Рабочие листы
к вашим урокам
Скачать
1 слайд
Тема:
Адамзаттын ааламдык маселелери
11-класс
Мугалим:
Сүйүндүкова Мейизгүл Иманалиевна
2 слайд
Сабактын максаты:
Адамдын ааламдык маселелери жөнүндө маалымат алуу менен
билимдерди изилдөөгө, жалпылоого жана системалаштырууга салым кошо аласыӊар.
Ааламдык ой жүгүртүү менен дүйнө таанымынарды калыптандырууга акыл эмгегинин маданиятына, өз алдынча баалоо жөндөмүӊөрдү калыптандырасыӊар.
Аткарылган тапшырманы жоопкерчиликтүү аткарууга, инсандык активдүүлүгүнөрдү арттырасыӊар.
3 слайд
Адамдын ааламдык маселелери
Глобалдык маселелер – бүткүл адамзат жашоосун жана өнүгүүсүн түйшөлтүп козгогон, эн курч турмуштук маанилуу, дүйнөлүк жана жалпы адамзаттык маселелердин жыйындысы.
Аларды чечүү элдердин жана мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин талап кылат.
Глбалдык проблемалардын комплекстүүлүгү, системалуулугу жана жалпылык мүнөзү алардын айырмалануучу өзгөчөлүгү болуп саналат.
Биринчи даражадагы глобалдык маселелердин катарына согуш жана тынчтык проблемалары кирет. Булардын ичинде чечилиши жалпыга бирдей зарыл маселелер бар: эл аралык коопсуздук, бүткүл дүйнөлүк термоядролук согуш коркунучу, куралсыздандыруу (массалык кыргын салуучу куралдарды жок кылуу), эл аралык мамилелерди демилитарлаштыруу, элдердин ортосундагы ишенимдерди бекемдөө д. у. с.
Улуттун, ири зоналык аймактын чегинен чыгып, көп учурда дүйнөлүк масштабга өтүп кеткен: баңгилик, экстремизм, террорчулук сыяктуу проблемалар планеталык аренада зор коркунучтарды жаратууда.
4 слайд
Термоядролук тирешүүлөрдүн капыстан дүйнөлүк алааматка айланып кетүү мүмкүндүгүнүн сакталып турушу
Дүйнөнүн бир кыйла өлкөлөрүндөгү ашкере артта калуучулук
Жер жүзүнүн бир катар бөлүгүндө орун алып келаткан ачарчылык
Туташ сабатсыздык
Массалык жакырчылык
5 слайд
Табиятты глобалдуу өздөштүрүүдөн келип чыккан адамзат коому үчүн өтө кооптуу проблемалар; энергетиканын жана азык-түлүктүн жаңы булактарын табуу үчүн күрөштүн, чийки заттардын жаңы түрлөрүн массалык масштабда иштеп чыгуунун жана колдонуунун кеңири кулач жайышы менен дүйнөлүк экологиялык баланска алардын терс таасиринин өсүшү; океандар менен жакынкы космос мейкиндиктерин өздөштүрүүдөгү глобалдык кыйынчылыктар ж. б.;
6 слайд
Адам менен коомдун ортосундагы мамилелердин курчушу; алардын улам жайылып тарап баратышы; илим-техника индустриясы улам бийиктеп өнүккөн сайын коом үчүн эң керектүү саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарын өнүктүрүүнүн да ошончолук түрдө (алгебралык прогрессия менен) кымбатка турушу.
7 слайд
Глобалдык көйгөйлөр өз ара, регионалдык жана улуттук-мамлекеттик көйгөйлөр менен тыгыз байланышкан. Алардын негизинде – бүгүнкү күндөгү цивилизациянын жашоосунун негиздерин козгогон глобалдык масштабдагы карама-каршылыктар жатат.
Жалпысынан бул социалдык, жаратылыш менен адамдын ортосундагы, анын ичиндеги карама-каршылыктар.
Алардын кайсы бир тизмегинде курчушу глобалдык көйгөйлөрдүн бардык түтүмүндө деструктивдүү процесстерге алып барып жаңы оңой менен чечилбөөчү көйгөйлөрдү пайда кылат.
8 слайд
Дүйнөлүк коомчулукта глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн көптөгөн программаларын жана пландарын каржылоо үчүн каражаттардын, ошондой эле бул максатта пайдалануучу калыптанган механизмдин жоктугунан улам абал оорлоодо.
Бул үчүн БУУ, башка эл аралык уюмдардын, демократтык кыймылдардын ишмердүүлүгүн активдештирүү.
Дүйнөлүк согуштук чыгашаларды, конверсияларды кыскартуунун эсебинен ресурстарды көбөйтүп. Бардык мамлекеттердин тыгыз кызматташтыгын калыптандыруу. Жалпы адамзаттык кызыкчылыктар жана баалуулуктардын артыкчылыгын камсыз кылуу зарыл. Коомдук прогресс, глобалдык көйгөйлөрдү чечүүнүн негизинде адамзаттын жашоо стратегиясы элдерди цивилизациялык өнүгүүнүн жаңы чектерине алып баруусу мүмкүн.
9 слайд
Үйгө тапшырма:
Долбоордук иш: « Адамзаттык ааламдык маселелери»
2. Мүмкүнчүлүгүӊөргө жараша 2 барактан турган дил баян жазгыла.
3. Аткарган тапшырмаларыӊарды вотсапп аркылуу кайтарым байланыш кылгыла!
10 слайд
Көӊүл бурганыӊарга чоӊ рахмат!!!
Рабочие листы
к вашим урокам
Скачать
.Глобалдык көйгөйлөр – эң курч, турмуштук маанилүү, дүйнөлүк жана жалпы адамзаттык маселелердин жыйындысы. Аларды чечүү бардык элдердин жана мамлекеттердин биргелешкен аракеттерин талап кылат. Глобалдык көйгөйлөрдүн комплекстүүлүгү, системалуулугу жана жалпылык мүнөзү, алардын айырмалануучу өзгөчөлүгү болуп саналат. Алар бүгүнкү күндөгү дүйнөнүн өсүп жаткан биримдиги, аны түзүүчү бөлүктөрдүн өз ара байланышы жана бирине-биринин көз карандылыгынын күрөш тенденциялары менен шартталган.
Глобалдык көйгөйлөр башкы, биринчи даражадагылардын катарына согуш жана тынчтык проблемалары кирет. Анын ичинде төмөнкү көйгөйлөр да бар: эл аралык коопсуздук, куралсыздандыруу жана конверсия, эл аралык мамилелерди демилитаризациялоо жана узак убакытка, бекем тынчтыкты орнотуу үчүн керек болгон гарантияларды түзүү. Элдердин ортосундагы ишенимди бекемдөө жана алардын ортосундагы түрдүү тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү. Курчап турган табигый чөйрөнүн абалынын абдан начарлап кетишине байланыштуу алдыңкы планга экологиялык көйгөй чыгууда.
6 664 963 материала в базе
Настоящий материал опубликован пользователем Суйундукова Мейизгул Иманалиевна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт
Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.
Удалить материалВаша скидка на курсы
40%Курс профессиональной переподготовки
500/1000 ч.
Курс повышения квалификации
72 ч. — 180 ч.
Курс повышения квалификации
144 ч.
Мини-курс
10 ч.
Мини-курс
4 ч.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.