Инфоурок География Другие методич. материалыРеферат по географии на тему " география сабагында экологиялык били тарбия беруу"

Реферат по географии на тему " география сабагында экологиялык били тарбия беруу"

Скачать материал

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

 

 

 

 

 

 

Р Е Ф Е Р А Т

Тема: География сабагында экологиялык билим, тарбия берүү

 

 

 

                          

                            Аткарган: Жумаева Нуркан

Текшерген:

 

Нарын шаары

 

МАЗМУНУ

КИРИШ СθЗ……………………………………………….

ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ-ЖАРАТЫЛЫШТЫ КОРГООНУН БАШАТЫ ………………………………….                                                                 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кириш сѳз

 

Жалпы  билим берүүчү  мектептерди  башталгыч класстардын  окуу программасында  балдарды жаратылышты  сүйүүгө,  анын байлыктарын  кылдат  пайдалануга  жана  аны   коргоого  тарбиялоо   зарылдыгы белгиленген.  Ошого байланыштуу   мугалим жаратылышты  коргоо  боюнча   тиешелүү  мыйзамдарды  түшүндүрүп,  алардын  экологиялык  түшүнүгүн  арттырып   барууга тийиш.  Мында  жаратылыш  байлыктарын   туура  пайдалануу  жөнүндөгү темага  мугалим  айрыкча  көңүл бөлөөрү талашсыз. Анда кеп башынан болсун.

Азыркы  учурда экология  маселеси   бүткүл  дүйнө  эли  кечиктирбей  чечүүгө  тийиш  болгон  түйүндүү  маселелердин  бири.

Бүгүнкү  кундө   ар бир  адамдын  айлана  чөйрөнү  булгануудан  коргоосу   жаратылышты  жабыр  тартуудан  сактоосу  өзүнүн  жана  чөйрөсүндөгү  адамдардын  ден соолугуна кам  көрүүсү  анын  инсандык  парзы  болууга тийиш. Жаш муундарга  экологиялык  багыттагы  билим  тарбия  берүү ишинин   мектептердеги  окутулуп  жаткан  айрым  сабактарга  гана  тиешелүү болбостон  акырындап  бардык  сабактарга   тиешелүү  кылып өзгөртүү жакшы  татыйжа бермек.

Балдарды  жаратылыш аркылуу тарбиялоодо  экологиялык  түшүнүктөр  калыптана  баштайт. Жаратылыштын  ар  түрдүү көрүнүш  балдардын  көңүлүн  эрксизден  буруп,  кызыкчылыгын  арттырып  оюнга , эмгекке ,  көркөм   ишмердүүлүккө  шыктандыраары  шексиз.  Ошондой  болсо да   бардык  эле  балдар  жаратылыш  менен  өз  ара аралашууда жаратылыш  жөнүндө   туура  түшүнүккө  ээ болуп,  жандуу жана жансыз   жаратылыштын  артосундагы  өз  ара  байланышты  байкай  коюшпайт. Ошондуктан  жаратылышты  көрө билүүгө  мугалимдин  же  башка  чоң кишилердин  жетектөөсүнүн  зарылдыгы бар. Жаратылышта  балдарды  эмне  таң   калтырса  ошону  абдан  кароого  мүмкүндүк берүү  талапка   ылайык.

Бул  багытта  башталгыч  класстарда  окутулуучу  Мекен  Таануу  сабактары менен класстан  тышкаркы  ар  кандай  иштерди  кызыктуу  өткөрүү  жаратылыштын  ар  бир  мезгилин  өз  боёгу  менен көрө билүүгөө жандуу жансыз жаратылыштын   ортосундагы  экологиялык  байланышты  акырындык  менен  ачып  көрсөтүүгө  окуучулардын  жаратылыш  аркылуу кайрымдуулукка,  боорукердикке,  ыймандуулукка  өз чөйрөсүндөгү  көркөмдүктү сезе билүүгө жана  эмгекке тарбиялого кыйла аракет жасашат.

Абанын,  суунун таза болушуна көрүлгөн камкордук биринчи иретте адамдын өзүнө көрүлгөн  камкордук  экендигин  ар бир окуучунун  акыл сезимине, жүрөгүнө жеткире түшүндүрүү менен ага иш жүзүндө окуучунун өзүн аралаштыруу негизги маселе.

Ал үчүн башталгыч класстын окуучусу төмөнкүлөрдү түшүнүп, жана аткара билиши талапка ылайык.

Биз окуган класстын же жашаган үйдүн абасы таза болушу үчүн анын бөлмөлөрүндөгү бардык  буюмдарды тазалап жууп туруу. Акыр-чикир, тамак аштын калдыктарын бөлмөдө сакталышына жол бербөө. Бөлмөлөргө өсүмдүктөрдү өстүрүлүшү аларга тынымсыз камкордук көрүү желдетип туруу.

2.Сырттагы-айлана чөйрөдөгү абанын таза болушуна камкордук.

а) Айлана чөйрөнү акыр-чикирлерди тамак-аштын калдыктарын чарбачылыкка туура  пайдалана билүү.

б) Айлана-чөйрөну акыр-чикирлерден арылтып туруу жана  ар кандай акыр-чикирлерди, тамак-аштын  калдыктарын чарбачылыкка туура  пайдалана билуу.   

Андан ары сууну коромжусуз жана таза сактоого көнүктүрүү жана түшүндүрүү  иштерин жүргүзүүдө мугалим төмөнкү негизги учурларга кеңири токтолууга тийиш.

Бөлмөлөргө ичиндеги суу түтүктөрүн туура пайдаланышы.

Адамдардын, айбанаттардын жашоосу, өсүмдүктөрдүн өсүшү үчүн аба кандай керек болсо суу дагы ошондой керек экендигин түшүндүрүү иштерин жүргүзү. Бул үчүн адабий чыгармаларды пайдалануу. Мисалы, Э Турсуналиевтин “Суу, Өмүр” деген чыгармасы  окучулар үчүн өзүнчө эле бир экологиялык дастан.

Ушул сыяктуу экологиялык багытта жазылган ырларды, көркөм сөздөрдү, макал лакаптарды, санжыраларды  көбүрөк пайдалануу.

Сырттагы суу түтүктөрүн туура пайдаланышы көлмөлөрдү, арыктардын жээктериндеги санитардык талаптардын катуу сакталышы.

Мал сарайлардын, акыр-чикирлер жайлардын ажаатканалардын суу жегинен алыс болушу. Ошондой эле өсүмдүктөргө, айбанаттарга, канаттууларга да камкордук көрүшү зарыл. Мына ушул учурда гана биз балдарды гумандуулукка, кайрымдуулукка, ыймандуулукка тарбиялайбыз деп күн сайын эңсеп келе жаткан максатыбыздын   ишке ашырылышы менен аларды экологиялык  сабаттуулукка да калыптандыра баштайбыз.

Ошондуктан жаратылыш чөйрөсү бардык адамдар жана жалпы коомчулук тарабынан туура камкоордукка алынган болсо, адамдардын ден соолугу,  жашоосу үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүп, жаш өспүрүмдөрдүн экологиялык түшүнүктөрү артмак.

 

 

 

Учурдагы татаал жана карама-каршы тенденцияларга толгон дүйнөдө экологиялык көйгөйлөр глобалдык масштабга өттү.                                                                                  Адамзат менен табияттын ортосундагы улам татаалдашып бара жаткан маселелер цивилизациянын негизине коркунуч алып келүү менен көп учурда адамзат жашоосунун мүмкүнчүлүктөрүн алдын ала айтууну татаалдаштырат. Ошондуктан экологиялык коопсуздукка атайын илимдин адистери гана эмес, дүйнө жүзүндөгү жалпы коомчулук абдан чоң көңүл буруп жатышат. Адам баласынын Жер планетасында жашап жана сакталып калуусу, алардын күнүмдүк тиричилиги акыры келип жаратылыш менен тыгыз байланышта жүрөт. Жаратылыш ресурстарынын арбын болушу адам коомунун андан ары жашап калуусуна негиз болот. Бирок, бүгүнкү күндө адамдардын жаратылышка кийлигишүүсүнөн табияттын жапа чегүүсү күч алдууда.

          Ошондуктан, адамдар курчап турган айлана-чөйрө менен байланыш түзгөндө анын белгилүү чегин билиши керек. Ал үчүн коомдун ар бир жараны өзүн ошол системанын бир бөлүгү катары сезип, системанын көп түрдүүлүгүнө, анын өнүгүшүнө реалдуу баа берүүгө тийиш. 2003-жылы кабыл алынган «КРнын үзгүлтүксүз экологиялык билим берүү» жөнүндөгү концепциясында экологиялык билим берүү элдин кеңири массасына жеткирилиши керектиги, мектепте экологиялык билим-тарбия берүү үчүн бирдиктүү жана комплекстүү программанын түзүлүүсү зарыл экендиги белгиленет. Анткени, жаштардын экологиялык маданияты мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүн, экологиялык статусун гана аныктабастан, өсүп келе жаткан муундарды социалдаштырууда күчтүү каражат болуп саналат.

        Педагогика илиминде экологиялык билим-тарбия берүүнүн мазмуну, формалары жана методдору үзгүлтүксүз изилденүүдө. А.Н. Захлебный, И.Д. Зверев, И.Т. Суравегинанын изилдөөлөрү окуучуларга жалпы экологиялык билим берүүнүн теориялык жана методикалык аспектилерине арналган. Окуучуларда жаратылыш менен нормативдик өз ара аракеттешүүгө даярдоого багытталган концептуалдуу экологиялык маданиятынын негиздери С.Н. Глазычев, Н.М. Мамедов, В.С. Шиловалар тарабынан иштелип чыккан. Ал эми окуучулардын экологиялык билимин интеграциялоону Н.М. Михайлова, жаратылышты коргоо иш-аракетинин ар түрдүү түрлөрүн жана алардын өз ара байланышын А.Н. Захлебный, Э.А. Турдукулов, өлкө таануу материалынын окуучулардын экологиялык ынанымына болгон таасирин Т.А. Бабакова, А.А. Плешаков ж.б. аныкташкан. Экологиялык тарбиялоо проблемалары кыргыз педагогика илиминде 20-кылымдын 90-жылдарынан баштап изилдене баштаган. Болочок мугалимдердин экологиялык-укуктук маданиятын калыптандыруунун теориялык-методикалык негиздери М.Ж. Чоров; табигый-илимий предметтердин негизинде экологиялык билим жана тарбияны ишке ашыруу А.О. Абдыкапарова, К.К. Аттокурова, М.Д. Бабаев, Темирбек уулу Ильичбек; кесиптик лицейлердин окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууну өркүндөтүү Г.С. Усенгазиева; кыргыз элдик педагогикасынын салттары жана тажрыйбалары аркылуу азыркы окуучуларды экологиялык тарбиялоонун теориялык жана практикалык маселелери башталгыч класстардын мисалдарында Ж.К. Аблабекова, Г.Ж. Байышова И. Даминова; мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде экологиялык тарбия берүүнү ишке ашыруу Г.У. Рыскулова ж.б. окумуштуулардын диссертациялык изилдөөлөрүндө чагылдырылган. Мектеп окуучуларына экологиялык билим-тарбия берүүдө кыргыз адабиятынын ролу чоң. Адабият жаратылыш менен жөн гана тааныштырбастан, инсандын экологиялык аң-сезимин, жаратылыш дүйнөсүнөсүнө карата эмоционалдык мамилесин, адамдын жаратылыш менен болгон биримдигин, анын бүтүндүгү үчүн өзүнүн жоопкерчиликтүү экендигин туюуу жана сезүү мүмкүнчүлүгүн берет.      

  Окумуштуулар А.А. Алимбеков, И. Даминова, А.Т. Калдыбаева, А.Ж. Муратов, С.К. Рысбаев ж.б. илимий изилдөөлөрүндө адабият аркылуу, өзгөчө элдик оозеки чыгармалар аркылуу экологиялык тарбия берүүнүн теориялык жана методикалык маселелерине кайрылышкан. Учурда адабият сабагын окутуу процессинде экологиялык маданиятты калыптандыруу маселеси актуалдуу жана кошумча изилдөөлөргө муктаж. Анткени, буга чейин кыргыз адабият сабагынын экологиялык тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрү атайын педагогикалык изилдөөнүн объектиси катары жогорку класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандыруу максатында системалуу түрдө илимий иликтөөгө алынган эмес. Каралып жаткан маселеге байланыштуу философиялык, психологиялыкпедагогикалык адабияттарды талдоо, диссертациялык, монографиялык материалдарды жана жалпы билим берүүчү мектептин тажрыйбасын изилдөө, жогорку класстын окуучуларынын экологиялык маданиятын калыптандырууда кыргыз адабияты сабагынын тарбиялык мүмкүнчүлүгүнө көп көӊүл бурулбагандыгы төмөнкүдөй карама-каршылыктарды пайда кылды: ‒ жогорку класстын окуучуларынын экологиялык маданиятынын калыптануусуна карата коомдо системалуу муктаждык болгондугу менен кыргыз адабияты сабагынын экологиялык тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрүнүн эсепке алыбаганды ортосунда; ‒ адабият сабагынын мугалимдеринин окуучулардын экологиялык маданиятты калыптандырууга карата позитивдүү ички багыты менен алардын экологиялык билим жана тарбия берүү маселелерин адабият аркылуу ишке ашыруу даярдыгынын жетишсиз экендиги. Белгиленген карама-каршылыктар жогорку класстын окуучуларын кыргыз адабияты сабагы аркылуу экологиялык жактан тарбиялоодо али да болсо чечилбей келе жаткан илимий-педагогикалык проблеманын бар экендигинен кабар берет.

                                                                                                         Азыркы мезгилде коом өз жүрүм-турумун, иш-аракетин жана жөндөмдөрүн активдүү түрдө өнүктүргөн, өзүн башкара алган адамдарга муктаждыгын сезип жатат. Мындай сапаттарды калыптандыруу адамдардын экологиялык маданият приоритет болгон жашоо образына багытталуусу менен гана мүмкүн. «Экологиялык маданият», «экологиялык билим берүү», «экологиялык тарбия» түшүнүктөрүнүн мазмунун аныктоо жөнүндө суроо азыркы мезгилде талаш-тартыш маселесин жаратууда. Илимий-педагогикалык адабияттарды талдоонун негизинде биз экологиялык маданият бул адам жана жаратылыш мамилелерин мүнөздөгөн улуттук, жалпы адамзаттык баалуулуктар системасы жана жаратылыш ресурстарын иштетүүдө коомдун адам алдында, адамдын коом алдында жоопкерчилигинин деңгээлин түшүнүүгө болот деген жыйынтыкка келдик. Ушуну менен бирге коомдун экологиялык маданиятынын өнүгүүсү окумуштуулар Э. Мамбетакунов, М.Ж. Чоров, К.К. Аттокурова, М.Д. Бабаев, Г.У. Рыскулова, И. Даминова, Ж. Аблабекова ж.б. көз карашы боюнча экологиялык билим берүү, тарбия жана маалыматташтыруу системасы аркылуу ишке ашууга тийиш. Экологиялык тарбия – бул экологиялык маданияттын бөлүмү, адамдардын сезимине, аң-сезимине, көз карашына жана түшүнүктөрүнө таасир этүү аркылуу айлана-чөйрөгө карата аң-сезимдүү жана адептик мамиле деңгээлин үзгүлтүксүз, системалуу жана максаттуу багытта жогорулатуу процесси. Экологиялык билим берүү – жарандарда «адам – коом – жаратылыш» системасында өз ара аракеттешүүнү, экологиялык маданиятты калыптандыруу максатында окутуунун жана тарбия берүүнүн максаттуу багыттагы үзгүлтүксүз жана комплекстүү процесси. Бул термин 1970-жылы жаратылышты коргоо боюнча эл аралык бирикме уюштурган конференцияда киргизилген. Экологиялык билим берүүнүн мазмунун иштеп чыгууга биринчилерден болуп Я.И. Габаев, Б.Г. Иоганзен, И.Н. Пономорева ж.б. көңүл бурушкан.

Экологиялык маданияттын калыптануу концепциясы, Б.Т. Лихачев, Н.С. Дежникова, И.В. Цветкова ж.б. окумуштуулар тарабынан иштелип чыккан. Алар экологиялык маданият астында атайын билимдер системасын жана жаратылышка багытталган иш-аракеттердин ыкмаларын өздөштүрүүнү түшүнүшкөн. Мындай маданият айлана-чөйрөнүн абалы үчүн 9 жоопкерчиликтүү сезимде жана эмоционалдык боорукердикте, жаратылыш менен үндөштүктө, укуктук мыйзамдарды бекем тутуп жашоого умтулууда түзүлөт. Бүгүн экологиялык билимдин аныкталган көлөмгө ээ болуусу жетиштүү эмес, этико-экологиялык позиция жана ага ылайык адамдын иш-аракети керек. Экологиялык этика – бул ички талашсыз адептик принциптерге негизделген адамга, анын чарбачылык иш-аракеттерине жана жаратылышка карата тийиштүү окуу. Ф.Т. Михайлов: «билим берүү мейкиндиги – бул чыныгы идеалдуу маданият мейкиндиги жана максаты: мейкиндиктеги жана мезгилдеги коргоо, трансляция жана маданиятты жакшыртууну» – деп белгилейт. Анын ою боюнча билим берүү процессинин бардык субъекттеринин аракетинин предмети болуп: «билим, ык жана көндүм – триадасы эмес, мугалимдердин, окуучулардын, ата-энелердин, башкаруучулардын жана билим берүү мейкиндигине кандай болсо да тиешеси барлардын чыгармачылык шыктары жана маданий муктаждыктары» кызмат кылат [Михайлов, Ф.Т. Философия образования: ее перспективы и реальность // Вопросы философии. – 1999. №8. – 115-116-бб.]. Билим берүү индивидди агартууга эмес, маданиятты өнүктүрүү, анда адам жана дүйнө образын калыптандыруу механизмин ишке ашырууга тийиш. Экологиялык маданияттын калыптануу процессинин жалпы мазмунун аныктоо «маданият» түшүнүгүнүн өзүн кароону талап кылат. Адегенде «маданият» термини адамдын жерди иштетүүсүн түшүндүргөн. Ал эми жалпы маанисинде байыркы Рим оратору жана философ Цицерон тарабынан колдонулган. Ал окутуу жана тарбия берүү процессинде адамзат акылын өнүктүрүүнү түшүнгөн. Андан кийин «маданият» түшүнүгү адам тарабынан бардык жараткан нерселерине тараган. Маданият түшүнүгүн чет элдик окумуштуулар Гегель, Кант, Фихте, Шеллинг, Гердер, Лессинг, Барт, Леви-Стросс, Кребер, Рэдфилд, А.А. Богданов, Н.К. Крупская, Л.С.Выготский, Ю.Н.Давыдов, Л.Д. Гудков, С.О. Шмидт ж.б. изилдешкен. Маданиятты изилдөөдө ата-мекендик окумуштуу-педагогдорубуз А. Акматалиев, Б. Апышев, Н.А. Асипова, Т. Ормонов, М.Ж. Чоров ж.б. эмгеги зор.

Б. Аманалиев түзгөн философиялык терминдердин кыскача сөздүгүндө: «маданият – коомдук-тарыхый практиканын процессинде адамзат түзгөн материалдык, рухий байлыктардын жыйындысы» – деп берилген [Аманалиев, Б. Философиялык терминдердин кыскача сөздүгү.           – Ф., 1962. – 54-б.]. Негизинен түпкү мааниси латын тилинен келген «cult» - «культура» түшүнүгү коомдук эрежелерди, адептик нормаларды өзүнө кабыл алган, сактаган, тарбиялуу, билими терең адамды билдирет деп кабыл алсак болот. Коомдук аң-сезимде мындай парадигманы калыптандырууда адабияттын ролу чоң.

Дал ошол көркөм адабият инсандын эмоционалдык чөйрөсүнө таасир кылуу менен анын жаратылышка болгон мамилесин адеп-ахлактык баалуулук катары түзүүгө мүмкүндүк берээри, инсандын экологиялык маданиятынын негизи болоорун божомол кылсак болот. 

Окумуштуулардын изилдөө иштеринде, окуучулардын экологиялык маданиятын калыптандырууда кыргыз адабиятынын таасири көз карашында анын орто мектепте окутулушунун теориялык негизине талдоо жүргүзүшкѳн.

 Окумуштуулардын изилдѳѳлѳрүнүн натыйжасында экологиялык көйгөйлөргө байланыштуу болгон авторлор сунуштаган темалар болгон.

Жогорку класстын окуу программасында 10-класстар үчүн Молдо Кылычтын «Буудайык» поэмасы жана Тоголок Молдонун «Куштардын аңгемеси», «Жер жана анын балдары» поэмасы, ал эми 11-класста Ч. Айтматовдун «Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт», «Гүлсарат», «Ак кеме» повесттери, «Кыямат» романы, С. Эралиевдин «Кесир инсан» поэмасы, Ч. Айтматовдун «Ысык-Көлдүн куту жана куну» публицистикалык жанрдагы чыгармасы экологиялык маселелерди камтыйт.                                                    Бирок мектеп практикасында бул чыгармалар аталган көйгөйлөрдү чечүүгө эмес, көбүнчө адабий теориялык түшүнүктөрдү өнүктүрүү максатында жүргүзүлөт. Көркөм адабиятта чагылдырылган жана көркөм образдарда ишке ашкан табият таануу мүнөзүндөгү билим заманбап тарбия үчүн мүнөздүү болгон чындыкты таанып-билүүдөгү көркөм-образдык жана илимий-логикалык формалар ортосундагы бөлүнүүнү жеӊүү мүмкүнчүлүктөрүн берет. Андыктан, көркөм чыгармаларда бир гана илимий фактылар жана корутундулар эмес, аны менен кошо каармандарда жана окурмандарда буга байланыштуу пайда болгон ойлор жана сезимдер маанилүү, мындай адабият жогорку класстын окуучуларынын жаратылышка карата моралдык-эстетикалык мамилесин тарбиялоого түрткү берет.                                                Экологиялык тарбия берүүнү ишке ашырууда төмөнкү жоболор негизинен маанилүү: жаратылышка карата жоопкерчиликтүү мамилени калыптандыруу процессинде глобалдык, улуттук жана жергиликтүү ыкмалардын өз ара байланышын; чөйрөнү интеллектуалдык жана эмоционалдык жактан кабыл алуу жана аны жакшыртуу боюнча практикалык иш аракеттин бүтүндүгүн эске алуу. Негизгилерден болуп, таанып-билүү, сезүү аракеттеринин бүтүндүгү, прогностикалык принцип, предмет аралык ыкма, гумандаштыруу принциби, субъективдик принциби эсептелинет.

 

ЭКОЛОГИЯЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ-ЖАРАТЫЛЫШТЫ           КОРГООНУН БАШАТЫ                                                                   Дүйнөдөгү экология тармагынын адистери белгилеп келгендей, жаратылышты жана адамдардын экологиялык коопсуздугун камсыз болушу атайын экологиялык билим берүүчү мамлекеттик жана коомдук мекемелелер, мамлекеттик бийлик, коомчулук аркылуу ишке ашат. Алардын ичинен эң эле актуалдуулугу, инсандын экологиялык жактан калыптанышына экология тармагындагы иштеген адистердин билим берүүсү, жүргүзгөн түшүндүрүү иштери, коомчулуктун жаратылыш менен карама каршылыгынын жоюлушу негизги орунду ээлейт. Экологиялык билим берүү-бул экологиялык үзгүлтүктүз тарбиялоочу, билим берүүчү, коомдун, анын ичинде өсүп келе жаткан муундун жаратылышка аяр мамиле жасоого калыптандыруучу узак иш аракет. Экологиялык жактан тарбия берүү-бул жаратылышты коргоого, жаратылышты сүйүүгө, жаратылышка гумандуу мамиле жасоого жана жаратылышты сарамжалдуу пайдаланууга жана коргоого багытталган көп жылдык үзгүлтүксүз жүргүзүлүүчү чоң процесс болуп эсептелет. Экологиялык билим берүүдө негизги иш, адам баласы экологиялык көйгөйлөрдүн жаралуусуна каршы ар кандай ыкмаларды иштеп чыгууда, колдонууда коллективдик жана өздүк салымын кошууга, ошол иштердин жыйындысы биригип келип дүйнөлүк коомчулук глобалдык экологиялык көйгөйлөрдү таанып билүүгө салым кошууга басым жасалат. Ушул максаттарда 1975-жылы Белградда, 1977- жылы Тбилиси шаарында экологиялык билим берүү нүн багыттарын аныктап алуу жана экологиялык билим берүүнүн максаттары жөнүндө эл аралык конференциялар уюштурулган. Мамлекетте табигый жаратылышты сактап калуу, калкка экологиялык билим берүү тармагы бир калыпка салынмайын, өлкөнүн табигый жаратылышы жабыркоонун гана үстүндө болуу менен бирге өлкөдө жашаган калктын ден-соолугуна да терс таасирин берет. Азыркы убакта өлкөбүздүн жалпы билим берүүчү орто мектептеринде акыркы 20 жылга чукул 11- класска “Геоэкологиянын негиздери” сабагы 34 саат өткөрүлүп келген.

Окуучулар бул сабактан өлкөбүздүн жаратылышын коргоо, жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарына жооп алуу жана күтүлүүчү жаратылыштын кырсыктары менен кенен таанышуу менен алардын алдын алууну да окуп үйрөнүшчү. Тилекке каршы жалпы билим берүүчү орто мектептеринде аталган сабак кыскарып, экологияга арналган сабакка болгону 3-4 саат бөлүнүп калды.

 Өлкөбүздүн жаратылышты коргоого болгон абалын ушундан эле карап, тиешелүү баа берүү өтө деле оор эмес. Өлкөбүздө экологиялык билим берүү, калкка жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштерине мамлекеттик мекемелер, мектептер, жогорку окуу жайлары жетише албай жаткандыгына байланыштуу, жетише албай жаткан боштуктуу толтуруу үчүн, өлкөбүздүн жаратылышын коргоого салым кошууга, калктын, өсүп келе жаткан муундун экологиялык билимин жогорулатуу жана экологиялык билим аркылуу калктын жаратылышка жасаган мамилесин жакшыртуу максатында Германиянын жаратылышты коргоо союзунун(NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмү көптөгөн жылдардан бери өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында бала бакчаларга, жалпы билим берүүчү орто мектептерге, жогорку окуу жайларына, жалпы эле өлкөбүздө жашап жаткан калкка экологиялык билим берүү жана жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүүрү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жатат. Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмү экологиялык билим берүү жана жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүүрү иштерин үзгүлтүксүз жүргүү үчүн төмөнкү багытта иш алып барууда:

 

 

 

Өлкөбүздүн жаратылышты коргоого болгон абалын ушундан эле карап, тиешелүү баа берүү өтө деле оор эмес. Өлкөбүздө экологиялык билим берүү, калкка жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүү иштерине мамлекеттик мекемелер, мектептер, жогорку окуу жайлары жетише албай жаткандыгына байланыштуу, жетише албай жаткан боштуктуу толтуруу үчүн, өлкөбүздүн жаратылышын коргоого салым кошууга, калктын, өсүп келе жаткан муундун экологиялык билимин жогорулатуу жана экологиялык билим аркылуу калктын жаратылышка жасаган мамилесин жакшыртуу максатында Германиянын жаратылышты коргоо союзунун(NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмү көптөгөн жылдардан бери өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында бала бакчаларга, жалпы билим берүүчү орто мектептерге, жогорку окуу жайларына, жалпы эле өлкөбүздө жашап жаткан калкка экологиялык билим берүү жана жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүүрү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп келе жатат. Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмү экологиялык билим берүү жана жаратылышты коргоо боюнча түшүндүрүүрү иштерин үзгүлтүксүз жүргүү үчүн төмөнкү багытта иш алып барууда:

1.Мектепке чейинки тарбия берүүчү мекемелерде (бала бакча) балдарды жаратылышты сүйүүгө, балдардын жаратылышка көз карашын гумандуулук багытка бурууга, жаратылыш менен байланышканда балдар өзүлөрүн бактылуу сезүүгө басым жасоо. Чүй, Ысык-Көл, Нарын областарынын аймагындагы 40-45 бала бакчалары менен ар дайым иш алып барылууда. Келечекте бала бакчалар менен билим берүү иштери улана берет.

 

2.Жалпы билим берүүчү мектептердеги окуучуларга өлкөбүздүн жаратылышы, сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүу алдында турган жаныбарлар тууралуу кенениреек маалымат берүү менен бирге өсүп келе жаткан муундун жаратылышты коргоого болгон аң сезимин жакшы жакка бурууга, өлкөбүздүн жаратылышына, айлана чөйрөнүн тазалыгына кайдыгер карабоого үндөөгө, мекенди сүйүүгө тарбиялоо.

Өлкөбуздүн төрт областынын (Чүй, Ысык-Көл ,Нарын, Талас) 110 го чукул жалпы билим берүүчү орто мектептеринде жылы бою экологиялык билимди алып баруу менен мектеп окуучуларын жаратылышты коргоого үндөп келүүдө. Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн экологиялык билим берүү бөлүмүнүн иш алып барган өлкөбүздүн жалпы билим берүү орто мектептеринин саны

 

Экологиялык билим өтүлгөн орто мектептер жайгашкан аймак

Орто мектептердин саны

1

Чүй областы

32

2

Ысык-Көл областы

26

 

Нарын областы

46

4

Талас областы

2

5

Баардыгы:

 

106

 

3.Келечекте өлкөбүздүн ар кайсы тармагында эмгектенүү үчүн ар кандай кесип алууга билим алып жаткан, өлкөбүздүн флагманы аталган Ж.Баласагын атындагы КУУ жана К.Карасаев атындагы БГУ баш болгон көптөгөн жогорку окуу жайларында билим алып жаткан студенттер арасында экологиялык билимдерин жогорулатуу жана өлкөбүздүн жаратылышын коргоого салымын арттыруу максатында лекциялар окулуп турат.

Ар түрдүү экологиялык иш чараларды көбүнчө Ж.Баласагын атындагы КУУнун география, экология жана туризм факультетинен “Экология” адистигинен билим алып жаткан студенттер менен иш алып барылат. Жазгы ишембиликтин убактарында аталган студенттер менен Бишкек шаарындагы А.Гареев атындагы ботаникалык бакта, борборубуздун эс алуу парктарында “Таштандысыз жаратылыш” аттуу экологиялык акциялар өткөрүлүп турат.

Акция учурунда жашоочулар тарабынан ташталган таштандыларды чогултуп жыйнап, жашоочуларды таштанды таштоо маданиятына үндөө, жаратылышыбызды таза сактоого чакыруу.

Ошондой эле Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталындагы эс алуучулар көп барып эс алып, таштанды толуп калган аймактардын көйгөйлөрүн чечүү максатында Ж.Баласагын атындагы КУУнун география,экология жана туризм факультетинен “Экология” адистигинен билим алып жаткан студенттер менен “Таштандысыз жаратылыш” аттуу экологиялык акцияларларын жыл сайын өткөрүп келүүдө.

Акыркы эки жылда өткөрүлгөн ушундай иш чаранын натыйжасында Кегети капчыгайында эс алуучулар көп каттаган Кегети шаркыратмасында Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүгү тарабынан таштанды таштоочу үч челек орнотулду. Эң негизги көңүл буруучу жагдай, ошол аймак Кегети токой чарбасына карагандыктан, токой чарбанын жетекчилиги намыстандыбы же Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү түрткү бердиби, токой чарбачылыгы быйылкы жылдан баштап ошол аймактарга ондон ашык таштанды челектерин орнотту.

Азыркы убакта да таштанды челектерин орнотууда жана капчыгайга келген эс алуучулар туш келди таштанды таштабай, таштандылар таштанды челектерине ташталып,таштанды маселелери чечилип калды. Келечекте ушундай иш чаралар мындан ары да улантылат. 4.Өлкөбүздүн аймагындагы калкка экология, жаратылышты коргоо багытында дайыма түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.                                                                                            Жыл бою Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас областарынын аймактарындагы айыл өкмөттөрүнө, аймакта жашаган калкка жаратылышты коргоо, браконерчиликке каршы иш чараларын үзгүлтүксүз жүргүзүп келет. Акыркы убактарда Кыргызстанда экотуризм багытында алыскы чет өлкөлөрдөн келген туристтердин, эс алуучулардын саны өсүүдө. Албетте ал туристтердин агымы негизинен жай айларына туура келүүдө. Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү ошол мезгилдерде алыскы жайлоолорго чейин барып, жайлоолордогу, алыскы тоолордогу туристтик сферада иштеген өлкөбүздүн жарандарына жаратылышты коргоо иш чараларын уюштуруп, аларга жаратылышты коргоо семинарларын өткөрүп келүүдө. Бул иш чарага эң сонун мисал катары Суусамыр, Соң-Көл аймагында жыл сайын өткөрүп келген иш чараны айтсак болот. Өлкөбүздөгү эң бийик, туристтер көп келген аймак Соң-Көл аймагы алдыңкы орундарда болуп келүүдө. Тилекке каршы туристтик сезон учурунда топтолгон турмуш тиричилик таштандылары алынып кетпей, бийик тоолуу аймагыбызга көмүлүп калуу менен гана чектелип келген. Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү Соң-Көл аймагында мындай көйгөйлөрдү чечүү максатында жана элибиздин патриоттулугун арттыруу максатында быйыл “Саякат туризм” туристтик фирмасы менен Соң-Көл өрөөнүнө туристтер көп  каттаган Батай жерине өлкөбүздүн 8 метрлик бийиктиктеги туусун жана таштанды таштоочу беш таштанды челегин орнотту. Жыйынтыгында ошол аймактагы ар жерге ташталуучу таштандылар бир жерге топтолуп, мурункудай тоолу аймактын жерине көмүлбөй Кочкор айлына алып келинип, жалпы таштанды ташталуучу жерге жеткирилүүдө. Мындай иш аракеттер өлкөбүздүн жарандарынын жаратылышты жана өздөрү жашап жаткан аймакты сүйүүгө, табигый жаратылышка аяр мамиле жасоого жана коргоого, экологиялык маданият жалпы маданияттын бир бөлүгү экенин түшүнүүгө, жаратылышты коргоо иш чараларынын жакшыруусуна алып келүүдө. Кыргызстандын жаратылышы ар түрлүү жана табигый жактан дүйнөнүн башка жерлерине караганда жакшы сакталып калган. Бирок өлкөбүздүн жаратылышынын азыркы абалы мурунку мезгилдерге карата салыштырып карасак кооптуу абалга туш келүүдө. Мындай абал коомчулуктуу дүрбөлөңгө салууда. Акыркы жылдары Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмү Бишкек шаарынын жана Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас областарынын жалпы билим берүүчү орто мектептери менен экологиялык билим берүү жана жаратылышты коргоо боюнча жыл бою үзгүлтүксүз иштеп келүүдө. Жогорудагы мектептер жаратылыш коругуна, жаратылыш парктарына жана токой чарбасына, бийик тоолуу аймактарга жакын жайланышкандыгына байланыштуу атайын тандалып алынган.

Анткени ошол аймактарга жакын бийик тоо кыркаларына Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн браконерчиликке каршы “Барс” тобу жылдын ар кайсы мезгилдеринде фотокапкандарды орнотуу менен бирге, жапайы жаныбарларга, анын ичинен илбирстерге үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүп келишүүдө.

    Узгүлтүксүз жүргүзүлгөн фотомониторингдин жыйынтыгында экологиялык билим берүүнү жүргүзгөн аймактын бийик тоо кыркараларынан илбирс, аюу, бугу-марал ж.б. жаныбарлар катталууда жана алардын саны өтө аз санда. Экологдор, жарандык активисттер ошол аймактардагы жапайы жаныбарлардын, анын ичинде илбирстин жаратылыштагы жашоосу жөнүндө, илбирстердин жаратылышыбыздан азайып жок болуп бара жатканын, аларды сактап калуунун маанисин жалпы билим берүүчү мектептер аркылуу өсүп келе жаткан муундарга жеткирүү, окуучулар аркылуу алардын ата-энелерине да маалымат жетсин деген максатта экологиялык билим берүүбүздү  ар ккандай түшүндүрүү иштерин өткөрүп келишүүдѳ.

Түшүндүрүү иштеринин натыйжасында иш чара өткөн аймактын калкы жаратылышка мурункудан башкача, аяр мамиле жасаганы байкалууда.

Мисалы: Акыркы үч жылда Чоң Кемин өрөөнүнүн жалпы билим берүүчү мектептеринин окуучуларына жана өрөөндө жашаган калкка Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмүнүн үзгүлтүксүз иш аракеттеринин натыйжасында жергиликтүү калк арасында мыйзамсыз аң уулоо, өрөөнгө башка жактан келип мыйзамсыз аң уулоолор кыскарып жокко эсе. Ал жердеги калктын негизги ою, өрөөнгө келип аң уулабай эле эс алуучуларга эс алуунун башка кызматтарын көрсөтүү. Ошонун натыйжасында акыркы убактарда экотуризм, жайлоо туризми, фототуризм, кымыз менен дарыланып эс алуу тармактарын алсак болот.

Кыргыз Республикасы Борбордук Азиядагы ар түрлүү ландшафтуу, жаратылыш ресурстары, фауна жана флора дүйнөсү көп түрлүү жана бай тоолуу өлкө. Республиканын жаратылышы кооз жана табихый түрдө жакшы сакталып калган. Бирок жылдан жылга көптөгөн антропогендик иш аракеттердин натыйжасында жаратылыш жабыркап, табигый ландшафтардын аянты кыскарууда, фауна жана флора дүйнөсүнүн түрлөрү, биологиялык ар түрдүүлүк азайууда, жаратылыш ресурстарын сарамжалсыз пайдалануунун кесепетинен өлкөбүздүн келечектеги муундары үчүн табихый жаратылыш коркунучта турат.                                                                                        Ошондуктан “Германиянын “NABU” жаратылышты коргоо союзу” коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасындагы филиалынын негизги максаттарынын бири Республикабыздын жаратылышын сактап калуу жана коргоо үчүн өлкөбүздүн жарандарынын экологиялык аң сезимин, экологиялык билимин жана экологиялык маданиятын калыптандыруу жана Республикабыздын экологиялык билим берүү тармагына салым кошуу болуп эсептелет. “Германиянын “NABU” жаратылышты коргоо союзу” коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасындагы филиалы Кыргыз Республикасынын 2013- 2017-жылдар аралыгындагы туруктуу өнүгүүнүн улуттук стратегиясынын 5-бөлүмүндөгү “ Туруктуу өнүгүү үчүн айлана чөйрөнү коргоо” бөлүмүндөгү койулган максаттарды колдойт. “Германиянын “NABU” жаратылышты коргоо союзу” коомдук бирикмесинин Кыргыз Республикасындагы филиалы мындан ары да экологиялык билим берүү боюнча төмөндөгудөй максаттар менен ишин улантат: - мектепке чейинки билим берүу мекмелеринин (бала бакча) тарбиялануучуларына жаратылыш, жаныбарлар жана өсүмдүктөр жөнүндө түшүнүк берүү жана жана жаратылышты сүйүүгө, коргоого кызыктыруу, жаратылышты коргоо аң-сезимин калыптандыруу; - жалпы билим берүүчү орто мектептин окуучуларына жаратылышты коргоо жана экологиялык билим берүү иш чараларын өткөрүп туруу менен   өлкөнүн жаратылышы жана мекени бир түшүнүктө болоорун түшүндүрүү; - өлкөнүн жарандарына жаратылышты жана мекенди сүйүү ,жаратылышты коргоо,экологиялык билимди жайылтуу; - орто жана жогорку окуу жайларынын студенттерине экологиялык билим берүүнү жайылтуу, жаратылышты коргоо багыты боюнча илимийпрактикалык иш чараларды үзгүлтүксүз жүргүзүү; - Кыргыз Республикасындагы жаратылышты коргоо багытындагы иш чаралаларга жардам берүү, өзүнүн сунушун берүү ж.б.  Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмү мындан ары да жаратылышты коргоо, жоголуу коркунучундагы жапайы жаныбарларды коргоо жана сактап калуу, анын ичинде кызыл китепке кирген жаныбарларды жана анын жашоо чөйрөсүн коргоо жана сактап калуу боюнча өлкөбүздүн аймактарына, аймактардагы жайгашкан жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучуларына, ЖОЖдордун студенттерине, баардык жаратылышты коргоого кызыккан жарандарыбызга экологиялык билимин улантып келген, экологиялык билим берүү иш чараларын мындан ары да улантып,түшүндүрүү иштерин жүргүзө бермекчи.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР

 

1.     http://vzglyadriv.kg/

2.     Кыргыз Республикасынын Кызыл Китеби.Экинчи басылышы. Бишкек-2006.510-бет. 2. Германиянын жаратылышты коргоо союзунун (NABU) Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгү, өкүлчүлүктүн ичиндеги экологиялык билим берүү бөлүмүнүн отчеттору. 3. Экологиялык билим берүүнүн илбирсти коргоого кошкон салымы.РНТЖ. Наука, новые технологии и инновации Кыргызстана.№10.Бишкек-2015.Стр. 65-65.

3.     1. Айтматов Ч. Биз дүйнөнү жаңыртабыз, дүйнө бизди жаңыртат. – Ф., 1988, -60 б.

4.     2. Чоров М.Философские и мировоззренческие аспекты эколого-правовой культуры

5.     личности. /Матер. межд. научно-практ. конфер. - Б., 2000. -106 б.

 

 

 

 

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "Реферат по географии на тему " география сабагында экологиялык били тарбия беруу""

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 2 месяца

Инструктор по тяжелой атлетике

Получите профессию

Менеджер по туризму

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 625 349 материалов в базе

Материал подходит для УМК

Скачать материал

Другие материалы

Тест по теме "Географическое положение и история исследования Африки"
  • Учебник: «География в 2-х частях (изд. "Русское слово")», Домогацких Е.М., Алексеевский Н.И.
  • Тема: § 20. Географическое положение и история исследования Африки
  • 11.02.2021
  • 2182
  • 166
«География в 2-х частях (изд.
Раздаточные карточки для проверки знаний по географии "Ресурсообеспеченность стран мира" (10 класс)
  • Учебник: «География (базовый уровень) 10-11 класс», Гладкий Ю.Н., Николина В.В.
  • Тема: Человек и ресурсы Земли
  • 11.02.2021
  • 588
  • 20
«География (базовый уровень) 10-11 класс», Гладкий Ю.Н., Николина В.В.

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 12.02.2021 1302
    • DOCX 132 кбайт
    • 13 скачиваний
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Суйундукова Мейизгул Иманалиевна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    • На сайте: 4 года
    • Подписчики: 12
    • Всего просмотров: 325032
    • Всего материалов: 146

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

Копирайтер

Копирайтер

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе

Курс повышения квалификации

Инновационные технологии в преподавании географии детям с ОВЗ

36 ч. — 180 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 36 человек из 22 регионов

Курс профессиональной переподготовки

Технологии географического образования

Педагог в сфере географического образования (учитель географии)

300 ч. — 1200 ч.

от 7900 руб. от 3950 руб.
Подать заявку О курсе

Курс повышения квалификации

Актуальные вопросы методики преподавания географии в условиях реализации ФГОС

72 ч.

2200 руб. 1100 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 71 человек из 45 регионов

Мини-курс

Путь к внутреннему спокойствию: освобождение от тревоги, злости и стыда

6 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 308 человек из 65 регионов

Мини-курс

Особенности психологической коррекции детей с различными нарушениями психического развития

3 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 258 человек из 64 регионов

Мини-курс

Стратегии карьерного роста и развития

10 ч.

1180 руб. 590 руб.
Подать заявку О курсе