Тема: Тармакта иштөө үчүн Windows XP ни настройкалоо.
Эки же андан көп компьютерлер арасындагы
түзүлгөн тармак толук кандуу иштеши үчүн физикалык байланыштыруудан тышкары IP
дарек, ат жана жумуш группасын көрсөтүү керек.
IP дарек берүү.
Тармакка туташуучу ар бир комьютерге
бири-бирине окшобогон 4 бөлүктөн турган ар бир бөлүк 0 дөн 255 ке чейинки
сандарды кармаган IP дарек берилет. Мисалы: 192.168.12.1 мында 192 област 168
район, 12 мекеме, 1 компьютердин номери дегендей манини түшүндүрөт. Бул IP даректи кийирүү алгоритми операциондук системага
жараша бири-биринен айырмаланып турат. Биз төмөндө Windows XP ОС сында иштөөнү
карайбыз. IP даректи кийирүү терезесин чакыруу үчүн Пуск/Настройка
/Панель управления/Сеть и подключения к Интернету/
Сетевые подключения/ Подключение по локальной сети/ Протокол Интернета (ТСP/IP)/ Свойства жыйынтыгында төмөнку терезе пайда
болот:
Бул форманын жардамында IP дарек беребиз айтылбаган
учурда “Польучить IP-адрес автоматически” деген радио кнопкасы тандалып
турат. Бул учурда компьютер IP даректи NAT серсерден алат. Эгер тармакта мындай сервер болбосо “Использоват
следущей IP -адрес” радио кнопкасын тандап жогоруда көрсөтүлгөн
формадагыдай дарек беребиз. Формада көрсөтүлгөндөй “Маска подсети” өзгөрүүсүз
калат. Бул терезени жүктөө үчүн жумушчу столдогу “Сетевое окружение” ге
мышканын оң кнопкасын басып “Свойства” ны тандайбыз пайда болгон терезедеги “Подключение
по локальной сети” тандоо менен да ачсак болот.
Компьютерге ат берүү.
Компьютердин атын жана жумуш группасын төмөнкүдөй
дарек боюнча бере алабыз жумушчу столдогу Мой кампьютерге мышканын он кнопкасын
басып “Свойства” га киребиз, пайда болгон терезенин “Имя компьютера” вкладкасын
тандап “Изменить” кнопкасын басабыз. Жыйынтыгында төмөнкү терезе пайда болот.
Бул терезенин жардамында компьютердин аты жана
группасы берилет.
П.Т. Папкага доступ берүү.
Тармакта турган компьютердеги маалыматтар
(папка жана файлдар) колдонуучу тарабынан уруксат берилбесе тармактан
башкаларга көрүнбөйт. Тиешелүү папканы тармакка чыгаруу үчүн ага мышканын оң
кнопкасын басып “Общий доступ и безопасность” ти тандайбыз. Жыйынтыгында
төмөнкүдөй терезе пайда болот.
Бул терезедеги
“Открыть общий доступ к этой
папке” дегенге желекче коюу
менен бул папканын тармакта көрүнүүсүнө уруксат беребиз. Ал эми “Разрешить
изменение файлов по сети” дегенге желекче коюу менен бул папканын ичиндеги
маалыматка тармактан өзгөртүү кийирүүгө уруксат беребиз.
Тармакты
тесттирлөө.
Биз компьютерди тармакка кошкондон кийин бизди
башка компьютерлер көрүп жаткандыгын же биз башка компьютерлерди көрүп
жаткандыгыбызды билүү үчүн тест жасайбыз. Ал үчүн төмөнкү дарекке киребиз:
Пуск/Выпольнит/Cmd.
Жыйынтыгында MS DOS
тун консулдук терезеси пайда болот. Бул терезенин жардамында төмөнкү ping командасын жазабыз. Мисалы: Биз көргүбүз келип
жаткан компьютердин дареги 192.168.12.3 болсо команда төмөнкүдөй жазылат. Ping 192.168.13.3
Бул маалыматтан биз
издеген даректеги компьютерге байланыш болбой жаткандыгын билсек болот.
Ал эми биз издеген
компьютер тармактан табылса төмөнкүдөй
маалымат алынат.
Бул компьютерден
маалымат алуу же жөнөтүү үчүн Проводник терезесин ачып адрес жолчосуна \\192.168.12.3
деп tnter ди басу менен иш жүзүнө ашырабыз.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.