Сабактын темасы: 21-февраль Эл аралык эне
тили к\н\.
“Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун”.
Сабактын максаты:
А) Окуучулар кыргыз тилинин байыртадан бери келе жаткан уюткулуу тил экенин түшүнүшөт. Эне тил улуттун мамлекет болуп сакталышына өбөлгө түзөт деп билишет.
Б) Эне
тили боюча къркъм окууларды окушат, макал-лакаптарды айтышат, макалды толуктоо
кън\г\с\н аткарышат.
В) Адабий тилде
с\йлъъгъ \йрън\шът.
Колдонуучу
ресурстар: Кыргыз
Республикасынын символдору. Эне тил тууралуу макал-лакаптар,
декламациялар, къркъм окуулар.
Сабактын
ж\р\ш\:
мамлекеттик гимн, кириш\\.
Урматтуу
окуучулар! Кыргыз тилибиз - биздин эне - тилибиз. Биз үчүн улуу тил, ыйык тил. Улуу тилде Манас атабыз ураан чакырып,
эли - жерин коргоп келген. Бабабыз Бакай Накыл сөзүн баян эткен. Каныкей энебиз бешик ырын ырдаган. Бизда
энебизден ак сүтү менен бирге
алдей ырын укканбыз. Эне тилди с\й\\
ар бирибиздин парызыбыз. Кыргыз Республикасынын эне тили - кыргыз тили. Кыргыз
тили - көрөңгөлүү тил. Ал тарыхтын байыркы түпкүрүнөн агып чыгып, нечендеген боготторго карабай, келечекти көздөй татыктуу жол таап, бүгүнкү күндө Мамлекеттик тилге
айланды. 1989-жылы 23-сентябрда
кыргыз тили Жогорку Кеңеш тарабынан мамлекеттик статусуна ээ болду. Азыр кыргыз тили Эгемендүү Кыргызстандын улуттук тили. Анын сөз казынасы дүйнөдөгү башка тилдерден эч кылышпайт. Мамлекеттик тил
майрамы катары
жылда
23-сентябрда өзгөчө иш чаралар аткарылат. Анын далили катары биз бүгүнкү "Эне тили болбосо, аты аталбайт
улуттун" аттуу тарбиялык
саатты өтүп жатабыз. Элди түбөлүктүү мамлекет катары тааныткан анын тили. Кыргыз тилинин тагдыры
- кыргыз улуттун тагдыры. Тилди
сактасак, улутту сактайбыз.
Сабактагы негизги
иш-аракеттер: Окуучулар
кана эмесе силер тилибиз жън\ндъ кандай декламация, макал-лакаптарды билесиёер?
Эне тили жөнүндө ырлар
1.Эне тилим улуу тил, Манас
бабам сүйлөгөн.
Жашап келет
биз менен, Кылымдардан кылымга.
2.Эне тилим
ырыскым, Толуп
турган чагымда.
Жашап келет
биз менен, Кылымдардан кылымга.
3. Эне тилим
таалайым, Кайда гана барбайын.
Эне
тилим барында, Дайым жарык маанайым.
4. Тилим барда улукмун,
Тилим менен улутмун.
Эне
тили болбосо, Аты аталбайт улуттун.
5. Кааласам
алар алп тилим, Кандагы жүргөн
бал
тилим.
Кылымдар очпой келаткан,
Кыргыз тили жан тилим.
6.Бул тилде
атам сүйлөгөн,
Бул
тилде
апам
сүйлөгөн.
Буруусуз сайрап жаткансыйт,
Булбул дагы кыргыз тилинде.
Тил жън\ндъ текстти окуучу къркъм окуп берет:
7.Кыргыз тилим
кылымдарды баскан тил, Кыргыз тили көркөм
дүйнө
баскан
тил.
Бул тил менен Манас
бабам жар салып, Мезгилдеги зор кайратты каткан тил.
8.Кыргыз тили нускалуу тил, кутман тил, Кыргыз тили кылымдарды уккан тил.
Кыргыз
тили акындардын ырынан, Чечендердин таңдайынан чыккан тил.
9.Кыргыз тили бабалардан калган тил,
Кыргыз тили тээ түпкүрдөн
жазган
тил.
Кыргыз
тили байыркынын дастаны, Бир мезгилде муңга баткан арман тил.
10.
Бул тил менен даанышмандар сыйлашкан, Бул
тил менен ачылбаган сырды ачкан.
Бул
тил менен ак таңдайлар
ачылат,
Далай акын дастан
жазган ыр жазган.
Макал-лакаптар:
1.
"Ой океан-тил булак"
2. "Буттан жанылган
турат, тилден жанылган
турбайт"
3. "Тил билсен - дил
билесиң"
4. "Тил - акындын күзгүсу"
5. "Тил - акындын таразасы"
6. "Тил акыйкаттын ачкычы"
7. "Тил - ойдун булагы"
8. "Тилсиз
улут болбойт"
9. "Узун тил уудан
жаман"
10. "Өнөр алды кызыл тил"
11. "Тилдин сөөгү жок"
12. "Илим менен
билимге көпүрө - тил"
13. "Эне
тил - улут сыймыгы"
1.
Ачуу тил .......
2.
Адамдын даамы .......
3.
Баш кесмек бар .......
4.
Бутунан м\д\р\лгън турат .......
5.
Ичтегини тилден бил .......
6.
Колу байлангандын ......
7.
Кыйнаганда тил ......
8.
Жаман тил \ч\н ......
9.
Жакынга къз жеткирет .......
10.
Жамандан тил укканча ......
Жыйынтыктоо: Силер,
биздин келечегибизсинер. Ошондуктан бабаларыбыз сүйлөгөн сөздөрдү улап, аны көкүрөгүнөргъ сактап,
эне тилибизди эң жөнөкөй угумдуу да, жагымдуу
да, көркөмдуу да озгочолонгон тил
экендигин дүйнө элдерине тааныта билүү, кийинки муундарга жеткире билүү ар бирибиздин эң ыйык парзыбыз.
Элдин олбостугу анын тилинде. Ар бир тил, өз эли
\ч\н улуу. Жыргагандын баары
эле турмуш эмес,
Жылт эткендин
баары эле жылдыз
эмес, Билебиз деп тошторун каккан менен, Билбегендер өз
тилин
кыргыз
эмес.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.