Инфоурок География КонспектыПо урочные планы на тему "Атмосфера и экологические проблемы"

По урочные планы на тему "Атмосфера и экологические проблемы"

Скачать материал

Предметтин аты: география

Классы: 11-класс

Мөөнөтү:

Сабактын темасы:                 Атмосфераны коргоо.

Сабактын максаттары:

а) Билим берүүчүлүк максаты

б)Өнүктүрүүчү максат

в)Тарбия берүүчү максат

Атмосферанын    булганышы жана булгануу булактары, адамдардын чарбачылык иш аракетинин түздөн түз тийгизген таасири   жөнүндө илимий  негизде  түшүнүк алышат,  түшүнгөндөрүн айтып бере алышат

 

Атмосфера жана анын экологиялык проблемалары   жөнүндө окуучулардын ой жүгүртүүсү,  эске тутуусу,  логикасы  өнүгөт,  алган билимдерин турмушта колдоно алышат

 

Окуучулар алтын эрежени сакташат

 

 

Көрсөткүчтөр:

Жогорудагы максаттарга жеттик дейбиз, эгерде окуучу:

 Атмосферанын   булганышы жана булгануу булактары, адамдардын чарбачылык иш аракетинин түздөн түз тийгизген таасири   жөнүндө илимий  негизде  түшүнгөндөрүн айтып бере алышса

 логикалык ой жүгүртө алышса,  алган билимдерин турмушта колдоно алышса

 

 

 

 

Окуучулар алтын эрежени сактай алышса

 

Сабактын жабдылышы: Суроттор,лозунг

Сабактын тиби: Жалпылоочу системалаштыруучу сабак

Сабактын формасы:          Пресс-конферениия.

Сабакта Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри, саламаттыкты сактоо министри, Айыл жана суу чарба министри, Финансы министри, Транспорт министри,  билим беруу жана илим министри жана журналист,коресспонденттер  катышып жатышат.

1-кабарчы: Мен суроомду экология жана өзгөчө кырдаалдар министрине бергим келип жатат.Айтынызчы экологиялык проблемалардын пайда болушу жана өзгөчө коркунуч туудурганы кайсылар?

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри: Экологиялык проблемалар негизинен адамдардын чарбачылык иштеринен улам келип чыгып жатат.Мурда илим менен техника өнүккөнгө чейин коом менен жаратылыш тең салмакта болуп келген.Азыркы кезде кубаттуу техниканын жардамы менен рельефти өзгөртүп  түз жерден тоону пайда кылып,тоолорду түздөп, дарыялардын агымын башка тараптарга буруп б.а. глобалдык масштабтагы өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз.Мына ушундай күнүмдүк экономикалык саясаттын натыйжасы Арал денизинин проблемасын жаратты. Бул кырсыктын келип чыгышын талдап көрсөк-СССРдин экономикасын көтөрүү аракетинде сугат жерлердин аянтын көбөйтүп түшүмдү арттыруу учун сууну өз нугунан чыгарышкан. Натыйжада Арал эки эсе соолуду. Дениз түбү ачылып, калын катмар туз баскан түздүк пайда болду. Бир жылдын ичинде 75млн.тонна туз чаны абага которулуп мөнгүлөрдүн эрүүсүн тездетип жатат. Арал проблемасын чечүү азыркы шартта балким мүмкүн эместир, мындан ары кандай натыйжалар чыгаарын алдын ала айтуу кыйын. Бирок адам баласы жаратылышка зыян келет деп чарбачылыгын токтотуп кое албайт.Аны сарамжалдуу пайдалануу керек.

2-кабарчы:   Саламаттык сактоо министрине. Атмосферада булганыч заттарга байланыштуу көптөгөн оорулар келип чыгууда.Ошол туурасында айтып берсениз.

Саламаттык сактоо министри: Озон катмары жер бетиндеги тиричиликти сактап турган калкан. Эгер озон катмары жукарып калса же такыр жоголуп кетсе жер бетиндеги организмдердин жашоосу токтойт.Азыркы учурда озон катмарынын бир аз эле жукарышы, адамдардын терисинде рак оорусунун пайда болушуна алып келгени далилденди. Ошондой эле көмүртектин оксиди адамдын организмине кирсе гемоглабинден кычкылтекти сүрүп чыгарат.Мында аз кандуулук пайда болот. Күкүрттүн диоксиди көздүн, мурундун ичин, дем алуу органдарын кычыштырып бир топтон кийин айыкпаган бронхит, өпкө ооруларына дуушар кылат.Фотосхимиялык смог пайда болгондо да адамдардын көрүү мүмкүнчүлүгү азаят. Абада жагымсыз жыт пайда болот. Майда үй жандыктары чыдабай өлө башташат. Адамдардын өпкө оорулары козголот.

1-кабарчы:  Айыл жана суу чарба министрине:

Айыл чарбада азот жер семирткичин чачып түшүмдүүлүктү жогорулатып жатабыз. Бирок атмосферада азот закисин пайда кылат жана озон катмары учун коркунучтуу. Башка да жлодору барбы?

Айыл жана суу чарба министри: Азот семирткичин чачып тушумдуулукту көбөйтүп жатабыз.  Бул көнүмүш иш болуп калды. Нитраттык азоттун микробиологиялык  калыбына келуусу азот закисин пайда кылып ал фреондордун жолун кайталап стратосферага чыгып                                              озон катмарынын молекулаларын

ажыратып, жукартат. Айыл чарбасынын интенсивдештирүүнүн башка деле жолу бар. Бирок ал кымбат тургандыктан азыраак пайдаланып жатат.

2-суроо: Айыл чарбага кислаталуу жамгырлар кандай зыяндарды алып келип жатат?

Мындан 20-25 жыл мурда Скандинавия өлкөлөрүнүн тургундары дарыя, көлдөрдө балыктар жок боло баштаганын, дарактардын жалбырактары эрте түшкөндүгүн байкашкан. Кийин Канада, АКШ, Батыш Европада токойлор куурай баштаган. Окумуштуулардын изилдөөлөрүнөн кийин кислаталуу жамгыр экенин билишкен. Батыш Европада кислоталуулук эн жогорку чекке жетип тамак ашка пайдалануучу уксустун денгээлине барабар болгон. Кислота жамгырынан өсүмдүктөр жана топурак жапа чегет.

2-кабарчы:       Транспорт министрине

Автотранспорттук трубалардан чыккан булганыч заттар фотохимиялык смогду пайда кылып жатат.Кошумча каражат пайдаланып жөнгө салууга болобу?

Транспорт министри Атмосфераны булгоочу антропогендик булактардын бири транспорт болуп саналат. Атмосферага чыгарылган зыяндуу заттардын көлөмүнүн теңинен көбү автотранспортка  туура келет, өзгөчө шаарларда транспорт көп болгондуктан шаарларда булгануу жогору чекке жеткен. Орто эсеп менен ар бир автомобиль жылына  15миң км жол жүрсө ал 2т бензин, 26-30т аба массасын. Анын ичинде 4,5т кычкылтекти күйгүзөт. Ошол \ле мүнөттө иштетилген газ түтүгүнөн атмосферага 700кг истүү газ, 40кг азоттун диоксиди, 230кг күйбөй калган көмүртектүү суутек, 2-5кг катуу бөлукчөлөр чыгат. Андан тышкары да канцерогендүү бензапирен, альдегиддер, күкүрттүн диоксиди, коргошун хлор,  көө жана ыш чыгат. Айлана чөйрөдөгү тирүү организмдер үчүн өзгөчө коргошун зыяндуу. Бир самолет 1000км аралыкка учуп конгондо бир кишиге бир жылга жете турган кычкылтекти күйгүзөт. Лос-Анджелес шаарында 4-5млн автомобиль бар. Алар иштегенде суткасына миң тоннадан ашык азоттун диоксиди абага чыгат. Ал эми Лос-Анджелестин жергиликтүү климатына температуралык инверсия мүнөздүү. Температуралык инверсия шаардын аба массасынын эч жакка айдалбай токтоп калышына шарт түзөт. Булганган аба массасында азоттун диоксиди күн нурунун кыска толкундуу ультрафиолетовый нурларынын таасири астында химиялык реакцияга кирип жаңы уулуу заттарды б.а фотохимиялык смогду пайда кылат. Фотохимиялык смог байкаган учурда аба саргыч жашыл тартып кургак боз түшөт. Күн көрүнүп турса да асман жука булут каптагандай корунот. Фотосхимиялык смог пайда болгондо да адамдардын көрүү мүмкүнчүлүгү азаят. Абада жагымсыз жыт пайда болот. Майда үй жандыктары чыдабай өлө башташат. Адамдардын өпкө оорулары козголот. Мындай фотохимиялык тумандар 1970-жылдары Лос-Анджелесте бир жылда 60жолу кайталанчу. Мындай процесс ар бир эле чоң шаарларда байкалат.

1-кабарчы:   Финансы Министрине:

Экологиялык проблемалар олконун . экономикасына кандай таасир беруудо. Келтирилген зыяндарды калыбына келтирууго канча каражат талап кылынат?

Финансы Министри  Экологиялык праблемалар өлкөнүн экономикасына олуттуу таасирин тийгизип жатат.М: Кислоталуу жаан чачынды азайтуунун технологиялык мумкунчулугу бар.Энергияны канчалык экономдосок ошончолук куйуучу чийки заттар экономдолот кукурттуу,азоттуу бирикмелер абага азыраак каптайт.Экинчи жолу көмурдүү нефтини күкүрттүү бирикмелерден тазалоо.Бул кошумча каражатты талап кылат. Узак убакытка чейин атмосферанын булгануусун тазалоо проблемасы анын өзүнчө тазалануу касиеттери менен чечилип келген б.а аба агымдар менен башка жакка тарап акырындап жерге түшүп же жаан чачын менен жуулуп кеткен. Кээ бир заттар башка бирикмелер менен реакцияга кирип нейтралдашкан. Атмосфераны тазалоодо өзгөчө дарактардын мааниси чоң. Магистралдык жолдун жээгине тигилген дарактаркөмүртектин оксиди менен күкүрттүн диоксидин 65% чейин сиңирип алат. 1м2 аянттагы бак дарактардын жалбырактары жылына 2т газ түрүндөгү амиакты сиңирип жоготот Бир суткада 224кг күкүрттүн диоксидин нейтралдаштырат. Ошондой эле атмосфераны тазалоодо топурактын составындагы микрофлоралар жана бактериялардын мааниси да чоң. Атмосферанын булгануусун азайтуу үчүн завод-фабрикалардын трубаларын бийиктетиш керек.

2-кабарчы:Озон      катмары учун ото коркунучтуу болгон эркин хлордун атмосферага келиши жонундо айта кетсениздер.

Экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Озондун молекулаларын ажыратып жиберип, озон катмарын буза турган бир гана эркин хлор (CI) Эркин хлор атмосферага дениз сууларынын тамчылары кургаганда вулкан атылганда бөлүнүп чыгат. Бирок бул табийгый нормадан ашпайт. Адам  баласынын аракети менен атмосферага метилхлорид,торт хлордуу комуртек фреандор ж.б болунуп чыгат. Бул заттар тропосферада инерттүү жана туруктуу, күн нурунун таасири менен бузулбайт, кычкылданбайт жана жаан чачын менен жуулуп кетпейт. Атмосферада жүрө берип кийин акырындык менен стратосферага чыгып, кыска толкундуу ультрафиолет нурларынын таасири менен молекулалары ажырап хлордун жана башка галогендердин атомдору бөлүнүп чыгат. Алар озон менен реакцияга кирип аны жукартат. Озон катмарын сактоо боюнча эл аралык конвенция  1985-жылы март айында Австриянын борбору Венада кабыл алынган.

1-кабарчы: Билим берүү жана илим министрине -Мектептерде окуучуларды экологиялык сабаттуулукка тарбиялоодо кандай иштерди жургузуп жатасыздар?

 

Билим берүү жана илим министри  Бүгүнкү күндө бардык мектептерде география, биология, химия жана физика сабактарынан экология жана аны коргоо боюнча сабактар өтүлөт. Жүргүзүлүп жаткан чарбачылык иштердин келээрки натыйжаларын туура баалап, жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу,экологиялык жактан сабаттуу гана адамдын колунан келет жана ал денгээлге бардык адамдар умтулуу керек.

 

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "По урочные планы на тему "Атмосфера и экологические проблемы""

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 3 месяца

Старший рекрутер

Получите профессию

Интернет-маркетолог

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 656 297 материалов в базе

Скачать материал

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 12.11.2016 1393
    • DOCX 28.7 кбайт
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Акимбаева Нурия Акимбаевна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    Акимбаева Нурия Акимбаевна
    Акимбаева Нурия Акимбаевна
    • На сайте: 7 лет и 5 месяцев
    • Подписчики: 0
    • Всего просмотров: 14781
    • Всего материалов: 6

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

Няня

Няня

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе

Курс повышения квалификации

Организация проектно-исследовательской деятельности в ходе изучения географии в условиях реализации ФГОС

72 ч. — 180 ч.

от 2200 руб. от 1100 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 38 человек из 25 регионов
  • Этот курс уже прошли 430 человек

Курс повышения квалификации

Методика обучения географии для детей с ОВЗ с использованием туристических приемов

36 ч. — 144 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Этот курс уже прошли 63 человека

Курс повышения квалификации

Особенности подготовки к проведению ВПР в рамках мониторинга качества образования обучающихся по учебному предмету «География» в условиях реализации ФГОС ООО

72 ч. — 180 ч.

от 2200 руб. от 1100 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 69 человек из 33 регионов
  • Этот курс уже прошли 760 человек

Мини-курс

Современные подходы к преподаванию географии: методика, технологии и практика

8 ч.

1180 руб. 590 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Современное инвестирование: углубленное изучение инвестиций и финансовых рынков

8 ч.

1180 руб. 590 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 25 человек из 13 регионов

Мини-курс

Творческие возможности в мире фотографии и медиа

6 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 414 человек из 71 региона
  • Этот курс уже прошли 45 человек