Рабочие листы
к вашим урокам
Скачать
1 слайд
Бишкек шаарынын
экологиялык абалы
(катуу таштандылар)
2 слайд
Бишкек шаарынын азыркы абалы
СССРдин убагында Бишкек 15 союздук республикалардын ичинен жашылдыгы боюнча Украинанын борбору Киев шаарынан кийинки экинчи орунда турчу.Ошол убакта жашылдыгы боюнча 80-90% болсо, бүгүнкү күндө 28%ти гана түзөт, бул көрсөткүч керектүү нормадан эки эсе аз дегенди түшүндүрөт. Ошондой эле шаарыбыздын калкынын кайдыгерлик мамилеси шаардын экологиялык абалынын начарлантууда.
3 слайд
Жыл сайын шаардын экологиялык абалы курчуп баратат. Кайда баспа таштандыга
чалына турган мезгил. Өзгөчө көчөлөрдөгү таштандыны чакаларына салбастан анын
айлана-тегерегиндеги таштандынын жатышы шаар тугундары үчүн көнүмүш адаттка
айланууда. Таштанды жаткан аянтчадан жагымсыз жыттар жана эпидемиялык
оорууларды алып жүрүүчү келемиштер пайда болот. Балким калктын санын өсүшү
да таштандынын көбөйүшүнө алып келип жаткандыр.
4 слайд
Серепчилердин айтымында 1 млн. калкы бар шаар жыл сайын 400 миң тонна калдык чыгарат. 2009-жылдын 3-декабрында таштандыларды керекке жаратууга арналган тегерек столдо ПРООНдун берген маалыматына таянсак Бишкектен жыл сайын 1,4 млн. метр куб таштанды чыгат. Анын жарымынан көбү катуу таштандыларга кирет. Орто эсеп менен алганда бир шаар тургуну бир күндө 1 кг. таштанды, ал эми бир жылда 150-600 кг. таштанды чыгарат. Бул таштандылардын көбү кагаз, картон, айнек полиэтилен, пластикалык бөтөлкөлөр, тамак-аш калдыктары ж.б. Бул таштандылардын 60-70% кайрадан иштетилүүгө жарайт.
5 слайд
Агрегаттык абалы боюнча таштандылар үчкө бөлүнөт:
Катуу
Суюк
Газ түрүндө
6 слайд
Жаратылышка жана адамдын жашоосуна таасирин тийгизген таштандылар
Күйүүчү таштандылар
Өзү күйгөн таштандылар
Жарылуучу таштандылар
Реактивдүү таштандылар
Коррозиондук таштандылар
Коркунуч туудурган таштандылар
Ооруну чалдыктыруучу таштандылар
7 слайд
Кыргызстанда таштанды төгүлүүчү полигон Бишкек шаарынын түндүк бөлүгүндө Ала-Арча дарыясынан 200 м, суу сактагычтан 800 м алыстыкта жайгашкан. Жалпы аянты 24 га түзөт. Полигонго күн сайын 1 миң тоннага чейинки калдыктарды 200дөй таштанды ташуучу машина алып келет.
8 слайд
Бишкек шаарынын экологиялык абалын оңдоо максатында Бишкекте “Тазалык” муни-ципиалдык кызматы ишке киришкен.
Ал 2008-жылдын 1-августунда уюшулган. 2008-жылдын 1-ноябрынан тартып “Мээнет-Сервис” коммуналдык ишканасы менен бирдикте шаардын тазалыгын камсыздоо боюнча иш алып барышат. Жалпы ишканада 1070 адам эмгектенет.
9 слайд
“Тазалык” муниципалдык ишкананын башчысы Надырбек Бекжановдун айтымында, “Шаардагы калктын санынын өсүшү таштандынын да көбөйүүсүнө алып келүүдө. Полигондун аянты таштандыга жыш толгон.
10 слайд
Анын үстүнө таштандылар сорттолбой алынып келип жатат. Бүгункү күндө 2 гана бульдозер менен 4 трактор иштейт. Полигон башында 15 жылга гана таштанды кабыл алат деп чечилсе, азыркы тапта полигонго 30 жыл болду” дейт башчы.
11 слайд
Таштанды төгүлүүчү жайдын эле жанында катар үйлөр салынган. Таштандылар жер кыртышынын үстүнкү катмарын булгабастан, төгүлгөн аянтча-нын айлана-тегерегин жана абасын булгайт. Таштанды аянты жүздөгөн куштардын, кемирүүчү жандыктардын жана чымын-чиркейлердин уюгу. Бул жандыктар жугуштуу илдетти жайылтуучулар.
12 слайд
Эксперттердин айтымында, полигондогу таштандыда метандын көбөйүүсү байка-лып, андан улам таштандылар өрттөнүүдө. Таштандылар өрттөнгөндө абага зыяндуу диоксин деген химиялык бирикме пайда болот. Окмуштуулардын айтымында, доиксин клеткалардын мутацияланышына жана рак ооруларына алып келери аныкталган. Ал эми пластмасса буюмдар өрттөл-гөндө абага адамдын ден соолугуна коркунучтуу кадмий металы таралат.
13 слайд
Таштандылардын жаратылышта сакталуу убактысы
1. Бир жылда бир жашоочу 150 дөн 600кг
таштанды таштайт.
2. Таштандылардын сакталуусу:
1. Кагаз 2 ден 10 жыл;
2. Консер.банкасы 90 жыл;
3. Сигареттин фильтри
100 жылга чейин;
4. Полиэтилен пакетине 200 жыл;
5. Пластмассага 500 жыл;
6. Айнекке 1000 жыл.
14 слайд
Ыргытуунун ордуна иштетсе болот
15 слайд
Шаарыбыздын тазалыгы биздин колубузда
16 слайд
Ойлон! Токтот!
17 слайд
Менин шаарым-менин жашоом!
Рабочие листы
к вашим урокам
Скачать
6 662 874 материала в базе
Настоящий материал опубликован пользователем Акимбаева Нурия Акимбаевна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт
Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.
Удалить материалВаша скидка на курсы
40%Курс профессиональной переподготовки
500/1000 ч.
Курс повышения квалификации
36/72 ч.
Курс профессиональной переподготовки
300 ч. — 1200 ч.
Курс повышения квалификации
36 ч. — 180 ч.
Мини-курс
10 ч.
Мини-курс
3 ч.
Мини-курс
6 ч.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.