Рабочие листы
к вашим урокам
Скачать
1 слайд
Баткен областы, Лейлек району,
Исфана шаары, №48 Кесиптик лицей
Мугалим: Жалилова Айнура Абдибаитовна
2 слайд
Тема:Улуу инсан Исхак Раззаковго
110жыл
3 слайд
Сабактын максаты:
Окуучулар Исхак Раззаковдун өмүр баянын жана иштерин даталарга таянып айтып бере алышат.
Окуучулар Исхак Раззаковдун учкул сөздөрүн айтып, турмушта колдоно алышат.
Окуучулар улуу инсан И.Раззаковдон үлгү алышып, патриоттуулукка жана чынчылдыкка тарбияланышат;
4 слайд
5 слайд
И.Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң айылында төрөлгөн. Үч жашында энесинен,сегиз жашында атасынан айрылган. Ходжент шаарындыгы Ленин-Абад балдар үйүндө тарбияланган.Ташкенттеги мектеп-интернатында билим алып,1929-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду,андан кийин Москвадан пландоо институтун бүтүргөн.
6 слайд
Ишмердүүлүгү:
1939-1940-Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин алдындагы мамлекеттик пландын төрагасы;
1940-1944-Өзбек ССРинин элдик комиссарлар кеңешинин төрагасынын орун басары;
1941-1944-Өзбек ССРинин Компартиясынын катчысы;
1945-1950-Кыргыз ССРинин министирлер кеңешинин төрагасы;
1950-1961-Кыргыз Коммунисттик партиянын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы болгон;
1961-1962-СССРдин мамлекеттик экономикалык кеңешинин мүчөсү;
1962-1965-СССР министирлер кеңешинин алдындыгы мамлекеттик илимий экономикалык бөлүмүнүн башчысы;
1965-1967- СССР министирлер кеңешинин мамлекеттик пландоо комитет бөлүмүнүн башчысы.
7 слайд
Кыргызстан 1950-1961-жылдары
Раззаков билим берүү тармагынын да өнүгүшүнө өбөлгө түздү. Мектептердин саны өскөн,орус тилдүү мектептерде кыргыз тили окутула башталган.
Жетекчинин демилгеси менен 1957-ж баштап республикадагы 80миңге жакын окуучуларга бекер ысык тамак берүүнү уюштурулган.
1960-ж республикада 8 жогорку окуу жайы жана 27техникум,аларда окуган студенттердин саны 40миңге чейин жеткен.Раззаковдун түздөн түз катышы менен 1954-ж Илимдер Академиясы ачылып Кыргызстандын жаш окумуштууларынын өсүп өнүгүшүнө өбөлгө түзүлгөн.
8 слайд
Учурда Бишкекте Исхак Раззаковдун 1950-1961-жылга чейин жашаган үйү музейге айланган. Анда маркумга тиешелүү эки миңден ашуу экспонаттар жайгашкан.
Экспонаттардын басымдуу бөлүгү архивдик документтер жана сүрөттөр.
Исхак Раззаков Лейлек районунун Кулунду өрөөнүнү өздөштүрүүгө жана аны өнүктүрүүгө опол тоодой салым кошкон. Атап айтсак, канал казып суу чыгарып,элди чек арага көчүрүп,айылга айландырып чек араны сактап калууда салымы чоң.Бугунку күндө Лейлек районунда Исхак Раззаков атындагы айыл,Исхак Раззаков атындагы орто мектеп,Исхак Раззаков атындагы эс алуу жайы,Исхак Раззаков атындагы отряд,Исхак Раззаков атындагы музей бар.Исфана шаарындагы борбордук аянтта айкели тургузулган .
9 слайд
Сыйлыктары:
Эки ирет Ленин сыйлыгы жана эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени,Улуу Ата мекендик согуштун биринчи даражадагы ордени,Кызыл Жылдыз ордени жана көптөгөн медалдар менен сыйланган.2016-жылы «Кыргыз Республикасынын Баатыры » наамын ыйгарган.
10 слайд
Үй-бүлөсү
Жубайы Рауза Ибрагимова менен Элмира,Эркин,Эмил аттуу уул-кыздарды тарбиялашкан.
11 слайд
1979-жылы 18-мартта кыгыз элинин улуу уулу Исхак Раззаков дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы 1-июнда Исхак Раззаковдун сөөгү Кыргыз жерине алып келинип,бардык жөрөлгөсү менен коюлган.
12 слайд
Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун айкели
13 слайд
Исхак Раззаковдун учкул сөздөрү:
14 слайд
15 слайд
Өмүр өтөт, өлүм болсо татаал. Туулдуң-өлдүң, өлбөй калуунун жолу барбы? Ал — эмгек. Эмгек гана адамды түбөлүк жашатат.
16 слайд
Бүгүн бүткөрүүгө мүмкүн болбой турган ишти, эртең бүтүрүү үчүн аны дал бүгүн пландаштырып, бүгүн ойлонуу зарыл
17 слайд
Ак иштеген адам акыры жамандык корбөйт!
18 слайд
Ишти акыл менен иште. Эгерим сезимге жеңдирбе. Алданып каласың. Сезимди акылдын эркине баш ийдире алсаң, анда пайдаң арбын болот.
19 слайд
Улуу инсан Исхак Раззаков атабыздай, болуу үчун эмне кылуу керек?
Көрөгөч
Күчтүү
Аракетчил
Калыс
Чынчыл
Эмгекти сүйгөн
Эл камын ойлогон
20 слайд
Бүгүнкү сабакта биз:
Исхак Раззаковдун өмүр жолу, жана анын кылган иштери жөнүндө маалыматка ээ болдук.
21 слайд
Көңүл бурганыңарга чоң ыракмат !
Рабочие листы
к вашим урокам
Скачать
И.Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң айылында төрөлгөн. Үч жашында энесинен, сегиз жашында атасынан айрылган. Ходжент шаарындыгы Ленин-Абад балдар үйүндө тарбияланган.Ташкенттеги мектеп-интернатында билим алып,1929-жылы Ташкенттеги педагогикалык техникумду, андан кийин Москвадан пландоо институтун бүтүргөн.
6 664 409 материалов в базе
Настоящий материал опубликован пользователем Жалилова Айнура Абдибаитовна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт
Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.
Удалить материалВаша скидка на курсы
40%Курс повышения квалификации
36 ч. — 180 ч.
Курс повышения квалификации
72 ч.
Курс повышения квалификации
36 ч. — 180 ч.
Мини-курс
4 ч.
Мини-курс
6 ч.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.