Инфоурок Начальные классы Другие методич. материалыАта энелер менен иштөө

Ата энелер менен иштөө

Скачать материал

Жумашева Санам Шакировна

АТА-ЭНЕ МЕНЕН МЕКТЕПТИН ОРТОСУНДАГЫ БАЙЛАНЫШ ОКУУЧУНУН БИЛИМГЕ БОЛГОН КЫЗЫГУУСУНА ӨБӨЛГӨ ТҮЗӨТ

                                       Бишкек шаарындагы

                                               №96  жалпы билим берүү

                          орто мектеби

                                          Ак ордо  жаңы конушу

                                        Каркыра көчөсү 93 А

 

      Бул макалада үй- бүлөдө балдарды кантип тарбиялоо керек, ата-эне тарбиясынын ролу, туура тарбия берүү жөнүндө айтылат. Мектеп менен ата-эненин байланышын уюштуруу жөнүндө жалпы ата-энелер жана мугалимдер үчүн өзүмдүн тажрыйбамдан алган маалыматтар да камтылды.

Түйүндүү сөздөр: бала тарбиялоо, энелер мектеби, тажрыйба, мугалим, ата-эне, окуучу, мектеп, коомчулук

 

Чырпыктан чынарды көрүңүз

      Чырактар өчтү, тасма башталды...

      Экран бетинде болгону эки кол көрүнүп турду. Кичинекей наристенин колун чоң кол кармоого аракет кылып жатты. Анан боектор барган сайын начар көрүнө баштады. Элес-булас абалга келген фильмдин бул көрүнүшүнөн соң, арт артынан башка көрүнүштөр көрүндү

      1-көрүнүштө, бир кол тапанча кармап картайган аялга мээлеп турду.

      2-көрүнүштө болсо, бир кол  тамырына героин сайынып жатты.

      3-көрүнүштө болсо, бир кол бомбанын убактысын орнотуп жатты.

      4-көрүнүштө болсо, бир кол кассанын кодун бурмалап жатты.

      5-көрүнүштө болсо, бир кол экинчи колдон пара алып жатты.

      6-көрүнүштө болсо, бир кол өзүнө сунулган экинчи колду түртүп жатты.

      7-көрүнүштө болсо, бир кол ......

      Түстөр кайрадан жанданды, сүрөттөр даана көрүнө баштады. Экран бетинде эки кол гана турат, кичинекей колду чоң кол кармоого аракет  кылууда. Бардык терс көрүнүштөр, азаптар, сунулган колду убагында кармай албаганынан башталды.Ал кичинекей колду убагында кармай албагандар, кийин аны издесе да таба алышпайт.

     Колдор бош калбоосу керек!

     Кылмыш кылган колдор да бир убакта кичинекей эмес беле?

     Ушул кандуу колдор да, бир учурда сүт жыттанчу эмес беле? Ушул жаман сөздөр менен баарын тилдеп жаткан ооз бир убакта курсагы ачса «апа» суусаса «суу», араң гана «апа», «ата» дечү эмес беле?

     Ошол сүйкүмдүү колдорго бүгүн эмне болду?

     Ал колдорго куралды ким берди?

     Ал колдорго желимди ким берди?

     Ал колдорго бычакты ким берди?

     Ал ооздорго жаман сөз айтууну ким үйрөттү?

     Ал сунулган колдорду ким кармай албады?

     Тикендин данеги болбойт, тикен кароосуз, бош калган бакчада өзүнөн-өзү пайда болот. «Yй» деп аталган ошол бакчада, «Мектеп», «Класс» деген ошол бакчада гул өстүрүү үчүн эмгек кылбагандар, тикендердин арасында жашоого аргасыз болушууда. Бүгүнкү күндө, бутубузга сайылган тикендерди биз эккенбиз, же убагында бутаган эмеспиз.

      Ата-энелер мугалимдерди, мугалимдер ата-энелерди күнөөлөгөндү токтотуп, ар бири өзүнө жакын турган колдорго колун сунуусу керек. Колдор бош калбашы керек. Бош калган колдор акыры түбү эмнеге алып келип жатканына азыркы учурда көп эле күбө болуп жатабыз. Ата-энелер балдарынын, мугалимдер окуучулардын каректерине карап жатканда, өлкөнүн эртеңине карап жаткандай карашыбыз керек.

     Баладагы жеке инсандыкты көрө билүү. Дүйнөдөгү ар бир бала уникалдуу жана өзүнчө инсан. Кандайдыр бир жеринде окшоштуктар бар болушу мүмкүн, көрүнүшү боюнча туугандардан бирөөнү тартып калуусу мүмкүн. Бирок башка  жактары боюнча алар уникалдуу темпераменти, кызыгуулары, таланттары жана жөндөмдөрү менен инсан. Эгер сиз балдарынызды сиздин жолунузду кайталашы керек деп ойлобостон жана алардын мектептеги жетишкендиктерин эски критерийлер боюнча баалабастан, аларга инсан катары мамиле кылсаныз, анда аларга өтө чоң жардам берген болосуз.

      Балдардын мектепте окуусу оор жана окууну каалабагандыгынын негизги себептеринин бири аларга инсан катары карабай же аларга индивидуалдык мамиле жасалбаганында. Алардын уникалдуу күчтүү жактарын кабыл албайбыз. Балдарына көңүл бурган ата-энелер балдары ким болсо да алардан жакшы билишет, ал адам анын мугалими болсо да. Жана сиз ата-эне катары мектептин балаңыздын уникалдуу сапат жана жөндөмдөрүн ар тараптуу түшүнүүсүндө негизги ролду ойнооңуз шарт.

      Балдарыбыз бизге келечекте ким болоору тууралуу токтоосуз сигналдарды жөнөтүп турушат. Биз, ата-энелер жана мугалимдер, ал сигналдарга дайыма кылдаттык менен көңүл буруп туруубуз зарыл. Мисалы, LEGO кострукторлорунан ажыратуу кыйын болгон балдар кийин ийгиликтүү архитектор болуп чыга келишкен, ар кандай чиймелерди түшүрө берген балдар - таанымал карикатуристтер, гиперактив балдар - профессионал бийчи же гимнаст, ал эми жоош "ботаниктер" улуу окумуштууларга айланышкан.  Сиз аткара турган эн жакшы иш балдарынызга жалпы компетенцияларын өнүктүрүүгө, алардын өздөрү үчүн маанилүү жана кызыктуу талант, шыктарын, жөндөмдөрүн эртерээк табууга жардам берүүңүз керек. Алар да сиз сыяктуу өздөрүнүн жашоо жолун өтүүлөрү керек экенин унутпаңыз. Сиз канчалык кам көрүп, канчалык аракеттенсениз да алардын ордуна сиз аткара албайсыз.

    Алгач, ата-энелердин балдарынын билим алуусуна активдүү катышуусу, алардын маданий чөйрөсү социалдык жономикалык абалынан көз карандысыз балдардын шыктануусуна жана жетишкендигине түздөн-түз таасирин тийгизет. Эгер ата-энелер балдары менен мектеп тууралуу дайым сүйлөшүп турушса, алардан жакшы бааларды күтүшсө, окууга тапшырууну пландоодо жардам беришсе, мектептен сырткары убакта балдар конструктивдүү иш-аракеттер менен алек  болсо, балдар алда канча жакшы окушмак.

     Мектеп ата-энелер менен тыгыз байланышта болсо, балдардын кызыкчылыгы тууралуу көбүрөөк нерсе билүүгө мүмкүнчүлүк берет. Мектептер, уй-бүлөлөр жана жергиликтүү коом биргеликте окуу процессин колдогондо балдар да азыраак сабак калтырышат, мектепте өз каалоолору менен көбүрөөк убакыт өткөрүшөт, жакшыраак баа алышат. Окууну да жакшы аяктап, жогорку окуу жайга да ийгиликтүү тапшырышат.

     Баңгизат колдонуу, коркутуп-үркүтүү, зордук-зомбулук жана бейбаштык сыяктуу көйгөйлөр мектеп ичинде ишке ашырылганы менен алар мектептин сыртынан кирет. Натыйжада, үй-бүлө жана жергиликтүү коомчулук менен мамилени бекемдөө көйгөйлөрдү эрте аныктап, чечүүнүн эң жакшы жолу болуп саналат.

      Ашыкча кам көрүү. Мектеп иштеринде ата-энелердин катышуусунун маанилүүлүгүнүн далилдери болсо да, чектен чыгып кетпеш керек. Айрым ата-энелер балдарынын айланасында күйпөлөктөп, кыйынчылыктын алгачкы эле белгилеринде жардамга шашышат" "Алар балдардын инсан катары өсүп-өнүгүүсүнө зыян алып келет", - деп айтылат. "Мындай гиперкүйпөлөктөөнүн натыйжасында балдар өмүр бою бир эле сабак ала алат - башкалардан көз каранды болуу. "Мен кыйынчылыктар менен өзүм күрөшө албагандыгымдан же кылганым үчүн жооп бере албагандыгымдан, мени куткарып кала турган ата-энем бар экенине шүгүр". Ошол себептен иш берүүчүлөр балдарынын биринчи иш макулдашуусунда алар менен бирге келип, алардын келишими тууралуу талкуулаган ата-энелерди кеп кылышат, мына ошондуктан чоноюп, окуу жайды бүтүрүшсө да ата-энелеринин колдоосун күткөн чечкинсиз болушат.

   Балдар дүйнөдө татыктуу жашоолору үчүн билим берүүдөгү эң маанилүү нерсе эмне- "шайкеш жана туруктуу дүйнөнү куруу үчүн зарыл болгон эрктүү жана жанычыл ой жүгүртүүгө ээ чыгармачыл, шайыр, жардам берүүгө даяр окуучулардын коомчулугун түзүү" деп жооп берет. Мектептин иши "адамдар арасындагы мамилени бекемдеген жана окууга болгон чыныгы сүйүүнү ойготкон, чыгармачылыкка жана жогорку академиялык көрсөткүчтөргө өбөлгө түзүүчү изденген билим берүү"

 Балдардын тарбиясында жана билим алуусунда үй-бүлө менен мектептин бир гелешип иш алып баруусунун маанилүүлүгүнө болгон чыныгы ишеним жагат. Окуу жылы боюнча ата-энелер мектепке тиешелүү иштерде жана аны өнүктүрүүдө окуучулардын ата-энелери гана эмес, окуучулар да активдүү катышышышы керек.

1. Бардык үй-бүлөлөрдү мектеп коомчулугуна чакыруу. Алар бири-бири менен, мектеп жамааты менен тыгыз байланышта болушат. Ата-энелер балдарынын мектептеги окуган жана аткарган нерселери менен жакындан тааныш болушат.

2. Эффективдүү баарлашуу. Үй-бүлөлөр жана мектеп жамааты окуучулардын билим алуусу темасында конструктивдүү диалогдо болушат.

3. Окуучулардын ийгилигин колдоо. Үй-бүлөлөр жана мектеп коллективи балдардын үйдө да, мектепте да өнүгүүсүн жана билим берүү процессин колдоо иретинде бирге иштешет.

4. Ар бир баланын укугун коргоо. Үй-бүлөлөр бардык окуучуларга акыйкат мамиле жасалуусун жана узун мөөнөттүү ийгилик үчүн билим берүүнүн мүмкүнчүлүктөрү баарына жеткиликтүү болуусун талап кылуу аркылуу өздөрүнүн жана башка балдардын укуктарын коргоого укуктуу.

5. Укуктарды бөлүү. Үй-бүлөлөр жана мектеп жамааты окуучуларга жана алардын туугандарына таасир берүүчү чечимдерди кабыл алууда тең укуктуу өнөктөштөр деп эсептелинет. Алар практикалык методикалар жана окуу программаларын бирге иштеп чыгышат.

6. Жергиликтүү коомчулук менен кызматташуу. Үй-бүлөлөр жана мектеп кызматкерлери окуучуларды жана алардын жакындарын жакындатуу аркылуу жергиликтүү коомчулук менен билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн, коомдук инициативаларды ишке ашыруу жана жарандык активдүүлүктү жогорулатуу максатында мектеп жамааты менен активдүү иш алып барышат

       Билим берүү процессине үй-бүлөнүн катышуусу өтө маанилүү. Бирок мектеп ушундай мүмкүнчүлүк түзүп берсе гана маанилүү боло алат. Мектептер ата-энелерди командага кошуу үчүн ата-энелер үчүн семинарларды өткөрүү, туруктуу жеке жолугууларды өткөрүү, мугалимдер, үй-бүлөлөр жана жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү менен мамилелерди түзүүдө активдүү болушу керек.

 

Мугалимдер үчүн:

• Окуучуларыныздын ата-энелери колдонгон социалдык желеде катталыныз. Ата-энелерди кабардар кылып туруу үчүн жана алар менен байланышты бекемдөө үчүн Facebook  жана Телеграмм сыяктуу социалдык тармактарды колдонунуз.

•  Билим берүүнү  женилдетүү үчүн алдыңкы технологияларды колдонуңуз.

• Ата-энелердин виртуалдуу түрдө мектепте болуусуна өбөлгө түзүнүз. "Класска виртуалдык терезе" ачуу үчүн веб-инструменттерди колдонунуз. Аны уюштуруу үчүн Ютуб канал, классруум, викс  платформаларын сунуштайм.

• Медиа моментти өткөрүп жибербениз. Заманбап медианы (мисалы, билим берүүгө тиешелүү жаны китептин же фильмдин чыгышы) мектеп иш-чараларын ж.б. талкуулоо үчүн гугл миит платформасын колдонунуз.

Kитеп окууну үй-бүлөлүк адат кылыныз. Ал үчүн үй бүлөлүк  китеп окуу конкурстарын өткөрүңүз

  • Ата-энелер чогулушуна окуучуларды да катыштырыңыз. Алар өз таланттарын көрсөтүп көйгөйлөр жана максаттар тууралуу сөз кылышсын.

Үй-бүлөлүк активдүү эс алууну жайылтыныз. Физикалык активдүүлүктү жана оюндарды үй-бүлөлүк эс алуу катары пропагандалаган иш-чараларды өткөрүңүз

• Ата-энелер менен болгон өнөктөштүктү бекемдениз. Ата энелерди максималдуу даражада мектеп иштерине тартуу үчүн куралдардын мүмкүн болгон түрүн колдонуңуз. Мисалы, ата-энелердин катышуусунда китеп клубун ачуу же үй-бүлө мүчөлөрүн камтыган сурамжылоо тапшырмаларын берүү ж.б.

     Японияда 1 же 2 баласын тарбиялоо үчүн, атасын же энесин 5 жыл окутат экен.  Бизде окуткан мындай турсун, жашы жете элек турмуш курган үй-бүлөнүн саны көбөйдү.

    Малайзиядагы маалыматтарга караганда, үй- бүлө кура турган балдар жана кыздар атайын сынактардан өтүшөт.

      Япония, Корея, Кытай, Индонезия турмушу, билими боюнча эң алдыга озуп чыкты. Себеби аларда балдарына болгон таалим-тарбия, билимине системалуу түрдө карашат. А биздин ата-энелерчи? Балдарыбыз эмне менен алек болуп жатат, сабакта жана сабактан кийин, кечиндеси эне иш кылат, эмнени ойлонуп жатат ишибиз жок. Ата-эне баласынын билим алуусуна кызыгып, күнүнө жок дегенде 1саат китептерди чогуу биргеликте окуп, анын мазмунун чогуу талкуулап турса, китепке болгон кызыгуусу артып, өз алдынча окууга көнүгөт эле.

   менин эң негизги максаттарымдын бири — ата-энелерди мектеп турмушуна тартуу болчу. Алардын айрымдары менен бөлүшүүнү туура көрдүм:

1.     Ата- эне  менен жакындан таанышуу.

 “Окуучунун үй-бүлөсү менен таанышуу, ата-эне менен маектешүү” максатында, мен ар бир окуучумдун үйүнө барып, үй-бүлөнүн жашоо шарты, балага түзүлгөн шарт, үй-бүлөнүн бири-бирине болгон мамилесин байкоо үчүн  барып келдим. Мектептин социалдык паспортторун толтурушуп, анкеталарыма жооп алып, изилдөө жүргүздүм. Мугалим келип кабар алганына ата-эне, окуучу жетине албай кубанып сыр бөлүшсө, айрымдары жаа бою качып, эшикти сыртынан бекитип кабыл алышкан жок. Кантсе да баланы жакындан таанып, кандай жардам берүү керек экенин аныктап алдым. Ата-энелер менен байланыш жакшы жолго коюлду.

2.     Класс менен кошо бош убактымда ар бир сабакка катышып, ар бир окуучунун билимине, жүрүм-турумуна байкоо жүргүздүм.

Максатым предметтик мугалим менен окуучунун ортосуна көпүрө болуу эле. Жетишпеген сабактарынан кошумча тапшырмаларды аткартып жаттым. Классты мектептин коомдук иштерине тартып, балдардын ийгиликтерин ата-энелерге кабардар кылып турдум. Ар күнү эртең менен сабакка чейинки жарым сааттык “мен” – деген темада (балдар айлана түрүндө турушуп өз ойлорун айтышат, ар бир баланы сүйлөткөнгө аракет жасайм)  Эң негизги класстын ынтымагын чыңап, ар бир окуучунун психологиялык өзгөчөлүгүн билип, ошого жараша мамиле жасоо негизги милдетим болчу.

3.     Энелер мектебин уюштуруу:

Окуучуларды окутуп, мектептин күнүмдүк көнүмүш турмушунан чыгып,  энелерге берилүүчү маалыматтар даярдалды.

·        Баласы 2-класска барган эне эмнени билиш керек?

Максаты: 2-класста окуган окуучулардын өзгөчөлүктөрү менен энелерди тааныштыруу; ата-энелердин жүрүм-турумунун стратегиясын аныктоо. 2-класстардын  окуучуларынын психикалык процесстерин интеллектуалдаштыруу жана  өндүрүмдүүлүгүн көтөрүү. Билимге өздүк шыктандырууну калыптандыруу менен адекваттуу өзүн-өзү баалоо, өзүнүн окуу ишмердүүлүгүнүн өзгөрүлүшүн түшүнүп билүү. Баланын ички дүйнөсүндөгү өзгөрүлүштөрүн жана дүйнөгө болгон мамилесин түшүнүп билүү. 2-класстын окуучусунун эмоционалдык абалына таасир эте турган факторлор: сабактагы ийгиликтери, мугалимдер менен болгон мамилеси, теңтуштарынын өз  ара класстагы ишкердик жана жеке мамилелери, өз жөндөмдүүлүктөрүн ишке ашыруу даражасынын системадагы орду. Социалдык карым-катнаштын жаңы башталышы. Балдардын организминдеги физиологиялык өзгөрүүлөрүнө жана алардын  дүйнөгө, өзүнө кабыл алуусуна таасир берет. Энелердин милдети — балдардын ички дүйнөсүндөгү байланышты сактоо, алар менен улуу дос жана насаатчы болуу.

Энелерге төмөнкүдөй суроолорду берип талкуу жүргүздүк.

1.     Эмне үчүн көп учурда ата-энелер балдарынын чоңойуп калганына маани бербей мурдагысындай эле мамиле кыла беришет. Же тескерисинче кичинекейинен эле жоопкерчиликтин баарын артып салышат?

2.     Эмоционалдык баарлашуулардын жоктугуна эмне себеп?

Көп учурда ата-эне кагып силкип “Ыйлаба”, “Оозуңду жап”, “Тынч отур” деген сыяктуу сөздөр менен балдардын табиятындагы эмоциясына тыюу салат. Мунун таасири кандай болот?

3.     Баланы инсан катары кантип тарбиялоо керек?

4.     Ар бир баланын мүнөзүн ага гана тиешелүү жеке сапаттарын ата-эне эмнеге өзгөрткүсү келе берет?

5.     Эмне үчүн балага ишеним артуу жок, ата-эне ага ишене бербейт?

6.     Балага өтө эле үйрүлүп түшүү туурабы? Өтө эле үйрүлүп түшүү баланын келечегине балта чаппайбы?

7.     Тарбия берүүдө эне менен атанын ролу кандай болушу шарт. Энеси бирди айтса атасы башканы айтат кош стандарттуулук десе болобу муну?

8.     Эмне үчүн балага манипуляция же алдоо менен тарбия бербеш керек?

·        «Мыкты сабак даярдоочу бөлмө» конкурсу.

Максаты: Ар бир окуучунун үй-бүлөдө өз сабак даярдоочу бөлмөсү болуусуна жетишүү. Бөлмөдө сабак даярдоого зарыл шарттарды түзүү. Бардык шарты бар сабак даярдоочу бөлмөсү бар окуучулардын тажрыйбасын окуучулар арасында жайылтуу.

   

1-сүрөт. Бул жерде «Мыкты сабак даярдоочу бөлмө» конкурсунун жеңүүчүлөрү  2-класс

 

4.     «Сулуу жазып суктандырам, таза жазып таң калдырам» конкурсу

Максаты: Окуучуларды класс  менен чогуу  циркке алып баруу жана аны көрүп келгенден кийинки балдардын  сезимдери жөнүндө аңгеме жазуусу жана сүрөт тартуусу

           

2-сүрөт.  «Сулуу жазып суктандырам, таза жазып таң калдырам» конкурсунун жеңүүчүлөрү            

·        Окуучулардын бош убактысын уюштуруу

Максаты: Балдардын бош убактысын жана энелер менен  бирге эс алуусун уюштуруу жана башка жолдорун анализдөө. Маанилүү ишмердүүлүгүн, максаттуу убактысын үнөмдөөнүн жолдорун уюштуруу, күн тартибин так аткаруу; маалымат берүүчү оюндарды түзүү, балага убакытты максаттуу жана пайдалуу өткөзгөнгө багыт берүү, балдарга максаттуу жана пайдалуу оюндарды жана сабактарды туура тандоого дем берүү; бала өзү  жакшы көргөн сабагына кызыгууга дем берүү, сыналгыны, телефонду пайдалуу колдонуу. Ата-эне менен баланын чогуу дем алуусунун формалары: биргелешкен интеллектуалдык чыгармачылык менен эмгектенүү, спорттук ишмердүүлүк, биргелештирилген  кыймылдуу жана ролдоштурулган оюндарды ойноо.

3-сүрөт. «Чыгармачыл окуучу» конкурсунун жеңүүчүлөрү

                           

4-сүрөт. Конурска даярдалган фетрден жасалган китепчелер

·        Сыналгы, телефон  жардамчыбы же душманбы?

Максаты: Балдарга сыналгынын позитивдүү жана негативдүү таасир берүүсүн аныктоо. Башталгыч класстарда окуган окуучулардын тарбиясына азыркы технологиялардын  таасири. Балдарга сыналгыдан берилген телекөрсөтүүлөрдү көрүүгө туура тандоого багыт берүү. Балдар менен чогуу сыналгы көрүү жана аны талкуулоо,  телефондон да кызыктуу билим берүүчү программаларга кызыктыруу, балдарды жакшы тарбиялаганга жана аны менен тыгыз байланышта болууга көмөк берет.

Лернес квесты платформасында түзүлгөн интерактивдүү оюн. Мындай оюндардын ссылкасы м: https://www.Learnis.ru/659194/ группага жиберилет, ата- эне менен окуучу  чогуу ойношот. Кайталоого карата тапшырмаларды камтып түзсөк болот.

                                  5-сүрөт. «Квест комнатадан чык»оюнунун көрүнүшү

                                    

             

6-сүрөт. Ворд.клауд.про платформасында түзүлгөн оюндарда тапшырма аткарылгандан кийинки көрүнүшү

·        Баланын курдаштары менен болгон мамилеси

Максаты: Баланын жашоосуна коллективдин ролу  жөнүндө түшүнүк берүү. Баланын  коллективи жана анын маанилүүлүгү. Баланын коллективде  өзүн-өзү сезүүсү: кыз, бала. Баланын өзүн-өзү таануусу жана өз алдынчалуулугун ишке ашыруусу  зарыл. Референттүү топту изилдөө. Лидерликтеги кыйынчылыктар менен болгон мамилесин оңдоого  кантип жардам берүү  керек? (баланын курбулары менен болгон мамилесине көз салуу; бала менен курбуларына биргелешкен оюндарды уюштуруу. Баланы тарбиялоодо  болгон көйгөйлүү суроолорду  мени менен талкуулоо)

                         

·        Окуучулардын ийгилигин колдоо.

Үй-бүлөлөр жана мектеп коллективи балдардын үйдө да, мектепте да өнүгүүсүн жана билим берүү процессин колдоо иретинде бирге иштешет. Жана алар бул нерсени максималдуу даражада эффективдүү ишке ашыруу учун зарыл болгон билим жана жөндөмдөрдү өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

 

                             7-сүрөт. Ленин райондук соц кызматкерлер  аз камсыз болгон

                             үй-бүлөнүн балдарына  белек берүү учурунда, менин классым

                             концерт даярдашты

 

·        Жергиликтүү коомчулук менен кызматташуу.

Үй-бүлөлөр жана мектеп кызматкерлери окуучуларды жана алардын жакындарын жакындатуу аркылуу жергиликтүү коомчулук менен билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн, коомдук инициативаларды ишке ашыруу жана жарандык активдүүлүктү жогорулатуу максатында мектеп жамааты менен да активдүү иш алып барышат.

·        Дасторкон четиндеги университет.

Диалог жана маектешүү баланын ой жүгүртүүсүн, дүйнөнү, адамдарды  түшүнүүгө жана  өзүн-өзү  түшүнүүгө алып келет.

·        Балдардын окуу үчүн өз алдынчалыгын өнүктүрүүнүн андан ары маанилүүлүгү

Максаты: Окуучуларды өз алдынчалуулукка өнүктүрүү боюнча ата-энелерге сунуштарды берүү. Баланын өз алдынчалык инсандык сапаты. Өз алдынчалуулуктун критерийлери жана көрсөткүчтөрү. Кенже курактагы балдарды тарбиялоодо өз алдынчалуулугуна ишеним көрсөтүү же көрсөтпөө учурунда келип чыккан оптималдуу чечимдин терс таасири. Бул курактагы балдардын өз алдынчалыгын тарбиялоонун жолдору, ыкмалары, каражаттары, жамааттык формаларын уюштурууда машыгууларды пайдалануу жана мектепте башталгыч класстарда балдарды эмгекке өз алдынчалуулугун  өнүктүрүү.

·        Мыкты үй бүлө конкурсу»

Максаты:  Ата-энелер менен жылына бир жолу өткөрүлгөн үй-бүлөлүк тажрыйбаны презентациялоо, жетишкен үй-бүлөдөгү балдарды тарбиялоодогу тажрыйбасын үйрөнүү жана жайылтуу.

4.     Ата- энелердин китеп окуу конкурсун уюштуруу:

Жалпы 48 окуучунун ата-энелери Мадаминов Гапыр агайдын  “Ата-энелер сиздер үчүн”  деген  китебин окушту. Бир ай аралыгында окуп, 30-март күнү конкурс жыйынтыкталды. Китептин негизинде сынак тапшырууга 48 ата-эне катышып, жыйынтыгы электрондук негизде, атайын программа менен чыгарылды. Атайын иш-чара уюштурулуп, ата-энелер китеп боюнча, баланы тарбиялоо тууралуу өз пикирлерин бөлүшүп,  сыйланышты.

1-таблица. Ата- энелер үчүн китеп окуу тестинин жыйынтыгы

Урматтуу ата- энелер, кесиптештер! Бул бирге тарбиялоого ата-энелерди тартууга айрым гана сунуштар. Мындай иш-чараларды, программаларды тынымсыз жаратып, ата-энелер менен бирге окуучуларды окутуунун, тарбиялоонун жаңы үлгүлөрүн жарата берүүбүздү, салттуу окууну технологияларды колдонуп максатыбызга  жетүүгө аракетибизди чектебейли.

 Колдонгон адабияттар:

1.     Акыл эмгегинин маданияты Г. Мадаминов

2.     Ата-энелер сиздер үчүн   Г. Мадаминов

3.     Ийгилик — бул сен Жуманазаров А. КФІ

4.     Креативдүү мектептер    Кен Робинсон

5.     Мугалим чырпыктан чынар өстүрөт  Саид Чамлыжа

6.     Тарбия берүүдөгү ата-эненин 8 катасы Т. Жакыпов

 

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "Ата энелер менен иштөө"

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 2 месяца

Шеф-повар

Получите профессию

Методист-разработчик онлайн-курсов

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 671 756 материалов в базе

Скачать материал

Другие материалы

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 02.05.2022 8202
    • DOCX 1.5 мбайт
    • 152 скачивания
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Жумашева Санам Шакировна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    Жумашева Санам Шакировна
    Жумашева Санам Шакировна
    • На сайте: 4 года и 3 месяца
    • Подписчики: 0
    • Всего просмотров: 9525
    • Всего материалов: 2

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

HR-менеджер

Специалист по управлению персоналом (HR- менеджер)

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе

Курс повышения квалификации

Дислексия, дисграфия, дискалькулия у младших школьников: нейропсихологическая диагностика и коррекция

36/72 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 1200 человек из 82 регионов
  • Этот курс уже прошли 4 598 человек

Курс повышения квалификации

Развитие критического мышления у младших школьников в условиях обновленного ФГОС НОО

36/72 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 74 человека из 28 регионов
  • Этот курс уже прошли 721 человек

Курс повышения квалификации

Специфика преподавания предмета «Родной (русский) язык» с учетом реализации ФГОС НОО

36 ч. — 144 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 235 человек из 59 регионов
  • Этот курс уже прошли 3 168 человек

Мини-курс

Эволюция и современное состояние искусства

6 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Планирование проектов

4 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе

Мини-курс

Введение в искусственный интеллект

3 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 115 человек из 43 регионов
  • Этот курс уже прошли 53 человека