Тема: Журок- кан тамыр системасы
635063
столько раз учителя, ученики и родители
посетили официальный сайт проекта «Инфоурок»
за прошедшие 24 часа
Добавить материал и получить бесплатное
свидетельство о публикации
в СМИ №ФС77-60625 от 20.01.2015
Инфоурок Биология КонспектыТема: Журок- кан тамыр системасы

Тема: Журок- кан тамыр системасы

библиотека
материалов

Сабактын аты: Биология класс: 8

Мугалим: Мукамбетова Асель Абдылисовна

Сабактын темасы: Жүрөк - кан тамыр системасы

Сабактын максаттары:

  1. Жүрөк – кан тамыр системасы тууралуу маалымат алышат, функциясын аныкташат.

  2. Кан тамырларды аныктап, түрлөрүн талдашат, жүрөктүн согушун талдап, жүрөктүн кан тамырларга тийгизген таасирин талдап билимдерин тереӊдетишет.

  3. Жүрөк оорусунун алдын алуу иш –чараларды туура жасоого калыптанышат.

Сабактын тиби: Жаӊы билим берүү сабагы

Сабактын формасы: лекция –сабак

Сабактын жабдылышы: Проектор, сүрөттөр, ТСО

Сабактын жүрүшү: уюштуруу

Окуучулар менен саламдашуу, үй тапшырмаларын текшерүү, өтүлгөн теманы кайталоо.

Жаӊы тема:

Жүрөк-кан тамыр системасы жүрөктөн жана кан толгон кан тамырлардан турат. Ага лимфа системасы да кирет. Жүрөктүн иштешинин натыйжасында кан тынымсыз жылып турат. Кан тамырлар Артериялар артерия, артериола, капилляр, венула жана веналарга бөлүнөт. Артериялар канды жүрөктөн ткандарга жеткирет, алар Организм органдарда ырааттуулук менен майда кан тамырларга бутактанып, акырында артериолаларды, алар болсо эң майда кан тамырларды (капиллярларды) түзөт. Капиллярлардан эң майда веналар (венулалар) башталып, акырындык менен бир-бирине биригип, чоңураак веналарга айланат. Жүрөккө кан эң ири веналар менен келет. Органдан өтүүчү кандын өлчөмүн артериолалар жөнгө салат. Органдын керектөөсүнө жараша артериолалар ичкерип же кеңейип, орган ткандарды кан менен камсыз кылууну өзгөртүп турат (Артериялар, Веналар).

Функциясы:

Жүрөк-кан тамыр системасы кан айланууну, ошону менен бирге ткандарга азык заттарды, кычкылтекти жеткирүү жана зат алмашуунун продуктуларын, көмүр кычкыл газын чыгарууну камсыз кылат. Андан тышкары кан гормондорду, ферменттерди жана башка заттарды ташып, организмдин химиялык (гумордук) жөнгө салуусуна катышат. Кан айлануу системасынын борбору — жүрөк, андан кан айлануунун чоң жана кичине тегереги башталат (Кан айлануу). Кан айлануунун кичине тегерегинин артерияларына өпкө сөңгөгү, веналык канды өпкөгө алып баруучу оң жана сол өпкө артериялары кирет. Кичине тегеректин веналарын артериялык канды өпкөдөн жүрөктүн сол дүлөйүнө жеткирүүчү эки оң жана эки сол өпкө венасы түзөт. Кан айлануунун чоң тегерегинин артерияларына жүрөктүн сол карынчасынан чыгуучу толто, анын догосу, андан тараган жалпы күрөө тамыры, сол жана оң күрөө тамырлары, акырек артериясы, толтонун жогорку бөлүгү (оң жана сол жүрөк артериясы), төмөнкү бөлүгү (көкүрөк толтосу) жана анын бутактары (жалпы жамбаш артериялары, алардын оң жана сол бөлүктөрү) кирет. Чоң тегеректин веналары дененин бардык жеринен канды кабыл алып, акырында эки ири жогорку жана төмөнкү көңдөй веналарга биригип, жүрөктүн оң дүлөйүнө кирет. Ага жүрөк капталынын веналары кирүүчү жүрөктүн синусу да кошулат. Боордун дарбаза венасынын системасы өзгөчөлөнүп бөлүнөт. Ал вена аркылуу ич көңдөйүнүн органдарынан келген канды чогултат. Көңдөй веналар менен дарбаза веналардын куймалары биригип кызыл өңгөчтүн ылдый жагында, көтөн чучукта веналык анастомозду түзөт. Алар чоң веналарда кан айланууга тоскоол болгондо (мисалы, дарбазалык вена өт жолдорунун таштары менен басылып калганда же боор циррозунда) кошумча жол катары чоң роль ойнойт. Веналарартериялардан көп, алар артерияларды коштоп жүрөт. Дени соо кишиде жүрөккө келген кандын көлөмү андан чыккан канга барабар.

hello_html_43fb71ec.png

Жүрөк кан тамыр системасы: 1—таман вена догосу;2—шыйрак веналары; 3 — тизе венасы; 4—сан веналары; 5— жамбаш веналары; 6— алакан, манжа вена жана артериялары; 7— билек веналары; 8— ортолук дарбаза вена; 9— бөйрөк венасы; 10—ийин венасы; 11 — төмөнкү көңдөй вена; 12 — колтук венасы; 13— акырек венасы; 14—моюнтурук вена; 15— күрөө тамыр; 16- акырек артериясы; 17- толто догосу; 18— оң жана сол өпкө артериясы; 19— жүрөк; 20— ийин артериясы; 21—карын артериясы; 22— билек артериялары; 23— жамбаш артериялары; 24— колдун сырткы бетинин артериясы; 25 — сан артериялары; 26— тизе артериясы; 27— шыйрак артериялары; 28— бут кетменинин артериясы.

Жүрөк-кан тамыр системасын изилдөө

Жүрөк-кан тамыр системасын изилдөө ыкмалары өтө көп жана ар түрдүү. Мисалы, жүрөк ишинин начарлашын оорулууну сурап билүү, ошондой эле аны кармалап, тыңшап көрүү, күндүзгү жана түнкү зааранын көлөмүн өлчөө, жүрөк менен өпкөнү рентгенде изилдөө менен аныктайт. Ошондой эле жүрөктүн жыйрылуу функциясынын кээ бир көрсөткүчтөрүн баалоо үчүн бир канча татаал ыкмалар да бар. Жүрөк булчуңдарын кан менен камсыз кылуунун начарлашын, миокарддын айрым бөлүктөрүнүн жабыркашын, ошондой эле жүрөк ритминин бузулушун аныктоодо электр кардиография маанилүү ролду ойнойт. Ооруларды диспансерлик кароодо, калкты массалык профилактикалык медициналык кароодон өткөрүүдө жана башка ал кеңири колдонулат. Бул ыкма жүрөктүн ишемия оорусун билүүдө маанилүү. Жүрөк кемтигин жана ири артериялардын өткөргүчтүгүн билүүдө тыңшоо; жүрөктүн жайгашуусун жана көлөмүн билүү үчүн каккылоо ыкмалары колдонулат.

Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары

Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары негизинен жүрөктү (мисалы, ревматизммиокардит жана башка), айрымдары артерияларды (атеросклероз) же веналарды (флебит), калгандары бүт бойдон Жүрөк-кан тамыр системасын жабыркатат (мисалы, гипертония оорусу). Бул оорулар өөрчүүнүн тубаса кемтигинен, травмадан, сезгенүүдөн, уулануудан, зат алмашуунун патологиялык өзгөрүүлөрүнөн жана башка келип чыгат.

Бышыктоо













Жыйынтыктоо

Мен бүгүнкү сабакта эмнени түшүндүм?

Кыскача эссе жазышат.

Окуучулардын билимин түздөн түз баалоо

Yйгө тапшырма: Жүрөктүн иштешине анализ жазуу, кан тамырлардын функциясын аныктоо.





Курс профессиональной переподготовки
Учитель биологии
Курс профессиональной переподготовки
Учитель биологии и химии
Найдите материал к любому уроку,
указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:
также Вы можете выбрать тип материала:
Общая информация

Вам будут интересны эти курсы:

Курс повышения квалификации «Организация и руководство учебно-исследовательскими проектами учащихся по предмету «Биология» в рамках реализации ФГОС»
Курс повышения квалификации «ФГОС общего образования: формирование универсальных учебных действий на уроке биологии»
Курс повышения квалификации «Медико-биологические основы безопасности жизнедеятельности»
Курс повышения квалификации «Методические аспекты реализации элективного курса «Антропология и этнопсихология» в условиях реализации ФГОС»
Курс повышения квалификации «Государственная итоговая аттестация как средство проверки и оценки компетенций учащихся по биологии»
Курс повышения квалификации «Нанотехнологии и наноматериалы в биологии. Нанобиотехнологическая продукция»
Курс повышения квалификации «Основы биоэтических знаний и их место в структуре компетенций ФГОС»
Курс повышения квалификации «Гендерные особенности воспитания мальчиков и девочек в рамках образовательных организаций и семейного воспитания»
Курс профессиональной переподготовки «Биология и химия: теория и методика преподавания в образовательной организации»
Курс профессиональной переподготовки «Организация производственно-технологической деятельности в области декоративного садоводства»
Курс повышения квалификации «Составление и использование педагогических тестов при обучении биологии»
Курс повышения квалификации «Инновационные технологии обучения биологии как основа реализации ФГОС»
Курс профессиональной переподготовки «Организация и выполнение работ по производству продукции растениеводства»
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.