Рабочие листы
к вашим урокам
Скачать
1 слайд
Дүйнѳдѳгү диндердин кѳп түрдүүлүгү.
Маданияттын ѳнүгүшүндѳгү диндин ролу.
Мугалим: Суйундукова М.И
ТЕМА:
АДАМ ЖАНА КООМ
2 слайд
Илимде диндердин ар түрдүү классификациялары бар.
Биз диндердин кѳбүрѳѳк тараган типологиялары менен таанышабыз.
Дүйнѳдѳ диндердин кеңири кучак жайгандыгына негизделген классификациясы:жергиликтүү ишенимдер, улуттук жана дүйнѳлүк диндер.
Дүйнѳдѳгү диндердин кѳп түрдүүлүгү.
3 слайд
Дүйнѳдѳгү диндердин кѳп түрдүүлүгү.
4
1
2
Жергиликтүү ишенимдер. Дүйнѳнүн кээ бир элдери жергиликтүү салттуу ишенимдерди сактап калышкан:жаратылыштын кудуретине ишеним, ата-бабаларды ыйык тутуу, фетишизм, магия, жана сыйкырга, тумарлардын күчүнѳ ишенүү.
Улуттук диндер-бул мамлекеттин чегинде таркаган же бир эле улуттун ѳкүлдѳрү сыйынган диндер. Аларга иудаизм, индуизм, даосизм, сантоизм ж.б. кирет.
3
Дуйнѳлүк диндер-ар түрдүү элдер арасында кеңири тараган дүйнѳлүк диндер үчѳѳ: буддизм – өзүнө эки негизги багытты камтыйт – хинаяна жана махаяна; христиан дини – үч негизги багыты бар – католицизм, православие жана протестантизм; ислам – эки багыты бар – сүннѳт жана шеит.
4 слайд
Дин таануучулардын белгилери боюнча диндердин классификациясы диндерди монотеисттик, политеисттик, дуалисттик, кудайсыз дин жана синкреттик кылып бөлөт.
Монотеисттик диндин башкы айырмасы- жалгыз бир кудайга сыйынуу (христианчылык, ислам, иудаизм).
Политеисттик динде көп кудайдын бардыгына ишенүүгө негизделген дин (Байыркы Египетте, Грециянын, Индиянын ж.б.
Дуалисттик диндин негизинде эки бири-бирине карама-каршы аракеттенген кудайларга ишенүү кирет (зороастризм, маздаизм).
5 слайд
Кудайы жок дин (нетеисттик) – абстрактуу идеалдарга ишенүү көрүнүшү: жогорку мыйзам, акыл-эс, адамгерчилик ж.б. (байыркы буддизм, джайнизм).
Синкреттик ишеним ар түрдүү диндерди жана анын элементтерин бириктирүүгө аракет кылат (манихейство, бахаизм, теософия ж.б.).
6 слайд
Маданияттын ѳнүгүшүндѳгү диндин ролу.
Тарыхта, дүйнөлүк маданияттын өнүгүүсүндө дүйнөлүк буддизм, христианчылык жана ислам диндери өзгөчө маанини ойношкон.
7 слайд
Маданияттын ѳнүгүшүндѳгү диндин ролу.
Буддизм жалпы диндик компонент катары Индиядан Жапонияга чейин Чыгыштын ар кыл цивилизацияларына- архитектура, скульптура, музыка, бий, театр жана сүрөт искусствосуна чоң таасирин тийгизген.
Буддизмдин жайылуусу менен көп сандаган буддистик храмдар, монастырлар, зор үңкүрлүү жана аскалуу комплекстер түзүлгөн. Буддистик монастырлар кылымдар бою Ыраакы Чыгыш өлкөлөрүнүн маданиятынын бирден бир негизги очогу болуп келген. Бул жерде убагында илхам издеген акындар, сүрөтчүлөр, окмуштуулар жана философтор өз чыгармаларын жаратышкан.
Монастырдын китепканаларынын архивинде баа жеткис жазма маданиятынын берметтери сакталып, ар дайым эмгекчил котормочу, монахтар көчүрүп жазып жана көбөйтүп, муундан муунга сакталып келген.
8 слайд
Христиан дини
Христианчылык дагы өзүнө Байыркы Грециянын, Римдин маданий мурастарын камтып, Европа элдеринин баалуулуктар системасына жана ой жүгүртүүсүнө чоң таасирин тийгизди.
Ал Библия, библиялык каармандар жана анын сюжети кылымдардан бери алдыңкы болуп келе жаткан батыш Европанын маданиятынын калыптанышына чоң салым кошту (сүрөт искусствосуна, скульптура, адабият, музыка жана архитектурасына).
9 слайд
Ислам дини
Ислам башка дүйнөлүк диндердей эле дүйнөлүк маданияттын өнүгүүсүндө эбегейсиз чоң ролду аткарды.
Ал дүйнөгө мыкты мамлекеттик ишмерлерди, музыканттарды, акындарды, философторду жана архитекторлорду берди, алардын жетишкендиктери азыркы илимдин жана маданияттын абалына чоң салым кошту.
Мусулмандар рух менен материя, ишенич менен илим аралашкан укмуштуудай цивилизацияны курууга жетишти. «Алтын кылым» доорунда мусулман цивилизациясы дүйнөгө өзүнүн жакшылыктарын берди.
10 слайд
Ислам дини
Ислам негиздеген университетке Европадан жана дүйнөнүн түбүнөн окуганга келишкен. Ушул цивилизациянын жардамы менен эксперименталдуу ой жүгүртүү жана таанып билүүнүн илимий методу пайда болгон.
Бул жер кайталангыс түрдө дин менен илим, этикет жана искусство аралашкан. Ошол себептүү, дин руханий маданияттын тармагы катары адамдын жашоосунда эң маанилүү ролду ойнойт.
Диндин жардамы менен адам дүйнөнү аңдап билди, жана өзүнүн бул турмушта ордун тапты, дин адамзатынан тышкары эмнелер бар экенин түшүндүрүүгө аракеттенди: өлүп калуу коркунучун жана өмүрүн узартуу каалоосун жок кылды.
11 слайд
Эсиңерде болсун!
Дин адамдардын руханий байлыгынын кызыкчылыгын канааттандырат, баалуулуктардын системасын, адеп-ахлакты, ак жана караны, жаман менен жакшыны айырмалоого үйрөтөт.
Диндин мааниси, таасири күчтүү, ал гумманисттик заманбап дүйнөнүн баалуулуктарын, коомдун кулк-мүнөзүн чыңдап, ар түрдүү көз караштагы адамдардын макулдашуусун камсыз кылат.
12 слайд
Бышыктоо үчүн суроолор
4
1
2
3
Дүйнѳлүк маданияттын ѳнүгүшүндѳ диндердин ролу кандай?
Кайсы диндер дүйнѳлүк деп аталат?
Дүйнѳлүк диндер улуттук диндерден эмнеси менен айырмаланат?
13 слайд
Үйгѳ тапшырма
4
1
2
Слайддагы берилген тапшырманы конспект жазабыз;
Силердин оюңарча, адамзат тарыхы динсиз болушу мүмкүнбү же жокпу?
Ѳзүңѳрдүн пикириңерди аргументтер менен далилдегиле.
Рабочие листы
к вашим урокам
Скачать
6 672 663 материала в базе
Настоящий материал опубликован пользователем Суйундукова Мейизгул Иманалиевна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт
Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.
Удалить материалВаша скидка на курсы
40%Курс профессиональной переподготовки
500/1000 ч.
Курс повышения квалификации
72 ч. — 180 ч.
Курс повышения квалификации
108 ч.
Мини-курс
2 ч.
Мини-курс
6 ч.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.