Лекция-3
Тема: Линиянын конфигурациялары
Байланыш-катышта
негизинен линиялардын эки конфигурациясы колодонулат, алар эки чекиттүү жана
көп чекиттүү же көп тамчылуу деп аталат.
Эки чекитүү линиялар.
Жиберүүчү
жана кабыл алуучу түзүлүштөр өз ара түз линия менен байланышса, мындай
линиялар эки чекиттүү деп аталат. Мындай линиялар коммутацияланган же атайын
бөлүнгөн болуп эки типке бөлүнөт.
Коммутацияланган линия.
Коммутацияланган линия байланыш- катыш
байланышты түзүү үчүн регулярдуу телефон линияларын колдонот. Берилиштерди
жиберүү үчүн коммутацияланган линияларды колдонуу телефон менен сүйлөшкөнгө
окшош. Жиберүүчү жактагы байланыш жабдуулары кабыл алуучу жактын байланыш
жабдуулары телефонго жооп берсе, байланыш орнотулат да маалыматтарды жиберүүгө
болот.
Коммутацияланган линиялар
салыштырмалуу кымбат эмес. Берилиштерди жиберүү үчүн коммутацияланган
линияларды колдонуу кадимки телефон сүйлөшүүдөн кымбат турбайт.
Коммутацияланган линиялар аркылуу байланыш-катыш жабдуулары бар, телефон
байланышы орнотулган кыштактар ортосундагы байланышты орнотууда мүмкүн. Бирок
мындай линиялардын сапатын башкаруу мүмкүн эмес, себеби линия комматациялык
жабдуулар тарабынан иретсиз тандалып алынат.
Атайын бөлүнгөн линияларда байланыш линиясы дайыма орнотулган болот, ал эми коммутацияланган
линияларда болсо байланыш керек болгон учурда гана орнотулат. Бир жагындагы
байланыш түзүлүш менен дайыма туташтырылып турат. Атайын бөлүнгөн линиялар
туруктуу байланышты камсыз кылып турат жана сапаты коммутацияланганга караганда
жакшы. Офис же имарат тибиндеги эки пунктту кабел менен туташтырылып, Офис же
имарат тибиндеги эки пунктту кабел менен туташтырып, атайын бөлүнгөн линия
түзүп алып башка мекемелерге ижарага берип койсо да болот.
Көп чекиттүү линиялар
Миалы,
учакка белет сатуучу адам терминалды колдонуп учактардын учуу графиктери
жөнүндөгү маалыматтарды башка компьютерде сакталган берилиштер базасынан сурап
алат. Мында башкы компьютерге суроо талап жиберилет жана жооп кайра терминалга
кайтарылып жаткан учурда линиядагы башка терминалдар берилиштерди жибере албай
калышат. Ошол себептен, ар бир терминалга убакыттын секундадан аз болгон бирдей
убакыт үлүшү ыйгарылып турат. Бул учурда терминалдар жалгыз өзү башкы компьютер
менен байланышып жаткандай сезишет. Эгерде линияга көп сандагы терминалдар
кошулса, анда терминалдар менен башкы компьютерлердин кабар алмашуусу жайлап
калат. Көп чекиттүү бир линияда орнотулган компьютер жана терминалдар саны
системанын долбоорлоочулары тарабынан аныкталат.
Атайын бөлүнгөн каналдар дээрлик
көп чекиттүү конфигурациялык линияларда колдонулат, себеби мындай линиялар көп
компьютерлерди тейлөөнү эффективтүү уюштурат. Көп чекиттүү линияларды колдонуу
чыгымдарды кыйла азайтат, себеби бир линияны көп компьютерлер бөлүшүшөт.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.