Инфоурок Обществознание ТестыТест по психологии "Психология "

Тест по психологии "Психология "

Скачать материал

Педагогикалык жаңы терминдер

 

Адаптация-латын тилинен алынган. Чөйрөдөгү шарттарга организмдин функцияларынын жана түзүлүшүнүн ыкташуусу.

 

Альтернатива-француздун “экиден бирөө” деген сөзү. Эки же бир нече бири-бирине карама-каршы болгон мүмкүнчүлүктөрдүн бирөөнү тандоо зарылчылыгы.

 

Анархизм-грек тилинен алынган. Бийликсиздик, башкаруудагы башаламандык, иретсиздик.

 

Априордук, б.а. ар бир окуучунун кандайдыр бир тема тууралуу билим тажрыйбасы болот. Ошондуктан окуучу “актай барак” катары кабыл алынбашы керек.

 

Ассоциация-кандайдыр бирн белгилүү шарттарда эки же андан көп психикалык бүтүндүктөрдүн (сезимдердин, кыймыл-аракеттердин, кабыл алуулардын, идеялардын) ортосундагы байланыштын пайда болуусу. Терминди англиялык окумуштуу Дж. Локк 1698-жылы сунуштаган.

 

Градация-латын тилинен алынган. Бир нерсенин иреттүү жайгашуусу, бир нерседен экинчи нерсеге өтүү баскычтары.

 

Дебат-жыйындарда, коференцияларды, заседаниелерде докладдарды, билдирүүлөрдү талкуулоодо пайда болгон талаш-тартыштар. Француз тилинен алынган. Дебат азыр оюндун да аты.

 

Догматизм-грек тилинен алынган. Кандайдыр бир проблемага, убакыттын жана орундун конкреттүү шарттарын эске албаган, өзгөрүлбөгөн көз караш. Турмуштан алыс, бирок чындык4 катары кабыл алынган жобо.

 

Дилемма-грек тилинен алынган. Эки тең салмактуу мүмкүңчүлүктөрдүн ортосундагы кыйынчылыкты жараткан тандоо.

 

Дискуссия-латындын “изилдөө, карап чыгуу, талаш” деген сөзү. Чындыкка жетүүгө багытталган талаш-тартыштар. Бул катаал формадагы тематикалуу полемика. Чындыкты ар турдүү көз караштар, иликтөөлөр аркылуу аныктоо максатындагы ушундай бир ачык талаштар.

 

Иерархия-кандайдыр бир предметтердин, буюмдардын, адамдардын, концепциялардын “жогоркудан” “төмөнкүгө” иретке келтирилген системасы.

 

Скептизм-грек тилинен алынган. Чындыкка жетүү мүмкүнчүлүктү күмөн сенеп ишенбеген ойлорду сунуштаган философиялык маанидеги теория. Биздин учурда маалыматка болгон скептизм “сылык” мамилени талап кылат.

 

Класс-латын тилинен которгондо “разряд” деген маанини туюндурат. Бирдиктүү окуу программалары менен окушкан окуучулардын тобу.

 

Консилиум-латындын “дарылап айыктыруучу” же “биргелешип тарбиялоо” деген сөзү. Педагогикалык консилиумдун натйжасында тиешелүү окуучуга жана класска, педагогикалык кырдаалга мүнөздөмө же баа берүү объективдүүлугү артып, субъективдүүлүк азаят.

 

Концепция-латын тилинен алынган. Кандайдыр бир кубулуштарды, түшүнүтөрдү жетектеген идея, негизги көз карашты жеткирген, түшүнүүнүн белгилүү ыкмасы.

 

Конкреттүү-учурдагы бир гана багытты көздөө.

 

Конструктивдүү-окуучунун өзүнүң изденүүчүлүк жана ой жүгүртүү ишмердүүлүгүнүн негизинде жаңы билимдин жаралышы.

 

Конструктивизм-изилдөө, маанини чечмелөө жана аргументтөө (жүйө, далил келтирүү) боюнча жеке ишмердүүлүктөн баштап өз билимин “түтөө” жана жаратуу процессиндеги окуучулардын активдүү ролуна басым жасайт.

 

Конструктивдүү таанып-билүү теориясы жаңы ала турган билимдеринин негизи болуп калган схемалар, структуралар, моделдер ушуга чейинки алынган эски билимдердин негизинде түптөөлөрүн тастыктайт.

 

Концентрация-латын тилинен алынган. Бир нерсени, бирөөлөрдү бир жерге топтоо, чогултуу. Мисалы: көңүлдү, күчтү, армияны ж.о.с.

 

Мотив-латындын movere-кыймылга келтирүү, туртүү деген созүнөн алынган. Инсандын аң-сезими менен түшүнгөн, кыймыл-аракеттердин жана жасай турган жумуштарды тандоодо негиз болгон себеп. Бул керектөөлөрдү канааттандыруу боюнча ишмердүүлүктүн стимулу.

 

Методикалык инструментарий, б.а. сабакты кантип өткөрөм? Кандай усулдук куралдарды колдоном?-деген суроолорго жооп берүүдөн аныкталат.

 

Менталитет-индивиддин же индивиддер тобунун мүнөздөмөсү деп саналган аң-сезимдин сапаты.

 

Муз жаргыч-адамдардын ортосундагы жылуу мамилени, жагымдуу чөйрөнү жаратууга жардам берген курал.

 

Парадокс-грек тилинен алынган. Ой жүгүртүүдөгү логикалык иреттүүлүктү сактоодо пайда болгон карама-каршылыктар.

 

Парциалдык-латындын partialis-бир нерсенин толук эмес бөлүгү. Парциалдык сезим, б.а. билиминин толук эместигин сезип, канааттанбоо.

 

Плеоназм-гректин “ашыкчалык”деген сөзү. Айтылган ойлор толук болуш үчүн колдонулган ашыкча сөздөр. Мисалы: “өзүнүн автобиографиясы” деген сөз айкашында “өзүнүн” деген сөз плеоназм. Анткени “автобиография” деген сөз “өзүнүн” деген түшунүктү камтыйт.

 

Потенциал-латындын “күч” деген сөзү. Кандайдыр бир максатка жетүүгө колдонулган мүмкүнчүлүктөр, булактар, каражаттар ж.о.с. кандайдыр бир тармакта адамдын, коомдун же мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрү.

 

Рецепция-латындын “кабыл алуу” деген сөзү. Сырткы дүйнодөгү энергиянын нервдик процесске толкунданууларын жайылтуу, дал келүүчү дүүлүктүрүүнүн кыймылдарын нервдик борборлорго мааалыматты жеткирүү.

 

Рефлексия-латындын reflexio “артка кайрылуу”деген сөзүнөн алынган. Субъектин ички психикалык абалына өзүнүн көңүлүн буруу жана аны түшүнүү процесси. Окуу процессиинин негизги максаты ар бирн маалыматка окуучуда өзүнүн объективдүү мамилеси жаралууга өбөлгө түзүү.

 

Стереотип-гректин stereos-катуу, tyros-из деген сөзүнөн алынган. Социалдык объектин ( топтун, адамдын, окуянын, кубулуштун ж.б.) туруктуу жана жөнөкөйлөтүлгөн образы, маалымат аз болушуна байланыштуу индивиддин өзүнүн тажрыйбасына жана көпчүлүк учурда коомдогу калыптанып калган көз караштарга таянган пикири, мамилеси.

 

Таксономия-бул классификация, кубулуштардын, обьектердин баш ийүү иретинин систематизациясы (төмөңдөн жогоруга чейин).

 

Эквивалент-латындын тилинен алынган. “Баалуулугу боюнча бир деңгээлде” д. м. туюндурат. Предмет же саны менен баалуулугу, мааниси жагынан бир деңгээлде, бир нерсенин ордуна колдонууга жарактуу.

 

Фацилитация-ангис тилинен кирген. Бизче “жеңилдетүү, ыңгайлаштыруу, таасир этишүүгө ыңгайлуу шарт түзүү” д.м. билдирет. Ал түшүнүк К.Роджерс тарабынан киргизилген. Интерактивдүү окууда мугалим фацилитаторлук ( багыттоочу, нускоочу, уюштуруучу, жөндөөчү) милдет аткарат.

 

Шок-француз тилинен алынган. Күтүлбөгөн бир кырдаалга адамдын организминин реакциясы. Анын турмушуна коркунуч туудурган абал.

Эсенгулова М., Асекова Ж.

Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү...

(“Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өстүрүү” усулунун

 теориясы жана практикалык тажрыйбасы) китебинен алынды.

“Окуучуга бир үзүм билим бериш үчүн, мугалим деңиздей билим билиш керек”

(В.А.Сухомлинский).

 

Конфуций өзүнүн өмүрүн мындайча жыйынтыктайт: “15 жашта өзүмдү илимге бердим, 30 жашымда эркиме ээ болдум, 40 жашымда күмөн санаган нерселеримден кутулдум, 50 жашымда асмандын буйруктарын үйрөндүм, 60 жашымда сезим-туюмдарым менен бардык нерсени баамдадым, 70 жашымда туура болгон нерселерге зыян келтирбестен бардык каалоолорумду орундата алдым”.

№2 2010-жыл февраль

“Таалим” илимий-практикалык журналынан алынды

“Мугалимдин теориялык билими туман болсо, анда окуучуларынын билими караңгы болот”

(А.Песталоци)

“Ийнедей шоола жаратуу үчүн, деңиздей жарыкты шимирүү керек”              (В.А.Сухомлинский).

 

“Балдарды билимге мажбурлоого болбойт. Эң жакшы мугалимдер дайыма чакырганды оң көрүшөт. Сиздин алдыңызджа бүтүндөй бирн дүйнө турат. Кире бериңиз... бирок өзүңүз болуп көрбөгөн жерге башка бирөөлөрдү чакыра албайсыз”

(Дональд Греве)

Мектеп директору ким болуусу керек? Мыкты башкаруучубу? Чарбагерби? Уюштуруучубу? “...Ал баарынан мурда мыкты мугалим болууга тийиш”                          (В.А.Сухомлинский).

Жусуп Молдобаев

Окутуунун интерактивдик усулдары

Педагогикалык көрөңгө

Педагогикалык ой-өрүш үчүн материалдар.

Тесттер. китебинен алынды.

“Идеяны жаратуунун бир гана жолу анык: көп идеяларга ээ болуу” (Лайнус Полинг).

 

“Эгер кимдир бирөө мен ойлонгондой ойлонбосо, ал анысы менен мени кордобостон, тескерисинче, кайра байытат”                                               (Антуан де Сент-Экзюпери).

 

“Чындыкты издеп баштаганда гана турмуш башталат” (Джон Рескин)

 

“Ойлоно билгендер, суроо да бере билишет”             (Алисон Кинг).

 

“Ойлонуу–бул сүйүү жана өлүү сыяктуу эле: ар ким аны өзү жасаш керек”         (Белгисиз автор).

 

“Кеп сенин канчалык акылдуу экениңде эмес, кандай акылдуу экениңде”          (Говард Гарнер).

 

“Сиз мыкты мугалимсиз, сиздин окуучуларыңыз абдан жакшы”              (Симон Соловейчик).

 

Эсенгулова М., Асекова Ж.

Мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү...

(“Окуу жана жазуу аркылуу сынчыл ой жүгүртүүнү өстүрүү” усулунун

 теориясы жана практикалык тажрыйбасы) китебинен алынды.

Педагогикалык ойлор

 

Педагогика илимин философиянын ичинен XVII кылымда Англиялык философ Фрэнсис Бэкон (1561-1626) өзүнчө илим катары бөлгөн.

 

Мугалимдин кесиптик маданиятынын баалуу бир багыты педагогикалык этика (грек-нрава)-жүрум-турум эрежелери жана адамдардын өз ара мамилеси жөнүндөгү илим. Педагогикалык этика коомдогу калыптанган жалпы эрежелер  негизинде мугалим менен окуучулардын ортосундагы мамилелер эрежеси, аны колдонуу менен педагогикалык иш-аракетти жетекчтликке алуу нормалары.  Педагогикалык этика кесиптик эмгектеги эстетика менен тыгыз байланышта.

 

Эстетика(гректин aisthetihos-сезим, сезүү)-бул адамдын эмоционалдык-баалуулук маилеси, коомдогу, жаратылыштагы, адамдагы, көркөм өнөрдөгү сулуулукту, кооздукту сезе жана жарата билүүсү. Балдар менен кошо кубануу, сүйүнүү же кайгыруу эмоционалдык сезимдин өнүккөң түрү.

 

“Ата-эне баланын биринчи тарбиячысы “анын тарбиясы жарык дүйнөгө келген күндөн башталат” (Ж.Ж.Руссо).

“Өз колуң менен жаз. Өз оозуң менен оку. Алдыңдагы китепти көңүл коюп оку. Күнүңдү бекер өткөрбө, көп окусаң-көптү билесиң. Билгенден сура”     (М.Матье).

 

“Тарбиячы тарбияланган болуш керек”

“Ар бир жаңы муун, мурдагы муундардын ой-санаасын, билимин, сезимин өздөштүрөт”   (К.Д.Ушинский).

 

“Жакшы мугалимдер жакшы окуучуларды жаратат”(М.В.Остроградский).

 

“Мугалимдик кесипте “майда барат көрүнгөн нерсе жок: кандай сүйлөө, кандай туруу, кантип отуруу, үндү качан көтөрүү, жылмаюу, тиктөө ж.б. чечүүчү роль ойнойт”. Мугалим качан гана “бери кел” деген создү 40 түрдүү мааниде ( катуу, жумшак, жылмаюу, жини келүү ж.б.) айта алганда гана өзүн тарбиячымын деп сезүүгө тийиш”                                                                (А.С.Макаренко).

 

“Эгерде педагогика адамды бардык жагынан тарбиялагысы келсе, анда ал аны эн алгач бардык жагынан билүүгө тийиш”   (К.Д.Ушинский).

 

“Балдарды тарбиялоо ийгиликтүү болуусун каалаган мугалим, биринчи иретте, өзүн тынымсыз тарбиялашы керек, бири-бирине жардам берип, изденип, ойлонуп, талкуулап, талдап туруу-бул эбегейсиз илим”  (Л.Н.Тольстой).

 

“Адамды алга жетелеген, анын журүм-турумун тейлеген-бул адамдын сезими жана эмоциясы” (Л.С.Выготский).

“Тарбиялай билүү-бул да искусство, ал скрипкада жана роялда чебер аткарган сыяктуу, сүрөт тарта билгендей эле чеберчиликти талап кылат”  (А.С.Макаренко).

 

“Калыптанган мугалим-балдарды жана иштеген ишин сүйүүсү тийиш”                 (Л.Н.Тольстой).

 

“Тормозу жок мугалим, бузулган машинага окшош”   (А.С.Макаренко).

 

“Жүзүңөрдөн от жанып, көзүңөр күлүп, жылуулук таамп турсун. Эгерде жылуулук сезим ар дайым жүзүңөрдөн жанса, анын үзүрүн сөзсүз көрөсүңөр”                                                              (В.Леви).

 

“Мугалим үчүн жанындагы баланы байкай билүү, анын жан дүйнөсүн тушунүү, каалоо-тилегин сезүү, психикалык абалын, инсандык сапатын, каиетин билүү өзгөчө мааниге ээ”              (В.А.Сухомлинский).

 

“Эгерде педагог баланы сүйбөсө, аны тушунбөсө, ал сүйлөшө да албайт”               (А.А.Леонтьев).

 

“Эгерде мен мугалим болсом кандай суроолорго жооп берет элем”                            (К.Роджерс).

 

“Класс жетекчинин милдети: окуучунун жекече өнүгүүсүнө жардам берүү, балдар коллективин түзүү, анын шартын жана баланын өнүгүү чөйрөсүн жакшыртуу, ар тараптан өнүккөн инсанды тарбиялоо усул-ыкмаларын иштеп чыгуу менен “инсандын ички дүйнөсүнө таасир этүүчү ыкмаларды колдонуу”                (А.С.Макаренко).

 

“Баласыз коом-жоголуп бараткан коом”          (Д.Б.Эльконин).

 

М.Р.Рахимова, М.А.Абдыкеримова

Педагогикалык кесипке киришүү  китебинен алынды.

Бишкек-2008

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Педагогикалык тесттер

 

1.”Адам эркин төрөлгөн, ошону менен бирге эле ал ар тараптан чынжырланган”-деген ой кимге таандык?

            а)Дистерберг                                                 в)Коменский

            б)Ж.Ж.Руссо                                                г)Макаренко

2.Класстык сабак системасын ким биринчи иштеп чыккан?

            а)Сухомлинский                                           в)Коменский

            б)Макаренко                                                 г)Ушинский

3.Элдик педагогика боюнча жазылган “Этнопедагогика” китебинин автору ким?

            а)Гашимов                                                     в)Г.Волков

            б)Огородников                                            г)Хамбиков

4.Илимий негизде адам бул эмне?

            а)социалдык жан                                          в)биологиялык жан

            б)биосоциалдык жан                                 г)биологиялык эмес жан

5.Табигый жана эркин тарбиялоонун негиздөөчүсү?

            а)Джон Лок                                                  в)Дестерберг

            б)Коменский                                                г)Ж.Ж.Руссо

6.”Улуу дидактика” чыгармасынын автору ким?

            а)Калинин                                                    в)Коменский

            б)Шетинин                                                   г) Сухомлинский

7.Юнеско кандай уюм?

            а)Айыл чарбасын өнүктүрүү                      в)билим берүү, маданиятты өнүктүрүү

            б)Өндүрүштү өнүктүрүү                             г) коммерциялык түзүлүштү өнүктүрүү

8.Биринчи диний мусулман мектептери кайсы мамлекетте пайда болгон?

            а)Египетте                                                    в)Аравияда

            б)Индияда                                                     г)Борбордук Азияда

9.Дидактиканын алтын эреже принцибин ким негиздеген?

            а)Руссо                                                          в)Коменский

            б)Джон Лок                                                  г)Гербарт

10.Окутуудагы тарбиялоо идеясы кимге таандык?

            а)Ушинский                                                в)Песталоци

            б)Дистерберг                                                г)Меймон

11.”Этнопедагогика” терминин ким биринчи колдонгон?

            а)Б.Апышов                                                  в)Г.Волков

            б)Алимбеков                                                г)Ханбиков

12.Ж.Баласагындын “Кут билим” китеби канчанчы кылымга таандык?

            а)12-кылымга                                               в)11-кылымга

            б)10-кылымга                                               г)15-кылымга

13.Кайсы жылы прогрессивдүү адамзат Абу Али Ибн Синанын 1000 жылдыгы белгиленди?

            а)1970-жылы                                                в)1984-жылы

            б)1980-жылы                                              г)1985-жылы

14.Тарбиянын пайда болушунда негизги шарт болуп эмне себеп болду?

            а)Элдердин өз тукумун улантууга умтулуусу                                                                             б)Адамдардын эмгек иш аракети                                                         

            в)Балдардын инстинк боюнча чоңдору

            г)Улуулардын тажрыйбасын, ык-машыгууларын өткөрүп берүү зарылчылыгы

15.Үй-бүлө тарбиясы качан пайда болгон?

            а)Уруулук коомго чейин

            б)Кул ээлөөчүлүк коомго чейин                                                  

            в)Алгачкы коомдун бузулуу мезгилинде

            г)Алгачкы коомдук түзүлүштө

16.”Педагог” деген сөздүн алгачкы мааниси?

            а)Мугалим                                                    в)Баланы жетелеп жүрүү

            б)Тарбиячы                                                   г)Дидаскалдар

 

17.Байыркы Грекияда тарбиялоочу мекемелерди кимдер жетектеген?

            а)педагогдор                                                 в)

            б)священниктер                                           г)окутуучулар

18.Илимий педагогиканын негиздөөчүсү?

            а)Квинтилян                                                 в)Ушинский

            б)Рабле                                                          г)Коменский

19.Сократтын ою боюнча тарбиянын максаты эмнеде?

            а)Буюмдардын табиятын үйрөнүү

            б)Сезимдердин жогорку бөлүгү, эс-акыл жана эркти өстүрүү                                     

            в)Өзүн-өзү таанып билүү

            г)Ак көңүл адамдарды калыптандыруу

20.Коменскийдин ою боюнча тарбиялоонун системасы кандай болууга тийиш?

            а)Тандалган адамдар үчүн

            б)Аристократтык жоболор үчүн                                                   

            в)Коомдун демократиялык болушу үчүн

            г)Акылдуулар жана акылсыздар үчүн

21.Бирдиктүү мектептин демократиялык принцибин ким ойлоп тапкан?

            а)Джон Лок                                                  в)Аристотель

            б)Коменский                                               г)Песталоци

22.Италия, Францияда, Англияда университеттер канчанчы кылымда пайда болгон?

            а)10-кылымга                                               в)12-кылымга

            б)14-кылымга                                               г)18-кылымга

23.Кайсы педагог тирүү мезгилинде “Немец мугалимдеринин мугалими” деген наамга татыктуу болгон?

            а)Гербарт                                                      в)Дистерберг

            б)Штейнер                                                    г)Меймон

24.”Мир чувственных вещей в картинках” деген китептин автору ким?

            а)Песталоци                                                 в)Коменский

            б)Ушинский                                                 г)Дистерберг

25.”Эксперименталдык педагогикага киришүү” боюнча лекциялар китебинин автору ким?

            а)Дьюм                                                          в)Демолен

            б)Лай                                                            г)Меймон

26.Феодалдык коомдо илимдердин чокусу болуп кайсы илим эсептелген?

            а)Грамматика                                               в)Кудай таануу

            б)Риторика                                                   г)Астрономия

27.Боордоштук мектептер кайсыл мамлекетте түзүлгөн?

            а)Руста                                                          в)Польшада

            б)Украинада                                                 г)Чехословакияда

28.Москва мамлекеттик университетинин кайсы жылы ачылган?

            а)1725-жылы                                                в)1768-жылы

            б)1816-жылы                                                г)1755-жылы

29.Арифметика китебинин автору ким?

            а)Ломоносов                                                 в)Магнитиский

            б)Новиков                                                    г)Тольстой

30.Греко-латын китеби кайсыл шаарда пайда болгон?

            а)Киевде                                                       в)Петербургда

            б)Москвада                                                  г) Новгороддо

31.Мусулмандарда кайсыл тил илимий тил болгон?

            а)фарс                                                            в)араб

            б)түрк                                                           г)иран

32. Песталоцинин педагогикалык системасынын негизги теориясын эмне түзөт?

            а)Табигый жана эркин теория                    в)Прогматизм

            б)Элементардык билим берүү                 г)Неотомизм

33.Киев мамлекетинде канчанчы кылымда сабаттуулуктун устаттары пайда болгон?

            а)9-кылымда                                                 в)12-кылымда

            б)14-кылымда                                               г)10-кылымда

34.”Адамды жаратылыш жаратат, бирок аны коом өстүрүп,өнүктүрөт”-деген сөз кимге таандык?

            а)Тольстой                                        в)Беменский

            б)Ушинский                                     г)Доброльюбов

35.Украина жана Белоруссия Россия менен качан бириккен?

            а)1578-жылы                                     в)1624-жылы

            б)1654-жылы                                   г)1590-жылы

36.1715-жылы кайсы шаар “Деңиз академиясы” аталган?

            а)Москва                                           в)Оренбург

            б)Петербург                                     г)Новгород

37.”Адам-тарбиянын педмети” китеби кимдики?

            а)Ушинский                                    в)Сухомлинский

            б)Коменский                                    г)Амонашвили

38.Аялдар гимназиялары жөнүндө жобо канчанчы жылы басылып чыккан?

            а)1750-жылы                                     в)1870-жылы

            б)1810-жылы                                    г)1950-жылы

39.Юнесконун штаб квартирасы кайсы жерде?

            а)Масквада                                        в)Берлинде

            б)Лондондо                                       г)Парижде

40.Биринчи педагогикалык журналдын аталышы?

            а)”Кыргыз маданияты”                   в)”Чалкан”

            б)”Кыргыз оюндары”                      г)”Жаңы маданият жолунда”

41.Полестра мектеби эмнени түшүндүрөт?

            а)казарма                                           в)жаштар үйү

            б)жалпы мектеп                               г)күрөш мектеби

42.Украинадагы “Павлыш” орто мектебинин директору ким болгон?

            а)Макаренко                                     в)Сухомлинский

            б)Шаталов                                         г)Амонашвили

43.”Бала таза тактайдай төрөлөт”-деген сөздү ким айткан?

            а)Ж..Ж.Руссо                                    в)Коменский

            б)Джон Лок                                     г)Гербарт

44.Коомдук тарбиянын элдүүлүгү жөнүндөгү идеяны ким биринчи негиздеген?

            а)Тольстой                                        в)Ушинский

            б)Чернышевский                              г)Герцен

45.Сабактын 45 минуталык формасын ким сунуш кылган?

            а)Ж..Ж.Руссо                                    в)Коменский

            б)Сухомлинский                              г)Ушинский

46.Класстык журналды ким сунуш кылган?

            а)Ж..Ж.Руссо                                    в)Коменский

            б)Джон Лок                                       г)Песталоци

47.Мугалимдин шыгынын, устатыгынын, чеберчилигинин негизинде методдорду (усулдарды) кандайча колдоно алышы-...

            а)Педагогикалык такт                     в)Консилиум

            б)Технология                                   г)Педагогикалык этика

48.Айтылуучу маалыматка 45 мүнөт көңүл бөлгөн окуучулар.

            а)1-4-класстар                                   в)8-9-класстар

            б)5-7-класстар                                   г)10-11-класстар

49. Айтылуучу маалыматка 28 мүнөт көңүл бөлгөн окуучулар.

            а)1-4-класстар                                   в)9-класстар

            б)5-7-класстар                                   г)10-11-класстар

50. Айтылуучу маалыматка 18 мүнөт көңүл бөлгөн окуучулар.

            а)4-класстар                                      в)9-класстар

            б)5-класстар                                    г)10-класстар

51.Тарбиядан келип чыккан тарбиялар?

            а)толеранттуулук, гуманисттик  в)экологиялык, укуктук

            б)эстетикалык, этикалык                г)дене тарбиясы, экономикалык

52.Оптималдуулук, жекече инсандык мамиле жана кабыл алуучуоук кайсы педагогиканын принциптерине таандык?

            а)Дарылоо педагогикасынын                

            б)Этнопедагогиканын                    

            в)Диалектикалык педагогиканын

53.Жалпы билим берч мектептердин системасына кирип, айрым бир окуу предметтерин теориялык жана практикалык жактан тереңдетип, кесипке багыттап окутууга арналган мектеп:

            а)Мектеп-комплекс            

            б)Профилдик мектеп                    

            в)Гимназия

54.Бири-бирине жол беришүү менен жетишилген макулдук:

            а)комплимент           

            б)компрмисс           

            в)рейтинг

55.Мугалимдин ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо “Мугалимдин статусу” жөнүндөгү мыйзамдын кайсы статьясында көрсөтүлгөн?

            а)6-ст.           

            б)5-ст.            

            в)2-ст.

56.”Сабагын кызыктуу өткөн мугалим гана бирөөнү окутуп үйрөтө алат...” бул сөз кимге таандык?

            а)Я.Корчак               

            б)В.Сухомлинский            

            в)А.Эйнштейн

57.Сабактын айрым багыттары боюнча берилген анализ кайсы анализ?

            а)Аспектүү   

            б)Кыскача                 

            в)Аналитикалык

58.Академик Ю.Бабанский дидактиканын кайсы принцибин сунуштаган:

            а)Координация                   

            б)Оптимизация                  

            в)Кызматташтык

59.Иш-аракетке түрткү берүүчү, бир нерсе жасоого кызыктыруучу себеп:

            а)Стимул                

            б)Рейтинг                 

            в)Мониторинг

60.Ал же бул маселе боюнча көз караштардын системасы:

            а)Концепция           

            б)Конвенция            

            в)Доктрина

61.Жөндөмдүү окуучуларга кеңири түрдө жаңыча билим берүү, милдеттүү түрдө окутула турган жалпы программанын аткарылышынан жогорку көрсөткүчтөгү өз алдынча тандаган предметтерди тереңдетип окутуу багытын көздөгөн мектеп:

            а)Лицей                    

            б)Гимназия              

            в)Колледж

62.Кандайдыр бир маселелер боюнча түзүлгөн келишим. Эл аралык договор:

            а)Концепция

            б)Конвенция           

            в)Доктрина

63.Сабактын эмоционалдуулугу жана класста ийгилик жаратуу жагдайын түзүү кайсы талапка кирет?

            а)Тарбиялык

            б)Дидактикалык      

            в)Психологиялык

 

 

64.Бир гана сабак боюнча окуучунун даярдык денгээлин текшерүү үчүн түзүлгөн тест:

            а)Гомогендүү

            б)Гетерогендүү       

            в)Адаптивдүү

65.”Эгерде мугалим окуучуларын сүйө билип, ишке жөндөмдүүлүгүн арттыра алса, анда ал кылдат тарбиячы”. Бул сөз кимге таандык?

            а)Я.Корчак    

            б)Л.Тольстой

            в)А.Макаренко

66.Бир нече предмет боюнча окуунун даярдык денгээлин баалоо үчүн түзүлгөн тест:

            а)Гомогендүү          

            б)Гетерогендүү        

            в)Интерогендүү

67.Мугалим дайындуу мисалдар менен жаңы теманы түшүндүрүп, мазмунун жана эрежесин окуучу өзү таап ала тургандай жагдай түзүү усулу:

            а)эврикалык усул

            б)дедукциялык усул

            в)индукциялык усул

68.”Апория” түшүнүгү:

            а)Таяныч идея

            б)Ойдун алсыздыгы, чабалдыгы   

            в)Алдын ала туюу

69.”Альтуризм” деген сөздүн мааниси:

            а)Өзүмчүлдүк

            б)Чынчылдык          

            в)Өзгөчө берилгендик

70.Таяныч сигналдарга таянып окутуу усулун киргизген педагог:

            а)Э.Синклер

            б)Ш.Амонашвили   

            в)В.Шаталов

71.Сабак-бул:

            а)Жаңы билимдерди берүүгө багытталган процесс

            б)Чындыкты издөөгө багытталган процесс

            в)Билген билимдерин бекемдөөгө багытталган процесс

72.Баалоонун бизде көп колдонулган түрү:

            а)Формативдик баалоо

            б)Диагностикалык баалоо

            в)Суммативдик баалоо

73.Фашисттер мешке күйгүзүп жиберишкен улуу педагог:

            а)Янош Корчак

            б)Адольф Дистерверг         

            в)И.Карбышев

74.Дидактиканын принциптерин киргизген педагог:

            а)К.Ушинский

            б)Ж.Ж.Руссо 

            в)Я.Коменский

75.Мектеп куррикулуму:

            а)Окутуунун жаңыча усулдарынын системасы

            б)Жаңыча билим берүү системасынын бүтүндөй жыйындысы

            в)Айрым предметтерден өзгөчөлөп билим берүүнүн системасы

76.”Кампетенция” түшүнүгү эмнени билдирет?

            а)Билим менен көндүмдөрдүн терең айкашып дал келүүсү

            б)Мугалимдин аткарууга тийиш болгон милдеттери

            в)Окуучунун аткарууга тийиш болгн милдеттери

 

 

 

Психология боюнча тесттер

1.”Жан” түшүнүгүнө алгачкы жолу идеалисттик мүнөздө түшүнүк берүүчү окумуштуу?

            а)Платон                                         в)Фалес

            б)Сократ                                          г)Аристотель

2.тышкы жана ички дүйнөнүн баш мээде чагылышы?

            а)психика                                         в)ойлоо

            б)сезим                                              г)кыялдануу

            д)аң-сезим

3.Психология илимнинин тарыхында эң биринчи жолу психологияга байланыштуу (эмгекти) китепти ким жазган?

            а)Гиппократ                                    г)Аристотель

            б)Платон                                          д)Сократ

            в)Демокрит

4.Психология илим катары кайсы жылдан бери өнүгүп келүүдө?

            а)1849-жылдан                                г)1879-жылдан

            б)1839-жылдан                                д)1889-жылдан

            в)1860-жылдан

5.Эң биринчи жолу психология илиминде эксперименталдык лаборатория кайсы жерде түзүлгөн?

            а)Англия, Лондон                             г)Германия, Лейпциг

            б)Швецария, Женева                       д)Германия, Берлин

            в)Франция, Париж

6.Психология илиминде эң биринчи жолу эксперименталдык лабораторияны ким түзгөн?

            а)З.Фрейд                                          г)В.Вундт

            б) К.Левин                                         д)Лазуркин

            в)Ж.Пиаже

7.Идеалисттик көз караштагы философтор ... биринчи, ал эми материалдык дүйнөнү, жаратылышты, адамдарды, буюмдарды аң-сезимде, ой-пикирде,идеяда гана жашайт дешет?

            а)Аң-сезимди,духту, идеяны                                           

            б)психиканы                         

            в)Ж.Пиаже

            г)Психологиянын предмети

            д)Сырткы дүйнөнү

8.Материалисттер ... эң биринчи, аң-сезимди анын туундусу катары карашат?

            а)Маданий дүйнөнү                                     г)Руханий дүйнөнү

            б)Материяны                                              д)Психологияны

            в)Духту

9.Адамдардын психикасын айбандардыкынан айырмалап туруучу психикалык чагылуунун өнүккөн деңгээли, коомдун өнүгүшүндө биргелешкен эмгектин жана байланышуунун таасиринин натыйжасында пайда болуучу психикалык касиет?

            а)Психика                                         г)Жан

            б)Кыялдануу                                     д)Аң-сезим

            в)Сезүү

10.адамга гана мүнөздүү болгон психиканын эң өнүккөн деңгээли?

            а)Инстинкт                                     г)Аң-сезимсиз абал

            б)Машыгуу                                        д)Стереотип

            в)Аң-сезим

11.Аң-сезим кандай элементтерден турат?

            а)Сезүү, эс, кыялдануу                                           

            б)Эрк,эмоция,сезим, мүнөз 

            в)Билимдердин жыйындысы, субъект жана объекти ажыратуу,

               максаттуу ишмердүүлүк мамиле

            г)Көз караш, дүйнө тааныш

            д)Мамиле, көз караш, кызыгыш

12.Аң-сезимдин курамы канча элементтен турат?

            а) 1                  б) 2                 в) 3                  г) 4                  д) 5     

13.... абал эң татаал жана аңдап билинбеген психикалык процесс катары эсептелип, объективдүү чындыкты чагылдыруунун бир формасы.

            а)Аң-сезим                                                    г)Чагылдыруу

            б)Ан-сезимсиз                                              д)Рефлекстик

            в)Психикалык

14.Адамдын акыл жөндөмдүүлүгүнүн туруктуу түрдө ар дайым анын ар кыл ишмердүүлүктөрүнөн, жүрүм-турумунан көрүнүшү?

            а)Мораль                                                       г)Интеллект

            б)Сезим                                                        д)Жүрүш-туруш

            в)Эс

15.Керектүү билимди, маалыматты алуунун шартын, жолун аңдап отурбай эле адамдын ички туюусу аркылуу эле туура маалыматка, чечимге жетишүүсү.

            а)Туюу                                                           г)Кабыл алуу

            б)Интуиция                                                 д)Сезүү

            в)Көңүл буруу

16.Дүйнө сүрөт деген эмне?

            а)Элестөө                                                    г)Ички дүйнөнүн адамдын башындагы образы

            б)Түшүнүк                                                   д)Тышкы чөйрөнүн адамдын башында

            в)Кыял                                                              жаратылган образы

17.”Эмприка”-деген сөз эмнени түшүндүрөт?

            а)Тажрыйба                                                 г)Кубулуш

            б)Өнөр                                                          д)Метод

            в)Объективдүү

18.Эмприкалык психологиянын эң көрүнүтүү өкүлү?

            а)Ж.Ж.Руссо                                                г)Дж. Уотсон

            б)И.М.Сеченов                                             д)Джон Лок

            в)И.П.Павлов

19.Рационалдуу агымдагы психолог-философтун айтуусуна караганда, психология ... үйрөтүүчү илим.

            а)Аң-сезим                                                    г)Кудайдын күчүн

            б)Акыл, иш-аракетти                               д)Стимул жана реакцияны

            в)Жүрүм-турумду

20.Психиканын пайда болушу, ишке ашышы сезүүдөн алынган таасирлерге гана көз каранды болот деген окуу.

            а)Преформизм                                              г)Инсуализм

            б)Фредизм                                                     д)Метофизика

            в)Рационализм

21.Тубаса инстинктер гана адамдын жүрүм-турумун аныктайт деген көз карашты негиздеген илимий агым?

            а)Психоанализ                                                         г)Коянитивдик психология

            б)Гештальт психология                                          д)Марксизм

            в)Бихевиоризм

22.Психоанализда кайсы окумуштуу негиздеген?

            а)К.Маркс                                                     г)З.Фрейд

            б)К.Юнг                                                        д)Л.С.Выготский

            в)К.Левин

23.... деген индивиддин сексуалдык инстинкти менен байланыштуу болгон аң-сезимсиз абалдагы психикалык энергиясын билдирүүчү З.Фрейддин идеяларынын өзөгүн түзүүчү түшүнүк.

            а)Либидо                                                      г)Активдүүлүк

            б)Керектик                                                  д)Жалпылык

            в)Мотивдик

24.Аң-сезимди илим изилдей албайт, психика жүрүм-турумдан көрүнөт, мына оошондуктан психология жүрүм-турумду изилдөөсү керек деген идеяга негизделген илимий агым?

            а)Маркстык писхология                              г)Фрейдизм

            б)Гештальт психология                              д)Бихевиоризм

            в)Когнитивдик психология

25.Айбандарга изилдөөлөрдү жүргүзүп, адамдардын жүрүм-турумун түшүндүрүүгө аракеттенген илимий агым?

            а)Психоанализ                                              г)Гештальт психология

            б)Бихевиоризм                                             д)Когнитивдик психология

            в)Фрейдизм

26.Бихевиоризмди кимдер негиздеген?

            а)Л.С.Выготский,С.Л.Рубинштейн          г)З.Фрейд, К.Юнг

            б)Вейтхейлер, К.Левин                                д)Э.Торндайк, Д.Уотсон

            в)Ж.Пиаже, А.Р.Лурия

27.Бихевиоризм агымынын өкүлдөрү психология ... жүргүзүүчү илим деп эсептеген.

            а)Аң-сезим                                                    г)Жан

            б)Психика                                                     д)Сезим

            в)Жүрүм-турум

28.Бихевиористтик психологдрдун пикири боюнча психика ... негизинде пайда болот.

            а)Стимул жана реакция                           г)Жогрку нерв системасынын

            б)Аң-сезимдин                                              д)Акыл иш-аракетинин

            в)Жандын

29.Психиканын бүтүндүгү аны түзүп турган бөлүкчөлөрдүн касиеттерин, кызматтарын аныктайт деген идеяны тутунган психология илиминдеги чоң илимий агым.

            а)Рационалдык писхология                         г)Эмприкалык

            б)Бихевиористтик психология                   д)Советтик

            в)Гештальт психология

30.Гештальт психологияны кимдер негиздеген?

            а)Л.С.Выготский, С.Л.Рубинштейн         г) З.Фрейд, К.Юнг

            б) Вейтхейлер, К.Левин                            д)Э.Торндайк, Д.Уотсон

            в) Ж.Пиаже, А.Р.Лурия

31.К.Юнг кандай психологияны негиздеген?

            а)Психоанализ                                              г)Гуманисттик п-я

            б)Аналитикалык психология                   д)Ассоциация п-сы

            в)Индувидуалдык психология

32.К.Юнг психология илимине кандай түшүнүктөрдү киргизген?

            а)Агрессия, аффект                                    г)Фрустрация, депрессия

            б)Бейаң, мен                                                 д)Ишмердүүлүк теориясы

            в)Архетип, коллективдүү бейаң

33.Окутуунун жана тарбия берүүнүн психологиялык мыйзам ченемдүүлүктөрүн жана мугалимдин психологиясын изилдеп үйрөтүүчү психология илиминин тармагы.

            а)Педагогикалык психология                    г)Курак жаш п-я

            б)Аналитикалык психология                       д)Социалдык п-я

            в)Индувидуалдык психология

34.Тайпалардын психикалык өзгөчөлүктөрүн жана тайпага биригишкен адамдардын жүрүм-турумдарынын,ишмердүүлүктөрүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдеп үйрөтүүчү психологиянын тармагы.

            а)Психоанализ                                              г)Гуманисттик п-я

            б)Аналитикалык психология                       д)Ассоциация п-сы

            в)Социалдыкпсихология

35.Адамдын туулгандан тартып, карыганга чейинки аралыктагы психологиясынын өнүгүүсүнүн жана инсан катары калыптанышынын мыйзам ченемдүүлүктөрүн изилдеп үйрөтүүчү психология илиминин тармагы.

            а)Педагогикалык психология                      г)Курак жаш психология

            б)Аналитикалык психология                       д)Социалдык психология

            в)Индувидуалдык психология

36.Адамдын жекече психикалык озгөчөлүктөрүн аныктоого мүмкүндүк берүүчү ыкмаларды түзүү жана аны практикада колдонууну психология илиминин бир тармагы.

            а)Коомдук психология                                 г)Медициналык психология

            б)Логопедия                                                  д)Психотерапия

            в)Психодиагностика

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "Тест по психологии "Психология ""

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 3 месяца

Специалист по переработке нефти и газа

Получите профессию

HR-менеджер

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 666 004 материала в базе

Скачать материал

Другие материалы

Работа в микрогруппах на уроках обществознания
  • Учебник: «Обществознание (базовый уровень)», Боголюбов Л.Н., Лазебникова А.Ю., Матвеев А.И. и др. / Под ред. Боголюбова Л.Н., Лазебниковой А.Ю.
  • Тема: § 22. Гражданин Российской Федерации
  • 28.03.2024
  • 49
  • 1
«Обществознание (базовый уровень)», Боголюбов Л.Н., Лазебникова А.Ю., Матвеев А.И. и др. / Под ред. Боголюбова Л.Н., Лазебниковой А.Ю.

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 28.03.2024 61
    • DOCX 40.7 кбайт
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Убайдилла кызы Паризат Убайдиллаева. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    • На сайте: 30 дней
    • Подписчики: 0
    • Всего просмотров: 73
    • Всего материалов: 1

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

HR-менеджер

Специалист по управлению персоналом (HR- менеджер)

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе

Курс профессиональной переподготовки

Обществознание: теория и методика преподавания в профессиональном образовании

Преподаватель обществознания

300/600 ч.

от 7900 руб. от 3650 руб.
Подать заявку О курсе
  • Этот курс уже прошли 74 человека

Курс повышения квалификации

Особенности подготовки к сдаче ОГЭ по обществознанию в условиях реализации ФГОС ООО

36 ч. — 180 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 140 человек из 49 регионов
  • Этот курс уже прошли 912 человек

Курс повышения квалификации

Методика преподавания обществознания в условиях реализации ФГОС

72/108/144 ч.

от 2200 руб. от 1100 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 158 человек из 56 регионов
  • Этот курс уже прошли 417 человек

Мини-курс

Психологическая экспертиза в юридической сфере: теоретические аспекты

2 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Маркетинг и продажи: стратегии и инструменты для успешного бизнеса

7 ч.

1180 руб. 590 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Рациональность и творчество в педагогике

6 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе