Инфоурок Естествознание КонспектыПлан урока по естествознанию на тему "Абанын кыймылы"

План урока по естествознанию на тему "Абанын кыймылы"

Скачать материал

                 Сабактын темасы: Абанын кыймылы.

 

Жылуу бөлмөнүн каалгасын ачып, күйүп турган шамды босогого жакындатабыз (70-сүрөт). Бул учурда биз жалындын жылуу бөлмөнү көздөй кыйшайгандыгын байкайбыз. Демек, оор муздак аба, бөлмөнүн ичине эшиктин төмөн жагы (асты жагы) менен кирет. Эгерде биз шамды өйдө көтөрсөк, анда эшиктин жогору жагында жалындын муздак коридорду көздөй кыйшайгандыгын көрүүгө болот. Демек, эшиктин жогору жагында муздак аба менен сүрүлүп чыгарылып жаткан кыйла жеңил жылуу аба кыймылда экен.

 

 

 

 

Бөлмөдө абанын бөлүкчөлөрү узгүлтүксүз которулуп турат. Бул кубулуш конвекция деп аталат.

Жылытуучу куралдардын (батарея, меш...) жанына жакын жайгашкан аба жылый баштайт. Ал кеңейип, жеңил болуп калат да, өйдө көтөрүлөт, ал эми муздаган аба акырындык менен төмөн түшө баштайт.

Жердин атмосферасында дайыма ушундай процесстер болуп турат. Күндүн нуру жакшы тийген жердин же суунун бети көбүрөөк жылый баштайт да, ал жердеги жылуу абанын агымы өйдө көтөрүлөт. Анын ордуна кыйла муздак аба келет. Жылуу аба канчалык тез көтөрүлсө, Жер бетинде муздак аба ошончолук тез жылат. Абанын Жер бетин бойлой которулушу шамал деп аталат.

Ким шамалды көргөн? Албетте, эч ким! Ал көзгө көрүнбөйт жана тунук, бирок биз шамалдын согуп турганын денебиз менен сезебиз, жалбырактардын шуудурашынан, бак-дарак-тардын акырындык менен жай термелишинен байкайбыз.

Ал эми шамалдын багытын флюгер аркылуу аныктаса болот. Силер биз айткандай кылып шамалдын багытын аныктап жана байкоо жүргүзүү күндөлүгүңөргө жазгансыңар. Байкоо жүргүзүү күндөлүгүн пайдаланып төмөнкүлөрдү аныктагыла:

—      Сен жашаган жерде шамал бат-бат болуп турабы?

—      Шамалдын багыты кандай?

 

—      Шамалдын болушу аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуубу?

—      Аба-ырайынын өзгөрүшү атмосфералык басымга таасир

этеби?

Шамалдын күчү ар кандай болот. Шамалдын күчү адатта, балл менен туюнтулат.

0 балл — шамал жок, айлана мемиреп тынч.

1—2 балл — мордон чыккан түтүн бир жакты көздөй кыйшаят, бак-дарактардын жалбырактары шуудурайт.

3—4 балл — бактардын майда бутактары ыргалып, чаң көтөрүлөт.

5—6 балл — бактардын жоон бутактары жана учтары термелет, суунун бетинде толкун пайда болот.

7—8 балл — электр зымдары күүлдөйт, бактардын кургак бутактары сынат.

9—10 балл — шамал үйлөрдүн шиферлерин жана морлордун кирпичтерин учуруп, дарактарды дүмүрү менен жулат. Мындай шамал катуу толкундуу шамал деп аталат. Ал деңизде толкундарды бийикке көтөрүп, кемелерди чайпалтат.

12 баллдан жогору — бороон-шамал. Үйлөрдүн чатырын жулул, тактайларын абага сапырат, көпүрөлөрдү бузуп, дамбаларды талкалайт. Кыргызстандагы шамалдар Кыргызстандагы климаттын калыптанышына океандан алыс тургандыгы, Евразиянын түпкүрүндө кеңири чөлдөр менен курчалышы жана тоо рельефи чоң таасирин тийгизет. Эң негизгиси болуп, тоо рельефинин таасиринде пайда болгон аба агымы эсептелет. Кээде  бул  жакка батыштан айрыкча жылуу жана нымдуу аба агымдары келет. Алардын  бул  аймакка таркалышы менен жазгысын күндүн бүркөктүгү, жаан-чачындуулугу, кышкысын кардын калың жаашы жана күндүн жылыганы байланыштуу. Абанын нымдуу агымдары өзүнүн жолунда тоолорго учурап алардын эңкейиштери аркылуу өйдө көтөрүлүп, муздап өзүнүн нымдуулугунун көп бөлүгун ал жерде калтырат.

Кыш мезгилинде республикабыздын аба ырайына  Түндүк Муз океандан жана Сибирден айдалып келген муздак аба агымы чоң таасирин тийгизет. Арктика жактан келе жаткан абанын муздак агымдары жана Сибирдин антициклону Кыргызстандын   Түндүк райондорун каптайт, кокту-колоттор, капчыгайлар аркылуу тоо аралык ойдуңдарга өтөт.

Антициклон мезгилинде суук болуп турат. Муздак абанын агымы ойдундарга камалып, тоого жакын токтогон жерлерде, тоолуу райондордо туман пайда болот жана муздак жаан себелей баштайт. Кээде арктикалык суук аба агымы Кыргызстандын аймагына кеч жазда же эрте күздө кирип келет. Ошондо үшүк жүрүп дыйканчылыкка жана багбанчылыкка чоң зыян келтирет.

Кыргызстандын Фергана өрөөнүндөгү райондоруна Түндүктөн келген суук аба агымы өз таасирин тийгизе албайт. Себеби ал райондор түндүк жагынан бийик тоо кыркалары менен тосулуп турат. Кышкысын бул жакка кээде Жер ортолук денизи жана Иран республикасынын райондорунан түштүк батыш циклондору өз таасирин тийгизет. Алар Фергана өрөөнүнө тропикалык салкын абаны, жаан-чачынды, айрыкча тоо боорлорунда катуу жамгырды алып келет. Бул түштүк батыш циклону Теңир Тоонун башка райондоруна тарап, бир топ жылуулукту пайда кылат.

Ысык-Көл өрөөнүнүн аба ырайына Ысык-Көлдүн өзү чоң таасирин тийгизет. Жыл бою ачык турган ири көлмөнүн бети өзүнүн айланасындагы аба ырайын бир топ жумшак жана жылуу кылат. Жаан-чачындын бөлүштүрүлүшүнө шамал чечкиндүү таасир этет. Бул жерде эки аба агымы белгилүү: батыш шамалы — «улан» жана чыгыш шамалы — «санташ». Булардын күчтүүрөөгү — улан, анын ылдамдыгы адатта 20 м/с га, кээде 40 м/с  га жетет. Ал өрөөнгө өтүп жерден кумду жана майда шагылды учурат. Кээде улан жана санташ шамалдары көл үстүндө бир мезгилде болуп куюнду пайда кылышат. Мындан сырткары, көл жээгинде жергиликтүү шамал — бриз да пайда болот. Күндүзгү бриз жылуу болуп көл жактан тоону көздөй согот, түнкү бриз тоодон көл жээгйне салкын абаны алып келет. Ошондои болсо да батыштан келген абанын агымдары көл бетинде үстөмдүк кылат. Алар өрөөндүн чыгыш бөлүгүнө жаан-чачындын көпчүлүк бөлүгүн алып келет. Ошондуктан өрөөндүн чыгышы менен батышындагы жаан-чачындын түшүшүндө айырмачылык өтө чоң. Батыш бөлүгү кургак келип жаан кээде гана жаайт, же жаабайт деле. Балыкчыда жаан-чачын жылына 115 мм гана жаайт, ал эми көлдүн чыгыш жээгинде 600 мм ге жакын.

                            

                       Бышыктоо үчүн суроолор?

 

1.       Шамал деген эмне? Ал кантип пайда болот?

2.       Конвекция деген эмне?

3.       Шамалдын күчун кандай бирдиктер менен өлчөйбуз?

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

  

 

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "План урока по естествознанию на тему "Абанын кыймылы""

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 6 месяцев

Менеджер по управлению сервисами ИТ

Получите профессию

Интернет-маркетолог

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Краткое описание документа:

Сабактын темасы: Абанын кыймылы.

Жылуу бөлмөнүн каалгасын ачып, күйүп турган шамды босогого жакындатабыз (70-сүрөт). Бул учурда биз жалындын жылуу бөлмөнү көздөй кыйшайгандыгын байкайбыз. Демек, оор муздак аба, бөлмөнүн ичине эшиктин төмөн жагы (асты жагы) менен кирет. Эгерде биз шамды өйдө көтөрсөк, анда эшиктин жогору жагында жалындын муздак коридорду көздөй кыйшайгандыгын көрүүгө болот. Демек, эшиктин жогору жагында муздак аба менен сүрүлүп чыгарылып жаткан кыйла жеңил жылуу аба кыймылда экен.

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 661 912 материалов в базе

Скачать материал

Другие материалы

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 08.05.2020 595
    • DOCX 193.5 кбайт
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Суйундукова Мейизгул Иманалиевна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    • На сайте: 4 года
    • Подписчики: 12
    • Всего просмотров: 336630
    • Всего материалов: 146

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

Технолог-калькулятор общественного питания

Технолог-калькулятор общественного питания

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе

Курс повышения квалификации

Microsoft Word: основы работы в текстовом редакторе

108 ч.

2070 руб. 1240 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 26 человек из 18 регионов
  • Этот курс уже прошли 15 человек

Курс повышения квалификации

Производство металлических деталей: обработка резанием на зубообрабатывающих станках

144 ч.

2160 руб. 1290 руб.
Подать заявку О курсе

Курс повышения квалификации

Влияние цифровых технологий на психическое развитие ребенка дошкольного возраста

36 ч. — 180 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Проектный подход к рекламе: эффективные стратегии и инструменты

8 ч.

1180 руб. 590 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Основы работы в After Effects

3 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Расстройства пищевого поведения: обзор и основы психологической работы

3 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 37 человек из 21 региона
  • Этот курс уже прошли 21 человек