Рабочие листы
к вашим урокам
Скачать
1 слайд
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ
ПЕДАГОГИКА ЖАНА МААЛЫМАТ ТЕХНОЛОГИЯЛАР ФАКУЛЬТЕТИ
ЖОГОРКУ МАТЕМАТИКА ЖАНА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ КАФЕДРАСЫ
ӨЗ АЛДЫНЧА ИШ
Тема: Билим берүүдөгү менеджмент түшүнүгү
Аткарган: ФМББ(М)маг-1-16 тайпасынын студенти
ЭРМАТАЛИ УУЛУ БАЯМАН
31.12.2020-ж.
2 слайд
План:
1. Менеджмент жөнүндө түшүнүк
2. Педагогикалык менеджмент
3. Педагогикалык менеджментте бөлүүнүчү компоненттер жана факторлор
4. Мектептин административдик менеджменттик (башкаруу) системасы
3 слайд
Менеджмент деген эмне?
4 слайд
Азыркы убакта англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдө «башкаруу» деген түшүнүктүн мааниси негизги төрт түшүнүктүн маанисине жакын: management – башкаруу, leadership – лидерлик, жетекчилик жана organization – уюштуруу. Ал эми «manage» деген англис сөзү латын тилиндеги «manus» деген сөздөн келип чыккан, ал «кол» дегенди билдирет. Адегенде «manage» деген сөз «жылкыларды минип үйрөтүү, башкаруу», ал эми кийинчерээк «куралды колдоно билүү» дегенди билдирчү, азыркы убакта «адамдарды башкаруу» деген мааниде колдонулуп жатат. «Башкаруу» жана «жетекчилик», ошондой эле «management» жана «organization» деген түшүнүктөр чындыгында жалпы бир генетикалык булакка ээ. Ошондуктан азыркы илимде жана практикада бул түшүнүктөр окшош, көп учурда бир түшүнүктүн ордуна башка түшүнүктү колдонууга болот, алардын аталыштары бүтүндөй бир илимди – башкаруу илимин атоодо бириктирилген (management).
Менеджмент жөнүндө түшүнүк
5 слайд
Жалпысынан алганда, менеджмент деген түшүнүктү башка адамдардын эмгегин, интеллектин жана жүрүм-турумунун мотивдерин колдонуп, жетекчинин коюлган максаттарга жетүү билгичтиги деп түшүнсө болот, башкача айтканда, адамдарды жана социалдык процесстерди башкаруу илиминин, практикасынын жана чеберчилигинин кошундусу.
Педагогикалык менеджмент
В.П. Симонов төмөнкү аныктаманы берген: «Педагогикалык менеджмент – бул окуутарбия берүү жана окуу жана таанып билүү процесстерин башкаруунун принциптеринин, методдорунун (усулдарынын), уюштуруу формаларынын жана технологиялык
ыкмаларынын комплекси»
6 слайд
Педагогикалык менеджменттин негизинде билим берүү процесси жайгашкан, аны үч процесстин жыйындысы катары түшүнүш керек.
окуу-тарбия берүү
окуу-таанып билүү
өз алдынча билим алуу
7 слайд
Педагогикалык менеджментке берилген аныктаманын алкагында ар бир мугалим, чындыгында, окуу – таанып билүү процессинин менеджери (аны башкаруунун субъекти катары), ал эми мектеп жетекчиси – бүт окуу-тарбия берүү процессинин менеджери (бул процессти башкаруунун субъектиси катары) экенин белгилеп кетиш керек.
8 слайд
Педагогикалык менеджмент (билим берүү процессин натыйжалуу башкаруунун теориясы, методикасы жана технологиясы) өзүнө гана таандык өзгөчөлүктөргө жана мыйзам ченемдүүлүктөргө ээ. Бул өзгөчөлүк, оболу, предметтин, продукттун, куралдын жана менеджердин эмгегинин натыйжасынын бөтөнчөлүгүндө берилет. Билим берүү процессинин менеджери катары жетекчинин эмгегинин предмети башкарылуучу субъекттин ишмердиги, ал эми эмгектин продуктысы – маалымат,
эмгектин куралы – сөз, тил, кеп болуп саналат. Окуу-таанып-билүү процесcинин менеджери катары мугалимдин эмгегинин натыйжасы окуучулардын үйрөнүлгөндүгүнүн, тарбиялангандыгынын жана өнүккөндүгүнүн даражасы болуп эсептелинет.
9 слайд
Педагогикалык менеджментте бөлүүнүчү
компоненттер жана факторлор
10 слайд
ишмердиктин максаты (пландаштырылуучу жана күтүлүүчү натыйжа)
ишмердиктин субъектиси (директор, анын орун басарлары, мугалимдер, окуучулар жана башкалар)
ишмердиктин объектиси – жетекчинин буйруктарын аткаруучу адам (директордун орун басарлары, мугалимдер, окуучулар жана башкалар);
ишмердиктин мазмуну
(окуу, башкаруу ишмердиги жана у.с.)
ишмердик ыкмалары (усулдар, принциптер жана мугалим менен окуучулардын, жетекчинин педагогикалык жамаат менен өз ара аракеттенүүсүнүн стили ж.б.)
11 слайд
Мектептин административдик менеджменттик (башкаруу) системасы
12 слайд
Мектептин административдик менеджменттик (башкаруу) системасы
Мектеп - окуучулардын, аларды окутуп тарбиялоочу мугалимдердин, мектеп администрациясынын - директор, анын окуу-тарбия иштерин, класстан жана мектептен тышкары иштерди уюштуруучу жардамчыларынын, окууга көмөкчү жана аны тейлөөчү персоналдардын, мектептин алдына коюлган жалпы милдеттерди аткаруу үчүн зарыл шарттарды камсыз кылуучу материалдык базанын - татаал комплекстүү системасы болуп эсептелет. Мектеп өз аймагындагы элдер менен, коомчулук менен, окуучулардын ата-энелери менен тыгыз байланышта иштейт. Мектептин бири-бирине баш ийген иерархиялык байланыштарынын татаал системасын камтыган кызматчылары, коллективи башкаруунун обьектиси болуп эсептелинет. Бул иерархиялык көз карандылыктар негизги эки документтерде: Билим берүү жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамында жана жалпы орто билим берүүчү мектептин Уставында чагылдырылган.
Мектептин бүт кызматкерлеринин ишин директор жөнгө салат. Мектеп директорун облусттук билим берүү бөлүмү дайындайт. Директор мектептин алдына коом, мезгил койгон талапты ийгиликтүү аткаруу үчүн аракеттенет, мектептин бүт чарбачылык ишине да жооп берет, мектепке бөлүнгөн каражатты бөлүштүрүп жумшоого укуктуу. Жакшы иштеген мугалимдерди сыйлоо үчүн жогорку органдарга сунуш даярдоого, өз буйругун менен мыкты иштегендерди сыйлоо, начар иштегендерди жазалоо, кызматтан которуу, кызматка алуу, бошотуу маселелерин чечүүгө да укуктуу. Алибетте, директор мындай иштерин педагогикалык жамаат, профсоюзуюму менен макулдашып жүргүзөт.
Мектептин бардык иши үчүн директор жергиликтүү бийлик алдында, райондук билим берүү бөлүмүнүн алдында жооп берет.
13 слайд
14 слайд
15 слайд
16 слайд
КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТТАР
1.Морозова Т. В. Искусство управления: взгляд сквозь призму менеджмента // Завуч. Управление современной школой. – ¹6. – 2007. – С. 42.
2. Симонов В. П. Педагогический менеджмент: Ноу-хау в образовании: учебное пособие. – М.: Высшее
образование, 2007. – С. 56.
3. Интернет булактары.
Рабочие листы
к вашим урокам
Скачать
Бул материалда билим берүү берүүдөгү менеджментке байланыштуу айрым материалдар камтылган.
6 665 536 материалов в базе
Настоящий материал опубликован пользователем Эрматали уулу Баяман . Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт
Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.
Удалить материалВаша скидка на курсы
40%Курс повышения квалификации
72/180 ч.
Курс профессиональной переподготовки
600 ч.
Курс профессиональной переподготовки
300/600 ч.
Мини-курс
4 ч.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.