АТА-ЭНЕЛЕРГЕ КУЛАК КАГЫШ: БАЛАНЫ КАНТИП ИЙГИЛИКТҮҮ АДАМ КЫЛЫП
ТАРБИЯЛОО КЕРЕК?
On 28.09.2017 By oshakir
- Home
- 2017
- Сентябрь
- 28
- Ата-Энелерге
Кулак Кагыш: Баланы Кантип Ийгиликтүү Адам Кылып Тарбиялоо Керек?
Монтессори-мугалимдин
кеңештери
Расмий
билдирүүлөргө таянып жаза турган болсок, ар күнү Кыргызстан боюнча 250дөн ашуун
наристе бул жарык дүйнөгө келет. Ушул күндөн баштап ата-эне деген ардактуу атка
ээ болгон инсандар чечилиши зарыл болгон көптөгөн көйгөйлөргө кезигишет, туура
жооп берүүгө милдеттендирген түрдүү суроолорго кабылышат. “Баланы кантип туура
тарбиялап чоңойтуш керек?”деген собол ошолордун арасындагы эң орчундуусу болуп
саналат. Kaktus.media сайтынын редакциясына «Синяя птица»
монтессори-клубунун негиздөөчүсү монтессори-мугалими Камила Исабекова бул
маселе боюнча маек курду (монтессори – көрүнүктүү италиялык окумуштуу-педагог
Мария Монтессоринин бүт дүйнөгө жайылган методикалык окуу усулу).
Балага
тарбияны качан берип баштоо керек?
Баланын
мүнөзүнө жакшы таасир этип, туура калыптануусуна өбөлгө түзчү кез – анын алты
жашка чейинки курагы. Бала ыңаалап жарыкка келгенден кийинки ушул алты жылда
болочоктогу татыктуу инсандын өз алдынчалыктан, көзкарандысыздыктан, өз табити
боюнча тандоодон, жасаганы боюнча жоопкерчилик тарта билүүчүлүктөн,
жыйнактуулуктан, ишке жөндөмдүүлүктөн, өзүн башкара алуучулуктан турган адамдык
жерпайы түптөлүшүнө жардам берүү керек. Ал эми алты жаштан соң бала ошол
калыптанган мүнөздүн үстүнө өзүнүн адамдык “үйүн” тургуза баштайт.
Эмнеден
баштаган оң?
Ата-эне
бала кичине болсо дагы үй-бүлөнүн татыктуу бир мүчөсү экенин моюнга алуусу
абдан маанилүү. Көптөгөн ата-энелер турмуштун оордугунан, түйшүктүн көптүгүнөн
улам балдарына жеткиликтүү көңүл бурганга шайлары келбейт, убактылары жетпейт.
Бала эс тартып, айлана-чөйрөнү изилдеп көрүп, тигил же бул жумуштарга
аралашкандагы өзүнө болгон ишенимсиздигин, ашык баш сезүүсүн, тартынчаактыгын, неге
башкалардай эмесмин деген өксүк туюмун, ийгиликке ишенбөөсүн ушул терс
таасирдүү тарбиянын натыйжасы катары көрсөк болот.
Биз
үйүбүздө же башка жактарда деле кандайдыр иш кылып жатканыбызда балдарыбыз
жардам бергиси келип аралашса, “мындай тур”, жолтоо болбо”, “колуңдан келбейт”
деген сөздөр менен кагып, анын өз деңгээлине жараша иш кылуусуна бут тособуз.
Мындай учурларда ата- энелер чыдамдуулукту сактап сабыр этип, тетирисинче,
балага өз деңгээлине жараша үй ишине аралашууга мүмкүнчүлүк берүүлөрү керек.
Мисалы,
сиздер кечки тамакка манты түйүп жаткан болсоңуздар балаңыздын тууралган этке
майдаланган пиязды аралаштыруусуна же аларды өз өлчөмүндө кесилген камыр
бөлүктөрүнө жайгаштырып чыгуусуна жол бериңиздер. Сиздер үй ичин
жыйнаштырып жатканда балаңыздар бутка чалынып тоскоолдук кылбашы үчүн ага өзүнө
жараша тактай сүрө турган чүпөрөк же кичинекей шыпыргы берип, жумушка
жардамдашуусуна жол ачыңыздар.
Ушинтип
бармактай кезинен баштап үй-бүлөнүн жумуштарына аралашып, анын иштеринин
илгерилөөсүнө салым кошсо, анда бөлөктөр менен кандайдыр ишке бирге
катышуу сезимдери ойгонот, өзүнүн маанилүүлүгүн түшүнө баштайт, колунан бирдеме
келерине, жөндөмдүү экенине, башкалар аны да бааларына ишеними артат.
Ата-эне
ушунусу менен эле балага чоң урмат көргөзөт, өзүнө-өзү оң пикирде болуу
сезиминин өрчүүсүнө шарт түзөт жана ага бул жашоодо эң зарыл болгон жөндөмдү
өстүрүүгө шыктандырат.
Балага
окуганды жана жазганды качан үйрөтө баштоо керек?
Азыр
көптөгөн ата-энелер балдарынын эки-үч жаштан эле жазганды, окуганды, санаганды
үйрөнүүсүн каалашат. Алардын пикири боюнча бала билимди канчалык эрте алса,
келечекте ийгиликтерге ошончолук тез жетет.
Ошондой
жакшы тилек менен эртелеп билим алууга мажбурланган балдар албетте, окуп
үйрөнүшөт жана тез эле жакшы натыйжаларды көргөзүшөт. Ошентсе да мээнин иштөө
кубаттуулугу өмүрдүн ар бир учурунда чектелүү экенин эстей жүргөнүбүз абдан
маанилүү. Эгер биз эс-акылдын өнүгүүсүнө багытталган мээнин кубатын мажбурлап
буруп, башка бир психикалык жумушту аткарууга жумшасак (тамга таанууга,
жазууга), анда ошол кубаттуулук баланын аң-сезиминде таңкыстыкты жаратат.
Андыктан
ата-эне балага 3,5-4 жашка чыкканча тамга таанууну, жазганды үйрөнүү сыяктуу
түйшүктөрдү такпай, анын эс- акылынын “төмөнкү кабаттарынын” өөрчүүсүнө жардам
берип, илим тилинде айтканда, мээсинин табигый иштөөсүнө жана кармалап үйрөнүү
туюмун калыптандырууга, өз боюн тең салмакта кармоого, мейкиндикти акыл
токтотуп кароого, колу-бутту, дегеле бүткүл бойду туура башкара билүүгө, дүйнө
менен мамилелештирген – көрүү, угуу, жыт алуу, даам сезүү, ойлонуу, сүйлөө
сыяктуу сезимдерин өнүктүрүүгө көмөктөшүүсү зарыл. Анткени кийин окууга
барганында акыл-эсинин “төмөнкү кабаттарынын” өөрчүбөй калуусу окуп-үйрөнүүгө
жооптуу мээнин үстүңкү бөлүгүнүн иштөөсүнө тоскоолдук кылат.
Ата-эненин
негизги каталары кайсылар?
Үйдө
тынчтык болуусу үчүн, ошондой эле баланын бир жерин кокустатып алуусунан
корккондуктан жана башка ушул сыяктуу себептерден улам ата-энелер
перзенттеринин ашыкча кыймыл-аракет жасоосуна тыюу салышат, баскан-тургандарын
чектешет, бул үчүн ашыкча тынчсызданышат, ал тургай кээси урушушат. Бирок алар
кыймыл-аракет баланын жашоосунун алгачкы жылдарында, адам катары бой
көтөрүүсүндө абдан маанилүү экенин биле беришпейт. Бала жаңы кыймылдарды жасоо
менен өзүнүн нерв клеткаларындагы жаңы байланыштарды көбөйтөт, аракет кылуу
аркылуу мээсин өнүктүрөт. Наристенин көнүмүш кыймыл жасоосуна шарт түзгөн,
басып-турганды үйрөнүүсүнө ыңгайлуулук келтирген, жыгылгандан, урунгандан
сактаган, эркин кыймылын чектеген атайын буюмдар (коляска, чыгырык, секирип
ойногучтар, манеждер жана башкалар) анын табигый өнүгүүсүнө зыян келтирет.
Бала
5-6 жашка чыкканда анын сырткы дүйнөнү кабыл алган, тактаган, өздөштүргөн
беш сезим мүчөсү машыгуу менен өнүгүп, сырткы дүйнөнү кабыл алган (сенсордук)
сезимталдыгы өз чегине жетет. Бала бул куракта жаңы жыттарды, ар түрдүү
көрүнүштөрдү, жагымдуу үндөрдү, ызы-чууларды жана башкаларды кабыл алуу боюнча
кеңири тажрыйба топтоп калгандыктан анын талабы да абдан жогорулайт.
Тилекке
каршы, ушул учурда ата-энелер балдарына планшеттерди же сенсордук телефондорду
берип сооротушуп, балага заманга жараша туура тарбия берип жатканына ишенүү
менен көңүлдөрүн тынчытышат. Гаджет бул жылмакай айнек, демек, бала аны
сыйпалоо менен эч кандай сезип-билүү туюмуна (сенсордук) тажрыйба ала албайт.
Андан
көрө баланын жаңы жана бөлөкчө оюнчуктар менен ойноосуна, башкача жыттарды
жыттоосуна, таасирдүү музыкаларды угуусуна, тааныш эмес буюмдарды
кармалоосуна шарт түзүү керек.
Ар
түрдүү ийримдерге берүү менен баланын акыл-эсин ар тараптуу өстүрүү керекпи?
Албетте,
буга жекече мамиле талап кылынат. Кээ бир балдардын күчтүү нерв системасы бар,
алар мындай оор тапшырманы көтөрүп кете алышат. Ал эми нерви жука балдарга бул
абдан оор жана алардын аң-сезими мындан жабыркашы да мүмкүн. Андыктан
ата-энелер бул иш менен алектенүү балага жагар жакпасына кызыгып, анын ошол
учурдагы абалына жакшылап көңүл буруулары керек.
Улуулар
көбүнчө өздөрүнүн ашкере чоң дымактарын балдардын илмейген ийиндерине арта
салышат. Андыктан балдар балалык баёо дүйнөсүнөн адашып, өз жашоолору менен
өмүр сүрө албай калышат.
Балага
оорчулук келип жатканын кантип билсе болот?
Баланын
күндөн күнгө көңүлү чөгөт, сабыры суз боло баштайт, эч нерсеге кубанбай калат,
жашоого болгон кызыкчылыгын жоготуп, мурдагы жигердүү кыймыл-аракети басаңдайт.
Ошондой эле көп сыркоолоп, (Мындай илдеттер психосоматикалык оорулар деп
аталып, алар психологиялык жабыркоонун таасиринен улам пайда болот.) дене-боюн
“коргойт”, өзүнүн мыйзамдуу эс алуусун талап кылат.
Кыргызчалаган Кубанычбек АРКАБАЕВ
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.