Инфоурок Классному руководителю КонспектыПлан-конспект "Бүгүнкү күндүн жана санариптик келечектин кесиптери”"

План-конспект "Бүгүнкү күндүн жана санариптик келечектин кесиптери”"

Скачать материал

2.09.2019                                                                                                   11-А класс

Сабактын темасы:   “Бүгүнкү күндүн жана санариптик келечектин кесиптери”

Сабактын аягында окуучулар:

1.     Кесиптердин өзгөрүшүнө алып келүүчү себептерге мүнөздөмө бере алышат;

2.     Дүйнө жүзүндө пайда болгон же жакынкы аралыкта пайда болуучу кесиптерге жана алардын Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүнө талдоо  жүргүзө алышат;

3.     Өзүнүн билимдик жана кесиптик траекториясын алдын ала болжолдоп аныктоо  үчүн зарыл болгон көндүмдөр тууралуу билимдерин колдоно алат;

Сабактын тиби: жаңы материалды өздөштүрүү сабагы

Сабактын методу: акыл чабуулу, топтордо иштөө, түшүнүктөр менен иштөө

Колдонулуучу каражаттар: компьютер, проектор, экран (интерактивдик такта), флипчарт, таркатма материал, маркерлер.

 

Сабактын жүрүшү:

Сабак тын этаптары

Мугалимдин ишмердүүлүгү

Окуучу лардын ишмердүүлүгү

Уба кыт

Уюш туруу учуру

 

Мугалим:

Саламатсыңарбы, балдар!

Мына ошентип көптөн күткөн коңгуроо да кагылды!

Мен силерди жаңы окуу жылы жана Билим күнү менен куттуктайм!

Балдар, биз бүгүнкү сабакты Кыргыз Республикасынын гимни менен баштайбыз.

Окуучулар да муга лимди жа ңы окуу жылынын башталы шы менен куттукта шат.

 

Окуучулар Мамлекет тик гимнди ырдашат

 

 

5 мү нөт

Мугалимдин сөзү;

Бүгүн биз силер менен санариптештирүүгө байланыштуу процесстер дүйнө жүзүндө жана биздин өлкөбүздө кандай өтүп жаткандыгы, алардын биздин келечегибизге тийгизүү чү  таасири тууралуу ой жүгүртөбүз.

Өзүңөр билгендей, 2019 – жыл -“Өлкөнү санариптештирүү жана аймактарды өнүктүрүү” жылы деп жарыяланган.

Бүгүнкү сабакта биз эмгек рыногуна чыгууда адам кандай билимдерге жана компетенцияларга ээ болуусу керектигин, канткенде керектүү адис болорун түшүнүүгө аракет кылабыз. Бирок бул тууралуу сүйлөшөрдүн алдында  силерден  келечекте кандай кесиптин ээси болууну көздөп, жана ал кесип аркылуу 10-15 жыл ичинде эмнелерге жетүүнү пландап жатканыңар тууралуу кыскача эссе жазып берүүңөрдү сурайм. Бул ишиңер сабактын аягында керек болот.

 

2 мү нөт

Акыл чабуу лу

Мугалим талкуулоо жүргүзбөйт. Бул маалымат ар бир бала үчүн “жол картасын” иштеп чыгуу боюнча тапшырмаларга негиз болот.

 

 

 Мен өзүмдү 10-15 – жылдан  кийин кандай /ким деп көрөм? (“келечектеги образ”)

3 мүнөттүн ичинде окуучулар баракка өзүлөрү каалаган кесип жана 10 жылдан кийин кандай жетишкендиктерге жетүүнү каалаган дыктары тууралуу жазышат.

5 мүнөт

Жаңы маалы матка кири шүү.

Жазган ишиңерге рахмат. Биз буга дагы кайрылабыз. Ал эми азыр келечек жашоо тууралуу футурологдордун айткандарына көңүлүңөрдү бурам. (футуролог – келечекти алдын ала маалымдоочу адам).

Алар:

-         келечекти түзүүгө болот, ал өзүбүздүн иш- аракеттерибизге гана жараша болот;

-         келечек өзгөрүлмөлүү – ал өткөндөгүгө эмес, катышуучулардын чечимине жана  кызыкчылыктарына жараша болот;

-         айрым иштерди болжолдоп аныктоого болот, бирок келечектин кандай болорун так айтууга мүмкүн эмес, жөн гана каалообузга жараша алдын ала ойлонуштура алабыз деп эсептешет.

 

(“Будущее образования: глобальная повестка” “Билим берүүнүн келечеги”: глобалдуу күн тартиби” докладын караңыз (доклад кыргызча которулган эмес)

Ошондуктан кесиптер да өзгөрүлө тургандыгын түшүнүү маанилүү.

Алар 3 категорияга бөлүнүшөт:

ЖАҢЫ КЕСИПТЕР,  керектөөчүлөрдүн жаңы талаптарына жана жаңы  тажрыйбаларды колдонууга технологиялардын алмашуусуна байланыштуу пайда боло турган кесиптер

ӨЗГӨРҮП ТУРУУЧУ КЕСИПТЕР, алар бар, бирок IT жана башка технологиялардын таасири алдында өзгөрөт.

ПЕНСИОНЕР – КЕСИПТЕР – автоматташтыруунун, ошондой эле технологиялык жана социалдык өзгөрүүлөрдүн натыйжасында жок болуучу кесиптер.

Азыр биз топтордо иштейбиз дагы,  келечекте кандай кесиптердин керектүү болорун карап көрөбүз.

 

2020-жылга чейин пайда болуучу кесиптер – булар жакынкы аралыкта керектелүүчү кесиптер. Өнүккөн өлкөлөрдө алардын көбү пайда болгон (мисалы, энергияаудиторлор, тармактык дарыгерлер, ГМО-агрономдор ж.б.)

2020-жылдан кийин пайда болушу мүмкүн болгон кесиптер – дүйнөнүн  технологиялык жакшы өнүгүүсүнүн алдында “бүрсүгүнү” пайда болуучу кесиптер. Бүгүнкү күндө кесиптик маселелерди чечүүгө алгачкы кадамдар жасалды (мисалы, киберпротезчилер, виртуалдык дүйнөнүн программисттери ж.б. пайда болду).

Ар бир топ маалымат баракчасын алышат.

Иштин жыйынтыгында, силер, өзүңөрдүн көз карашыңар боюнча Кыргызстандын (өзүңөр жашап жаткан аймактын) өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон, маалыматта көрсөтүлгөн 1-2 кесипти тандап алып, өз көз карашыңарды түшүндүргүлө.

Окуучулар мугалим дин маалы матын угушат

5 мү нөт

Топтордо талкуу лоо.

 

 

Окуучулар схемалар ды карап, маалымат тар менен таанышы шат,1-2 мүнөттүк    презента ция даярдашат.

7 мү нөт

Презентация

 

Иштердин презента циялары

Ар бир топ – 2 мү нөт

Максимум- 14 мү нөт

Жаңы түшүнүк төр менен иштөө

Балдар, азыр биз силер менен дагы бир маанилүү ишти аткарууга аракет жасайбыз. Ал гендер түшүнүгүнө  байланыштуу. Гендер – бул жыныстын социалдык ченеми, башкача айтканда, коомдогу балдарга жана кыздарга коюлуучу чен-өлчөмдөр  жана талаптар.

Азыр Кыргызстанда  кандай кесипти эркек балдарга гана тандоо керектиги, ал эми кыздарга кандайын тандоо  тууралуу стереотиптер бар. Ошондуктан көпчүлүк учурда эркектерге жана кыздарга ар кандай көндүмдөрдү үйрөтүүгө аракет кылышат, өзгөчө үй-бүлөдө. Бирок, футурологдордун айтуусунда, жакынкы келечекте бир нече факторлор адамдын ийгиликтүүлүгүн аныктайт:

–          Кесиптик чеберчиликтерге ээ болуу, мисалы:

·           сынчыл ойлом,

·          тапкычтык, тактап айтканда жаңы нерселерди жаратуу,

·         эмоциялык интеллект,

·          көп сандаган маалыматтардын ичинен керектүүсүн тандап ала билүү жана ага талдоо жүргүзө билүү

·          адамдар жана машиналар менен коммуникациялык байланышта  болуу,

·         Ишмердүүлүк чөйрөсүн өзгөртүүгө даяр болуу жана кайра окуп үйрөнө билүү

·          IT–технологияларды билүү

·          Кесиптик маалыматка ээ болуу

Ушундай ырааттуулукта берилиши керек, анткени кесиптик маалымат тез эле эскирет.

Бул кесиптик чеберчиликтер эркектерге да, аялдарга да жеткиликтүү. IT-технологияларды колдонуу көптөгөн физикалык жумуштарды жеңилдетет. Ошондуктан эркектерге жана аялдарга кандай адистиктер жеткиликтүү экендиги тууралуу пикир тез өзгөрүп турат.

Мисалы, кыздар үчүн IT-технологиялардагы адистиктер жарамдуу (азыр ири IT-компания лардын төрттөн үч бөлүгүнөн көбү – аялдар ) же курулуш тармагында (3-D принтеринде иштөө ж.б.), ал эми эркектер үчүн социалдык тармактагы  кесиптер ылайыктуу, анткени келечекте “адам-адам” жогору төлөнүүчү кесиптерге кирип калат (адамдар менен байланышкан иштер – мисалы, оорулууну багуучу медмырза, тарбиячы ж.б.) кирет. Себеби аларды автоматташтырылган системалар аткара албайт.

Ошондуктан кесипти тандоодо “эркектерге” жана “аялдарга” тийиштүү кесиптер деп бөлүүнүн кереги жок. Негизгиси өзүңө жаккан жана ал жумушта ийгиликке жете алган кесипти тандоо керек.

 

7 мү

нөт

Үйгө тапшырма

Балдар, биздин бүгүнкү аткарган иштерибиз силердин жашооңордогу ийгиликтериңердин алгачкы кадамы болуусу керек. Мен ар бириңердин “Келечектин жол картасын” түзүүңдү суранам.

Бул ишти аткаруу үчүн силер келечектеги кесиптер жөнүндө маалыматты жана 10-15 жылдан кийинки элестеткен кесибиңер тууралуу жазган жанагы эссеңерди колдонушуңар керек

Эгерде биз силерди кызыктырган тармак тууралуу кеп кылбасак, жаңы кесиптердин атласын колдонсоңор болот. Бүгүнкү сабактагы маалыматтар ушул атластан алынган. Сайттын дарегин тактадан/экрандан көрүп турасыңар.

http://atlas100.ru/upload/pdf_files/atlas.pdfчи

Жол картасынын форматы абдан жөнөкөй. Аны да тактадан/экрандан көрө аласыңар

Биринчи колонкада  коюлган максатка жетүү үчүн кандай иш аракеттерди аткаруу керектигин жазасыңар.

Колонка 2 бөлүктөн турат: окуу, инсандык өнүгүү

Эгерде сиз ЖОЖго тапшырууну пландап жаткан болсоңүз, анда ЖРТ тапшыруу керек. Өтмө баллдар көрсөтүлгөн.

Мисалы, медициналык окуу жайына тапшыруу үчүн орточо 185-190 балл, программалык инженерияга – 185-190 балл, психологияга жана маалыматтык коопсуздукка – 170 жана андан жогору, өнөр жай жана жарандык курулуш – 160 баллдан жогору; чет тилдерге – 150 баллдан жогору; педагогикалык жана агрардык адистиктерге – 125 баллдан жогору ж.б.

http://testing.kg/media/uploads/files/ORT_Report_2018_Kyrg.pdf

http://testing.kg/media/uploads/files/ORT_Report_2018_Russ_Text.pdf

Ошондуктан экинчи жана үчүнчү колонка – конкреттүү  иш аракеттер жана аларды аткаруунун мөөнөтү.

Эгерде лицейге же колледжге тапшырууну пландап жатсаңыз, кандай максатты коюуну жана ага кантип жетүүнү ойлонуңуз.

Силердин бул ишиңер “Адам жана коом” сабагында эмгек рыногуна байланыштуу теманы өтүүдө колдонулат.

 

Окуучулар “Келечектин жол картасын” түзүшөт

 

4 мү нөт

Максатка жетүүнүн кадамдары

Эмне кылуу керек?

Качан аткаруу керек? 

Окуу:

… баллдан төмөн эмес  ЖРТны тапшыруу керек.

(110 балл – негизги тест и 60 балл – предметтик).

1.Сабактарга даярдануу.

2.Мени кызыктырган темалар боюнча материалдар бар сайттардын тизмесин түзүү.

3. Кошумча окуу үчүн темалардын тизмесин түзүү.

4. ….

Дайыма

Сентябрь,2019-ж.

 

 

Инсандык  өнүгүү

1.      (Интернеттен) кесипке багытталган тесттен өтүү жана ийгиликке жетүү үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу ойлонуу, же башка кесипти тандоо.

2.      Окуп чыгуу …

3.      Карап чыгуу…

 

 

Россияда жогору төлөнүүчү кесиптер

10 ТОП

 

Дүйнө жүзүндө жогору төлөнүүчү кесиптер

10 ТОП

 

Дүйнө жүзүндө эмгек рыногунда көп суралуучу кесиптер

10 ТОП

 

Кыргызстанда эмгек рыногунда көп суралуучу кесиптер

10 ТОП

 (2019-ж.  минимум  2022 – жылга чейин)

Финансист

Хирург

IT-адис

Маалыматтык коопсуздук

Камсыздандыруучу (Страховщик)

Анестезиолог

Инженер-проектировщик

Маалымат коммуникациялык технологиялар жана байланыш системасы

Нефти өндүрүүчү

Жогорку звенону башкаруучу

Педагог

Тоо кен иши

Тиш дарыгер

Учкуч

Юрист

Геологиялык чалгындоо технологиясы

Космонавт

Тиш дарыгер

Дарыгер

Технологиялык машиналар жана жабдуулар

Учкуч

Рынокту талдоочу

Маркетолог

Медицина

Маркетолог

Юрист

Персонал боюнча адис

Менеджмент жана маркетинг

Илимпоз

IT-адис

Кесиптик жумушчу

Агроинженерия

Байланыш  жана маалымат

Жарнама боюнча менеджер

Сулуулук индустриясынын адиси

Курулуш

Химик-фармацевт

Гендик инженер

Эколог

Билим берүү

https://edunews.ru/professii/rating/ булагы
https://ru.sputnik.kg/Kyrgyzstan/20190529/1044497072/professiya-kyrgyzstan-vostrebovannost-statistika-2019.html (Кыргызстан)

 

Америкалык Forbes  журналы 2020-жылда эң жогору төлөнүүчү кесиптердин тизмесин жарыялады.

Алар:

1.     Сити- фермер – имараттардын чатырларында агрардык өнөр жай чарбачылыгын тейлейт. Шаар четинде өсүмдүктөрдү жана жаныбарларды көбөйтөт;

2.     Этикалык хакерлер– булар компьютердик эксперттер, аларга кылмышкер хакерлерден коргонуу максатында компьютердик системаны талкалоого мыйзам боюнча уруксат берилген. Этикалык хакер системанын чабал жерин аныктайт жана кантип жоюуну сунуштайт;

3.     Актуарий – каржылык тобокелдик жана каржылык, сандык, талдоо боюнча адис. Каржылык тобокелдерди башкаруунун натыйжалуу методдоруна баа берет жана аларды иштеп чыгат;

4.     Эпидемиолог-- калк жайгашкан аймактардагы, өлкөдөгү жана дүйнө жүзүндөгү абалды эпидемиологиялык көз караштан изилдейт. Оорулардын санын азайтуу же максаттуу профилактика жүргүзүү чаралары  тууралуу чечим кабыл алат;

5.     Веб- дизайнер--сайттын келечектеги сырткы көрүнүшүн түзөт. Кайда жана кандай элементтер жайгаштырылат, кандай жабдылат, канткенде колдонуучунун сайттын элементтери менен байланышы көрсөтүлөрүн аныктайт.

№93 орто мектеп

 

 

 

 

 

 

 

 

Ачык сабак
Тема “Бүгүнкү күндүн жана санариптик келечектин кесиптери”

11-а класс

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек шаары-2019

 

Кесиптик чеберчиликтерге ээ болуу:

·        сынчыл ойлом;

·       тапкычтык, тактап айтканда жаңы нерселерди жаратуу;

·      эмоциялык интеллект;

·       көп сандаган маалыматтардын ичинен керектүүсүн тандап ала билүү жана ага талдоо жүргүзө билүү;

·       адамдар жана машиналар менен коммуникациялык байланышта  болуу;

·      Ишмердүүлүк чөйрөсүн өзгөртүүгө даяр болуу жана кайра окуп үйрөнө билүү;

·       IT–технологияларды билүү;

·       Кесиптик маалыматка ээ болуу;

 

http://atlas100.ru/upload/pdf_files/atlas.pdfчи

 

http://testing.kg/media/uploads/files/ORT_Report_2018_Kyrg.pdf

http://testing.kg/media/uploads/files/ORT_Report_2018_Russ_Text.pdf

 

 

 

 

 

 

 

Максатка жетүүнүн кадамдары

Эмне кылуу керек?

Качан аткаруу керек? 

Окуу:

… баллдан төмөн эмес  ЖРТны тапшыруу керек.

(110 балл – негизги тест и 60 балл – предметтик).

1.Сабактарга даярдануу.

2.Мени кызыктырган темалар боюнча материалдар бар сайттардын тизмесин түзүү.

3. Кошумча окуу үчүн темалардын тизмесин түзүү.

4. ….

Дайыма,

Сентябрь,2019-ж.

 

 

Инсандык  

 өнүгүү

1.      (Интернеттен) кесипке багытталган тесттен өтүү жана ийгиликке жетүү үчүн кандай сапаттарга ээ болуу керектиги тууралуу ойлонуу, же башка кесипти тандоо.

2.      Окуп чыгуу …

3.      Карап чыгуу…

 

 

Просмотрено: 0%
Просмотрено: 0%
Скачать материал
Скачать материал "План-конспект "Бүгүнкү күндүн жана санариптик келечектин кесиптери”""

Методические разработки к Вашему уроку:

Получите новую специальность за 2 месяца

Логист

Получите профессию

Копирайтер

за 6 месяцев

Пройти курс

Рабочие листы
к вашим урокам

Скачать

Краткое описание документа:

  • Кесиптердин өзгөрүшүнө алып келүүчү себептерге мүнөздөмө берүүгө,
  • дүйнө жүзүндө пайда болгон же жакынкы аралыкта пайда болуучу кесиптерге жана алардын Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн маанилүүлүгүнө талдоого,
  • өзүнүн билимдик жана кесиптик траекториясын алдын ала болжолдоп аныктоо үчүн зарыл болгон көндүмдөр тууралуу билимдерин колдонууга чакырат

Скачать материал

Найдите материал к любому уроку, указав свой предмет (категорию), класс, учебник и тему:

6 669 338 материалов в базе

Скачать материал

Другие материалы

Презентация по истории "Города-герои"
  • Учебник: «История России. XX – начало XXI века», Данилов Д.Д., Лисейцев Д.В., Клоков В.А., Кузнецов А.В., Кузнецова С.С., Павлова Н.С., Рогожкин В.А.
  • Тема: § 11. Победа Красной Армии
  • 06.05.2020
  • 274
  • 0
«История России. XX – начало XXI века», Данилов Д.Д., Лисейцев Д.В., Клоков В.А., Кузнецов А.В., Кузнецова С.С., Павлова Н.С., Рогожкин В.А.

Вам будут интересны эти курсы:

Оставьте свой комментарий

Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.

  • Скачать материал
    • 06.05.2020 1527
    • DOCX 33.2 кбайт
    • 18 скачиваний
    • Оцените материал:
  • Настоящий материал опубликован пользователем Темиралиева Анара Абданбековна. Инфоурок является информационным посредником и предоставляет пользователям возможность размещать на сайте методические материалы. Всю ответственность за опубликованные материалы, содержащиеся в них сведения, а также за соблюдение авторских прав несут пользователи, загрузившие материал на сайт

    Если Вы считаете, что материал нарушает авторские права либо по каким-то другим причинам должен быть удален с сайта, Вы можете оставить жалобу на материал.

    Удалить материал
  • Автор материала

    • На сайте: 4 года и 5 месяцев
    • Подписчики: 0
    • Всего просмотров: 64236
    • Всего материалов: 37

Ваша скидка на курсы

40%
Скидка для нового слушателя. Войдите на сайт, чтобы применить скидку к любому курсу
Курсы со скидкой

Курс профессиональной переподготовки

Бухгалтер

Бухгалтер

500/1000 ч.

Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 28 человек из 21 региона

Курс повышения квалификации

Профилактика компьютерной зависимости и безопасность в сети Интернет среди детей и подростков

36 ч. — 180 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 54 человека из 28 регионов
  • Этот курс уже прошли 147 человек

Курс повышения квалификации

Разговоры о важном: организация и обеспечение внеурочной деятельности

36 ч. — 180 ч.

от 1700 руб. от 850 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 778 человек из 72 регионов
  • Этот курс уже прошли 4 005 человек

Курс повышения квалификации

Актуальные вопросы взаимодействия образовательной организации с семьями обучающихся

72/108 ч.

от 2200 руб. от 1100 руб.
Подать заявку О курсе
  • Сейчас обучается 41 человек из 20 регионов
  • Этот курс уже прошли 88 человек

Мини-курс

Литература и культура

3 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Этот курс уже прошли 11 человек

Мини-курс

Искусство звука: путешествие по музыкальным жанрам

6 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе
  • Этот курс уже прошли 11 человек

Мини-курс

Психологические основы профессиональной деятельности педагога-психолога

4 ч.

780 руб. 390 руб.
Подать заявку О курсе