Инфоурок Информатика КонспектыPascal программалоо тилиндеги графиктик режим. Координаталар методу. Сызыктар жана айланалар

Pascal программалоо тилиндеги графиктик режим. Координаталар методу. Сызыктар жана айланалар

Скачать материал

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ

МИНИСТРЛИГИ

ОШ МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ

 

МАТЕМАТИКА ЖАНА ИНФОРМАЦИАЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ

 

ПРОГРАММАЛОО КАФЕДРАСЫ

ЭмблемаПрогр_2012

 

К(б)-1-17" группасында 2017 - жылдын

24 - ноябрында Программалоо дисциплинасынын

" Pascal программалоо тилиндеги графиктик режим. Координаталар методу. Сызыктар жана айланалар"

деген тема боюнча өткөрүлүүчү ачык лабораториялык сабактын

план конспектиси

 

 

 

Түзүүчү:                                                               А.Токторбаев

 

 

 

Ош – 2017

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Pascal программалоо тилиндеги графиктик режим. Координаталар методу. Сызыктар жана айланалар

 

 Илим сенин акылыңды арттырат,

Жарык дүйнө түркүн сырын жат кылат.

Жусуп Баласагын

 

Сабактын тиби: алган билимдерди бышыктоочу сабак.

Сабактын түрү: таяныч конспектилерди колдонуу менен лабораториялык б.а. комбинирленген сабак.

Сабактын максаты:

·        Графиктик режимде координаталар методу менен таанышуу  жана чекиттер, түз сызыктар жана айланалардан графиктик сүрөттөлүштөрдү түзүүнү үйрөнүү;

·        Студенттердин логикалык жана алгоритмдик ой жүгүртүүсүн, эске тутуу жана көңүл буруу жөндөмдүүлүктөрүн өстүрүү;

·        Студенттердин дисциплинага болгон кызыгуусун ойготуу жана арттыруу.

Сабакта колдонулуучу техникалык каражаттар: жекече компьютерлер, мультимедиялык проектор, Borland Pascal программасы.

Сабактагы таркатма куралдар:  

·        таяныч конспектилер;

·        мониторго чыгарылган түз сызыкты чийүүчү программанын листингинин карточкасы;

·        мисалдар менен карточкалар.

Сабактагы көрсөтмө куралдар:

·        Graph модулу үчүн негизги процедуралардын таблицасы;

·        Клавишанын коддорунун таблицасы.

·        Түстүн турактуулары

Сабакка даярдык:

1.      Ар бир студентке таяныч конспектилери таркатылат

2.      Сабактын темасы боюнча түрдүү деңгээлдеги тапшырмалар берилет.

 

Сабактын планы:

 

1.     Сабакты уюштуруу. Сабактын мотивациясы.

2.     Сабактын темасын түшүндүрүү.

3.     Сабакта алган билимдерди жалпылаштыруу, системалаштыруу жана бышыктоочу бөлүк.

4.     Сабакты жыйынтыктоо. Өз алдынча иштөө тапшырмалары.

5.     Сабакта колдонулган адабияттардын тизмеси.

Сабактын жүрүшү

1.     Сабактын жүрүшү. Сабактын мотивациясы.

Саламдашуу. Бүгүнкү сабакта биз Pascal тилинин чөйрөсүн окуп үйрөнүүнү улантабыз. Бүгүнкү сабактын темасы “Pascal программалоо тилиндеги графиктик режим. Координаталар методу. Сызыктар жана айланалар”. Бүгүнкү сабагыбыздын максаты – Pascal программалоо тилинин графиктик режими эмнени мүнөздөөрүн, ошондой эле монитордун экранына сызыктардан, айланалардан турган графиктик сүрөттөлүштөрдү чыгаруучу программаларды түзүүнү үйрөнүү.

         Сабагыбыздын коюлган максатына жетүү үчүн, сиздерге таркатылган таяныч конспектисин (Тиркеме 1) колдонобуз. Аларды алдыңыздарга коюп, кунт коюп карайбыз. Себеби, бул конспектилерге сабак учурунда керектүү маалыматтарды, берилгендерди өз алдынча кийирип, андан кийин бул конспектини лекциялык дептерге тиркеп коесуздар.

         Эми Pascal тилинин графиктик режими жөнүндөгү сөздү баштоодон мурда, биз сиздер менен өткөн сабактагы теманы эске салалы.

         Өткөн сабакты кайталоо үчүн суроолор:

1.     Модуль деп эмнени түшүнөбүз?

2.     Модулдун структурасы эмнелерден турат?

3.     Кандай стандарттык модулдар бар?

4.     CRT модулу кандай кызматты аткарат?

5.     Graph модулунун кандай процедураларын билесиздер?

6.   Төмөндөгү Pascal тилинде жазылган программаны карап, каталарды табабыз. Сол жаккы графада маселенин туура эмес, ал эми оң жаккы графада туура варианты жазылган. Программада канча ката бар жана бул кандай маселенин программасы?

Программанын туура эмес варианты

Программанын туура варианты

Programma RI;

Varax,y:realn;

Writeln (x,y);

Readln(x,y);

Begin

z = sqrt(sgr(x)+sqr(y))

end;

Writeln (‘x,y’:4:3);

Readln;

Program RI;

Var z, x, y : real;

Begin

Writeln (‘x,y’);

Readln(x,y);

z : = sqrt(sgr(x)+sqr(y));

Writeln (‘z = ’,z:4:3);

Readln;

End.

 

Жообу: 11 ката бар, бул программа  теңдемеси боюнча  тин маанисин эсептөөчү программа.

2.     Сабактын темасын түшүндүрүү.

Эми бүгүнкү темабызга өтөлү. Pascal тилинин графиктик режиминин

мүнөздөмөлөрүн карайлы. Компьютердин дисплейинин экраны – бул, көп сандаган чекиттерден туруучу талаа. Графиктик программалоо процессин эффективдүү көрсөтүү үчүн, драйверлердин жыйындысынан турган атайын Graph модулу (библиотекасы) иштелип чыккан.

         Экранда сүрөттөлүштөрдү түзүү үчүн координата системасы колдонулат. Ал (0,0) координатасына ээ болуп, экрандын сол жаккы жогорку бурчунан башталат. (сүрөт 1)

Рис.1

сүрөт 1

Студенттер таяныч конспектиге четки чекиттердин координаталарын жазып алышат.

Графиктик модул менен иштөөдө үч негизги учур колдонулат:

1.     Программанын башында Graph модулун кошуу – Uses Graph;

2.     Төмөнкү эки өзгөрүлмөнүн жардамында графиктик режимди орнотуу:

·         GrDriver – драйверди орнотот;

·         GrMode – драйвердин иштөө режимин орнотот.

3.     CloseGraph процедурасы менен графиктик режимди жабуу.

Экранга кандай гана сүрөтөлүштөр чыгарылбасын, алардын баары чекиттерден турушат. Ошондуктан экранга сүрөттөлүштөрдү коюу үчүн, Graph модулунда төмөнкү процедуралар колдонулат:

Procedure PutPixel (x,y: Integer, color: Word); - процедурасы экранга чекитти көрсөтүлгөн координаталар боюнча берилген түстө чыгарат.

Мында x,y – чекиттин координаталары, Color – чекиттин түсү.

Procedure Line (x1,y1,x2,y2: Integer); - процедурасы түз сызыкты чийет.

Мында  x1,y1 – түз сызыктын башынын координаталары, x2,y2 – түз сызыктын аягынын координаталары.

Procedure SetColor (n: Word); -процедурасы сызыктын түсүн орнотот.

Мында n – түстүн номери.

Procedure Circle(x, y: Integer; r: Word); - процедурасы борборунун координатасы (x,y), радиусу r болгон айлананы чийет.

Мында x,y – айлананын борборунун координаталары, r – айлананын радиусу.

         Мисалы, экранга түз сызыкты чийүү үчүн, анын координаталарын жана түстүн кодун көрсөтөбүз:

SetColor (6);

Line (120,250,300,50);

Pascal тили сызыктарды түрдүү стилде: жоон, ичке, штрихтүү, пунктирлүү ж.б. чийүүгө мүмкүнчүлүк берет. Стилди орнотуу төмөнкү процедура менен ишке ашырылат:

Procedure SetLineStyle (u, n: Word);

Мында u – оймонун аты, n – оймонун түсү.

Эгерде сызыктын жардамында туюк аймак түзүлгөн болсо, анда Graph модулунда бул аймакты штрихтөө мүмкүнчүлүгү бар. Ал үчүн

Procedure FloodFill (x,y:Integer, n: Word); - процедурасы колдонулат.

Мында x,y – туюк аймактын ичиндеги чекиттин координатасы, n – туюк аймакты чектөөчү сызыктын түсүнүн номери.

         Эми мониторго түз сызыкты чийүүчү программаны түзөлү:

 

 

 

 

3.     Сабакта алган билимдерди жалпылаштыруу, системалаштыруу жана бышыктоочу бөлүк.

Сабакта алган билимдерди бышыктоо үчүн, студенттерге тапшырмалар жазылган карточкалар таркатылат. Ал карточкаларга сүрөттөрдү(сүрөт 2, сүрөт 3, сүрөт 4, сүрөт 5)  экранга чыгаруучу программаны түзүү жана Тиркеме 2ни колдонуу менен сүрөттүн элементтерин бое талап кылынган.

 

Сүрөт 2

Сүрөт 3

Сүрөт 4

Сүрөт 5

 

         Лабораториялык иштерди аткаруу учурунда окутуучу студенттердин иштерин текшерип, суроолоруна жооп берип, кетирилген каталарга жардам берет.

 

4.     Сабакты жыйынтыктоо. Өз алдынча иштөө тапшырмалары.

Студенттердин аткарган лабораториялык иштери текшерилип, бааланат.

 

 

 

Өз алдынча иштөө тапшырмалары

Өтүлгөн сабакты бышыктоо жана кийинки сабакты улантуу үчүн, студенттердин тандоосуна жараша төмөндө сунушталган мисалдардын бирөөсүнүн процедурасын түзүү талап кылынат:

·         Адамдын кыймылы.

·         Автомобилдин кыймылы.

·         Роботтун кыймылы.

·         Самолеттун кыймылы.

·         Велосипеддин кыймылы.

·         Каалагандай сүрөттүн кыймылы.

Тиркеме 1

Сүрөт 6

 

 

 

 

Graph модулу үчүн негизги поцедуралардын таблицасы

№п/п

Процедуранын аталышы

Процедурага түшүндүрмө

1

Circle (x,y,r)

Радиусу r  жана борбору (х,у) болгон айлананы түзүү

2

Line (x1,y1,x2,y2)

Эки чекитти кесинди менен бириктирүү

3

Setcolor (c)

Сүрөттүн объектисинин түсү

4

Cleardevice

Сүрөттүн фрагменттерин өчүрүү

5

OutTextXY(х,y,'текст')

 Х,У чекитинен баштап тексти чыгаруу

Сүрөт 7

 

Тиркеме 2

Program Cyzyk;

Uses Graph;

Var GrDriver, grMode: integer;

Begin;

GrDriver := Detect;

InitGraph (GrDriver, grMode, ‘ ‘);

SetColor (5);

Line (50,100,600,300);

Readln;

Close Graph;

End.

 

 

 

 

 

 

 

 

Сабакта колдонулган адабияттардын тизмеси

 

1.     ОсмоналиевА.Б., АркабаевН.К. BorlandPascal7.0. Программалоонун негиздери. Окуу китеби: I бөлүк.2008,–256б.

2.     ОсмоналиевА.Б., АркабаевН.К. BorlandPascal7.0. Программалоонун негиздери.Окуу китеби: II бөлүк.2010,–304б

3.     Марченко А.И., Марченко Л.А. Программирование в среде TurboPascal 7.0, Под.ред. Тарасенко В.П. – К.: ВЕК+, М.: Бином Универсал, 1998. – 496 с.

4.     ФароновВ.В. Турбо Паскаль7.0.Начальныйкурс.Учебное пособие.—М.:"Нолидж",1997.—616с.

5.     ФароновВ.В.Турбо Паскаль7.0. Практика программирования. Учебное пособие.—М.:"Нолидж",1997.—432с.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "Pascal программалоо тилиндеги графиктик режим. Координаталар методу. Сызыктар жана айланалар"

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 3 месяца

Землеустроитель

Получите профессию

HR-менеджер

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 671 767 материалов в базе

Скачать материал

Другие материалы

Контрольная работа по теме "Обработка числовой информации в электронных таблицах" в условиях смешанного обучения
  • Учебник: «Информатика», Босова Л.Л., Босова А.Ю.
  • Тема: Глава 3. Обработка числовой информации в электронных таблицах
  • 13.12.2020
  • 6852
  • 40
«Информатика», Босова Л.Л., Босова А.Ю.

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 13.12.2020 702
    • DOCX 614.8 кбайт
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Айтбай кызы Айгул Айтбаевна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    Айтбай кызы Айгул Айтбаевна
    Айтбай кызы Айгул Айтбаевна
    • На сайте: 3 года и 4 месяца
    • Подписчики: 0
    • Всего просмотров: 8319
    • Всего материалов: 16

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

Технолог-калькулятор общественного питания

Технолог-калькулятор общественного питания

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе

Курс профессиональной переподготовки

Информационные технологии в профессиональной деятельности: теория и методика преподавания в образовательной организации

Преподаватель информационных технологий

300/600 ч.

от 7900 руб. от 3650 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 192 человека из 56 регионов
  • Этот курс уже прошли 977 человек

Курс профессиональной переподготовки

Информатика: теория и методика преподавания в профессиональном образовании

Преподаватель информатики

300/600 ч.

от 7900 руб. от 3650 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 49 человек из 22 регионов
  • Этот курс уже прошли 152 человека

Курс повышения квалификации

Компьютерная грамотность для пенсионеров

36 ч. — 180 ч.

от 1580 руб. от 940 руб.
Подать заявку О курсе
  • Этот курс уже прошли 24 человека

Мини-курс

Интегративные технологии в коррекции учебно-поведенческих нарушений

6 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Основы русского языка: морфология, синтаксис, лексика

4 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 23 человека из 12 регионов
  • Этот курс уже прошли 14 человек

Мини-курс

Организация и планирование воспитательной работы в СПО

6 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе