Уюштуруу
Жагымдуу
маанай
Үй тапшырмасын суроо
Окуучунун билимин
актуалдаштыруу
Жаңы тема:
Топко болуу
Бышыктоо:
Үйгѳ тапшырма берүү:
Баалоо:
|
5 мин
5 мин
20мин
5мин
5мин
2мин
3мин
|
Саламдашуу:
Дайым даяр сабагым,
Дайым ачык кабагым.
Аманчылык тилеймин,
Амансыңарбы балдарым.
Азаматсынар балдарым, бар
болгула ар дайым. Садагаларым,
сабагымды баштайын.
Жагымдуу маанай
түзүү
Балдар, азыр кайсыл мезгил?
Кыш мезгилинин канчанчы айы?
Жуманын канчанчы күнү?
Балдар, бүгүнкү аба ырайы
кандай?
Президентибиз ким?
Жылуу отургуч ыкмасында
Окуучулар ооз эки жооп беришет.
1.Өруктѳрду кимдер тигиптир?
2.Кѳчѳттѳрду кандай максатта, эмнеге
багыштап тигишкен?
3.Карыя бабалар салтын
уланттыбы?
4.Данек деген эмне?
Жай келгенде акырын
Жаят кооз чатырын
Теребелге эрте кеч
Тегиз чачат атырын
(Г…)
Видео ролик коюлат
Булбул келгин куштардын
катарына кирет. Сентябрь, октябрь айында жылуу жакка учуп кетишет. Өмүрүнүн узактыгы 9-10 жыл. Салмагы 25-30
грамм. Узундугу 15-17
Анда эмесе бүгүнкү сабагыбыз
эмне жѳнүндѳ экен?
Гүл жана Булбул
Балдар топторго болунот
Илгери өткөн заманда
абышка-кемпир жашаптыр. Алардын Булбул деген жалгыз баласы абдан ырчы
жигит болуптур. Булбул ырдап жатканда адамдар, жан-жаныбарлар эргип, жыргап
угушчу экен. Булбулдун ырчылыгы бара-бара алыска, бүткүл ааламга
таркайт. Бул кабар шаардын каардуу ханы Жакыпка дагы угулат.
-Булбулдун атагы алыска
кетип жатат,-дейт ал,-эгер аны өзүмө ырчы кылып алсам, Жакыптын ырчысы
деген сөз тарап, менин да атагым кошо чыгар беле,-деп ойлонот хан
ичинен. Ошентип бир жигиттин Булбулга жиберет.Бала хандын алдына келип ,
салам берет. Хан Булбулга:
-Кана, мага кубулжутуп
бир ырдап берчи. Угуп алып жыргайын,-дейт.
Булбул махабат жөнүндө
ырдаганды жакшы көрөр эле жана ар дайым ошондой ырлардан ырдачу.
Бул жолу ал табигат жөнүндө ырдады. Ханга Булбулдун ыры анча жаккан жок.
Анткени хан мени мактап ырдайт деп күткөн эле.
Хан Булбулду жакшы
кийинтип,алтын аяктан аш ичирип жургону менен Булбул ата-энесине анча
каралаша алган жок. Абышка-кемпир баштагыдай эле жакыр бойдон кала
беришет.
Хандын кызы Гуланда
бойго жетип калган эле.Отуз кыз ээрчитип,бир күну сейилдеп бакка
чыкты.
Бак ичинде көлгө
түшүп,сайран курду. Аны Булбул кокусунан корүп калды. Экөө бирин бири бир
көргөндөн жактырып калышты. Күн артынан күндөр өтүп жатты. Гүланда бир
күнү атасына:
-Булбулга турмушка
чыгам-деди.
Атасы чочуп:
-Кийинерге кийими, ичерге
ашы жок кедейдин баласына бербейм! Сени алтын тактысы бар, алтын таажы
кийген хандын уулуна гана берем!-деди.
Бирок кыз атасынын айтканына
конбой койду.Кызынын созуно арданып,каарданган хан ошол шаардагы
сыйкырчы кемпирди чакырып,кызын сыйкырлап коюуну отунду.
Мастан кемпир Гулдананын
сулуулугуна карап аны кызыл гулгө айландырып сыйкырлады.
А Булбул болсо,куйуткө
чыдабай канаттууга айланып кетти.
Мына ошол кундон ушул
куно чейин булбул гулгө жакын болуп, токойлордо кубулжута сайрап
,Мекен,махабат,табигат жонундо
ырдап , ал эми адамдар болсо
булбулдун унуно куштар болуп кызыгып , суктанып угушат экен.
Кана балдар азыр видео роликке
кѳнүл бурабыз
1-топ Чыгарманын картасы.
1-Окуянын аталышы
2-Окуянын башы
3-Окуянын ортосу
4-Окуянын аягы
2-топ Беш манжа ыкмасы
колдонулат
1) Окуя болгон жер
2) Башкы каармандар
3) Окуялар
4) Кѳйгѳй
5) Кѳйгѳйдүн чечилиши
Сүйлѳмдүү толуктоо
Булбулдун ырчылыгы
бара-бара алыска, бүткүл ааламга
таркайт.
Булбул махабат жѳнүндѳ ырдаганды
жакшы кѳрѳр эле жана ар дайым ошондой ырлардан ырдачу .
Отуз кыз ээрчитип,бир күнү сейилдеп
бакка чыкты.
А Булбул болсо,күйүткѳ чыдабай
канаттууга айланып кетти.
1-топ
Ролдоштуруу
2-топ
Маселе түзүү
«Гул жана Булбул» чыгармасын окуп келуу,
115-117 беттер.
Топто баалоо
Жеке баалоо
|
Саламдашуу
Амансызбы эжеке, куш
келипсиз биздин мектепке.
Амансызбы, коноктор.
Кыш мезгили.
Кыш мезгилинин үчүнчү айы 15-февраль,
жуманын 3- куну.
Ачык, булуттуу, жамгыр.
2023-жыл
«Элди колдоо жана сапаттуу
билим жылы».
Садыр Жапаров.
Табышмактын жандырмагын
табышат.
1-топ
«Булбул»
2-топ
«Гул»
Балдар чынжырча окушат
Чыгармадан түшүнүгүн сүйлѳп беришет.
Сыр сандыгым ачылсын чачаласы чачылсын
Окуянын аталышы.
Гул жана Булбул
Окуянын башы.
Илгерт ѳткѳн заманда абышка кемпир
болуптур.Анын бир Булбул уулу болот.
Окуянын ортосу. Хандын кызы бойго жетип калган эле отуз кыз
ээрчитип бакка эс алганы чыгып кѳлгѳ тушушѳт.
Окуянын аягы
Мастан кемпир Гуланданын сулуулугуна
карап . ,аны кызыл гүлгѳ айландырып сыйкырлады
А Булбул болсо күйүтүнѳ чыдабай канаттууга
айланды.
1) Хандын ордосу
2) Булбул менен Гүл
3) Гуланданы кызыл гүлгѳ айланышы.
4) Жакып Гүланданы Булбулга турмушка
бербегени.
5)Күйүтүнѳ чыдабай Булбул кушка айланды.
Сүйлѳмдү толуктоо.
Булбул
ырчылыгы бара-бара алыска, ______
таркайт.
Булбул ______
Ырдаганды жакшы кѳрѳр эле жанаар дайым
ошондой ырлардан ырдачу.
Отуз кыз ____,
бир күнү сейилдеп бакка чыкты.
А Булбул болсо,________
күйүтүнѳ чыдабай канаттууга айланып
кетти.
1-топ
Окуучулар ролдоштуруп аткарышат.
2-топ
Маселе түзүү
|
КБ
КБ
КБ
СБ
КБ
ДБ
КБ
КБ
СМ
|
НК1
НК1
НК2
НК1
НК1
НК2
НК1
НК1
НК2
НК3
|
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.