Инфоурок Классному руководителю КонспектыОткрытый урок на тему "КЫЛЫМ КЫЙЫРЫНДАГЫ КЫРГЫЗ КАЛПАГЫ"

Открытый урок на тему "КЫЛЫМ КЫЙЫРЫНДАГЫ КЫРГЫЗ КАЛПАГЫ"

Скачать материал

КЫЛЫМ КЫЙЫРЫНДАГЫ КЫРГЫЗ  КАЛПАГЫ

 

Ар бир эл өз тагдырына өзү ээ, өз бактысын өзү жаратат, Биз да бүгүнкүбүзгө, келечегибизге өзүбүз жооп беребиз. Алдыда чечиле элек маселелер өтө эле көп. Аларды ким чечет? Албетте ,өз элибиз, өз кадрларыбыз. Азыркы күндө жаштарга билим берүү жана тарбиялоо – проблемалардын проблемасы. Эң негизгиси эгемендүү мамлекеттин өнүп-өсүүсү анда жашаган калктын сапатына башкача айтканда акыл жараткан жөндөмү менен кайратына байланышат. Өлкөбүздүн келечеги билимдүү, жараткан ишкерлердин колунда. Мууна алмашат. Биз кайраттуу билимдүү инсанга  муктажбыз.

            Билим эле эмес, мекенчил, намыскөй, элине күйө билген, башка элдин өкүлдөрүнөн кем калбаган жаштар көбөйсө анда биздин бактыбыз.  Биз балдарыбызга ата-энебизден, мугалимден алган билимибизди нарктуу адептерди берсек, алар да биз калтыргандарды сактап, байытып, кийинки урпактарга тапшырат, мына ушунун өзү элибиздин сакталып калышына гүлдөп өсүшүнө өбөлгө түзөт.

            Билимдүү адам- өз ишин, кесибин терең билген, өз Мекенин жандай сүйгөн адам. Ал дыйкан болобу, техник болобу, курулушчу болобу – мейли ким болбосун, бирок эң оболу, иштеген ишинин устаты болсун. Бизге бүгүн ушундай билимдүү жаштар керек. өз улутубузду кадырлаган жаштарды тарбиялай алсак, анда кыргыз элинин, Кыргызстан мамлекетинин келечеги бар деп айта алабыз.

            Макал – кыргыздын акылы, ылакап- ылайык кеп. Аларда тарых менен турмуштун изи таасын сакталып, элдин кулк-мүнөзү, ой-санаасы, туу туткан дөөлөттөрү көрүнүп турат. Макал-лакаптар өткөндү таанып билүү үчүн гана эмес, өзүбүздүн бүгүнкү ордубузду так аныктап алуу үчүн да керек.

             Улуттук дөөлөтүбуз болгон кыргыз калпагы жөнүндө айтпай кетүүгө болбойт. “Кылым кыйырындагы кыргыз калпагы” – кыргыз элинин көөнөрбөс кенчи.

 

Карасам байкап алыстан,

Калпагы окшош тоосуна.

Кандай уз тикти болду экен,

Карегим түшту коозуна.

Б.Сарногоев

 

Ала-Тоо сымал ак калпак,

Канча доор сүрүп жашады.

Калпактай таза ыйманын,

Калкыбыз таза сактады.

 

Кылымдын кыйырында кыргыз калпак,

Кемибей каада-салтын келет сактап.

Тоосун да калпагындай ыйык тутуп,
Кыргызым улуу наркын келет даңктап .

 

Тарбиялык сааттын жүрүшү:

Алып баруучулар:

 

-          Саламатсыздарбы, урматтуу агай-эжейлер, окуучулар жана биздин коноктор!

-          Сиздерге  8-”А” классынын “Кылым кыйырындагы кыргыз калпагы” аттуу тарбиялык ачык саатыбызды тартуулайбыз.

-          Оболу, элибиздин эзелки тарыхы менен жашаган “ак калпак” жөнүндө азын оолак кылалы.

 

 

 

 

 

1-окуучу

            “Башың агарсын”, “Башыңдан калпагың түшпөсүн” деген сөздүн тереңинде элибиздин узак кылымдардан берки турмуштук тажрыйбасынан топтолгон жүрөктүн түпкүрүнө түнөтүп, көңүлгө түрөй насаат бар.

            2-окуучу

            Ак сөз, ак бата, ак ниет, ак Ала-Тоо, ак бешик, ак өргөө-булардын бары бийик мазмундуу, элибиздин аруу-тилек тунук акылынан жаралган баалуулуктар болуп саналат.

            3-окуучу

            Калпак-кыргыз элинин улуттук менталитетин чагылдырып турган символдуу баш кийим.

            4-окуучу

            Жүрөгү кыргыз деп соккон ар бир кыргыз атуулу үчүн калпак жөн гана баш кийим болбостон, элибиздин өткөн тарыхын тулку боюна сиңирген өзүнчө асыл мурас.

            5-окуучу

            Адам акыл-эси менен улуу болсо, баш кийим анын коштоочусу болуп эсептелинет. Калпактын ар бир саймасы өзүнчө сырды билдирип, адам менен табияттын ажырагыс гармонияда экендигин билдирет.

            6-окуучу

            Анын пирамида сымал формасы адамдын ден соолугунун жакшырышына өбөлгө болуп, ысыкта ысыкты өткөрбөй, суукта жылуулукту сактап турушу чоң мааниге ээ.

            7-окуучу

            Чокусу көк тиреген Ала-Тоого түспөлдөш болуп, элибиздин бийик ой-санаасын, өткөн турмушунун изин күзгү сымал таасын чагылдырып турат.

            8-окуучу

            Кылымдар кыйырынан, жылдар санагынан өтүп келген улуу муундардын калтырган ыйык тумарын аздектөө – ар бир кыргыз жаранынын милдети.

 

Музыкалык ыр ырдалат:

“Кыргыз калкым.”

 

Кемсел кур, кемер өтүк ак калпагын,

Кээ бирөө билбей жүрөт анын баркын.

Элиме белги берип тааныштырган,

Пейилиңден кагылайын кыргыз калкым.

Кыргыз калкым, кыргыз калкым,

Пейилиңден кагылайын кыргыз калкым.

 

Ыр ырдалып бүткөн соң, ата-бабаларыбыздын тарыхынан чагылдырып кетели.

1-окуучу:

Биздин ата-бабаларыбыз Азия чөлкөмүндөгү эң байыркы элдерден болгон.

2-окуучу:

Биздин ата-бабаларыбыз Түрк цивилизациясынын башында турган.

3-окуучу:

Биздин ата-бабаларыбыз 7-8- кылымдарда Эне- Сайда  гүлдөгөн Улуу кыргыз каганатын курган.

4-окуучу:

Биздин ата-бабаларыбыз дүйнөдө теңдешсиз Айкөл Манасты жараткан.

5-окуучу:

Биздин ата-бабаларыбыз ак сүйлөп улуттун жүзүн, тилин намыскөйлүк менен сактап келген.

6-окуучу :

Биздин ата-бабаларыбыз ак калпагы, ак боз үйү, үч кыл комузу, Ысык-Көлү, Сулайман тоосу менен катар нарк насилди бекем сактап, мурас калтырышкан.

           

 

Музыкалык ыр десте. Хор менен ырдашат

“Кыргыз жери”

 

Кыргыз жери, сүйөм сени,

Сүйөм сени жанымдай.

Түн жок сенин

Түнүңө окшош

Таң жок сенин таңыңдай.

Ташты жарып,

Обон салып,

Туйлап аска булагың.

 

Жашыл арча гүлдөй жыты,

Кимдин жазбайт кумарын.

Асылым жерим ардагым да,

Арналат сага ырларым да (ээй)

 

Кыргыз нарк-насил сөздөрүнөн угалы!

Кыргызымдын (чогуу айтылат)

1-окуучу:

Акылы-макал,

Алиги-бар бол!

2-окуучу

Алкоосу-өмүрлүү бол!

Антташканы- кармашкан кол!

Кыргызымдын (чогуу)

3-окуучу:

Баалаганы-Ата- Журт!

Байлыгы – Эне тили!

4-окуучу:

Дөөлөтү- касиеттүү карылык.

Даанышмандыгы – жаратылышка жакындык.

5-окуучу:

Ичкени- кымыз.

Издегени – илим.

6-окуучу:

Калысы- калк.

Канаты – ак

Чогуу:  Кыргызымдын

1-окуучу:

Мүдөөсү- ынтымак.

Мүнөзү – сабырдуулук.

Ниети – жакшылык,

Нускасы- ата салты.

2-окуучу

Сыйы- мейман,

Сынаганы – сөз.

Сыноосу- эрдик, 

Сынчысы – эл.

3-окуучу:

Тиреги- намыс,

Турагы – боз үй.

Тумары – ак калпак,

Тутканы – салт.

Чогуу: Кыргызымдын

4-окуучу:

Ынанганы – ыйман

Эрмеги- комуз.

5-окуучу:

Эң ыйыгы – эне сүтү,

Эңсегени- элине тынчтык!

6-окуучу:

Бермети – Ысык -Көл,

Бешиги – Ала-Тоо!

 

Музыкалык номер: “Кыргызым”

Табият таалай берген жерине

Ала-Тоо ак мөңгүлүү толгон кенин.

Оргуштап булактары атырылып,

Көргөндүн көтөрүлөт, көтөрүлөт, жүрөк деми.

Кайырмасы:

Черткенде шаңшый берет үч кыл комуз.

Бабалар бата берет кошуп добуш.

Төбөдө көпкөк асман күбө болгон,

Теңир тоо ата конуш  кыргыз тапкан, кыргыз тапкан.

 

Кыргызым, менин кыргызым,

Элим кыргызым!

 

Байыркы бабалардын изи менен,

Адашпай алга кыргыз, алгалай бер!

Байрагын бүт өлкөгө желбиреген,

Атагын айга жеткен, айга жеткен Ала-Тоо жер.

 

Кайырмасы:

Черткенде шаңшый берет үч кыл комуз.

Бабалар бата берет кошуп добуш.

Төбөдө көпкөк асман күбө болгон,

Теңир тоо ата конуш  кыргыз тапкан, кыргыз тапкан.

 

Кыргызым, менин кыргызым,

Элим кыргызым!

 

Тарбиялык саат жыйынтыкталат.

 

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "Открытый урок на тему "КЫЛЫМ КЫЙЫРЫНДАГЫ КЫРГЫЗ КАЛПАГЫ""

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 3 месяца

Главный бухгалтер

Получите профессию

Бухгалтер

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 672 663 материала в базе

Скачать материал

Другие материалы

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 17.03.2017 2753
    • DOCX 21 кбайт
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Калпакбаев Мирлан Калпакбаевич. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    • На сайте: 7 лет и 4 месяца
    • Подписчики: 0
    • Всего просмотров: 23004
    • Всего материалов: 7

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

Копирайтер

Копирайтер

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе

Курс повышения квалификации

Актуальные вопросы профориентационной работы в деятельности педагога

72 ч.

2200 руб. 1100 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 95 человек из 35 регионов
  • Этот курс уже прошли 125 человек

Курс профессиональной переподготовки

Тьюторское сопровождение в образовательных организациях

Тьютор

300/600 ч.

от 7900 руб. от 3650 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 817 человек из 72 регионов
  • Этот курс уже прошли 2 858 человек

Курс повышения квалификации

Работа классного руководителя по организации взаимодействия семьи и школы

36 ч. — 144 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 398 человек из 62 регионов
  • Этот курс уже прошли 3 559 человек

Мини-курс

Методы маркетинговых исследований в интернете

4 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 27 человек из 20 регионов

Мини-курс

Преодоление фобий: шаг за шагом к свободе от социальных источников страха

4 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 35 человек из 20 регионов
  • Этот курс уже прошли 16 человек

Мини-курс

Теория и практика инвестиций в контексте устойчивого развития

8 ч.

1180 руб. 590 руб.
Подать заявку О курсе