Добавить материал и получить бесплатное свидетельство о публикации в СМИ
Эл. №ФС77-60625 от 20.01.2015
Инфоурок / Классному руководителю / Другие методич. материалы / САБАК КЕЧЕ "Алыкул 100"

САБАК КЕЧЕ "Алыкул 100"

Международный конкурс по математике «Поверь в себя»

для учеников 1-11 классов и дошкольников с ЛЮБЫМ уровнем знаний

Задания конкурса по математике «Поверь в себя» разработаны таким образом, чтобы каждый ученик вне зависимости от уровня подготовки смог проявить себя.

К ОПЛАТЕ ЗА ОДНОГО УЧЕНИКА: ВСЕГО 28 РУБ.

Конкурс проходит полностью дистанционно. Это значит, что ребенок сам решает задания, сидя за своим домашним компьютером (по желанию учителя дети могут решать задания и организованно в компьютерном классе).

Подробнее о конкурсе - https://urokimatematiki.ru/


Идёт приём заявок на самые массовые международные олимпиады проекта "Инфоурок"

Для учителей мы подготовили самые привлекательные условия в русскоязычном интернете:

1. Бесплатные наградные документы с указанием данных образовательной Лицензии и Свидeтельства СМИ;
2. Призовой фонд 1.500.000 рублей для самых активных учителей;
3. До 100 рублей за одного ученика остаётся у учителя (при орг.взносе 150 рублей);
4. Бесплатные путёвки в Турцию (на двоих, всё включено) - розыгрыш среди активных учителей;
5. Бесплатная подписка на месяц на видеоуроки от "Инфоурок" - активным учителям;
6. Благодарность учителю будет выслана на адрес руководителя школы.

Подайте заявку на олимпиаду сейчас - https://infourok.ru/konkurs

  • Классному руководителю

Поделитесь материалом с коллегами:

Ысык Көл областынын Балыкчы шаарындагы

С. Каралаев атындагы №6 лицей мектебинин

Кыргыз тили жана адабияты мугалими

Абдилова Махабат


Алыкулдун 100 жылдыгына карата поэзия кечеси
Тарбиялык саат.

8-класс
Сабактын максаты:  Окуучу акындын өмүр жолун, чыгармаларын окутуп гана тим болбостон, кыска өмүрүндө өчпөс эмгегинин сапары узак экенин түшүнөт. Анын талантын жан дүйнөсүнүн таасиринен бөксөртпөй окуучуларга жеткирүү. Лирикадагы идеялык мазмунун, философиялык ой-жүгүртүүлөрүн, кыргыз поэзиясындагы алган ордун, өзгөчөлүгүн билүү менен патриот, эмгекчил боло алышат. Поэзияны сүйүүгө чакырат. Сөз касиетин барктоого, сөз маданиятын сактоого үйрөнүшөт.
Сабактын формасы:  Сабак-поэзия.
Сабактын жабдылышы:  А.Осмоновдун сүрөттөрү, чыгармалар жыйнагы, таяныч таблицалар, концептуалдык карталар, кол чырак.
Сабактын жүрүшү:  а) Уюштуруу (музыканын коштоосунда)
Мен тансам жаштан танам, ырдан танбайм,
Ыры жок өмүрүмө канааттанбайм.
Кудайга миң мертебе калп айтсам да,
Ырыма бир мертебе калп айта албаган,
поэзиянын алпы, атасы А.Осмонов аз жашады, бирок саз жашады. Акын өз өмүрүн ырсыз элестете алган эмес, керемет поэзияны ыйык туткан. 
1-окуучу: Ар бир адамдын наристе балалыгы - бүтпөгөн жомок, ыр, кенч, шаан-шөкөт эмеспи. Ал эми Алыкул өзүнүн балалыгы, ата-энеси, туулган айылы жөнүндө эң аз жазган. Ата-эне мээримин көрбөй, сезбей чоңойду. Энеге арнаган эч бир ыры жок. Жалгыз "Грунья Савельевнага" деген ырында ата-энени сагынуу байкалат.
Далай таттуу даам жедим колуңдан,
Кем көрбөдүң өз бир тууган бооруңдан.
Начар экен, бат оңолсун бала деп,
Шашып турдуң чала уйкулуу ордуңдан.
Күнүң бүттү, кайтар мезгил болду деп, узаттың,
Кош ат келди үй жанына жакындап,
Мени акырын аман бол деп узаттың,
Колумду алып, ылдый карай бергенде,
Мөлт-мөлт акты тоголонуп көз жашың,
Ата-энемден көз жаш көргөн эмесмин.
2-окуучу: Ар кимдин айлы өзүнө мисир: сайраган куштары, ченемсиз муздак, тунук суулары, шуулдаган теректин баштары. Алыкул айылдын ыйык экенин билсе да, ойноок балалык күнү Кайыңдыда өткөн эмес. Суусун ичкен жок, көпөлөктөрүн кармабады. Айлымдын баркын билбедим деп өкүнүп "Кайыңды" ырын жазат.
Неге унуттум ууз, таза күндөрдү.
Кылтак менен кыргый тутуп күлгөндү.
Эстейм сени, Кайыңды айлым сагынам,
Барбайм сага, сагынганда не кылам,
Чолоо тийбей, боорум, калам экөөбүз,
Өскөн айыл, тууган жерди таштадык.
Тирүү жаным буюрбаган сыяктуу,
Мен өлгөндө сөөгүм сага коюлбайт. 
3-окуучу: Анан Алыкул Айдай менен таанышты. Сүйүнүн отуна малынды, жүрөгү опсуз жараланды, анан түбөлүк өчпөй калды.
Сүйүүнүн - көзү көрбөс түрлөрү бар,
Сүйүүнүн - кулак уккус үндөрү бар, 
Сүйүүнүн - кыш болсо да, жайдан жыргал,
Үзүлбөс - башка адамга гүлдөрү бар.
Сүйүүнүн - арфаларга бербей турган,
Өзүнүн тарта турган күүлөрү бар.
Алыкулдун жүзүнө муздак суу себилди, туздуу, шорлуу суу акынга агылып кирди. Айдайдан ажырады.
4-окуучу: Анан Зейнеп менен таанышып баш кошту, балалуу болду.
Сүйүү деген - сүйүү эмес бетиңден, 
Сүйүү деген - сүзүп өтүү деңизден.
Сүйүү деген - ырдоо эмес бал ууртап,
Сүйүү деген - сүйүү уусуна уулануу.
Кош, жан эркем, кош дейсиң деп таарынба,
Мени күтпө, мени эстебе, сагынба,
Кош сүйгөнүм, коштошоордо жалынба,
Сен жакшы элең мени сүйө элек чагыңда.
5-окуучу: Ата-эненин мээримин көрбөгөн, арзып сүйгөн кыздан, аяп сүйгөн аялынан айыкпас дарт алган Алыкул жаңы төрөлгөн наристенин жанынан чыкпай, бир канча күн ага ысым издеди. Акыры Жыпар деген ат көңүлүнө туура келди. Жыпар болгону 15 күн гана жашап чарчап калды. Жары Зейнеп менен турмуш оту күйүшпөй жалгыз калды. Акын өзүнүн күйүтүн, кайгысын "Бөбөккө" деген ырында берди. 
Тооруй басып тосуп чыгып жолумдан,
Бурай кармап, майыштырды оңумдан.
Жаш өмүрдө жаңы бөбөк көрөөрдө,
Таш боор өлүм тартып кетти колумдан.
Күндөр болду ырас, аздым, жүдөдүм,
Эртесинде кайра унутуп күлгөнүм.
Бирок чиркин, бөбөк деми күч экен,
Эч мынчалык ууланбаган жүрөгүм. 
6-окуучу: 
Акын поэзияны бийик коёт. Аёо менен баа берген Гётеге суктанган. Пушкин күз айларында жемиштүү иштегендей Алыкул жазды жакшы көрүп, кышта жакшы жазган. Поэзиянын эшигинин алдында "Алсыздарга жол жок" деген жазууну элестетет.
Акын жолу ардактуу жол, урматтуу,
Жаман акын эл алдында уяттуу.
Акын жазган, биз окуган төрт сап ыр,
Дүйнөгө калуу керек жаңылбай,
Жаз, жай, кыш, күз деген төрт сөз сыяктуу.
Мен турмушта сараң, ач көз эмесмин
Өктөө кылып: "Ай, аз бердиң", - дебесмин
Байлык, үй-жай, ден соолуктан ардактуу
Мага берсе эки сабак ыр берсин. 
7-окуучу: 
Алыкул Ысык-Көлдү 22 жашында көрдү. Анан өмүрүнүн аягына чейин сырдашы, муңдашы болду. Ысык-Көл акындын бүтпөгөн гимни эле. Ысык-Көл - энеси, атасы, досу, бир тууганы, баласы, мекени болду. Шарпылдаган добушунан, толкунунан күч-кубат алды. Үстүндө канаты талбаган куш болгусу, астында балык болуп сүзгүсү келди.
Мен келгенде токтоно элек баладай,
Бирок өзүн балалыкка санабай,
Жаткан экен Ысык-Көлүм күрпүлдөп,
Толкуп алган толкунунан жана албай,
Мен келгенде албуут акын баладай.
Бирок өзүм акынмын деп санабай,
Жаткан экен Ысык-Көлүм шарпылдап.
Ташып алган ташкынынан жана албай. 
"Мен көлүмө келгенде"
8-окуучу: 
Ысык-Көл кээде жымжырт, кээде толкун, 
Толкуса толкунуна тең ортокмун,
Турмушта канча жолдош күтсөм дагы,
Бир сырдуу мындай жолдош күткөн жокмун.
Ысык-Көл кээде тынч да, кээде толкун,
Жарга уруп, жаркылдаткан жаштык отун,
Турмушта канча курдаш күтсөм дагы,
Бир кыял мындай курдаш күткөн жокмун. 
9-окуучу: 
Алыкул өмүр бою оору менен алпурушту. Ошондо да өлүм менен оорудан коркпой поэзия дүйнөсүнө кирди. Гейненин ыр жазганда оорусун унутканын эстеп, эмгек менен өч алууну ойлоду. Жашоо, өмүр, тирүүлүктү даңазалады.
Оорулуу акын,
Ойго жакын,
Ооруп алсыз отурат.
Акын, акын,
Акын баркын -
Өлүм билбей кол сунат.
Оорулуу акын
Сөздөрү алтын
Алсыз, жалгыз отурат
Кантсин акын
Ак кагаздын 
Бетин ырга толтурат. 
10-окуучу: 
Жарым саат, кабак чытып кайгырбай
Арамдыкка абийиримди алдырбай
Өмүр деген - сергек нерсе экен го
Жаздын күнү тып-тып тамган жамгырдай.
Күлдүм ачык, бир да жерди карабай,
Досторума кылдай кастык санабай,
Өмүр деген - дайым жапжаш нерсе экен
Улам жаңы жаратылган баладай.
Билсин бизди, жаш муундар мактасын,
Эскиртпесин эстеринде сактасын,
Алдыбызда өмүр турат түгөнгүс
Артыбызда өлбөй турган эл калсын.
"Өмүргө"
11-окуучу: 
Мен өзүмдү үй сыртынан карасам;
Күрс-күрс эткен оор жөтөл үн чыгат.
Мен өзүмдү бир көчөдөн карасам;
Баскан өңдүү алсыз, арык сөлөкөт.
Мен өзүмдү уктаганда карасам;
Жаткан өңдүү бир өлүк жан, каны жок,
Жүрөк күчүн тамырынан санасаң,
Чарчагандай араң согот алы жок. 
"Өзүмдү өзүм"
12-окуучу: 
Ким берсе да жакшы берген бактымды,
Ким койсо да жаман койгон атымды,
Ушакчыдан: не кылам деп сурасам,
- Беш тыйынга мага сат дейт даңкыңды!
Сатам!
Алсын!
Таш идишке куйса керек бактымды,
Таттуу идишке куйса керек атымды,
Кароолчудан: не кылам деп сурасам,
Балам алсын, бекер бер дейт даңкыңды.
Берем!
Алсын!
Сатпайм, кадыр-баркымды,
Уйчу, койчу, кетменчинин
Менмин кымбат акыны. 
"Мен кыргыздын акыны"
13-окуучу: Алыкул элге өлбөс-өчпөс поэзиясы менен кызмат кылган, ал таланты менен өлүмдү коркута алган.
Мен тургузбайм эскерсин деп эскерме
Эскерсин деп эстетерге эч нерсе,
Кайтпас күнгө калкып кете беремин.
Кайсы күнү тагдырыма кез келсе.
Таштан болор, кумдан болор төшөгүм,
Аз болсо да сыртта калар сөздөрүм,
Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү
Буудан болуп таскак салып өтөрмүн. 
14-окуучу: Алыкул Ата Журттун суусун, ташын, чөбүн, булутун, көлүн, арча, карагайын мазар сезген. Булуң - бурчуна чейин кыдыргысы келген. Өз өмүрүн Алыкул гүл жытына, куштун закымына, көлдүн толкунуна, эгиндин ыргалгандыгына, булактын шоокумуна, кайыңга берген. Бүт жүгүн көтөргүсү келген.
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу бороон уруп, кар уруп,
Суугуңду өз мойнума алайын,
Жол карайын, токтой турчу, Ата Журт!
Жаз да башка жел тийбесин абайла,
Көпкө турбас мобул турган сур булут.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын
Сен ооруба, мен ооруюн, Ата Журт! 
"Ата Журт" 
15-окуучу: 
Ата Журтум, тууган элим, Мекеним,
Жан кубатым, сүйгөн жерим секетим.
Тоо-ташыңдын, турпагыңдын, сууңдун,
Мен көрбөдүм пайдасы жок бекерин.
Сүйөм сени, сүйгөндүгүм сүттөн ак,
Сени сүйгөн тагдырыма ырахмат.
Өлгөндө да сенин таттуу жытыңды,
Жаткым келет көкүрөккө кучактап.
Мендеги өмүр, меники эмес сеники,
Менин ырым, сеники эмес, элдики,
Ар бир демим, ар бир соккон секундум - 
Өзүңдүкү, алар эмес желдики. 
"Ата Журтум"
16-окуучу: Т.Сыдыкбеков айткандай, Алыкул талантын эмгек менен курчуткан. Анын керемет поэзиясынын башкы бутагы - эмгек темасы болгон. 
Карапайым уйчу, койчу, кетменчи, маляр, плотник, саанчы, жөнөкөй жумушчунун эмгегин жогору баалаган.
Маляр келди бир чоң үйдү майлады,
Кабак түйгөн капалыкты айдады.
Ушул адам, ушул сырдуу кийимчен,
Бул дүйнөнүн үстүндөгү каймагы.
Кетти, кетти, кетти чоң үй капасы,
Кеткенине кубанды уул, атасы.
Ушул адам, ушул эски кийимчен,
Бүт дүйнөнүн үстүндөгү тазасы.
Үй тазарды, жарк деп кабак ачылды,
Өмүргө кас учкан чаңдар басылды.
Эң кеч жатып, элден эрте тура алган,
Ойлогонун ойдогудай куралган,
Касиеттүү мындай кымбат кесиптен,
Менин атам билбейм неге кур калган? 
"Маляр"

17-окуучу: 
Акын адамга жакшылык гана каалайт. Күчтүү, картайбас, өлбөс, чарчабас үчүн мүрөктүн, замзамдын суусун ичиргиси келет.
Мүрөктүн суусу жөн суулардай шырылдап,
Агып жатса мал кечпес жашыл аралда.
Көк арчадай өңдөн азбас болсун деп
Өзүм ичпей ичирер элем адамга.
Замзамдын суусу кайнар суудай шарактап, 
Ташып жатса куш жете алгыс ыраакта,
Эти калың, пилдей күчтүү болсун деп
Бүт агымын бурар элем адамга.
Олуя табып, Улукман аке дарысы,
Жазгы гүлдөй тепселип жатса талаада,
Жүрөк оору, өпкө оорунун сообу үчүн,
Өзүм ичпей ичирер элем адамга. 
"Адамзат"
Мугалим: 
Мейличи, мени жаман көргөн бирөөнүн,
Жан алгыч келип, жанын сууруп аларда.
Эгер чиркин, экөө болсо жүрөгүм,
Берер элем, бирин ошол адамга.
Мен сыяктуу жакшылыкка март эмес,
Адам деген өзүм дейт тура бечара. 
18-окуучу: 
Акындын көптөгөн ырларына обон салынып, бүгүнкү күндө ырдалып жүрөт. Мен акындын "Ак кайың" деген ырын ырдап берейин.

Бышыктоо: Суроо жооп менен сабакты бышыктоо

Жыйынтыктоо: 
Жалгыздык, жанын жай таптырбай жабыркаткан оорусуна, күрс-күрс кан жөтөлүнө карабай, үстөл үстүндө ыр жазган калыбында, бар болгону отуз беш жаш курагында кете берди. Өзүнө өзү канааттанбай катаал караган. Ары тагдыры татаал акындын чыгармалары кулач жеткис, асман мелжиген алп чынар терекке айланды. Керемет поэзиясынын тематикасы да ар түрдүү (эмгек, сүйүү, жашоо, өмүр, өлүм, согуш, тирүүлүк
Менин күнүм кирген суудай күрпүлдөйт,
Күзүн күтүп, мөмөсүнөн күбүлбөйт.
Таштан болор, кумдан болор төшөгүм,
Аз болсо да сыртта калар сөздөрүм.
Өлсөм дагы жара тээп мүрзөмдү,
Буудан болуп таскак салып өтөрмүн.
Менин күнүм өлбөсүнө түңүлбөйт,
Толкун урса тайызына сүрүлбөйт.
Тирүүлүктө жоктугуна жол бербей,
Жер түбүндө чирисе да, бир гүлдөйт. - деп акын өзү айткандай, А.Осмонов поэзия майданында өлбөс-өчпөс мунара катары кылымдан-кылымга жашай бермекчи.
Балдар, эмесе бүгүнкү сабагыбыз ойчул, мээнеткеч акын Алыкулга гүлдесте болсун.
Баарыңар акындын ырларынан жатка билет экенсиңер, ырахмат!
Аз жашап, өмүр жолу узак кылым,
Ар адам жатка билген ар кыл ырын.
Ааламда эмне бийик деп сураса,

Айтмакмын Алыкул деп, сөздүн чынын.

Баалоо: Окуучулардын билимин баалоо

Үйгө тапшырма: Алыкулдун 100 жылдыгына карата дилбаян жазып келүү.




Самые низкие цены на курсы профессиональной переподготовки и повышения квалификации!

Предлагаем учителям воспользоваться 50% скидкой при обучении по программам профессиональной переподготовки.

После окончания обучения выдаётся диплом о профессиональной переподготовке установленного образца (признаётся при прохождении аттестации по всей России).

Обучение проходит заочно прямо на сайте проекта "Инфоурок".

Начало обучения ближайших групп: 18 января и 25 января. Оплата возможна в беспроцентную рассрочку (20% в начале обучения и 80% в конце обучения)!

Подайте заявку на интересующий Вас курс сейчас: https://infourok.ru/kursy



Автор
Дата добавления 10.11.2015
Раздел Классному руководителю
Подраздел Другие методич. материалы
Просмотров630
Номер материала ДВ-141803
Получить свидетельство о публикации

УЖЕ ЧЕРЕЗ 10 МИНУТ ВЫ МОЖЕТЕ ПОЛУЧИТЬ ДИПЛОМ

от проекта "Инфоурок" с указанием данных образовательной лицензии, что важно при прохождении аттестации.

Если Вы учитель или воспитатель, то можете прямо сейчас получить документ, подтверждающий Ваши профессиональные компетенции. Выдаваемые дипломы и сертификаты помогут Вам наполнить собственное портфолио и успешно пройти аттестацию.

Список всех тестов можно посмотреть тут - https://infourok.ru/tests

Похожие материалы

Включите уведомления прямо сейчас и мы сразу сообщим Вам о важных новостях. Не волнуйтесь, мы будем отправлять только самое главное.
Специальное предложение
Вверх