Инфоурок Директору, завучу СтатьиТема: Баланы туура тарбиялоо

Тема: Баланы туура тарбиялоо

Скачать материал

 

Балага байкатпай багыт көрсөтүүнүн айрым жолдору

Балага тарбия берүүнүн, багыт көрсөтүүнүн эң таасирдүү жана оңой жолу – аны жакшы көрөрүңүздү сездирүү менен анын дүйнөсүнө кирүү, аны менен ойноо, тамашалашуу, аны түшүнүүгө аракет кылуу. Баланын тили менен сүйлөшүп, аны менен жуурулушуу балага айта турган нерсени айтып, үйрөтө турган нерсени үйрөтүүгө ыңгайлуу шарт түзүп берет. Бул шартты пайдаланып, балага байкатпай багыт көрсөтүү керек. Балаңызды сүйөсүзбү? Албетте, сүйөсүз, бирок бул жетиштүүбү? Бул жерде баланы сүйүү атмосферасында тарбиялоо маселеси жатат. Сүйүү гана эмес, өз сүйүүңүздү сездире билүүңүз маанилүү. Бүгүнкү күндөгү чыңалган иш графигине байланыштуу дайыма өз балдарынын жанында боло албаган ата-энелер алардын руханий керектөөлөрүн байкашабы? Маселе мына ушунда жатат. Ата, бир саатта канча акча табасыз? Юристтик кесипти аркалаган бир мырза жумушуна эртең менен эрте кетип, үйүнө кеч киргенде чарчап-чаалыгып келер эле. Бул көрүнүш күн сайын кайталанчу. Тестиер кызы “аталап” жанына чуркап келсе, “Кызым, жумушум бар” же “чарчадым” деп жанынан алыстатар эле. Бир күнү атасы жумуштан келери менен босогодон тосуп чыккан кызы: – Ата, бир саатта канча акча табасыз? – деп сурайт. Таң калган атасы: – 500 сом. Бирок эмнеге сурап жатасың? – дейт. Анда кызы: – Ата, мага 250 сом бере аласызбы? – дейт. Эч нерсеге түшүнбөгөн атасы кызына 250 сом берет. Акчаны алган кыз көптөн бери топтоп жүргөн акчаларын чөнтөгүнөн алып чыгып, 500 сомду эсептеп атасына сунуп: – Ушул 500 сомду алып, убактыңыздын бир саатын мага бөлөсүзбү? – дейт... Ооба, ата-эненин жакшы тарбиясы баланын жанында ар дайым болууну талап кылбашы да мүмкүн. Ата-эне баласы менен ар дайым боло албаса дагы, ал анын учурдагы проблемаларын билиши керек, баласынын жанында экенин сездириши керек. Телефон аркылуу жумушуңуз тууралуу сүйлөшүп жатканда жаныңыздагы кичинекей балаңызды эске алып ал түшүнө турган сөздөр менен сүйлөшкөндү унутпаңыз. Албетте, сиз бул пикирге кошулбашыңыз мүмкүн. Бирок балаңыз сиздин ар бир кыймыл-аракетиңизден, сүйлөгөн сөзүңүздөн, ымдоо-жаңсооңуздан өрнөк аларын унутпаңыз. Андыктан телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда жаш баланын жетилип келе жатканын унутпаңыз. Себеби “баланын мүнөзүнүн калыптанышында наристе уга турган жерде айтылган ар бир сөздүн өз орду бар” (Носес Баллон). Жомок, аңгеме аркылуу багыт берүү Балага жомоктор, аңгемелер аркылуу тарбия берсе болот. Биз айтып жаткан нерселер, албетте, 2 жашка карай өзгөрөт. Айта кете турган дагы бир маанилүү нерсе, биз айтып жаткан нерселер чыныгы жашоодон алыстабашы керек. Балага айтылган жомоктор жашап жаткан жашоого жакын болушу шарт. Жомок, аңгемелерди апыртып, өтө көркөмдөп, баланы бул жашоодон алыстатпаңыз. Жомок айтып берип жатып жакшы окуяларга, сыпаттарга көбүрөөк токтолуп, терс окуяларга, сыпаттарга көп токтолбогон оң. Убакытты туура пайдаланууга үйрөтүү Балдар жазган, тарткан же жасаган иштерин алып келип “Кандай экен, ата?” – деп сураса, эмне кыласыз? Алгач алып келген нерсесин карап көрүп, кантип жасаганын сураңыз. Андан соң балага жылуу сөздөрдү айтыңыз. Эгерде ал купулуңузга толбосо, анда анын кемчилигин айтпастан: “Балам! Сонун экен, бирок сенин мындан да жакшы жасай аларыңды билем. Кайра жасап көрчү”, – деңиз. Бул ыкма мыкты натыйжаларды берет. Мисалы, балаңызды бир жакка жөнөткөндө кеч келсе, эмне кыласыз? Андайда төмөнкү ыкманы колдонуп көрүңүз: Алгач жылуу жылмайыңыз. Саатыңызга карап: “Кана, канча саатта келесиң?” – деп сураңыз. Бул суроо баланын көз алдында кыйын көрүнүп жаткан жумушту заматка кичирейтет. Бала убакыт менен жарыша баштайт да, бат барып келүүгө аракеттенет. Барып келери менен: “Ата, саат канча болду?” – деп сурайт. Ооба, дайыма эле ушундай боло бербейт. Буга көнүү үчүн бир топ убакыт талап кылынышы мүмкүн. Бул жердеги негизги маселе балаңызды кандай жумушка жумшап жаткандыгыңыз. ЖМК аркылуу багыт көрсөтүү Балага багыт көрсөтүүдө телеканалдардан көрсөтүүлөрдү тандап көрсөтүп, радиолордон уктурууларды иргеп уктуруңуз. Мындагы эң жакшы мүмкүнчүлүк алар менен чогуу отуруп көрүү менен аларга багыт көрсөтүүдө болот. Көргөн нерселерди алар менен кайра талкуулоо аркылуу өзүңүз каалаган багытты көрсөтүүгө болот. Көрсөтүүнү баланын жаш курагына, түшүнүгүнө жараша белгилүү убакыт менен көрсөткөн оң. Көпчүлүк учурда жалпыга маалымдоо каражаттарынан (ЖМК) көрсөтүлгөн балдарга арналган көрсөтүүлөрдө терс сыпаттарга көп басым жасалат. Ошондой эле балдардын уккан музыкалары да билинбестен анын аң-сезимине чоң таасирин тийгизет. Балага балалык доорун сүрдүрүү; аны тажатпоо Баласынын оор басырыктуу, сабырдуу, баскан-турганы, ойлонгону, сүйлөгөнү чоң адамдардыкындай болушун көпчүлүк ата-энелер каалашат. Мындай болушун каалабайм дегендер барбы? Эгерде бар болсо, анда бул түшүнүктөн арылып, балдарынын балалык доорун сүрүшүнө шарт түзүп бергени оң. Аларга берерибизди, жасатарыбызды алардын балалык доорун сүрүшүнө тоскоол болбой тургандай шартта берүүгө аракет кылуу абзел. Бала тигил же бул нерсени жасашы, үйрөнүшү керек деп алардын жашоосун төрт дубал менен тосуп коюуга болбойт. Аларга балалыгын сездирип, аны жашаткан жакшы. Балаңызды өтө кыйнабаңыз жана андан көп нерсени күтпөңүз. Сиз күткөн нерсени жасай албай калып, балаңыз жаңылыш жолдорго барышы мүмкүн. Мында зыянга учураган бала болуп, аны зыянга түрткөн ата-эне болуп калат. Ислам аалымы Имам Газали айткандай, “Оюндан оолак кармалып, дайыма окуунун, үйрөнүүнүн астында эзилген баланын жүрөгү соолуп, акылы мокоп, жашоосу зынданга айланат. Жадагалса, ал сабактан кутулуу үчүн ар кандай себептерди издей баштайт”. Андыктан ата-эне балага энергия, күч, шык берүүчү булак экенин унутпашы керек. Баланын капачылыктарын чогуу баштан өткөрүү, анын “акылды адаштырган” идеяларын угуу, математиканы түшүнбөй жатканын, футбол ойногусу келбей жатканын түшүнүү баланы кандай болсо, ошондой кабыл алуу болуп саналат жана сүйүү ушундан башталат. Мисалы, айрым учурда сабак аткарып жаткан балага: “Балам, кааласаң барып ойно”, – деп көрүңүзчү. Жоопкерчилик астындагы бала ал учурда барып ойнобойт, бирок кааласа барып ойной аларын билгендиктен психологиялык жактан өзүн эркин сезет. Баланы жетиштирүүдө керек болгон жерде аны эркин коё билгенди да билүү зарыл. Бирок кайсы бир буюмду артык кылам деп жатып талкалап албоо абзел. Баланын биринчи же экинчи болушуна эмес, талантына жараша эмне кылып жатканына жана кайсы жерден кайсы жерге келгенине маани бериңиз. Анан, албетте, анын бала экенин унутпаңыз!

 

 

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "Тема: Баланы туура тарбиялоо"

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 3 месяца

Животновод

Получите профессию

Менеджер по туризму

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 663 291 материал в базе

Скачать материал

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 01.04.2017 3462
    • DOCX 23 кбайт
    • 33 скачивания
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Мукамбетова Асель Абдылисовна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    Мукамбетова Асель Абдылисовна
    Мукамбетова Асель Абдылисовна
    • На сайте: 8 лет и 5 месяцев
    • Подписчики: 0
    • Всего просмотров: 55805
    • Всего материалов: 5

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

Интернет-маркетолог

Интернет-маркетолог

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе
аудиоформат

Курс повышения квалификации

Туризм и краеведение: актуальные вопросы методики и организации учебной деятельности в дополнительном образовании детей

72/108/144 ч.

от 2200 руб. от 1100 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 22 человека из 18 регионов
  • Этот курс уже прошли 162 человека

Курс повышения квалификации

Особенности работы с одаренными и слабоуспевающими детьми в школе

36 ч. — 144 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 232 человека из 55 регионов
  • Этот курс уже прошли 846 человек

Курс повышения квалификации

Оптимизация и развитие бизнес-процессов: операционный менеджмент, стандарты и процедуры для улучшения бизнеса

36 ч. — 180 ч.

от 1580 руб. от 940 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Эффективная самопрезентация

4 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 55 человек из 31 региона
  • Этот курс уже прошли 33 человека

Мини-курс

Психологическая помощь и развитие детей: современные вызовы и решения

6 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Адаптация и расстройства: понимание, преодоление, развитие

10 ч.

1180 руб. 590 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 25 человек из 18 регионов