ТАП, ТАП ТАБЫШМАК 1
Бир
карасам - гүлгө окшош,
Бир карасам – күнгө окшош.
Топтоголок бою бар,
Кабат кабат тону бар.
Чечип жатсам көйнөгүн,
Ыйлап ийет көздөрүм.
Бири
ак, бири көгүштөн,
Көп адам менен өбүшкөн.
Тынччылыктын
символу,
Кайсы
куш? Билсең - .......
Абайла ага тийбе,
Үстү толгон ийне.
Буту бар, башы бар,
Аркасында
ташы бар.
Ал
да мени түшүнөт,
Мен да аны түшүнөм.
Адамдардын
чын досу,
Айбандардын
ичинен.
Кызыл өңүн өзгөртүп,
Жашыл болот кайрадан.
Бир кырсыкка учурайт,
Анын тилин албаган.
Суу
ичпейт, жем жебейт,
Каалашыңча минесиң,
Чарчабайт
да, тердебейт.
Түндө бар, күндүз жок,
Асманда бар, жерде жок.
Канаты бар, учпаган,
Жанынан
үйдүн чыкпаган.
ТАП, ТАП ТАБЫШМАК 2
Сырты
бирөө тоголок,
Ичинде
миң сан томолок.
Өзү кызыл, өзү кызык,
Боорунда бар жалгыз сызык.
Берекелүү балбан колдор,
Күз айында алат сузуп.
Жерден
жик чыкты,
Эки
кулагы тик чыкты.
Селдесин
ороно чыкты,
Кылычын
байлана чыкты.
Токсон кабат тону бар,
Тоголок келген бою бар.
Жер
алдында төлдөгөн,
Төлүн
өзү бөлбөгөн.
Кичине
гана сары киши,
Ичи
ичкери, сакалы тышкары.
Карасаң кардай,
Жеп көрсөң балдай.
Жаралбайт бирок,
Мээнетке канбай.
Жашыл
шайы оронот
Өзү
топтой тоголок.
Ичи
чоктой албырат
Жесең
суусун кандырат.
Үпүлдөккө кан куюп,
Үлөй талга байладым.
Бышырсаң
аш болор,
Бышырбасаң
куш болор.
ТАП, ТАП ТАБЫШМАК 3
Карагайсыз,
тактайсыз,
Көпүрө
салдым балтасыз.
Элексиз элеп, даяр ун берет.
Жебейбиз аны,
Бирок турмушта керек.
Ар жылда келет,
бул эмне делет?
Беш
кичине үйү бар,
Жалгыз
бир эшиги бар.
Көк коюм чыгып кетти,
Кызыл коюм жатып калды.
Жалтырайт
көңүлдү бөлөм,
Карасам,
өзүмдү көрөм.
Тору
тайды жетелеп,
Тоого
чыгам энтелеп.
Тоодон
ыргып мен минем,
Типтик
ылдый желдирем.
Төөбү
десем төө эмес,
Пилби
десем пил эмес.
Бийикке жүк көтөргөн,
Көздө
тынбас бир элес.
Өнөрдүн
ушул эң алды,
Чыккандан
элге жага алды.
Дүйнөнүн
бардык бурчунан,
Угузуп
турат кабарды.
Ашка
салсам жоголду,
Анын
даамы оңолду.
Бир
үйдө он эки адам жашап турат.
Экөө
кызмат кылат,
Он
экиси карап турат.
ТАП, ТАП ТАБЫШМАК 4
Короз
эмес чакырган,
Жем да жебейт акырдан.
Каалаганда
ойготот,
Кана
балдар тап ылдам!
Тетиктери
темирден,
Тээп койсо элирген.
Кичинекей сандыкча,
Ичи
толо мыкча.
Кыш куйбай, ылай чылабай,
Ичи –
тышын шыбыбай,
Үй куруп алат кайсы уста,
Балта керки кармабай.
Бүрүшө
калат тиштесе,
Балбан экен иштесе.
Көтөрүп
жөнөйт, безилдеп,
Өзүндөй
жүктү эки эсе.
Жайык
бетте үч булак
Жарыша агат күү курап.
Адам
колу тийбесе
Ал
да унчукпайт , тим турат.
Жыланга окшош - сойлобойт,
Колдо
тынбай ойдолойт.
Андан катуу сестенип,
Атың желет, жорголойт.
Ичегиси чубалып,
Көктөн
түшөт чубалып.
Аягы бар тарбагай,
Айлына
анын барба ай!
Чагып алса ачуусу ай,
Ак балынын таттуусу ай!
Көөнүбүздү
жай кылып,
Ар бир үйдө алмурут.
Саргыч
тартып бышпаса,
Биз
калабыз кайгырып.
ТАП, ТАП ТАБЫШМАК 5
Шар –шар
этет,
Сайдан ылдый кетет.
Канаттары үлбүрөк,
Каалайт
экен гүлдү көп.
Балдар көрүп кубанат,
Кармасак деп кубалап.
Таң
заарынан кыйкырып,
Уйкучуну шашылтат.
Койкоңдогон
таажылуу,
Ал
кай жандык атын тап!
Атын өзү чакырган,
Тал –
терекке жашынган.
Бакпайт экен баласын,
Аны албетте табасың.
Ала-була
түрүнөн
Баары тааныйт үнүнөн.
Сактыгы
анын өзгөчө,
Уча
билет тигинен.
Кирген
киши менен да кол алышат,
Чыккан киши менен да кол алышат.
Достошсоң сен жашыңда,
Акыл
артат башыңда.
Адам үчүн кенч да жок,
Андан өткөн асыл баа.
Көз эмессиң,
Бирок сен
Көзгө жардам бересиң.
Велосипед сыяктуу,
Келет мага элесиң.
Күркүрөгөн үнү бар,
Күйүкпөгөн күлүк – ал.
Какпай учкан канатын
Кайсы
куш бул,
билип ал?
Үй ичинде уялайт,
Бирин-бири
кубалайт.
Чыйылдашып ар дайым,
Бирин бири табалайт.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.