Темасы: Ормон Ниязбек уулуна 230
жыл
Сабактын максаты: Кыргыз баатырларынын бири
болгон Ормон Ниязбек уулунун казактар менен болгон салгылаштагы
эрдиктери, баатырдын басып ѳткѳн жолун, ийгиликтерин, “Ормон опуза” жана
“Ормон окуунун” маанисин, анын жүргүзгөн саясий иштеринин тарбияга тийгизген
таасири жөнүндө кеңири маалымат берүү.
.
Докладдын жүрүшү:
Жогорудагы максатка
жеттик дейбиз эгерде окуучу
1. Кыргыз
үчүн кимдер өз өмүрүн берип баатыр болгонун билишсе.
2.
Кыргыз баатырлары жөнүндө толук биле жүрүшсө.
3.
“Баатырлар эч качан өлбөйт, алар түбөлүккө жашайт” – деген ураанды
дайыма эстерине тутушса
Кылым кезип жашап келген кыргыз эли ар дайым кең пейил,
мейман дос ынтымактуу, ырыскылуу элдердин бири. Алар баскан жол канча убакытка
созулуп, кандай гана күндөр баштарынан өткөн жок. Ар бир кылым, ар бир жылга
токтолсок, кыргыз жасабаган иш, кыргыз жашабаган жер жоктой сезилет. Андыктан
сөз башын XIX кылымдын биринчи жарымындагы Кыргыздарга үстөмдүк кылган Кокон
хандыгынын мезгилиндеги Кыргыздардын жашоосуна кайрылсак, кандай гана оор
күндөрдү өткөргөн. Ошол оор күндөрдө салыктын түрлөрү, кыйноонун жана жазалоонун
кандай гана түрлөрү болбосун чыдап, күн кечирген Кыргыз урууларынын ичинен
кыргыз уулдарынан суурулуп чыккан баатырлар көргөзгөн кордуктардан, элин
куткаруу үчүн бардык күчүн жумшап, башкалар менен баатырларча кармашып, кан
тогүүлөр менен аяктаган окуяларды биз азыр тарыхтан гана окуп үйрөнө алабыз.
Биз дагы кыргыз эли үчүн ар бирибиз кызмат кылуу, аны көздүн карегиндей сактоо
керек экендигин, жүрөгүбүздөн туюшубуз керек. Анда эмесе балдар биз кыргыз
баатырларынын бири болгон Ормон Ниязбек уулуна өмүрү жолуна саякат
кылсак:
Ормон
Ниязбек уулу
(1791-1854) – Сарыбагыш уруусунун бийи Ниязбектин үйүндө туулган. Ниязбек
бийдин сегиз уулу болуп, Ормон алардын ичинен өткүрлүгү менен айырмаланып
турган. Жаш кезинен ат жалында жүрүп, саясий окуяларга активдүү катышкан. Тышкы
душмандарды жеңип, кыргыздарды бириктирүүгө аракет кылган Ормон хан уруу аралык
чабышта курман болду
Ормон Ниязбек уулу
|
|
|
1842 — 1854
|
|
Каза болгон жылы:
|
|
Каза болгон жери:
|
Ысык-Көл
|
Уруусу:
|
Сарыбагыш
|
Атасы:
|
Ниязбек
|
Балдары:
|
Уметаалы (уул), Чаргын (уул), Кулан (кыз)
|
Кесиби:
|
Хан
|
Түптүү бий тукуму. Оң
канаттагы сарыбагыш уруусунан. Бабасы Манап бийдин аты кыргыз
ичинде ак-сөөктүктү туйундурган энчи атка айланып калган. 4- атасы Маматкул бий кыргыздардын
жогорку бийи болуп “жогорку бий” чениндеги адам экендигин кытайлыктар 1758 жылы
Кыргызстанга келишкенде жазып кетишкен. Чоң атасы Эсенкул бий дагы оң менен
солго бийлиги өткөн, өз заманын көрүнүктүү саясатчыларынан болгон. Анын
демилгеси менен азыркы Чүй, Талас өрөөндөрүн кыргыз уруулары туруктуу жайлашып,
Ата Конушту сактап калуунун эң негизги шарты түзүлгөн. Өз атасы – Ниязбек.
"Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек, теменеси болот бек"
аталышкан. Демек 8 бир тууган болушкан.
Ормондун теги толугу
менен: Тагай бий → Сарыбагыш (Кылжыр)
→ Дөөлөс → Манап бий → Сүтөй → Сарсейит
→ Үчүкө → Маматкул → Болот → Эсенкул → Ниязбек → Ормон.
Ормондун хан болуп көтөрүлүшү
Ормон хандын хан көтөрүлүшүнө
анын ата-бабаларынын эл үчүн кылган иштери, алардын атак даңкы, эрдиктери чоң
салым кошкон. Ормондун хандыкка көтөрүлүшү 1842-ж. (кээ бир учурда андан алда
канча эрте убакытты айтышат - 1825) Көтмалдыда өткөн оң менен солдун тобунда
болгон.
Ормон, өнүгүү үчүн кыргыз
биригип, бир адамды бий шайлап, ага баш ийүү замандын шарты болуп тургандыгын
айтып, сырткы душмандарды айтып, бий көтөрүү демилгесин сунуштаган.Чогулган
жалпы бийлер ылайык көрүп Ормонду бий көтөрүшкөн.
Ормондун хан көтөрүлүшүнүн
1825-жылга орун алгандыгы жөнүндө Б. Солтоноев жана С.
Абрамзон кабар беришет. Бул окуянын 1825
туура келиши тарыхый шарттарга көбүрөөк туура келет деген пикирлер да бар.
Анткени, жамы кыргыз биригип жогорку бий көтөрүшү Кокон хандыгы түндүк
Кыргызстанга өз бийлик үстөмдүгүн орнотконго чейин мүмкүн боло ала турган
орчундуу саясый окуя эле. Бирок 1842-жылы, элүү жашында хан болгону тууралуу
жоромол да чындыкка жакын.
Ормонду бий көтөргөн
курултайга кыргыздын ири урууларынын өкүлдөрү: сарыбагыштан Жантай, Төрөгелди,
Адыл, Түлөберди,
Калпак баатырлар; бугудан Боромбай, Балбай баатыр,
Өмүр баатыр, Муратаалы; солтодон Жангарач, Тынаалы, Төкөлдөш, Жетикашка,
Чыңгыш, Күрпүк; саяктан Алыбек, Черикчи, саруудан Ажыбек датка, чериктен Ажыбек
баатыр; азык, кушчудан Бүргө баатыр ж. б. уруулардын билерман бийлери келген
болчу.
Келген элге тогуз ак боз бээ
союлуп, Ормон көчмөндөрдүн эзелки каада-салты боюнча ак кийизге отургузулуп,
хан көтөрүлөт.
Жогорку бий белгиси
катарында ага кызыл тебетей кийгизишет. Кээ бир маалыматтарга ылайык бул
курултайга Кокон хандыгын өкүлдөрү жана түштүк кыргыздарын бийлеп турган
адигине уруусунун бийи Алымбек датка дагы катышкан. (Бул маалымат да азыр
тастыктала элек).
Ормон
заманындагы кыргыздар
XIX - кылымдын биринчи
жарымындагы саясий абалды эки мүнөздүү көрүнүш менен сүрөттөсө болот.
Биринчиден, бул коңшу өлкөлөрдүн Кыргыз Жергесине карата жүргүзгөн баскынчылык маанайдагы
саясаты. Бул өңүттө Кокон хандыгы өзгөчө көп ийгиликке жетишкен. Экинчиден,
кыргыз урууларынын өз ара ынтымагынын жоктугу. Бир жагынан, уруу бийлеринин кур
намысы жалпы ынтымакка кедерги болуп, тышкы баскынчылардын ийгиликтүү болушуна
өбөлгө түзсө, экинчи жагынан, коңшу өлкөлөрдүн тышкы саясаты кыргыз
биримдигинин ажырымынын андан ары тереңдетип, кыргыз жергесин бөлүп-жарып
каратып алууга максатталып, улам бир бийге белек-бечкек, бийлик даража наамдары
берилип, куру намыстын курчушуна от жагылып турган.
Сөөк өчтү душманы болгон
калмактардын жок болушу менен кыргыз-кытай мамлекеттеринин жана жайыт жер
талашкан казак уруулары менен Абылай хандын алдында кыргыз-казак чек
ажыратышкандан кийин, кыргыз эли, салыштырмалуу түрдө айтканда, тынчтык
мезгилде жашап турушкан. Кыргыз элинин экономикалык байлыгынын негизин түзгөн
төрт түлүк малдан тышкары, тынч элди аралай соода кылган кербендерден түшкөн
туяк пул сыяктуу үлүштөр уруу бийлеринин байлыгын арттырып, ар биринин өз
алдынча бийлик жүргүзүүгө болгон умтулуусун күчөтө берген.
Ушундай мезгилде жетилген
Ормон, биримдик болбосо алакандай кыргыз сырткы душмандарга каршы тура
албастыгына көзү жетип, Кыргыз мамлекетин курууну максат кылып, айтылган бий
көтөрүү курултайына алда-мурун даярданып баштаган. Кеңеш доорундагы саясый
идеологияга туураланып жазылып калган эмгектердин таасири алдында, кыргыз
тарыхында болгон бул олуттуу саясый окуя, Ормон опуза кылып кыргыз бийлерин
амал менен чогултуп алып, өзүн-өзү жөн эле хан атап алган маанайда чагылдыруу
адат болуп калган.
Чындыгында Кыргыз
мамлекетинин саясатынын негизи уруу саясатында жаткандыгын жакшы түшүнгөн Ормон
өз саясатын уруу ичиндеги жана уруулар аралык саясатты жүргүзүүдөн баштаган.
Лозунг
“Баатырлар эч качан өлбөйт,
алар түбөлүккө жашайт”
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.