§ 34. ЖЕР — КҮН
СИСТЕМАСЫНЫН ПЛАНЕТАСЫ
Сабактын максаты:
а) Жер –күн системасынын планетасы жөнүндө
кеңири маалымат алышат. Күн системасы, планета-деген терминдер менен
таанышышат.
б) Жашоого болгон көз караштарын өнүктүрүү
в) Жер-Күн бул жашоо. Окуучуларды сейрек жашоо
мүнөздөрү калыптанат жана алдыга туура максат коюп, жакшы жашоого
тарбияланышат. Табиятка болгон сүйүүлөрү калыптанат,жаратылышты коргоого
тарбияланышат.
Сабактын методу: интерактивтүү метод
Сабактын тиби: жаны материалдарды окуп үйрөнүү
сабагы
Сабактын жабдылышы: карточкалар, сүрѳттѳр
китеп
Сабактын жүрүшү :1-кадам уютуруу иши
2-кадам
мээ чабуул
3-кадам
ѳтүлгѳн сабакты кайталоо
4-кадам
жаны тема
5-кадам
бышыктоо
6-кадам
окуучуларды баалоо
7-кадам
үйгѳ тапшырма
Жаңы
тема: § 34. ЖЕР — КҮН СИСТЕМАСЫНЫН ПЛАНЕТАСЫ
Биз жашап турган Жер абдан чоң. Адамдар аны
байыркы заманда эле элестетишкен. Чындыгында адам өтө албагандаЙ болгон бийик
тоолор, узакка созулуп жаткан түздүктөр, ойдуң-дар, мелмилдеп жаткан деңиздер
жана океандар Жердин бөлүгү гана болуп эсептелишет. Адамдар Жерди чоңдугу
боюнча эч нерсе менен салыштыра алган эмес. Ошондуктан Жер абдан чоң жана оор,
кыймылсыз. Анын айланасында Күн, Ай жана жылдыздар айланып жүрүшөт деп
эсептешкен. Жер жөнүндөгү мындай элестетүүлөр көптөгөн кылымдар бою чындык
катары каралып келген. XVI кылымдын жарымында польшалык окумуштуу Николай
Коперник (1473— 1543) асмандагы бардык жарык чыгаруучулардын кыймылын
түшүндүрүп, Жер дагы өзүнүн огунун айланасында жана Күндүн тегерегинде
айланаарын айткан. Ушундан кийин гана Жерди планета катары аташкан. Галилео
Галилей асманды биринчи жолу телескоп менен карап, изилдеп, Коперниктин
айткандарын далилдеген. Галилей Чолпон планетасынын фазаларынын алмашышынын
себебин ачкан. Чолпон Жердин айланасында эмес, Күндүн айланасында айланганда
гана анын фазалары алмаша тургандыгын айткан. Галилей Айдын бетинен тоолорду
байкаган жана алардын бийиктиктерин өлчөгөн. Жер менен башка асман телолорунун
ортосунда анчейин деле айырма жок экендигин байкаган. Мисалы, Жердеги тоолорго
окшош тоолор башка асман телолорунда да бар. Демек, мындан Жер да ушундай асман
телолорунун бири экендигине ишенүү пайда болот. Галилей Юпитер планетасынын 4
спутниги бар экендигин ачкан. Юпитердин айланасында алардын айланышы айлануу
борборунда Жер жатат деген көз карашты четке каккан.Галилей Күндүн бетинен кара
тактарды байкаган жана ал тактардын жылышы аркылуу Күн өзунун огунун
айлана-сында айланат деген чечимге келген. Телескоптон Саманчынын жолун
караганда, ал көптөгөн майда жылдыздардан тураары көрүнөт.
ЖЕР
— КӨГҮЛТҮР ПЛАНЕТА: «Тан калаарлыктай сулуулук!..». Бул сөздү 1961-жылы
12-апрелде Жерди космостон алгачкы ирет көргөн биринчи космонавт Юрий Гагарин
айткан болучу. Ал ошондо өзүнүн күндөлүгүндө мындай деп жазган: Мен горизонтту
карап турганымда Жердин жарык бети акырындык менен капкара асманга өткөндугүн
даана көрдүм. Андан кийин акырындык менен көгүлтүр түскө өттү.Бизидин
планетабыз көгүлтүр түскө бөлөнуп турду.. Ал акырындык менен өзгөруп, сыя көк,
андан кийин толук капкара болуп калды.Бул өтүү абдан кооз болгондуктан, соз
менен жеткирүү кыйын. Андан ары Гагарин төмөнкүлөрдү жазат: «Космос кемеси
Жердин караңгы жагынан күндүзгү жагына өткөндө таң калаарлыктай кооздукка
кезигесиң. Адегенде саргыч жолго көрүнөт. Алакырындык менен билиинбей бизге
белгилүү болгон көгүлтүр түскө өтөт. Сүрөттөлүштү сөз менен жазып жеткирүү
мүмкүн эмес. Ал көпкө чейин эсте калат.
Келгиле
балдар:
Косманавттар байкаган Жер бетинин түсүнүн көгүлтүр түстөн кара түскө өтүп
өзгөрүшүн тушүндүрүүгө аракет жасап көрөлү. Бул биздин оюубузда ракетага
«түшуп» тик өйдө учтук деп элестетели. Көгүлтүр асман-бул аба. Кадимки биз дем
алган, канаттуулар, самолеттор бар. Караңгыда көрүнбөйт. Түнкүсүн аларды
көрбөйбүз, ал эле эмес абанын өзу жоктой сезилет. Ал эми күндүз аба Күн нуру
менен жарыктанат. Абадагы ар бир чаңча жарыкты чачыратат жана жаркырайт. Аба
күңүрт болуп калат. Бөлмөгө түшөн жарыктын шооласында абадагы чандар
жүргөндүгүн даана көрүүгө болоорун эске салгыла. Бийиктик 10000
километр.Жылдыздар бир канча алыстай баштап Жер бүт бойдон көрүндү. Жер шары
бардык тарабынан жука көгүлтүр кабыкча менен оролгон. Жерде туруп карагандар
үчүн бул көгүлтүр кабыкча — асман. Ошентип, көгүлтүр планетага — Жерге кайтып
келдик.
Кызык
экен, билип ал!
ЖЕР ШАРЫНЫН
ГЕОГРАФИЯСЫ ЦИФРАЛАР МЕНЕН
Жер Массасы: 5
973 502 000 000 000 000 000 т
Экватордун
узундугу: 40 075 км
Бетинин аянты: 510
074 600 км2
Кургак жерлер: 148
940 540 км2
Суу каптап турган
жерлер: 391 134 060 км2
Материктер
Аянты (км2)
1. Евразия 43
998 920 + 9 699 550
2. Африка 29
800 540
3. Түндүк
Америка 24 320 100
4. Түштүк
Америка 17 599 050
5. Австралия 7
687 120
6. Антарктида 14
245 000
Океандар
Аянты (км2)
1. Тынч 166
242 517
2. Атлантика 86
557 800
3. Инд 73
427 795
4. Түндүк
Муз 13 223 763
Эң
терең жерлер
Мариан ноосу
(желоб) — 11 033 м
Пуэрто Рико ноосу
— 8 648 м
Зонд ноосу — 7
725 м
Литке ойдуңу — 5
450 м
Эң бнйик тоо
чокулары (м)
1. Эверест
(Джомолунгма) (Азия) 8 848
2. Коммунизм
чокусу (Тажикстан) 7 495
3. Жеңиш
чокусу (Кыргызстан) 7 439
4. Аконкагуа
(Түштүк Америка) 6 960
5. Мак-Кинли
(Түндүк Америка) 6 194
6. Килиманджаро
(Африка) 5 895
Эң узун дарыялар
Узундугу (км) Узундугу
(км)
1. Нил 6
669 9. Лена 4 400
2. Амазонка 6
436 10. Макензи
3. Миссисшш (Пис—Ривер
менен) 4 240
(Миссури менен) 5
969 11. Меконг 4 183
4. Объ
(Иртыш менен) 5 410 12. Нигер 4 183
5. Янцзы 5
471 13. Парана 4 023
6. Хуанхэ 4
827 14. Муррей
7. Конго 4
373 (Дарилнг менен) 3 713
8. Амур 4
440 15. Волга 3 530
Ири көлдөр, О
Аянты (км2) Эң
терең жери (м)
1. Касшш
деңизи 368 000 1025
2. Жогорку
деңизи 82 362 406
3. Виктория
деңизи 69 485 81
4. Арал
деңизи (?) 51 100 61
5. Гурон
59 570 229
6. Мичиган
58 016 282
7. Танганьика
32 893 1 417
8. Чоң
Аюу 31 792 413
9. Байкал
30 510 1 620
10. Ньясе 29
604 678
Айрым ири
шаркыратмалар,
Бийиктиги (м)
1. Анхель
(Түштүк Америка) 979
2. Виктория
(Африка) 422
3. Ниагар
(Түндүк Америка) 59
Негизгн
деңиздер, Ш
Аянты (км2) Орточо
тереңдиги (м)
1. Түштүк
Кытай 2 974 615 1 464
2. Кариб
2 515 926 2 575
3. Жер
ортолук 2 509 969 1 501
4. Беринг
2 315 000 1 598
5. Мексика
булуңу 1 507 639 1 615
6. Охот
1 603 000 777
7. Япон
1 012 949 1 667
8. Гудзонов
булуңу 730 121 93
9. Кара
деңиз 422 000 1 300
Суроолор
жана тапшырмалар.
1. Космостон
Жер кандай болуп көрүнөт?
2. Күн өзүнүн
огунун айланасында айланат деген чечимди айткан?
3. Эмне үчүн
Жер –Күн системасынын планетасы деп аталган.
окуучуларды
баалоо:
үйгѳ
тапшырма: § 34. Кластер түзүп келүү
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.