Добавить материал и получить бесплатное свидетельство о публикации в СМИ
Эл. №ФС77-60625 от 20.01.2015
Свидетельство о публикации

Автоматическая выдача свидетельства о публикации в официальном СМИ сразу после добавления материала на сайт - Бесплатно

Добавить свой материал

За каждый опубликованный материал Вы получите бесплатное свидетельство о публикации от проекта «Инфоурок»

(Свидетельство о регистрации СМИ: Эл №ФС77-60625 от 20.01.2015)

Инфоурок / Директору, завучу / Другие методич. материалы / Сабакта бкрилуучу уй тапшырмасынын мааниси, окуучунун оз алдынча иштоо компетенттуулугун калыптандыруудагы анын толу тууралуу баяндалат
ВНИМАНИЮ ВСЕХ УЧИТЕЛЕЙ: согласно Федеральному закону № 313-ФЗ все педагоги должны пройти обучение навыкам оказания первой помощи.

Дистанционный курс "Оказание первой помощи детям и взрослым" от проекта "Инфоурок" даёт Вам возможность привести свои знания в соответствие с требованиями закона и получить удостоверение о повышении квалификации установленного образца (180 часов). Начало обучения новой группы: 28 июня.

Подать заявку на курс
  • Директору, завучу

Сабакта бкрилуучу уй тапшырмасынын мааниси, окуучунун оз алдынча иштоо компетенттуулугун калыптандыруудагы анын толу тууралуу баяндалат

библиотека
материалов


С.Рысбаев,

педагогика илимдеринин доктору, профессор,

Кыргыз билим берүү академиясынын

лаборатория башчысы


Кыргыз тили жана адабияты сабагынан берилүүчү

үй тапшырмасы – окуучунун өз алдынча иштөө компетенттүүлүгүн текшерүүнүн жана баалоонун маанилүү каражаты.


Түйүндүү түшүнүктөр: үй тапшырмасы, текшерүү формасы, текшерүү каражаты, текшерүү критерийлери, баалоо индиктору, өз алдынча иштөө, окуучунун өз тажрыйбасы, тапшырманын түрлөрү, тапшырманын көлөмү жана узактыгы, компетенттүүлүк.

Ключевые слова: домашнее задание, форма проверки, средства проверки, критерии проверки, индикаторы оценивания, самостоятельная работа, самостоятельная практика ученика, виды заданий, обьем и сложность заданий, компетентность.

Аннотация: макалада үй тапшырмасынын маани-маңызы, анын окуучунун өз алдынча билим алуусун уюштуруунун жана текшерүү менен баалоонун бир каражаты экендиги сөз болот. Тапшырма аркылуу окуучунун практикалык машыгууларын текшерүү менен баалоонун формалары, жолдору менен критерийлери, окуучунун ээ болуучу өз тажрыйбасы, ага таянып иштөө тууралуу айтылат. Бул маселелер кыргыз тили, адабияты сабагынын мисалында чечмеленген.


Адатта, мугалим үй тапшырмасынын аткарылышын текшерүү менен сабак баштайт. Бул – калыптанган процесс. Ошондуктан, сабактын гана эмес, сабактагы өздөштүрүү процессинин ажырагыс бөлүгү болгон бул маселеле айрыкча көңүл бурууга арзыйт.

Үй тапшырманы аткаруунун мааниси – эмнеде? Ал окуучунун ошол күнкү сабакка даярдык деңгээлин гана аныктабайт, окуучунун өз алдынча иштөө компетенттүүлүгүн текшерүүнүн да, баалоонун да каражаты катары көрүнөт. Андай болгон соң, үй тапшырманы текшерүүнү обьекьтивдүү жүргүзүү жана ага айрыкча маани берүү өтө зарыл.

Үй тапшырманы текшерүүдө кыргыз тили жана адабияты сабактарында эмнелер көңүлгө алынат, т.а. эмнелер текшерилет? Алсак, кыргыз тили сабагында:

1.Окуучу өткөн сабакта берилген грамматикалык материалдын табиятын билиши жана аны мисал менен түшүндүрө алышы;

2. Грамматикалык эрежени практикада колдонуп, ага жараша мисал келтирип, талдап түшүндүрө билиши;

3.Эрежеге ылайык проблемалык жагдайды түзүп, аны чече алуусу;

4.Сабактын темасын жаттап гана түшүнбөй, чыгармачылыгын көргөзө алуусу.

5. Окуучунун темага жараша өз алдынча сынчыл ой жүгүртүү түрүндө иштей билүүсү.

Демек, мугалим мына ушул критериалдык-баалоо багыттарда окуучунун теориялык жана практикалык билими менен машыгууларын текшерүүгө тийиш. Антпесе, көпчүлүк убакта мугалимдер окуучунун грамматикалык эрежени билүүсү жана ага жараша бир-эки мисал талдоосу менен чектелип, окуучунун билимин тайкы баалоого жол беришет.

Адабият сабактарында да окуучунун адабий-теориялык билими менен практикалык машыгууларын текшерүүдө сөзсүз түрдө алардын билимин компетенттүүлүктүн негизинде обьективдүү баалоонун зарыл талаптарын мугалим алдын ала түзүп алуусу зарыл. Ал, биздин оюбузча, төмөндөгүдөй болуусу мүмкүн:

  1. Окуучу акын- жазуучунун өмүр жолу менен чыгамачыл баянын билүүсү;

  2. Чыгармаларынын мазмунун түшүнүүсү жана аны сюжетинин урунттуу учурлары менен байланыштырып мүнөздөй билүүсү;

  3. Чыгарманын идеясын, андагы проблемалуу жагдайларды сынчыл ой жүгүртүү менен чечип түшүндүрө алуусу;

  4. Чыгарманын сюжети, мазмуну жана идеясы боюнча окуучунун өз алдынча жазуу-оозеки түрдөө комплекстүү иштөөсү;

  5. Чыгарманын авторунун өз алдынчалуулугу, өзгөчөлүктөрү тууралуу ой жүгүртө алуусу.

Эгер мугалим конкреттүү тема боюнча окуучунун теориялык жана практикалык билим-машыгуулары жеткиликтүү болсун десе, сөзсүз түрдө жогоркудагы багыттарда алардын күндөлүк даярдыктарын талаптагыдай текшерүүсү жана ошого ылайык обьективдүү баалоосу талап кылынат.

Албетте, мугалим сабакта окуучунун билимин обьектүвдүү баалоосу үчүн теманын мүнөзүнө жараша балдардын даярдыгынын көрсөткүчтөрү катары атайын критерийлерди түзүп алуусу талапка ылайык келмек. Окуучулардын билиминин (үй тапшырмасы боюнча) деңгээлин, практикалык машыгуусун текшерүүдөгү жана баалоодогу андай критерийлер, албетте, баалоонун индикаторлору катары көрүнөт.

Мисалы:

  1. Окуучунун теманын идеясы боюнча жалпы-жонунан түшүнүгү барбы?

  2. Конкреттүү эпизоддорду талдап, эмпирикалык түрдө түшүндүрүп айта алабы?

  3. Үйрөнгөнүн турмуштук мисалдар менен бирдикте практикада колдоно алабы?

  4. Темага жараша турмуштан мисал келтирип, чыгармачылык менен ой жүгүртө алабы?

  5. Бул теманын идеясын башка темалар же чыгармалар менен байланыштырып, системалуу түшүндүрө алабы?

Мына ушул сыяктуу критерийлерди мугалим күн мурунтан даярдап, класска көрүнөө кылып илип койсо да болот. Анткени, бул критерийлер окуу материалын үстүрт окуп, даярдыгы анчейин болбогон окуучулар үчүн да жол көрсөтүүчү багыт болуп берет.

Ошондой эле, бул критерийлер класстагы окуучулар бири-биринин берип жаткан жоопторун баалап отурууга да багыт бермекчи. Мунун өзү жалпы окуучулардын сабакта пассивдүү байкоочу эмес, активдүү катышуучу катары болуусун да шарттайт.

Ушунун өзү окуучунун билимин мугалим тарабынан авторитардык баалоосун да, баланын билимин баалоодогу айрым психологиялык (субъективдүү) жагдайлардын да алдын алуучу каражат болуп берет.

Чындыгында, окуучуга үй тапшырмасын берүү же окуучу үй тапшырмасын аткаруусу - анын мугалим жокто өз алдынчалуу иштей алуу компетенттүүлүгүн калыптандыруунун, чыгармачыл өз алдынча ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн каражаты болуп саналат.

Нормативдик жактан алганда, үй тапшырмасын берүүнүн кыйла методикалык проблемалары бар. Алсак, үй тапшырмасынын максаты, мазмуну, көлөмү, оордугу жана татаалдыгы, ал тургай аткаруу убактысы ж.б. маселелер. Андыктан, үй тапшырмасын берүүдө: аны окуучунун аткаруусу үчүн канча убакыт сарпталат, ал класста өтүлгөн тема менен кандай логикалык байланышта болмокчу, аны аткарууга баланын мүмкүнчүлүгү жол береби, ж.б. маселелердин ырааттуу ойлонулуп чечилүүсү тийиш.

Учурда колдонулуп келаткан нормативдик алкактан алсак, класстар боюнча окуучулардын үй тапшырмасын аткаруу убактысы т.а. ага жумшалуучу убакыттардын жалпы көлөмү жана узактыгы төмөндөгүчө:

-1-класстын окуучусу үчүн, 2-жарым жылдыктан кийин-30 мүнөт;

- 2-класстын окуучусу үчүн – 1, 2 саат,

3-4-класстардын окуучулары үчүн – 1, 5 саат;

-5-6-класстардын окуучусу үчүн- 1,8 саат;

-7-9-класстардын окуучусу үчүн-2 саат;

-10-11- класстардын окуучусу үчүн-2,2 саат.

Дегинкиси, үй тапшырмасынын мүнөзү класстагы окуучулардын өздөштүрүүсүнүн деңгээлине жараша үч түрдө берилет:

  1. Фронталдуу тапшырма. Албетте, тапшырманын бул түрү жалпы окуучулар үчүн аткарууга бирдей милдеттүү болуусу;

  2. Дифференцирленген тапшырма. Бул түрдөгү тапшырмалар, өзүнүн татаалдык-жеңилдиги боюнча окуучулардын өздөштүрүүгө болгон мүмкүнчүлүгүнө жараша берилмекчи.

  3. Индивидуалдуу тапшырмалар. Бул түрдөгү тапшырмалар айрым өзгөчөлөнгөн, чыгармачылык менен иштеген окуучуларга берилиши же начар өздөштүргөн окуучуга берилиши ыктымал.

Дагы бир маселе: үй тапшырмасы берилиш максаттарына жараша да түрдүү мүнөздө болорун байкап жүрөбүз. Мисалы:

-маалыматтык кайталоо мүнөзүндөгү тапшырма;

-жаттоо мүнөзүндөгү тапшырма;

-талдоо, мүнөздөө мүнөзүндөгү тапшырма;

- проблемалуу жагдайларды чечүү мүнөзүндөгү тапшырма;

-чыгармачылык ишмердигин уюштуруу жана текшерүү мүнөзүндөгү тапшырмалар;

-өз алдынчалуу ишмердигине багыт берүүчү тапшырмалар.

Бул мүнөздөгү тапшырмалар өзүнүн оригиналдуулугу менен айырмаланат. Мисалы, дифференцирленген тапшырмаларда окуучулардын өздөштүрүүсүнүн деңгээлдерине жараша механикалык гана түрдөгү жөнөкөй, орто жана татаал мүнөздөрдөгү программаланган тапшырмаларды аткаруу милдеттендирилген болсо, деңгээлдик тапшырмаларда максаттуу түрдө окуучунун өздөштүрүү деңгээлин текшерүүнү көздөгөн тапшырмалар берилет. Тактап айтканда:

  1. Маалыматтык кайталоо мүнөзүндөгү тапшырмаларда баланын тилдик жана адабий маалыматтарды билүү деңгээлин текшерүү максаты коюлат;

  2. Колдонуу мүнөзүндөгү тапшырмаларда үйрөнгөндөрүн практикада колдоно алуусу, өз алдынча мисал келтирип, аларды далилдей алуусу текшерилет;

  3. Проблемалуу тапшырмаларда окуучунун проблемалуу мүнөздөгү жагдайларды темага байланыштуу чече алуусу текшерилет;

  4. Чыгармачыл тапшырмаларда темага ылайык окуучунун өз алдынча чыгармачыл мүнөздөгү иш-аракеттерди жүргүзө алуусу текшерилет жана бааланат.

Кээде үйгө берилүүчү тапшырма класста аткарылган көнүгүүнүн тибиндей көнүгүүлөр болушу да мүмкүн. Кантсе да, ал баланын күчү жетерлик болушу керек. Болбосо, кечинде, уйкусу келип чарчаган баланы, зордоп, күчтөп, тапшырманы механикалык түрдө көчүртүп аткаруу, же карандай жаттатуу анча натыйжа бербейт. Механикалык түрдө аткарган тапшырма – сабактын билим берүүчүлүк, өнүктүрүүчүлүк жана тарбия берүүчүлүк максаттарына да туура келбейт жана аны жүзөгү ашырууга кызмат кылбайт.

Ал эми үй тапшырмасын аткаруусу аркылуу чыгармачыл окуучу өзүнүн активдүүлүгүн ырааттуу көргөзөт жана ошого ык алат. Мугалим дагы окуучусунун жандүйнөсүн сезип-туюп, тапшырманы аткаруу деңгээлине жараша аны баалайт.

Дегинкиси, үй тапшырманы аткарууга окуучуну багытоо- сабактагы бышыктоо иш-аракетинен башталат. Сабакты бышыктоо критерийлер аркылуу ырааттуу ишке ашса, үй тапшырмага окуучу кыйла деңгээлде даярдалат. Эгер тескерисинче болсо, начар өздөштүргөн окуучу үй тапшырманы аткарууга даярдыксыз түрдө үйүнө кетишет.

Ошондуктан, окуучусу үй тапшырмасын аткарууга даярбы, даяр эмеспи, аны мугалим сабакты бышыктоо процессинде алдыртан байкай билүүсү тийиш.

Өнүккөн өлкөлөрдө, атап айтканда, Япониянын мектептеринде үй тапшырмасын берүүгө мындайча мамиле жасаларын байкадык. Аларда, эгер окуучу ар күнү класста иштелүүчү бардык окуу материалын критериялык-аналитикалык негизде ырааттуу. түрдө жеткиликтүү өздөштүрүп жүргөн болсо, мугалим ал окуучуга үй тапшырмасын берүүдөн баш тартат экен. Окуучу бул учурда киного барып, башка адабияттарды окуп, эркин түрдө, чыгармачылык менен иштөөгө мүмкүнчүлүк алат экен.

Дагы бир маалыматтарга таянсак, Россиянын мектептеринде класста үйрөнгөнүн окуучунун өз алдынча ишинде колдоно алуусун текшерүүгө айрыкча басым коюлса, Германиянын мектептеринде окуучунун чыгармачыл ишин көрсөтүүсүнө көңү бурулат экен. Ал эми Кыргызстандын мектептеринде басымдуу көп учурда көчүрүп жазууга, жаттоого, ордуна коюуга, алдын сызууга, окуп келүүгө, кайталап келүүгө тапшырмалар берилерин байкайбыз. Мунун өзү биздин Республикада да үйгө тапшырма берүүгө башкача маани берип, чыгармачыл мамиле кылуу зарылдыгын ойго салат.

Кантсе да, үй тапшырмасын кайталонуо аяктаган соң, окуучуларды өз алдынча мындайча ой туюмун жасоого үйрөтүү- жакшы натыйжа бермек.

-Мен үй тапшырманы аткаруу менен эмнени үйрөндүм? Анын эң маанилүүсү кайсы?

-Мен үй тапшырманы аткарууда эмнеге машыктым? Анын эң маанилүүсү кайсы?

Окуучулар бул суроолорго жараша өз алдынча ой жүгүртүп, үйрөнгөндөрүнүн жалпы мазмуну эмне, анын бала үчүн маанилүүсү кайсы, ээ болгон көндүмдөр кайсылар, алардын бала үчүн эң маанилүүсү кайсы экенин түшүнүп, жалпы жыйынтык чыгарса болот.

Мына ушундай жыйынтыктын өзү-окуучунун өз алдынча окуу тажрыйбасын ыраттуу түрдө жаратууга, аны топтоого, системалоого жана ошого таянуу менен иштөөгө багыт бермек жана аны дагы да ырааттуулукка салмак.

Андай болсо, кыргыз тили-адабияты сабактарында окуучунун өз тажрыйбасын жаратуу жана ага таянып иштөө-деген эмнени түшүндүрөт?

  1. Тилдик жана адабий-теориялык маалыматтарды талдап түшүнүүдөгү тажрыйба;

  2. Үйрөнгөндөрүн практикада колдоно билүүдөгү өздүк тажрыйбаны жаратуу;

  3. Проблемалуу жагдайларды түзүү жана аларды адабий-тилдик материалдар менен байланышщта чечүүдөгү өздүк тажрыйба;

  4. Предметке жараша өздүк чыгармачылыкты жаратуудагы өздүк тажрыйба.

Окуучунун мындай өздүк тажрыйбасы бир күндө эле калыптана калбайт, ал мугалим менен окуучунун узак убакыттар бою жүргүзүлгөн өз алдынчалуу, чыгармачыл иштеринин натыйжасында пайда болгон бекем көндүм жана ыраатту у билгилик (компетенттүүлүк) болуп саналат. Тактап айтканда, үй тапшырманы кайталоого, жаңы сабакты түшүнүүгө жана аны бышыктоого ишмер мамиле жасоодон улам келип чыккан окуучунун өздүк тажрыйбалары гана - окуучунун ырааттуу өздүк тажрыйбасын жаратат.

Мына ошол окуучунун өздүк тажрыйбасына таянып иштөө гана мугалимге да, окуучуга да ийгиликтерди жаратат. Аны окуучуда жарата албаган жана ага таянып иштебеген мугалим – ал алсыз, билимсиз жана методикалык чечберчилиги төмөн, компетентсиз гана мугалим болмокчу.

Ошол үчүн, үй тапшырма берүү, аны илимий жактан уюштуруу маселесин ойлонуу менен чечүү зарыл. Анткени илимий-методикалык жактан туура берилген үй тапшырмасы-- сабактагы улам кийинки кезектеги аткарыла турган катардагы иш-аракет эмес, сабакта аткарылган бүткүл уюштуруу-чыгармачыл иштерди логикалык жана мазмундук жактан жыйынтыктоочу, аны жүзөгө ашыруучу, окуучунун ой жүгүртүү ишмердигин мугалимсиз өз алдынча уюштуруу жана аны жүзөгө менен барабар болмокчу.


Пайдаланылган адабияттар:


  1. Бекбоев И.Б., «Инсанга багыттап окутуунун теориялык жана практикалык негиздери», Б.2005.

  2. «Кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун мамлекеттик стандарты», Б.2004.

  3. М.С. Фролова, Материалы международной конференции: Центральная Азия: Основные направления и перспективы развития в условиях глобализации», Б. 2008

  4. Казарцева О.М «Культура общения: теория и практика, учебное пособие. М. 1998

  5. Дридзе, Т. М. Язык и соц. психология (Т.М. Дридзе. – М. высш. школа, 1980

  6. И.П.Валькова, «Таксомания Блума и некоторые проблемы критического мышления», журнал: «Мектеп-школа», 2000

  7. «Глобалное образование», методическое пособия для учителей, Б. 2004

  8. «Учитель» газетасы, №6, 2008.

  9. «Учитель» газетасы, №3, М. 2007.

  10. «Учитель» газетасы, №1,М. 2007

  11. М.Б. Желдекова «Сравнительный анализ функции и роли заданий», «Хабаршы», Альфараби, университети, Алматы, 2010, № 1 (29), 169-172 б.б.







Подайте заявку сейчас на любой интересующий Вас курс переподготовки, чтобы получить диплом со скидкой 50% уже осенью 2017 года.


Выберите специальность, которую Вы хотите получить:

Обучение проходит дистанционно на сайте проекта "Инфоурок".
По итогам обучения слушателям выдаются печатные дипломы установленного образца.

ПЕРЕЙТИ В КАТАЛОГ КУРСОВ

Автор
Дата добавления 15.01.2016
Раздел Директору, завучу
Подраздел Другие методич. материалы
Просмотров1055
Номер материала ДВ-341085
Получить свидетельство о публикации
Похожие материалы

Включите уведомления прямо сейчас и мы сразу сообщим Вам о важных новостях. Не волнуйтесь, мы будем отправлять только самое главное.
Специальное предложение
Вверх