Информатика 9-класс
Сабактын темасы: Растрдык жана вектордук графика.
Сабактын максаты : Билим берүүчүлүк: Компьюетердик графика
боюнча
жаңы түшүнүктөрдү берүү,
компьютердик графиканын түрлөрүн берүү.
Өнүктүрүүчүлүк: Компьюетердик графика боюнча түшүнүктөрүн кеңейтүү.
Окуучулардын акылын, ой жүгүртүүсүн өстүрүп, өз алдынча иштөөсүн өркүндөтүү.
Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды бири – биринин оюн баалуу деп эсептөөгө
үйрөтүү, окуучулардын информатика илимине болгон кызыгуусун өркүндөтүү.
2. Сабактын тиби: Жаңы материалды окуп үйрөнүү.
3. Сабактын максаты: Компьютердик графика жөнүндө түшүнүгүн
кеңейтүү.
4. Сабак өтүүнүн методу: Интерактивдүү.
5. Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу иштери
2. Өтүлгөн сабакты кайталоо
3. Теманы түшүндүрүү
Компьютердик
графика
ЭЭМдин экранында сүрөттөр кантип
пайда болот? Компьютер түрдүү ишти конкреттүү программалар аркылуу аткараарын
жана ал программалар конкреттүү информацияны иштете тургандыгын силер жакшы
билесиңер.
Алгачкы компьютерлер илимий жана
өндүрүштүк маселелерди гана чечүү үчүн пайдаланылган. Адатта андай
эсептөөлөрдүн натыйжасы кагазга басылган сандардын узун колонкалары болгон.
Адамдар алынган натыйжаны жакшыраак түшүнүү үчүн кагаз, карандаш, сызгыч жана башка
чийме куралдары менен графиктерди, диаграммаларды, эсептелген
конструкция-лардын чиймесин сызган. Башкача айтканда, адамдар графикалык
эсептөө-лөрдүн натыйжаларын иргеп иштөөнү кол менен жүргүзгөн. Мындай
натыйжалар графикалык түрдө көрсөтмөлүү жана түшүктүү болот.
Машинага графикалык иштетүүнү
тапшыруу идеасы тез эле пайда болгон. Адегенде программистер сүрөттү символдук
басып чыгаруу режиминде алууну үйрөнүшкөн. Кагаз барактарда символдордун
(чекиттер, жылдызчалар, кошуулар, тамгалар) жардамы менен мозаиканы элестеткен
сүрөттөр алынган. Функциялардын графиктери, суюктук жана газ агымдарынын
сүрөттөлүштөрү, электр жана магнит талааларынын сүрөттөлүштөрү ушундайча
даярдалган.
Компьютердик
графика – информатика предметинин бир бөлүмү, компьютердеги
Графикалык сүрөттөлүштөр (сүрөттөр, чиймелер, фотографиялар, видеокадр
ж.б. ) менен
иштөөгө арналган. Графикалык редактор- компьютерде графикалык сүрөттөлуштү түзүүгө жана иштетүүгө арналган колдонмо программа.
Компьютердик графика – бул биз
монитордон көрүп турган сүрөттөлүш. Бул сүрөттөлүш өңдүк мейкиндик, өңдүк профилдер
жана өңдүк
маалымат менен башкарылат. Компьютердик графиканын түрлөрү:
1.
фракталдык
2.
вектордук
3.
растрдык
Эң кичинекей элементи: үч бурчтук, чекит, сызык
Фрактальная: Конул ачуучу программаларды иштеп чыгууда
Растырдык графика көбүнчө сүрөт тармагында колдонулат. Бул графика
майда чекиттерден турган графика, өзүнүн ченемдик көлөмүндө жакшы, так көрүнөт,
бирок көлөмүн чоңойтууда сапатын жоготуп коёт.
Растровый редактордун негизги
мүмкүнчүлүктөрү:
-Каалаган формадагы сызыкты кол менен тартуу
-сурот тартуу учун графикалык примитивдерди колдонуу (туз сызык,
тик бурчттук, эллипс ж.б.) кесуу, жабыштыруу, суроттун
каалаган жерин өчүрүү
Вектордук графика чоң масштабдагы стендтерди, жарнамаларды чыгарууда
колдонулат. Анткени бул графиканы жүздөгөн эсе чоңойтсок дагы өзүнүн сапатын
сактай алат. Бул графика сызыктар жана ийри сызыктардын жардамы менен түзүлөт.
ВЕКТОРДУК ГРАФИКА
Негизги мумкунчулуктөр:
- объекттер
менен иштөөдөгү
ар кыл ыкмалар (түзүү,
өчүрүү,
кторуу,
- Масштабдоо,
кузгүдөй
чагылышты алуу
- Көп түрдүү
боекторду камтыган түскө толтуруу
- Объектерди
иретөө, бириктирүү,
кесилиштирүү
- Графикалык
эффектердин көп тобу
- Ийри
сызыктар менен иштөөнүн
ар кандай ыкмалары
- Текст
менен иштөөдөгү
бай мүмкүнчүлүктөр
- Сырткы
алып жүргүчтөргө сактоо.
Компютердик графика азыр ар кайсы
тармактарда колдонулат, ошондуктан атайын программалык пакеттер колдонулат.
Графиканы биз мейкиндикте жана тегиздикте түзө алабыз жана көрө алабыз.
Баалоо: Үй тапшырманы аткаргандыгына жана сабакка катышуусуна
карай.
Үйгө
тапшырма: Өтүлгөн материалды окуп,
жаңы түшүнүктөр боюнча өз
алдынча
изилдеп келүү.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.