Лекция-6
Тема:
Жергиликтүү
тармак жана кеңири аймактык тармак.
Берилиштерди,
маалыматтарды, жабдууларды жана программалык жабдыктарды бөлүшүү үчүн байланыш каналдарын пайдаланып терминалдар, компьютерлер жана
башка жабдуулар жыйындысы байланыш-катыш тармагы деп аталат. Тармактар
жергиликтүү (локалдык) жана кеңири аймактык болуп экиге бөлүнөт.
Жергиликтүүтармак.
Жергиликтүү (локалдык) чөйрөдөгү тармак (LAN-Local
Area Network) окуу жайдын компьютердик лаборатория, офис,
имарат же бир нече имараттар сыяктуу чектелген чөйрөсүн камтыган байланыш-катыш
системи. LAN байланыш каналынан
турат жана ал бир нече компьютерлерди өз
ара туташтырат. LAN дын үч жалпы колдонуштарына
жабдуулар, программалык жабдыктар жана маалымат ресурстарын бөлүштүрүү кирет.
Жубдуулар
ресурстарын бөлүштүрүү анча көп пайдаланылбаган бир колдонуучу
үчүн басы акталбаган өтө кымбат баалуу түзүлүштөрдү тармактын ар компьютерине
колдонууга мүмкүндүк берүү. Мисалы, тармактын ар
компьютери лазердик принтерди пайдаланууга муктаж. LAN лазердик принтерди тармакка
туташтырууга мүмкүндүк берет жана тармактын ар бир
жеке компьютери колдонуучуга керек болгон учурда тармак боюнча ага кайрыла
алат.
Сүрөттө төрт жеке компьютер жана принтер
кабел менен бириктирилген жөнөкөй локалдык тармак көрсөтүлгөн. Жеке компьютердин үчөө (маркетинг, эсеп-кысап, кадрлар
бөлүмдөрүндөгү) дайыма, ал эми төртүнчү компьютер сервер катары
колдонулат. Бул LANды колдонуучулар үчүн принтер серверге
туташтырылган, ага бардык компьютерлер жана сервер өзү дагы жете алат. Кичине
тармактарда тармактын башка компьютерлериндей эле сервер компьютерин
колдонмолор менен иштъъдъ колдоно берсе болот. Чоё тармактарда болсо сервер
жабдууларды, программалык жабдыктарды жана берилиштер ресурстарын бөлүштүрүү сыяктуу тармак кызматтарын гана
камсыз кылуу үчүн колдонулат.
Программалык
жабдыктарды бөлүштүрүү деп дайыма колдонуучу жана
серверде сакталган программалык жабдыкка колдонуучулардын жетүүсүн уюштуруу айтылат. Программалык
жабдыктарды ар бир компьютерге сатып алып жана алардын ар бирине орнотуунун
ордуна, аларды бөлүштүрүү пайдалануу кыйла пайдалуу болот. Себеби,
тармактык программалык жабдыкты сатып алып, аны тармак компьютерлер арасында бөлүштүрүү, ар бир компьютер үчүн ар башка копия сатып алганга
караганда кыйла арзанга түшөт.
Маалыматтык
ресурстарды бөлүштүрүүдө тармактын бир компьютеринде
сакталган берилиштерге тармактын башка компьютеринин колдонуучусу жетүүгө мүмкүндүк алат. Локалдык чөйрөнүн тармагынын маанилүү элементи болуп жалпыга
жеткиликтүү болгон сактоочу түзүлүштөргө жетүү мүмкүнчүлүгү жана берилиштерди сактоо
эсептелет.
Тармактын
файл-сервер жана клиент-сервер берилиштер ресурстарын бъл\шт\р\\н\ камсыз
кылат. Файл- сервер методунда тармак компьютеринин талабы боюнча бир учурда
файлды б\т\ндъй жиберет, андан кийин тармак компьютерди иштетет. Клиент-сервер
методунда сервер алды менен иштет\\н\н айрым бъл\г\н аткарат жана андан кийин
берилиштерди аны талап кылган компьютерге жиберет.
Сервердеги
файлдарда сактоодо берилиштерди талдоо камсыз кылынса жана клиент-сервер
системасында колдонмо программалык жабдыктар аткарылса, анда сервер берилиштер
базасынын сервери деп аталат. Эгерде сервер компьютери сатуу заказы программа
сыяктуу колдонмо программалык жабдыкты б\т\н же бъл\г\н аткарса, анда колдонмо
сервер деп аталат.
Тегиз тармак деп аталган локалдык
тармакта ъз\нчъ сервер компьютери пайдаланылбайт. Тегиз тармакта тармак
компьютерлерине жабдуулар (принтер сыяктуу), программалык жабдыктар же
берилиштер ар бирине бъл\п берилет. Тегиз тармакта колдонуучулар биринчи
кезекте ъздър\н\н компьютеринде иштешет жана керек болгон учурда гана башка
компьютерлердин ресурстарын пайдаланылат.
Тармакты иштет\\ (операциялык )
система локалдык
тармактын иштъъс\н алып барат жана колдонуучуларга файлдарды, ресурстарды жана
башка тармак кызматтарын пайдаланууга уруксат берет. Иштет\\ системасынын
милдеттерине тъмънк\лър кирет:
·
Административдик: клиенттерди тармакка
кошу, алып салуу жана иштерин уюштуруу;
·
Файлдарды
башкаруу:
файлдардын орундарын аныктоо жана файлдарды серверден клиент компьютерине которуу;
·
Принтерди
башкаруу:
тармактагы принтерге жиберилген документтерди приоритет\\ басып чыгаруу;
·
Коопсуздук: текшер\\ жана керек
болгон учурда тармак ресурстарына башкалардын кайрылуусун чектъъ.
Кеёири аймактагы тармак (WAN-Wide Area Networks-WAN)
Кеёири аймактагы тармак кеёири географиялык аймакты (шаар же маалекет) камтыйт жана телефон кабелдерин, спутник жана башка байланыш каналдарынын бирикмеси колдонулат.
Кеёири аймактагы тамактарды тейлъъ ъз\мд\к же мамлекеттик
болушу м\мк\н. Берилиштердин электрондук системалары, Мисалы, кеёири ъз\мд\к
байланыш- катыш тармагын калыптандырып алып, бизнестик компьютер кызматтарынын
талаптарын камсыз кылат.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.