на курс
  • Другое

План работы со слабоуспевающими учащихся

библиотека
материалов

Бектемин

87 орто мектебинин директору

________________ Исанова Ж.М

«_____»_____________2015ж


87 орто мектебинин 2015-2016-окуу жылына карата сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөөнүн планы


ОТИ б/ча директордун орун басары

предметтик мугалимдер

4

Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын сабакка, кошумча сабактарга катышуусун көзөмөлдөө

күн сайын

класс жетекчилер

соц педагог

ТИ боюнча дир орун басары

5

Предметтик мугалимдердин сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын диагностикалык картасын көзөмөлдөөсү жана анализдөөсү

чейрек ичинде 1 жолу

ОТИ боюнча директордун орун басары

6

Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар үчүн предметтик мугалимдер тарабынан кошумча сабактарды уюштуруу

жумасына 2 жолу

ОТИ боюнча директордун орун басары

Методист

предметтик мугалимдер

7

Математика, кыргыз тили, орус тили дептерлеринин текшерилиши

Октябрь

ноябрь

март

УБ жетекчилери

8

Сабактарга катышуу;

-окутууда дифференциялык жана жекече мамиле жасоо

-ар түрдүү денгээлдеги тестерди пайдалануу

-окуучулардын билим денгээли боюнча группада иштөө

-жыйынтыктоочу аттестацияга даярдоо

октябрь-май

Администрация

9

Диагностикалык – машыгуу иштерин өткөрүү жана анализдөө (срез знаний)

ай сайын

ОТИ б/чо дир орун басары

предметтик мугалимдер

10

Психолог тарабынан сабакты начар өздөштүргөн окуучуларга психологиялык жардам көрсөтүү


Психолог

11

Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын жашоо шартын аныктоо максатында үйлөрүнө баруу

жылына 1 жолу

Соц педагог

класс жетекчи

12

Окуу тарбия процессине ата энелерди катыштыруу

-диагностикалык –машыгуу иштеринин жыйынтыгын ата энелерге маалымдоо

-жыйынтыктоочу аттестацияга даярдоо боюнча ата энелер чогулушун өткөрүү

- Сабакты начар өздөштүргөн окуучуларды жыйынтыктоочу аттестацияга даярдоодо көзөмөлдү күчөтүүмаксатында ата энелер менен жекече аңгемелешүү

айына 1 жолу

Мектеп администрациясы

класс жетекчилер

13

Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен предметтик мугалимдердин жыл ичиндеги иш алып баруусунун жыйынтык отчету

май


Методист

Предметтик мугалимдер















Педагогикалык коллективдин сабакты начар өздөштүргөн окуучулар жана алардын ата энелери менен иштөө ишмердүүлүгү жөнүндө

Жобосу

  1. Жалпы жобо

Жобо КР Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын, жалпы билим берүүчү мектептин типтүү жобосунун негизинде иштелип чыкты

  1. Максаты;

    1. Билим берүү жөнүндө мыйзамдын аткарылышын камсыздоо

    2. Жалпы мектепте жана айрым окуучуларды окутуунун сапатын, деңгээлин жогорулатуу

  2. Милдеттери;

    1. Окуу процессине болгон окуучулардын жоопкерчиликтүү мамилесин калыптандыруу

    2. Билим берүү жөнүндөгү мыйзамга ылайык ата энелердин балдарды окутуудагы жоопкерчилигин күчөтүү


  1. Ишмердүүлүктүн түрлөрү жана негизги багыттары

  • Окуучулардын билим сапатынын жана жетишүүсүнүн төмөн болушунун себептерин аныктоо

  • Окуучулардын билим сапатынын жана жетишүүсүнүн жогорулатууга багытталган комплекстүү иш чараларды кабыл алуу


  1. Педагогикалык коллективдин сабакты начар өздөштүргөн окуучулар жана алардын ата энелери менен иштөө ишмердүүлүгүнүн программасы


    1. Окуучулардын билим денгээлин аныктоо максатында окуу жылынын башталышында диагностика жүргүзүү

    2. Баалоонун обьективдүү болушу үчүн сабакты суроонун ар түрдүү формаларын (оозэки, жазуу, жекече) колдонуу

    3. Дайыма системалуу түрдө суроо менен бааны өз убагында коюу

    4. Окуучунун баасына комментарий берүү (окуучунун кийинки сабактарда ката кетирбеш үчүн жетишпеген жагын белгилөө)

    5. Окуучулардын жазуу иштеринде кетирген кемчиликтерин жоюу максатында катанын үстүндө иштөө

    6. Предметтик мугалимдер окуучунун теманы өздөштүрүүдө кездешкен кыйынчылыктарын билип убагында консультация берүүсү керек

    7. Предметтик мугалим класс жетекчи жана ата энеге окуучунун сабактардагы жетишпегендиги жөнүндө убагында билдириши керек (эгерде бир сабактан 3 же андан көп «2» болсо)

    8. Мугалим окуучунун сабак учурундагы начар жүрүм-туруму үчүн баасын төмөндөтпөөсү керек, мындай учурда башка чара колдонуусу керек

    9. Предметтик мугалим төмөндөгү документтер менен иш алып барат

  • сабагынан жетише албаган окуучулар менен жекече иштөөнүн графиги

  • сабагынан жетише албаган окуучулардын жеке картасы

  • Билим алууда кемчиликтерди жоюу боюнча кошумча тапшырмалар

  • Кошумча сабактар үчүн окуучулардын дептерлери

  • Төмөнкү формада сабагынан жетише албаган окуучулар менен иштөөнүн отчету

5.10. Жогорудагы 5.1.-5.9. п ишке ашырылгандан кийин окуучунун билим денгээлинде өзгөрүү болбосо предметтик мугалим төмөндөгүдөй формада отчет берет Ата энеге маалымда

ган күнү

Иштин жыйынтыгы









  1. Класс жетекчинин ишмердүүлүгүнүн программасы

    1. Класс жетекчи окуучу менен жекече аңгемелешүү аркылуу сабакка жетишпегендигинин себебин төмөндөгү себептерди эске алуу менен аныктоого милдеттүү(окуучу, ата эне менен жекече сүйлөшүү, анкета алуу)

  • Сабак калтыруу (себептүү же себепсиз)

  • Үйдөн жетишсиз даярдануу

  • Жөндөмдүүлүктүн төмөндүгү

  • Окууну каалабагандык

  • Сабакта жетишсиз иш алып баруу

  • Сабакта баанын обьективдүү эмес коюлушу

  • Үй тапшырманын көлөмүнүн көптүгү

  • Окулуп жаткан материалдын татаалдыгы

  • Башка себептер

    1. Эгерде сабагынан жетишпөөнүн себеби сабак калтыруу болсо, класс жетекчи себептүү же себепсиз экенин аныктоосу керек

Себептүү болуп саналат;

А) оорусу боюнча дарыгердин тастыктаган маалымкаты же ата эненин 3 күндүк мөөнөттөн ашпаган түшүнүк каты

Б) иш чарага катышууга чакыруу, маалымдама, иш чараны өткөрүп жаткан мекеменин буйругу

В) окуучунун абалы начарласа класс жетекчиге, предметтик мугалимге билдирүү менен сабактарынан бошотулганда

Г) Үй бүлөлүк шарына байланыштуу (директордун наамына жазылган ата эненин арызы)

Себепсиз болуп саналат;

Окуучунун сабакка келбеген себебин тастыктоочу документ болбосо. Мындай учурда класс жетекчи 1же 2 жолу келбегенин күндөлүккө жазуу менен ата энеге билдирет, эгерде бир нече жолу калтырса ата эне менен аңгемелешүү менен, системалуу түрдө калтырса кичи педагогикалык кеңешмеде талкуулоо менен чечсе болот

    1. Эгерде сабагынан жетишпөөнүн себеби үйдөн жетишсиз даярдануу, жөндөмдүүлүктүн төмөндүгү, окууну каалабагандык болсо класс жетекчи окуучунун ата энеси менен профилактикалык иш жүргүзөт. Ата энеси өзүнүн милдеттеринен баш тартса мектеп администрациясына кайрылат


    1. Сабакта жетишсиз иш алып баруу, сабакта баанын обьективдүү эмес коюлушу. үй тапшырманын көлөмүнүн көптүгү, окулуп жаткан материалдын татаалдыгы сабактан жетишпөөнүн себеби болуп жатса, класс жетекчи предметтик мугалим менен сүйлөшөт же мектеп администрациясына текшерүү үчүн кайрылат


    1. Предметтик мугалим төмөндөгү документтер менен иш алып барат



Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын үйүнө баргандыгын белгилөөчү журнал





Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен сүйлөшүүнү каттоо журналы





работа с учителями-предметниками по проблемам слабоуспевающих учащихся по форме:







Класс жетекчинин сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөөсү боюнча отчету

( ай сайын мектеп администрациясына тапшырат)

Класстагы жалпы окуучулардын саны

сабакты начар өздөштүргөндөрдүн саны

Үйлөрүнө баруу

алдын алуу үчүн аңгемелешүү

Кошумча сабактарга катышуусун көзөмөлдөө үчүн предметтик мугалимдер менен сүйлөшүү

Начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөөнүн өткөн айдагы жыйынтыгы

Окуучунун аты жөнү

барган күнү

окуучунун аты жөнү

аңгемелешкен күн

предметтик мугалимдин аты жөнү

предмет












7. Окуучунун ишмердүүлүгүнүн програмаасы

7.1. Окуучу жазуу иштерин текшертүү үчүн өз убагында мугалимге көрсөтүүгө, үй тапшырмасын аткарууга милдеттүү.

7.2. Окуучу сабак учурунда берилген тапшырмаларды, көнүгүүлөрдү аткарууга милдеттүү.

7.3 окуучу сабак калтыргандагы окуу материалдарын өз алдынча окуп үйрөнөт, кыйынчылыкка дуушар болсо мугалимге жардам сурап кайрыла алат.

8. Ата эненин ишмердүүлүгүнүн программасы

8.1. Ата эне мугалим же класс жетекчи чакырганда мектепке келүүгө милдеттүү.

8.2. Ата эне окуучунун мектепке келип жатканын, үй тапшырмасын аткарып жатканын көзөлөлдөйт.

8.3. Ата эне окуучунун сабак калтыргандагы окуу программасын өз алдынча окуп үйрөнүүсү үчүн предметтик мугалим менен байланышып окуучуга жардам берүүгө милдеттүү.

8.4. Ата эне окуучу жетише албай жаткан предмет боюнча сабактарга катышууга укуктуу.

8.5. Ата эне класс жетекчиге, мектеп администрациясына жардам сурап кайрылууга укуктуу.

8.6. Ата эне өз милдетинен баш тарткан учурда административдик чара колдонуу максатында жашы жете элек өспүрүмдөрдүн ишин кароо комиссиясына тиешелүү материалдар жөнөтүлөт.



9. Мектеп администрациясынын ишмердүүлүгүнүн программасы

9.1. Окуу процессинин бардык баскычтарында сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөөнүн ишмердүүлүгүн көзөмөлдөйт.

9.2 Мектеп администрациясы төмөндөгү документтер менен иш алып барат:

- Педагогикалык коллективдин сабакты начар өздөштүргөн окуучулар жана алардын ата энелери менен иштөө ишмердүүлүгү жөнүндө жобосу

- Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөөнүн планы

- Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын жалпы тизмеси;

- окуу жылына карата сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен кошумча сабактарды өтүүнүн графиги;

- Сабакты начар өздөштүргөн окуучулардын кошумча сабактарына катышуунун графиги;

- Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөө боюнча маалымдамалар, отчеттор.

9.3. Мектеп администрациясы окуу жылында педагогикалык жамааттын сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен иштегендиги жөнүндө аналитикалык маалымдама жазат.

9.4.Мектеп администрациясы кабыл алынган иш чаралар натыйжасыз болгон учурда окуучунун андан аркы окуусу боюнча кичи пед кенеш өткөрөт жана ага окуучунун ата энеси чакырылат

9.5. Сабакты начар өздөштүргөн окуучуларды кайталап окутуу курсуна калтыруу жөнүндө чечимди педагогикалык кенеш кабыл алат.

10. Учурдагы жобонун аткарылышын көзөмөлдөө жөнүндө

10.1. Күнүмдүк көзөмөлдү класс жетекчи, предметтик мугалим, ата эне ишке ашырат.

10.2. Учурдагы жобонун сакталышын жалпы көзөмөлдөөнү ОТИ боюнча директордун орун басары ишке ашырат

--- буйрук менен ишке кирди.

















Начар өздөштүргөн окуучулар менен сабак учурунда иш алып барууда мугалимдер үчүн эстеткич

  1. Начар өздөштүргөн окуучуларды оозэки суроодо;

  • Суроо берүүдөн мурда жагымдуу атмосфера түзүү

  • Даярданууга көбүрөөк убакыт берүү, жооптун кыскача планын сунуш кылуу

  • Жоопту системалаштырууга жардам берүүчү көрсөтмө куралдарды (плакат, схема ж.б) пайдаланууга уруксат берүү,

  • Фронталдык ангемелешүүдө көбүрөөк суроо берүү

  • Начар өздөштүргөн окуучулардын билим денгээлин аныктоо үчүн алардын жоопторун башка окуучулардын өз алдынча иштери менен салыштыруу

  1. Жаны материалды түшүндүрүүдө;

  • Сабакка көңүл бура турган атайын ыкмаларды колдонуу

  • Сабакта начар өздөштүргөн окуучуларга бат-бат кайрылып туруу

  • Начар өздөштүргөн окуучулардын ар бири өтүлүп жаткан материалды түшүнүшү үчүн сабактын максатын жана милдетин так аныктоо

  • Окуучунун көңүлүн бура турган обьектерди белгилеп, чочун кыжырын келтире турган нерселерди алып салуу

  • Проблемалык ситуация түзүү, окуу ишмердүүлүгүндө ар түрдүү ыкмаларды колдонуу

  • Окуучулардын темага болгон кызыгуусун жогорулатуу

  1. Өз алдынча иштерди уюштурууда

  • Тапшырманы этаптарга бөлүү

  • кыйынчылыкты эмес кубанычты, канааттанууну сезиши үчүн биринчи өз алдынча кадамын мактоо

  • Приборлорду даярдоодо, тажрыйба жасоода ж.б начар өздөштүргөн окуучуларды жардамчы катары тартуу

  • Ар кандай денгээлдеги жазуу иштерин колдонуу

  1. Үй тапшырмасын берүүдө;

  • Окуу китебиндеги белгилүү параграфты табуу

  • Тапшырма менен таанышуу

  • Суроо берүүнү сунуштоо

  • Үй тапшырманын көлөмүн эске алуу

  • Үй тапшырманын татаалдыгын женилдетүүгө багытталган карточкаларды берүү

  1. Сабактын планында начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөөнү чагылдыруу

Сабагынан жетишпеген окуучулар менен иштегендерге эскерткич

  1. Окуучунун аты жөнү

  2. Класс

  3. Кайсы предмет боюнча жетише албай жатат

  4. Окуучунун жүрүм-туруму

  5. Начар өздөштүрүүгө алып келген негизи себептер

  6. Окуучулар менен иш алып барууда кандай каражаттар колдонулат

  7. Окуучунун өздөштүрүүсүндөгү кемчиликтерди жоюуда кимдер иш алып барат

  8. Канча убакыттан бери иш алып барышат

  9. Аткарылган иштин жыйынтыгы, кандай өзгөрүүлөр бар

Сабакты начар өздөштүргөн окуучулар менен иштөөнүн планына

Түшүндүрмө кат

Мектептеги эң актуалдуу проблемалардын бири- окуу тарбия процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана сабактардан артта калууну жоюу болуп саналат. Аны чечүүдө окуучулардын билимин калыптандырууда жаны натыйжалуу жолдорду издөөгө, анын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эске алууга жана окутууну уюштуруу формаларын жана методдорун өркүндөтүүгө таянат.

Максаты; предметтер боюнча системалуу иш жүргүзүү менен окуучулардын жалпы жана өзгөчөлөнгөн билим берүү иш аракеттеринин негизинде кабыл алуусун калыптандыруу

Милдети; Окуучуларга кошумча билим берүү үчүн, сабактан тышкаркы иштин системасын түзүү. Жаны маалымат менен камсыз кылуу. Сабакка болгон кызыгуусун тереңдетүү. Окуучулардын кругозорун жана билгичтиктеринандан ары кеңейтүү, начар өздөштүргөн окуучуларды активдештирүү

Программанын пландаштырылган жыйынтыгы;

  • Сабакты начар өздөштүргөн жана жетишпеген окуучулардын жеке өсүшү, интелектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарт түзүү

  • Начар өздөштүргөн окуучулар окуу программасын өздөштүрүү үчүн жаңы билим берүү технологияларын киргизүү

  • Начар өздөнтүргөн окуучулар үчүн чыгармачыл конкурстарга, көргөзмөлөргө жана башка иш чараларга катышууга мүмкүнчүлүк түзүү


Сабактан артта калуунун белгилери

  1. Окуучу тапшырманын кыйынчылыгы эмнеде экенин айта албайт, аны чечүүнүн планын белгилей албайт, өз алдынча тапшырма аткара албайт, текст боюнча суроолорго жооп бере албайт жана жаңы сабактан эмне билгендигин айта албайт. Бул белгилер маселени чыгаруудан, текст окуудан же мугалимдин түшүндүрмөсүн угуудан кийин билинет.

  2. Окуучу өтүлгөн тема боюнча суроо бербейт. Окуп жаткан китебине кошумча материалдарды издебейт жана издөөгө аракет да кылбайт. Маселе чыгарганда, тексти кабыл алууда аракет кылбаганы көрүнүп турат.

  3. Сабак учурунда изденүүдө, ойлонууда жана кыйынчылыктан чыгууда окуучу аракеттенбейт жана ал башка нерсе менен алектенет

  4. Окуучу өзүнүн жетишкендигин жана жетишпегендигин жан дүйнөсү менен кабыл албайт. Өзүнүн ишине баа бербей, өзүн өзү көзөмөлдөбөйт.

  5. Окуучу аткарып жаткан көнүгүүсүнүн максатын айта албайт,кайсы эреже боюнча берилгенин, эреженин көрсөтүлгөндөй аткара албайт жана келип чыккан жыйынтыкты текшере албайт.

  6. Окуучу эрежелерди, формулаларды өз сөзү менен айта албайт, даяр текстен алыстай албайт, тексти түшүнбөйт. Бул белгилер тиешелүү суроо берилгенде жооп бере албагандыгынан көрүнүп турат.

Окуучулардын сабактан артта калуусун аныктоонун негизги ыкмалары

  • Окуучулардын сабак учурундагы жетишкен ийгилиги жана ийгиликсиз иштери үчүн реакциясын байкоо

  • Кандайдыр бир жобонун негизинде мугалимдин суроо жана талаптарын топтоштуруу

  • Класста өз алдынча иштерди өткөрүү. Өз алдынча иш алууда анын жыйынтыгын баалоо катары колдонуу. Мугалим окуучунун ишине байкоо жүргүзөт, аны угат, суроолоруна жооп берет жана кээде жардам берет.

Окуучунун сабакты өздөштүрө албагандыгынын негизги белгилери


  1. Окуучунун билим алууда жана берилген атайын предмет боюнча билим билгичтери жетишсиз болгондон улам окутуудагы түшүнүктөрдү, мыйзамдарды, теориялардын маанилүү элементтерин мүнөздөй албайт жана керектүү практикалык иш аракеттерди аткара албайт

  2. Билим алуу ишмердүүлүгүндө, окуучу атайын берилген убакытта керектүү билимдердин билим билгичтиктердин жана көндүмдөрдүн көлөмүн өздөштүрө албагандан улам окуучунун иштөө темпи төмөндөйт

  3. Инсандык сапаттарга тарбиялоо жетишсиз денгээлде болгондуктан окуучунун өз алдынча болуусуна дилгир, уюштуруучулук жана башка ийгиликтүү билим алууга керектүү сапаттарга ээ болуусуна тоскоолдук түзөт


Жетише албаган окуучуларга жардам берүүдөгү оптималдуу иш чаралар

  1. Окуу ишмердүүлүгүн пландаштырууда жардам көрсөтүү (көнүгүүлөрдүн көлөмүн эске алуу, катанын үстүндө иштөө)

  2. Окуу ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө кошумча түшүнүк берүү

  3. Окуу ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу (баалоо же сыйлоо, ийгиликтүү жагдай түзүү, активдүү эмгекке чакыруу ж.б)

  4. Окуу ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу (окуучуну көбүрөөк суроо, үй тапшырмаларды текшерүү, өзүн өзү көзөмөлдөөнү активдештирүү)

  5. Өз ара жардам көрсөтүүнүн ар түрдүү формалары

  6. Окуучу менен кошумча сабактарды алып баруу

Окуучунун жетишпегендигин алдын алууда көрүлүүчү чаралар

  1. Ар бир сабактын натыйжалуулугун ар тараптан жогорулатуу

  2. Окутууда билим алууга болгон кызыкчылыкты калыптандыруу

  3. Окуучуга жекече мамиле жасоо

  4. Үй тапшырмалардын атайын системасын түзүү

  5. Ата энелер менен иш алып баруунун күчөтүү

  6. Окуучунун билим алууда жоопкерчилигин жогорулатууга чакыруу






Подайте заявку сейчас на любой интересующий Вас курс переподготовки, чтобы получить диплом со скидкой 50% уже осенью 2017 года.


Выберите специальность, которую Вы хотите получить:

Обучение проходит дистанционно на сайте проекта "Инфоурок".
По итогам обучения слушателям выдаются печатные дипломы установленного образца.

ПЕРЕЙТИ В КАТАЛОГ КУРСОВ

Автор
Дата добавления 09.11.2016
Раздел Другое
Подраздел Другие методич. материалы
Просмотров196
Номер материала ДБ-335278
Получить свидетельство о публикации
Похожие материалы

Включите уведомления прямо сейчас и мы сразу сообщим Вам о важных новостях. Не волнуйтесь, мы будем отправлять только самое главное.
Специальное предложение
Вверх