Инфоурок Классному руководителю Другие методич. материалыРазработка открытого урока на тему: «КЫРГЫЗ ТИЛИ- КЫЗЫЛ ТУУСУ ЭЛИМДИН»

Разработка открытого урока на тему: «КЫРГЫЗ ТИЛИ- КЫЗЫЛ ТУУСУ ЭЛИМДИН»

Скачать материал

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

«КЫРГЫЗ ТИЛИ- КЫЗЫЛ ТУУСУ ЭЛИМДИН»

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                               2017-2018 жыл

адабий кече

ЮНЕСКО эл аралык уюм болгондуктан, ар бир элдин тарыхы каада-салты, адабият-маданияты эне тили аркылуу сакталып, өсүп-өнүгүп байыганын колдойт. Бир элдин эне тили аркылуу экинчи, үчүнчү көп тилдүүлүк бүгүнкү күндүн башкы талаптарынын бири. Адистердин пикири боюнча бир элдин жаш жеткинчек балдарынан 30 пайыздан ашыгы эне тилинде сүйлөбөсө мындай тил жок болуп кетүү коркунучунда. 1 миллион кем эмес адам сүйлөп турган тил өлбөйт экен. Анда кыргыз тили өлбөйт. Анын сакталып калышы менин жана сенин колуңда.

Ош шаарындаги №49мектептин окуучулары жана эмгек жамааты да «Мамлекеттик тил күнүн» салтанаттуу түрдө тосуп алышты. Бул күнгө карата мектептин 5-класс окуучулары тарабынан « Кыргыз тили – кызыл туусу элимдин» аталыштагы чоң майрамдык кече коюлду. Окуучулар кечеде кыргыз тил гимнин, кыргыз тилин даңазалаган ырларды көркөм жаттан айтышты. Акыйнек, макал, жаңылмач айтуу окуучуларга өзгөчө маанай тартуулады.
Окуучулар кыргыздын элдик ыры болгон “ Оп майда” ырын сахналаштырып аткарышты, “ Кыргыз бийин ” бийлеп көрүүчүлөрдөн кызыгуусун арттырды.
«2016-жыл-Тарых жана маданият жылына», «Эгемен элим – 25 жашта», «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамынын 27 жылдыгына» арналган көргөзмө залы уюштурулду.
Салтанаттуу кечеде Мамлекеттик тилибизге арналган көркөм окуулар окулуп, элдик ырлар, бийлер, «Манас» эпосунан үзүндүлөр айтылды. Эң негизгиси бул мектепте окутуу тили кыргыз жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөндүктөн, башка улуттагы окуучулардын жатка ыр айтып, кыргыз бийин бийлеп, «Манас» эпосунан Закиров Бехзод жана Жакпаров Назарбектер үзүндүлөрдү айтышканы көрүүчүлөрдү купулуна толду. 
Кече аягында мектеп директору Ахмаджон Абдурахмонов сөзгө чыкты. Мектепте сабактар кыргыз жана өзбек тилинде жүргүзүлөт, ошондукан мектепте кыргыз тилин окутуу,үйрөтүү өзгөчө көңүл бурууну талап кылышын, ушуга карабай окуучулар жана эмгек жамааты үчүн ушундай майрамдык маанай тартуулаган 5-класс окуучулары жана класс жетекчиси, кыргыз тили жана адабияты мугалими Хулкархон Гоиповага чоң ыраазычылык билдирди.

Кече Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимни менен башталат.

Шахризода: Кыргыз эли үчүн эмне ыйык?

Хусанбой: Кыргыз эли үчүн Ала-Тоо ыйык

Хожиябону: Улуу «Манасы» ыйык!

Мухаммадриззо: Ак боз үйү айык!

Шахризода: Ак калпагы ак элечеги ыйык.

Хусанбой: Кыргыз тили ыйык.

Хусанбой: Салам айтпай иш баштаба, Адеп башаты саламдашуу деген улуу акылмандарыбыз айткандай.
Салам дештин кыргызча мааниси бар, 
Саламдашуу жөн эле эмес шааниси бар.
Ар адамга биринчи тынчтык каалап
Жай сурашып андан кийин таанышуу бар.

Шахризода : Кыргыз тили кандай жөнөкөй, кандай бийик, кандай улуу сөз! Дал Ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат.

Хусанбой: Кыргыз тилин, аны мамлекеттик тилибиз катары даңазалоо адабий кечесин баштоого уруксат этиңиздер!
Миржалол:
Аксакалы, баарысы,
Жаштар, анан карысы.
Байбичеси, кыздары
Келиндери, бийкечтери,
Баарысы тең аманбы?
Хусанбой:
Ынтымакка чакырган,
Наркты, салтты калтырган,
Улуулар бүгүн аманбы?
Сабрина:
Күчү толгон билекте 
Көп таанылган иште дагы, эмгекте
Эл ишенген жигиттер
Алар дагы аманбы?

Салам дештин кыргызча мааниси бар,
Саламдашуу жөн эле эмес шааниси бар.
Ар адамга биринчи тынчтык каалап,
Жай сурашып андан кийин таанышуу бар.

Эли журтум баарыңарга салам болсун,
Кыргызымдын угу-кыйры омон болсун,
Эл оозунда тилим, дилим өсүп, өнүп,
Жеримде бейпилчилик заман болсун.

Оокутман эл сурашалы амандык,
Бир бололу алыс болсун жамандык.
Бүгүнкүдөй майрам болсун күндөрдө,
Биз сиздерге жакшылыкты кааладык.

Бий. Ала-Букам

Мухаммадриззо:
Кыргыз тили-бул мекендин башталышы.
Кандай жөнөкөй, кандай терең, кандай улуу сөз. 
1989-жыл 23-сентябрда Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган эле. Мына 27 жыл болгонун белгилеп отурабыз. Албетте, бул баарыбыз үчүн кубанычтуу көтөргөн окуя.
Кыргыз тилин коргоо үчүн Манас бабабыз жоого аттанган. Ар бир доордун, ар бир кылымдын, мезгилдин эр азаматтары эл жери, кыргыз тили үчүн жан аяшкан эмес.

Шахризода:
Элибизди эл кылып, улут катары таанытып келаткан улуу белгибиз бул- кыргыз тили. «Элсиз тил болбойт, тилсиз эл бойлбойт!. Анын сыңарындай, кыргыздын кыргыздыгы анын кыргыз тили аркылуу даңкталат. Дүйнөдө теңдеши жок алп «Манастай» дастандарды жараткан кыргыз тилибиз кыргыз тили жөнүндө эмнелерди айта аласыңар?

5-класс окуучулары Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили-Кыргыз тилинин Гимнин аткарышат.
Кел даңктайлы кыргыз тилди,
Кыргыз тили менен дили балкыган,
Ободогу ай жылдыздай жаркыган.
Илим тили, бакыт тили, жан тилим,
Көркөм сөздүн мухитиндей чалкыган.

Кыргызымдын улуулугу анын карапайым мүнөзүндө,
Кыргызымдын сулуулугу анын жүрөгүндө,
Кыргызымдын тарыхы санжырада

Кыргызымдын сыймыгы Ысык – Көлүндө
Кыргызымдын маданияты Манаста
Кыргызымдын музикасы комузда,

Кыргызымдын өлбөстүгү анын кереметтүү тилинде
Кыргызымдын өлбөстүгү чечендиги
Акылынын тунуктугу элинде

Хожиябону: Кыргыз тили – кыргыз элинин мамлекетттик тили. Ал лексикалык байлыгы мол, грамматикалык курулушу өркүндөгөн, өсүп-өнүккөн тилдердин катарына кошулат. өзүнүн чыгыш теги боюнча кыргыз тили түрк тилдерине кирет. Анткени ал лексикалык составы, синтаксистик түзүлүшү жана морфологиялык каражаттары жагынан түрк тилдерине жакын турат.

Бий. «Балдарай-кыздарай»
Абалтадан салт-санаасын сактаган,
Акыл, оюн алыс жолдо тактаган
Кылымдардан кылымдарды карыткан,
Кыргызымдын тили менен мактанам.

Уккан сайын көшүгөн
Кыргыз тилим эгизим.
Сүзүп өттүм өзүнөн,
Акыл билим деңизин.

Кыргыз тили-кызыл туусу элимдин,
Кыргыз тили-сулуулугу жеримдин.
Тил болбосо эл жоголот дегендей,
Кыргыз тилим ыйык тутуп келемин.

Кыргыз тили кылымдардан куралып
Нечен катаал мезгилдерде сыналып,
Бабалардан бизге калган төберик,
Урпактардан урпактарга уланып.

Мухаммадриззо: 20-кылымдын 1924-жылы кыргыз эли өзүнчө бөлүнүп, өз эне тинде окуу китептери жазыла баштады. Алгач улуттук жазуу реформаланган араб алфавитинде жүргүзүлгөн. Бирок ал кыргыз тилинин фонетикалык түзлүшүнө ылайык келбегендиетен, 1928-жылдан баштап латын графикасынын негизинде түзүлгөн. 1941-жылдан орус графикасынын негизинде түзүлгөн жаңы жазууга өткөн.

Көзгө сүйкүм кыргыз бийим,
Кимдер гана билбесин.
Кыргыз кыздар кызгалдактай,
Кулпурушуп бийлешсин.
Бий. Кыздар аткаруусунда.

Макалдар:
Ааламдын көркүн көз ачат.
Адамдын көркүн сөз ачат.

Адамды даңазалаганда сөз,
Маскаралаган да сөз.
Адамдын даңкын чыгарган да тил,
Тарпын чыгарган да тил

Адам сөзгө байланат,
Айдан чөпкө байланат.

Адам сөздөн сынат,
Үй мүйүзүнөн сынат.

Аз сүйлөсөз элиңе жагасың,
Көп сүйлөсөң балээге каласың.

Ата сөзү алга сүрөй адамды,
Эне сөзү эпке салат жаманды.

Бутунан чалынган турат,
Сөзүнөн чалынган турбайт

Өнөр алды – кызыл тил.

Назарбек:

Кара курма май кийип, бий кечени кыздар ай
Кадыр көңүл бер чакта, ойногула жаштар ай
Ойной албай, күлө албай, ойногонду биле албай
Кайран жашты өткөрүп, койбогула кыздар ай.

Акыйнек:
Акыйнек ырын ырдашуу
Эзелтен кыргыз салты экен
Акыйнек айтып сындашуу,
Атабыз кыргыз наркы экен

1-кыз. 
Сени болсо топ кыздар 
Кийимин таза кийне албас,
Кийсе да таза жүрө албас,
Тазалыкка сараң кыз экен деп жүрөт.
Акыя-Акыя
2-кыз 
Сени болсо топ кыздар,
Кийимин таза кийе албас,
кийсе да тыкан жүрө албас,
Чалма этек кыз деп жүрөт.
Акыя-Акыя
3-кыз 
Сени болсо теңтуштар
Ийри колго иш албас,
Жалкоо жолун байкабас,
Аңкоо кыз экен деп күлөт.
Акыя- Акыя
4-кыз
Сени болсо курбулар
Сылан короз деп жүрөт
Чачын жуубай бетине,
Упа жабат деп күлөт.

5-кыз 
Комерсанттын кызымын
Күндө жеймин шоколад
Сенин апаң мугалим,
Күндө жейсин шоколад
Акыя-Акыя

Асмандагы бүркүттү
Самалет келип үркүттү
Анда эмесе курбулар,
Тамашалуу ыр бүттү

Сөз деген ачкыч сырдашам десең,
Сөз деген ачкыч- чырдашам десең
Сөз деген тапкыч-ырдашам десең
Сөз деген баскыч-кырды ашам десең
Анда эмесе көңүлүңүздөрдү кыргыз салтынын бири элдик кыргыз ырга бурабыз. «Оп майда»
«Манас» эпосунан үзүндү. Назарбек.

Күү (бий)

Тилге жолдош, үнгө дем,
Комузду кошуп ырдайлы
Бабабыз черткен бул комуз
Баркына жетип сыйлайлы.

Окуйлу эч тынбайлы,
Улууну урмат кылып,
Кичүүнү биз сыйлайлы,
Коштошуп сиздер менен,
Барыбыз ыр ырдайлы

Зарифахон:
Кылым сүрүп кыргыз тили,
Кызгалдактай гүлдөсүн 
Жайып тамыр-бутактарын,
Жаш арчадай бүрдөсүн
Ишкананы кенен ээлеп
Иш кагазда сайрасын
Көчөлөрдө эркин басып 
Көрнөктөрдө жайнасын

Бакчаларда байыр алып
Окуу жайда окулсун
Тоолуктардын өз тилинде
Токтомдору токулсун
Телеграф, телефондор
Сүйлөп турсун кыргызча
Ата журттун эне тили
Аралашсын турмушка
Желбиреген желегиндей
Жетсин колу жылдызга

Ушуну менен тил майрамына арналган кечебиз соңуна чыкты. Келип катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат.

Маматханова Зулфия , № 49 мектептин математика жана информатика мугалими

 

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "Разработка открытого урока на тему: «КЫРГЫЗ ТИЛИ- КЫЗЫЛ ТУУСУ ЭЛИМДИН»"

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 3 месяца

Руководитель страховой организации

Получите профессию

Менеджер по туризму

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 665 888 материалов в базе

Скачать материал

Другие материалы

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 01.03.2018 3175
    • DOCX 18.8 кбайт
    • 20 скачиваний
    • Рейтинг: 5 из 5
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Маматханова Зулфия Рустамовна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    Маматханова Зулфия Рустамовна
    Маматханова Зулфия Рустамовна
    • На сайте: 6 лет и 1 месяц
    • Подписчики: 0
    • Всего просмотров: 19712
    • Всего материалов: 12

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

Няня

Няня

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе

Курс повышения квалификации

Разговоры о важном: организация и обеспечение внеурочной деятельности

36 ч. — 180 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 782 человека из 72 регионов
  • Этот курс уже прошли 3 997 человек

Курс повышения квалификации

Актуальные вопросы взаимодействия образовательной организации с семьями обучающихся

72/108 ч.

от 2200 руб. от 1100 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 41 человек из 20 регионов
  • Этот курс уже прошли 88 человек

Курс повышения квалификации

Медиаграмотность как форма работы с современным родителем

36 ч. — 180 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 37 человек из 22 регионов
  • Этот курс уже прошли 127 человек

Мини-курс

Басня как педагогическая технология

5 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Дизайн-проектирование: практические и методологические аспекты

4 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Концепции управления продуктом и проектом: стратегии и практика.

10 ч.

1180 руб. 590 руб.
Подать заявку О курсе