Сабактын планы
Сабактын
темасы: §14. Экинчи дүйнөлүк
согуш
Сабактын максаттары:
Окуп үйрөнүү максаты
|
Көрсөткүчтөрү
|
Билим берүүчүлүк: Экинчи дүйнөлүк
согуштун чыгуу себептерин,
жүрүшүн жана согуштагы улуу
бурулуштарды, конференциялардын натыйжаларын окутуп үйрөтүү.
|
Экинчи дүйнөлүк
согуш башталар алдындагы тышкы саясат, согуштун башталышын,
_Улуу
Ата-Мекендик согуштун башталышын, Япония, Атлантика хартиясы, экинчи фронттун
ачылышын, Тегеран, Крым, Подстам конференцияларын билишет.
|
Өнүктүрүүчүлүк: Тема боюнча окуучулар дүйнө таанымдарын кенейтишип, бири-бири менен баарлашып,
сѳз байлыгын ѳстүрүп, логикалык ой жүгүртүүсүн
калыптандыруу.
|
Тема боюнча
маалыматты эркин ырааттуу айтып, кѳркѳм сѳз маданиятын, сүйлѳ чеберчилигин ѳстүрүшѳт.
|
Тарбия берүүчүлүк Окуучулардын дүйнө таанымдарын туура пайдаланууга, сабакта бирин-бири уга билүүгѳ тарбиялоо.
|
Окуучулар илимге,
сабакка, бири-бирине сый –уртат менен мамиле кылууга тарбияланышат.
|
Сабактын тиби: Жаны
билимди ѳздѳштүрүү сабагы
Сабактын формасы: Аралаш,
топтордо иштѳѳ.
Сабактын жабдылышы:
Саясий карта, окуу китеби, карточка, ноутбук, проектр, доска,
Кѳрсѳтмѳ
куралдар.
Сабактын жүрүшү:
Уюштуруу: 1) Окуучулардын сабакка даярдыгын
текшерүү, журнал боюнча тактоо.
2) Сабактын темасы жана максатын айтуу.
Саламатсынарбы балдар, бүгүнкү
сабакта силер кызыл жана жашыл карточкаларды тандап алуу жолу менен эки
командага бѳлүнүп, Антанта жана үчтүктѳр командасына бѳлүнүп эки топту түзѳсүнѳр,
сабактын жүрүшүндѳ эки мамлекеттин желектери менен билиминерди, упайынарды
баалайм.
Ѳткѳн теманы кайталоо үчүн wordwoll системасы
аркылуу билиминерди бышыктайбыз.
1. Илим жана
техника кайсы жылдардын аралыгында ѳнүккѳн.
А) 1900-1939жж.
Б) 1939-1945жж. В) 1910-1955жж.
2. Убакыт менен
мейкиндиктин ѳзгѳрүлбѳстүгү жѳнүндѳ салыштырмалуулук теориясын ким ачкан?
А) М. Планк Б) А.Эйнштейн В)
О.Ган
3. Илим менен
техниканын жетишкендиктерин алдынкы ѳлкѳлѳр эмне деп аташкан?
А) “техниканын
заманы” Б) “жыргалдуу коом” В) илимий жетишкендиктер.
4. Медицина
тармагында 1922-1933-жылдары кандай ачылыштар болгон?
А) инсулин, пеницилин, пластмасса, полиэтилен.
Б) ренген, томаграфия
В) ампицилин, сефтриаксон.
5.П,Пикасо кайсы ѳнѳрдүн
ээси болгон?
А) сүрѳт Б)
адабият В)музыка
6.Ч.Чаплин кайсы
тармактын ѳнүгүшүнѳ салым кошкон?
А) киноматография. Б) живопист. В)
архитектура
7. Биринчи дүйнѳлүк
согуш кайсы жылдарда болгон?
А) 1914-1918жж. Б) 1915-1919жж. В)
11914-1916жж.
8. Биринчи дүйнѳлүк
согушка канча мамлекет катышкан?
А)38мамлекет Б)72 мамлекет. В)45мамлекет.
Азаматсынар! Ѳтүлгѳн сабакка эн мыкты
даярдыгынарды кѳрсѳттүнѳр.
Кана балдар жаны теманын алдында экрандагы сүрѳттѳргѳ
кѳнүл бурсанар,
“Угуп, сезип турам ыкмасы” аркылуу Эмнени кѳрүп
турасынар? Эмнени сездинер?
Эмнени уктунар? - бул сүрѳттѳрдѳн.
-Туура балдар силер сүрѳттѳрдѳн
кан күйгѳн согушту, аскерлердин мунайым жүзүн, талкаланган имараттарды, жарадар
адамдарды, учактарды, кемелерди кѳрдүнѳр, Ал эми бир ирмемге кѳзүнѳрдү
жумсанар, кулагынарга элдердин кыйкыргандарын, бомбанын жарылуусун,
аткылоолорду, угуп жатасынар,
Демек балдар ѳзүнѳр туйгандай
бүгүнкү биздин сабакта согуш темасын ичине камтыйт.
Жаны тема: Экинчи дүйнѳлүк
согуш
Жаны теманы бышыктоо:
Балдар биз жаны теманы бышыктоо үчүн wordwol системасынын карусель ыкмасын колдонобуз. Мында силер берилген
суроолорго команданар менен кенешип, бат, так жооп беришинер керек.
1. Экинчи дүйнѳлүк согуш качан башталган?
2. Экинчи дүйнѳлүк согушка канча мамлекет катышкан?
3. Экинчи дүйнѳлүк согуштагы улуу бурулуш качан болгон?
4. Тегеран конференциясы качан болгон?
5. Ялта(Крым) конференциясынын тарыхый мааниси эмнеде?
6. Бириккен Улуттар уюму качан түзүлгѳн?
7. Экинчи фронт качан ачылган?
8. Хиросима жана Ногасакиге атомдук бомбаны кайсы мамлекет таштаган?
Жыйынтыктоо: 1) Эки
команданын упайларын эсептеп жыйынтыгын чыгаруу.
2)
Окуучулардын билимин баалоо
Демек балдар дүйнѳ жүзүндѳгү эн кѳп ѳлкѳ, эн кѳп
калктын катмары катышкан экинчи дүйнѳлүк согуш боюнча жыйынтыктап жатып, бүгүнкү
сабакта катышкан эки команда Антанта жана Үчтүктѳрдүн
желектеринин санынын бирдей упай алышы менен бул сабакты аяктап жатып,
классынарда, мекенибизде, элибизде биримдик болсун, тынчтык болсун деп
жыйынтыктайлы.
Дүйнѳ эли дайыма тынчтыкта жашасын!
Үйгѳ тапшырма: Экинчи
дүйнѳлүк согуштун жүрүшү боюнча хронологиясын түзүп
келүү.
Оставьте свой комментарий
Авторизуйтесь, чтобы задавать вопросы.