Лекция-5.
Тема: Коммуникациялык түзүлүштөр
Сабактын
жабдылышы:
плакат, ички модем, сырткы модем, Bluetooth, тармактык карталар. .
Жаңы теманы түшүндүрүү
Компьютерлерди
бири –бири менен туташтырууда көп түзүлүштөр колдонулат.Төмөндө алардын
айрымдарына токтолобуз.
Модем
(Modem)
Стандарттуу телефон линиялары аркылуу берилиштерди
жиберүү үчүн биринчи сандык сигнал аналогдук сигналга өзгөрүүсү керек.Ушул өзгөртүүнү
коммуникация түзүлүшү болгон модем аткарат. Модем жеке эле сандык сигналды
аналогдук сигналга өзгөртпөстөн , аналогдук сигналды сандык сигналга өзгөртөт. Модем
сөзү modulate жана demodulate сөздөрүнүн бөлүктөрүнүн биригүүсүнөн түзүлгөн.
Модуляция-
бул байланыш каналындагы сигналдардын кандайдыр бир параметрлерин өзгөртүү.
Демодуляция карама-каршы өзгөртүп түзөт. Берилиштерди жиберүүдө байланыш
каналынын эки тарабында тең (кабыл алуучу жана жиберүүчү) модем болушу зарыл.
Модемдер
түзүлүшү боюнча ички жана тышкы болуп экиге бөлүнүшөт. Тышкы модем автономдуу түзүлүш, ал компьютерди кабел аркылуу
телефон линиясы менен туташтырат. Автономдуу түзүлүш болгондуктан бир компьютерден
экинчи компьютерге жеңил которулат.
Модемдердин
класстары.
Модемдер биринчи класстагы модемдер жана экинчи
класстагы модемдер болуп бөлүнүшөт.
Биринчи
класстагы модемдер- билдирүүлөрдү берүүдө
жана кабыл алууда иштин негизги бөлүгү программалык колдоонун жардамында ишке
ашат. Бул класстагы модемдерди көбүнчө программалык модемдер деп да
аташат. Windows ОС сынын башкаруусу
менен иштегендиктен Win – модем дагы
дешет. Бул программалык модемдерде анын функциясынын бөлүгү микросхемалар түрүндө көрсөтүлбөстөн жеке компьютердин борбордук
процессору аткарган программалар менен алмашкан. Мындай алмашуу модемди
арзандатканы менен компьютерге кошумча жүктөм алып келет. Win модемдерде начар телефон
линияларында байланыш өтө начар болот. Кээде үзүлүп калат.
Экинчи
класстагы
модем.
Баардык
билдирүүлөрдү факстарды берүү, кабыл алуу процедураларын
модем өзүнүн
каражатары
менен аткарат. Өтө эффективдүү болгондуктан кымбат. Айрыкча түрдүү ОСтор үчүн ынгайлуу. Мындай модемдерди
аппараттык модемдер деп да аташат.
Аппараттык
модемдер.
Аппараттык
модемдер ISA шиналуу жана PCI шиналуу болушат.
Аппараттык
модемдин жетишкендиктери оңдоп түзөөдө (настройкалоодо) жеке компьютердин ички
ресурстарын ээлебейт, начар телефон линияларында да жакшы туруштук беришет.
Модемдин
типтери. АМR жана CNR-модемдер. Ультразаманбап АМR ( Audio Modem
Rise ) жана CNR ( Сommunication Networkinq
Riser ) –бул модемдер бир
гана жаңы Intel – чип тармактары менен жана
номерлерди тондук терүү менен иштеши мүмкүн. Өтө арзан модемдер.
Мультиплексорлор
(MUX-multiplexer)
Мультиплексорлор ар кайсы түзүлүштрдөн келген эки же андан көп сигналды
жыйнап бир агымга бириктирет жана аны байланыш каналдары аркылуу жиберет. Маалымат
жиберилген жактагы мультиплексор берилиштерди агымга топтоо алдында ар бир
тамганы коддойт жана аныктайт. Кабыл
алуучу жагындагы мультиплексор ушундай коддолуп жиберилген берилиштердин
топтолгон агымын кайрадан ажыратып алгачкы калыбына алып келет. Айрым
берилиштерди агымдарга топтоштуруу менен мультиплексор байланыштын эффективдүүлүгүн жогорулатат. Көбүнчө мультиплексорлор тышкы модем
менен туташтырылат же аннын ичине ички модем орнотулат.
Тармактык
интерфейс карталары (Network interface card)
Тармактык интерфейс
карталары энелик платага же башка түзүлүшкө (принтер сыяктуу) орнотулуп,
тармак менен туташтырылат. Көпчүлүк тармактык интерфейс карталар
кабелдик туташтырууну талап кылат.
Тармактык
карталардын максаты берилиштерди жиберүүнү жана кабыл алууну координациялоо,
жибергилген берилиштердин каталарын оңдоо.
Хаб
(hubs)
Хаб
көп станцияга жетүү блогу компьютер, принтер сыяктуу түзүлүштөрдү сервер менен
туташтырат. Хаб тармактын ар бир түзүлүшүн жана серверди кабелдер менен
туташтыруучу борбордук пункт катары аракеттенет. Хаб порт деп аталган
бириктиргичтерден турат. Хаб 10, 100, 1000 мбит/с ылдамдыкта маалымат алмашат.
Концентратор
Концентратор
информацияны жөн гана күчөтүп, бөлүштүрүп берип турат. Ал сырткы көрүнүшү
боюнча 3 обьектен турат.
- Индикатор-маалымат
алмашууну көрсөтөт. (порттун учурда активдүү же активдүү эместигин
көрсөтөт.)
- порттордон-
витая пара, коаксалдуу кабел, оптоволокон кабели
- питаниянын
портунан- электр энергиясына өзүнчө
Тармак
коммутатору (Свич, cbumr)
Свич англис тилинен алынган Switch-переключатель деген сөзүнөн алынган-Бул бир кыйла
акылдуу түзүлүш. Анын өзүнүн процессору, ички процессору, шина жана буфердик
ээси бар. Эгер концентратор пакетти 1 порттон калганынын баарына жөнөтсө свич
МАК адрести анализдеп кимден-кимге кетип жаткандыгын билип, тиешелүү дарекке
гана жөнөтөт. Жыйынтыгында калган линиялар бош болот. Иштөө ылдамдыгы 10, 100,
1000 мбит/с. 6, 8, 16, 24 порттуу коммутаторлорду кезиктирсек болот.
Маршруттагычтар(Routers) –бир нече тармак
бири-бирине бириктирилген учурда колдонулат. Маршруттагычтын милдети-кабарды
дарек ээсине тиешелүү тармак менен жиберүү. Маршруттагыч тармак
абонентине кабарды жиберүүдө эң жакшы жолду тандайт, ал
аркылуу өткөн маалыматтар фильтирленип
тармакка даректелген гана берилиштерди багыттайт.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.